Добавить свою статью
11 Мая 2010
Урматтуу редакция!

Озунуздор билгендей мен сиздерге конституциянын проектисин берген элем. Бул проект аркылуу мен озумдун ойумду граждандык пикиримди элге жеткируу максатында ар бир адамдын ой пикирин эркин чагылдырганга укугу бар деген принципке тайнып эл менен ойумду болушойун деген кана максат бар эле.

Айтылган жана жазылган ой пикирлерге, каршы жазылган ойлорго аттарын ачык жазбаса да кайра жооп берууго бел байладым.

2005 жылга жана 2005 тен кийинки жылдарда сайасий турмуштун чордонунда жургон жана буткул сайасий чойрону жакшы тааныган адам катары кээ бир сайасий окуяларга кыска баа берууну туура кордум.Ооба,ар кандай жакшы жана жаман керек болсо жеке ар намысыма шек келген создор айтылаарын билип жана тушунуу менен бирге бул макаланы жазганга бел байладым.Сен эле калдын эле кайсы бетин менен жаздын сенден кудай куткарсын деген да создор айтылаар,мактагандар да чыгаар бирок ушул кыйчалыш заманда керек болсо Ата Мекен коркунучта турган убакта тынч жата албадым.

Ар кайсы сайасий кучтордун ар кайы сайасий ойлордун бийлик учун курошундо, кайран элдин турмушун анын ой пикирин чагылдырган анын ой мудоосун аткара билген эчбир тыш кучтордун басымына моюун ийбеген бир улуттук лидер чыгаар бекен шорун каткан элге.

Дуйного эркиндикти суйгон анын учун курошкон эл катарыбы же бийлик учун курошкон сайасатчылардын оюунчугу болгон эл катары киребизби тарых барактарына,тарых аны ОЗУ жазаар.

Турцияда окуп жургондо турк элинин желегине,армиясына,полициясына жана сайсатчысына олкосуно адамдарына кылган мамилесин коруп суктанаар жана тан калаар элек.Уч дениздин жана Орто чыгыштын кайнаган сайасаты чон олколордун сайасий кызыкчылыктарынын Америка,Россия,Европа жана Мусулман олколорунун кызыкчылыктарынын кагылышкан геосайасий бир чатактын ортосунда жашадык.

Бизде болуп жаткан окуялар Америка,Россия жана Иран сыяктуу жана башка мусулман олколордун чон сайасий ойунунун бир болугу деп айтсак жанылышпайбыз.Коншу Казакстан,Озбекистан жана Тажик туугандарыбыздын ички сайасаты Кыргызстандагы сайасий турукташууга жардам бербей эле тескерисинче аны тутантууда.Демократияны ансыз деле туура корбогон коп жылдан бери оз бийлигин аран сактап келген бул олколордун Убактылуу окмотко гуманитардык кана жардам беруу менен токтолуп, Москвадагы шернеде Кыргызстандагы Убактылуу бийликти МЫЙЗАМСЫЗ жол менен келген дегени баардыгынын ойу тогун жерден чыкпаса керек.

2010 жылы 7 апрелдеги окуялар менин учун кутуусуз болгон жок бул окуяларды мен Бекен Назаралиев менин качкын досум Улан Мелисбек жана башкалар менен акыркы кундоу талкуулаганбыз бирок белгилуу себептер менен же болбосо ар бир адамга тиешелуу болгон «Сен мага тийбе – мен сага тийбейм»- деген принцип менен жашап кете берсек керек.

Жаны кыргыз тарыхындагы азыр олко тышында жашап жаткан эки Президенттердин кылган иштерин баарына карт тарых ОЗУ баа берээр.жакшы, жаман иштерине биздин баа беруубуз канчалык денгээлде туура жана чын болоорун мен айта албайм.

Ар бир сайасатчы кандайдыр бир денгеелде бул эки адам менен иштешип алар менен адамдык жана мамлекеттик денгеелде алака куруп иш алып барышкан.

Ошол эле Отунбаева,Атамбаев,Каптагаев,Бекназаров,Исаков,Эркебаев, ар бири эки Президеннтер менен да иштешип олконун онугуп осуусундо эмгек кылышкан.

Ар кандай себептер менен пикирлери келишпесе да бул сайасатчылар бир убакта пикирлеш жана жолдош болушкан.Деги элэ койчу баарыбыз иштегенбиз демек баарыбыз сайасий аренадан кетишибиз керекпи?

Жакшы турмушта жашаган сивилизациялуу олколордо революциялык жол менен эмес шайлоо жолу менен эл оздоруно жакпаган сайасатчысын кетиришет биз дагы кудай буйурса бул жолго тушоорубузго ишенем сен Акаевчисин же болбосо сен Бакиевчисин деген болунуучулук создор менен тура эмес жолго тушуп кетип бара жатабыз.Азыркы бийликтин да бул тура эмес жолдо бара жатканы мени окундурот мындай болсо азыркы мамлекеттик кызматкерлердин 100% кетиши керек анда мамлекеттик мшина кантип иштейт.

Менин Турцияда чогуу окуган жана азыркыга чейин достугубуз узулбогон шордуу досум Улан Мелисбек кайра америкага кетип калды,себептери белгилуу, окуя болгон куну суйлоштук болгон окуяларга шок болуп мени менен копко суйлошту анын кеткенини анын ички дуйносуно жана адамдык сапаттарына ,анын чечимин урматтодон башка эч нерсе кыла албадым .Бирок ушул кыйын убакта олкодон чыгып кетпей акырына чейин эл учун курошо беруу керек эле чын элэ акылы жетик жаныча ой жугурткон атуул эле кетип калганына окундум бир четинен жиним келди.

Акыркы убактарда Масалиевдердин уй булоосуно адилеттуу болбогон коп создор айтылууда Масалиев Апсамат кыргыз эли остургон эн улуу чынчылдыктын,тазалыктын символу болгон адам. Мен учун.кыргыз тарыхында оз ордун тапкан урпактарга чейин омур бою жаркын элеси сакталып кала бермекчи , кыймыл аракети жашоосу сайасий тазалыгы менен биз жаш сайасатчыларга улгу боло турган ИНСАН.

Келе жаткан чон жана маанилуу сайасий окуяларда кыргыз эли кылымдардан келе жаткан сабырдуулугун жана намыской улуу эл екенин коргозуп булл кыйынчылыктардан да чыгып кетеерине ишенем.Кандай кана болбосун элдин келечеги учун биримдик учун уруу урууга ,тундук туштукко болунбой жашообуз керек.

Жакшы жашоо,бакубат жашоо учун келечек учун баарынарга аманчылык каалап терен урматтоом менен Балбак Тулобаев.
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×