Добавить свою статью
11 Мая 2010
Кыргыз Республикасынын Убактылуу (элдик) өкмөтүнүн мүчөлөрүнө кайрылуу
Биздин сиздерге кат аркылуу кайрылган себептерибиз төмөнкүчө. Кыргызстандын илимдер академиясы тарабынан өзүнүн жаңы мүчөлөрүнө шайлоо жарыяланган. Жарыя «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттеринде жарык көрдү. Улуттук илимдер академиясынын академиктик жана мүчө-корреспонденттик наамдарына кандай адамдар аракеттенүүдө белгилүү болду. Илимдер академиясына көптөгөн окумуштууларды мурунку президент К.Бакиев өз билгениндей аныктаганына шек жок. Алар болсо К.Бакиевди жактагандар, депутаттар, илимдин доктору деген илимий даражасы бар ар-кандай чиновниктер болгону белгилүү. Алардын арасында мурунку президенттердин үй-бүлөлөрүнө жакын адамдар бар. Алар А.Акаевдин, К.Бакиевдин режимдерин өз-убагында активдүү колдогон принципсиз окумуштуулар болуп эсептелишет. Илимдер академиясына ушул шайлоонун негизинде биздин мамлекеттин эң татыктуу окумуштуулары шайланат деп ишенүүгө болобу?

Биз айтар элек - илим саясаттан тышкары деп айтылган убакыт өтүп кетти. Илимдин жана окумуштуулар кесибинин ички этикасы бар, алардан көбүнчө биздин коомдун көз-караштык көйгөйлөрү көз каранды. Бүткүл дүйнө боюнча окумуштуулардын жоопкерчилиги барган сайын бийиктеп баратат. Бул көйгөй Кыргызстанда кандай акыбалда турат? Кыргызстандык жана чет элдик окумуштуулар тарабынан Кыргыз Улуттук илимдер академиясына туура эмес шайлоо технологиялары, ошол шайлоолордун тегерегиндеги терс көрүнүштөр жөнүндө бир нече жолу суроолор коюлган. Бир жагынан Илимдер академиясынын уставы, шайлоолор жөнүндөгү жоболор эскирген, анткени алар илимдеги азыркы акыбалды, илимдин өнүгүүсүнүн азыркы тенденцияларын камтыбайт, академиктерди жана мүчө-корреспонденттерди шайлоодо эң татыктуу кандидаттарды тандоо үчүн так критерийлери иштелип чыккан эмес. Экинчи жагынан алганда, мурдагы мамлекет башчылары жердешчилик, досчулук, чиновниктик колдоо принциптери боюнча өздөрүнүн адамдарын жылдыруу жана колдоо аркылуу шайлоо процессине түздөн-түз кийгилишкен.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көңүлдөрүн Илимдер академиясынын академиктик жана мүчө-корреспонденттик наамдарына аракеттенген төмөнкү адамдарга буруусун өтүнөбүз. Курманов Зайнидин «Саясат» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат болуп катталган. Баарына белгилүү ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары, «Ак-Жол» партиясынын мүчөсү катары, К.Бакиевдин жакын жана активдүү жактоочусу, «Ак-Жол» партиясы боюнча да, ошондой эле мыйзам чыгаруу ишмердиги боюнча да анын идеяларын ишке ашыруучусу болгонун эске салабыз. Бул адам Кыргызстандагы азыркы социалдык-саясий кризис үчүн өзүнчө жоопко тартылуусу керек дегендердин ою да туура. Мусаев Абдылда «Филология» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Баарына маалым, ал Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин убактулуу аткаруучусу, Кыргызстанда илимдин өнүгүүсү үчүн бир дагы түз чечим кабыл албаган, «Ак-Жол» партиясынын мүчөсү катары, мурдагы бийликтин мүчөсү катары, К.Бакиевдин командасынын мүчөсү катары ал дагы биздин мамлекеттин алдында социалдык-саясий кризис үчүн жоопко тартылуусу зарыл. Сыдыкова Лейла «Юрист» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Бардыгына белгилүү болгондой ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаты болгон, мыйзам чыгаруу боюнча Комитеттин төрайымы болгон, «Ак-Жол» партиясынын мүчөсү, К.Бакиевдин жакын жана активдүү жактоочусу, «Ак-Жол» партиясы боюнча да, ошондой эле мыйзам чыгаруу ишмердиги боюнча да анын идеяларын ишке ашыруучусу болгон. Депутат, юрист-мыйзам чыгаруучу, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу комитетинин башкаруучусу катары ал дагы Кыргызстандагы саясий кризис үчүн жоопкер болуп эсептелет.

Кулатылган президенттер А.Акаевдин, К.Бакиевдин терс саясаттарын колдогон, окумуштуулардын жана жалпы илимдин жүзүн бузган принципсиз окумуштуулардын катарына төмөнкү адамдар кирет. Сагынбаев Марат «Травматология» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Баарына маалым, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы дарылоо-калыбына келтирүү бирикмесинин директору, «Ак-жол» партиясынын мүчөсү. Раимжанов Абдухалим «Кан куюу» адитиги боюнча академиктикке кандидат болуп катталган. Аны академиктикке Тажикстандын президенти Рахмоновдун өтүнүчү боюнча К.Бакиев бул кишини академиктикке сунуштаганы элибизге белгилүү. Көп жылдар аралыгында Кыргызстандагы тажик диаспорасынын башында болуу менен, ал баарына белгилүү болгондой, дайыма А.Акаевдин, К.Бакиевдин режимдеринин активдүү жактоочусу, алардын саясатынын көрүнүктүү ишке ашыруучусу болгон. Ибраимов Осмонакун «Адабият» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Бардыгына белгилүү болгондой, ал өз убагында акаевдик режимдин идеологиясына жоопкер, А.Акаевдин үй-бүлөсүнө жаны менен кызмат кылган, А.Акаевдин администрациясындагы кожоюнуна эң жакын чиновниктердин бири болгон. Джумабеков Сабырбек «Травматология» адистиги боюнча академиктикке кандидат болуп катталган. Жаныш Бакиевдин өтүнүчү боюнча К.Бакиев аны академиктикке сунуштаганы белгилүү. Ж.Бакиевдин, А.Мадумаровдун досу, «Ак-жол» партиясынын активдүү мүчөсү, Жусуп Бакиев атындагы Фонддун башкармасынын мүчөсү болгон. өз убагында К.Бакиевдин кеңешчиси эле, Бакиев түзгөн Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын мүчөсү, ал эми А.Акаевдин убагында анын активдүү жактоочусу болгон.

Илимий коомчулуктун пикири боюнча өз убагында Акаевдин «Алга, Кыргызстан!», Бакиевдин «Ак-жол» партияларынын мүчөлөрү болгон төмөнкү адамдар окумуштуулардын атына көө жапкан. Оморов Роман «Геология» адистиги боюнча академиктикке кандидат болуп катталган. өз убагында Акаевдердин үй-бүлөсүнүн жакыны, анын активдүү жактоочусу. К.Бакиев тарабынан сушталгандардын арасында Токторалиев Биймырза «өсүмдүктөр» адистиги боюнча академиктикке кандидат болуп катталган, Акматалиев Абдылдажан «Адабият» адистиги боюнча академиктикке кандидат болуп катталган. Ал – А.Акаевдин, К.Бакиевдин жактоочусу, аларга арнап «Великие личности» деген чыгармаларын жазган. Мавлянов Абдырахман «Биотехнология» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Учурда БФЭАнын ректору болуп иштейт, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу.

Кандидат болуп катталгандардын арасында бир топ чиновниктер бар. Алар Кыргызстанда кайсы бийлик болбосун дайыма жакшы жумуштарда иштеген дер адамдар. Койчуманов Таалайбек «Экономика» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. өз убагында А.Акаевдин жакыны болгон, ал эми К.Бакиевдин убагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестиция кеңешинин Секретариатын башкарган, А.Акаевдин, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу болуп эсептелет. Арабаев Чолпонкул «Юрист» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. өз убагында А.Акаевдин жакыны болгон, ал эми К.Бакиевдин убагында Кыргыз Республикасынын Мамлекетттик кадрлар кызматынын Борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген, А.Акаевдин, К.Бакиевдин жактоочусу. Камчыбеков Төлөбек «Экономика» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору болгон, андан кийин КЭУнун ректору болгон, А.Акаевдин, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу.

Булардын катарында үсөнов Кеңеш «Тоо илимдери» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Аны мүчө-корреспонденттикке К.Бакиев сунуштаганы белгилүү. Учурда ЖАМУнун биринчи проректору болуп иштейт, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу. Идинов Кубанычбек «Экономика» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. өз убагында А.Акаевдин администрациясында иштеген, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу. Жоробеков Жолборс «Саясат» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. өз убагында А.Акаевдин командасында жогорку кызматтарда иштеген, А.Акаевдин, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу. К.Бакиевге арнап китеп жазган. Кененсариев Ташмамбет «Маданият» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. ЖАМУнун ректору, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу. Абдыкалыков Акылбек «Материалдар» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. Учурда КГУСТАнын ректору, Кыргыз Республикасынын ректорлор кеңешинин төрагасы, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу. Акназарова Роза «Экономика» адистиги боюнча мүчө-корреспонденттикке кандидат катары катталган. өз убагында А.Акаевдин администрациясында жогорку кызматтарда иштеген, шаардык Кеңештин депутаты, А.Акаевдин, К.Бакиевдин активдүү жактоочусу.

Урматтуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү! Бул тизмени уланта берсе болот эле. Биз келтирген тизменин ичинде 2-3 адамды гана биздин коом чыныгы окумуштуу катары билет, ал эми калгандары болсо кошумча илимий карьераны кураган жана курап жатышкан кишилер, б.а. илим аларга хобби катары. Булар илимге татыктуу салым кошкон эмес окмуштуулар дегенге негиз бар.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жашап-иштеп жаткан окумуштуулар 2010-жылга жарыяланган Улуттук илимдер академиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлоону алып салуу зарыл деп эсептешет. Бул жерде жарыяланган вакансиялар жана илимий адистиктер толук кайрадан каралышы зарыл. Биринчиден, мурунку президенттер А.Акаевдин, К.Бакиевдин терс саясатына байланыштуу жоопкерсиздикти жана принципсиздикти көрсөткөн, өздөрүнүн жана ошондой эле республиканын илиминин жүзүн бузган окумуштууларды шайлоого катыштырбоо керек. Экинчиден, окумуштуулар арасынан кызматтагы чиновниктерди шайлоого катыштырбоо зарыл. Шайлоого илимдин тегерегиндеги чиновниктерди эмес, кесипкөй окумуштууларды гана катыштыруу керек. Кыргызды түбүнөн иритип-чиритип, өкүмөт бийлигинин эрки менен эмгегин ээлеп келгендердин баардыгы кошоматчылык менен кызматка тургандар жана алардын эрки менен илим тармагындада «жетишип» жүргөндөрү талашсыз.

Илимдер академиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлоо боюнча илимий адистиктерди аныктоого мамлекеттин башчылыгынын таасирин болтурбоо үчүн керектүү чараларды көрүү, ошондой эле эл аралык критерийлердин негизинде (http://www.scimagoir.com/) эң татыктуу окумуштууларга таза жана калыс шайлоону өткөрүү муктаждыгы бар деп эсептейбиз. Кыргызстандын жаңы илимий каймагын түзүү жөнүндө сөз болгондо азыркы бийлик тарабынан кайдыгерлик болбошу зарыл. Убактылуу өкмөттүн жетекчилери мындай "шылуундарга" токтоосуз чара көрүүсү зарыл. Жаңы илимий саясат Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн – эл ишенген өкмөттүн жаңы саясатынын бир бөлүгү болушу зарыл.

Биз калыс шайлоолор үчүн. Кыргызстандын илимий коомчулугуна кайрылабыз. өлкөнүн Илимдер академиясына шайлоо өткөрүүнү мониторинг боюнча коомдук комиссия түзүлүшү керек. Илимдер академиясынын жана өлкөнүн Убактылуу өкмөтүнүн башчылыгынын Илимдер академиясынын жаңы мүчөлөрүнө таза жана калыс шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишмердигин ачык-айкын баалоо укугун Кыргызстандын илимий коому өзүнө алыш керек. Сиздерди жана биздин өлкөбүздүн окмуштуулары, айрыкча өлкөнүн Илимдер академиясынын шайлоочулары көкүрөк туйумга кайрылып текшерип көрөт го деп ишенебиз.

Сунуштоо тобу
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×