Добавить свою статью
29 Апреля 2015
А.Ким жана “Вечерний Бишкек” гезити Кыргыз мамлекетине чагымчылдык кылганды,качкын Бакиевдин үй бүлөсүнө кызмат кылуусун токтотсун!- коомдук бирикмелердин “Вечерний Бишкек” чыры боюнча кайрылуусу
Автор: ОО НД

“Вечерний Бишкек” гезитинин ээси катары аталып келген Александр Кимдин дооматтары жана айрым өкмөт мүчөлөрүнө оор күнөө тагышы - мамлекетибиздин башкаруу системасынын мыйзамдуулугуна көлөкө түшүрүп, бизди чочулантып отурат.

Мына ушуга байланыштуу качкын президент Бакиевдин үй-бүлөлүк, рейдерлик-коррупциялык жол менен башкаруусун кулатууга зор салымын кошкон, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган уюм мүчөлөрү жана жеке адамдар пикирибизди айтып коюубуз шарт.

Барыбыз күбө болгондой, бүгүнкү күнү «Вечерний Бишкек» гезитинин ээси аталып келген Александр Ким өзү жетектеген көп нускалуу гезит бетинде азыркы бийликке жана анын ичинде мамлекет башчысына бир катар оор айыптарды такты. Анын ичинде мындайча ойлор айтылган:

Мисалы: “Медиаресурстарды көзөмөлгө алуу - Кыргызстандын көз карандысыздыгынан берки тарыхында уланып келет. Ал үчүн гезиттердин, телеканалдардын жана айрым журналисттердин керектүү мазмунда жазуусун сатып алууда” -деп жазган КРнын Президентине болгон кайрылууда.

Урматтуу Александр Ким!

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери сиз журналистикада аралашып жүрөсүз, гезиттерге да ээлик кылып келесиз, сиз мурдагы качкын Президент Аскар Акаевдин учурунда бийликтен жапа чеккендигиңиз чын болсо керек. Эл ичинде, анын арасында сиз өзүңүз дагы Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев «Вечерний Бишкек» басма үйүн сизден жана азыр сиз соттошуп, талашып жаткан Александр Рябушкинден тартып алгандыгы көп убакыттан бери айтылып эле жүрөт. Анын натыйжасында сиз «МСН» гезитин түптөп 2005-жылдын 24-мартында болгон «Жоогазын революциясына» АКШнын каржылоосу менен гезитиңизди басып чыгарып кошумча болгонуңуз да элдин эсинде. Жакынкы билдирүүсүндө дагы АКШнын учак менен ташып келген чуулгандуу жүк окуясы боюнча коргоп жаткандыгы да ошондон болсо керек. Балким, «эски дос эстен кетпейт» деп мурдагы «аласаларын» актап жаткандырсыз. Муну да териштирүү зарыл деп эсептейбиз. Кийин Акаевдин бийлиги кулап, күйөө баласы кошо качкандан кийин энчиликке гезитиңиздин айрым бөлүгүн кайрып алгансыз, бирок дээрлик чоң бөлүгүнө качкын Президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү ээлик кылганы эч кимге жашыруун деле эмес. Ошол мезгилдерде сиз Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири катарында азыр өзүңүз айткандай ММКлардын көз караштарын сатып алууга да зор салым кошконуңузду билебиз. Сатып алуу эле эмес, бакиевдердин гезиттерди, телеканалдарды басып алуусуна дагы сиздин түздөн-түз катышкандыгыңыз бар экендиги бул факт.

Ошондон улам сиз «мол тажрыйбаңыз» пайда болгондуктан ушинтип айттыңыз окшойт. Бирок, сизге айтаарыбыз, сиз колдогон бакиевдердин айырмаланып, мына 5 жыл бою бир дагы ММКны тартып алуу же кол салуу фактысы болгон жок. Тескерисинче Массалык-маалымат каражаттарынын саны күн санап өсүүдө. Гезиттер, радиолор, телевидиениелер ачылып атат, мамлекеттик ММКлардын бир бөлүгү коомдук ММКга айланып отурат. Электрондук гезиттер ачылып атат. «Чексиз репортерлор» эл аралык уюуму дагы сөз эркиндиги боюнча рейтингдерин жарыялап, Кыргызстан башка мамлекеттер арасынан сөз эркиндиги боюнча жыл сайын жогорку тепкичке көтөрүлүп жаткандыгын байма-бай айтып келет. Демократиялуу деп айтылып жүргөн Европа мамлекеттери да муну моюнуна алып, ушул күнгө чейин расмий билдирүүлөрүндө белгилеп келет. Анан кандайча сиздин жеке берген бааңызда Акаев, Бакиев тушундагыдай режим пайда болуп калат?! Сиз колдогон, сиз табакташ болуп жүргөн Бакиев режими журналисттерди куугунтуктап, сабатып, Сыргак Абдылдаевди мыкаачылык менен бычактатып, Геннадий Павлюк сыяктуу кесиптешиңизди терезеден колу-бутун байлап өлтүрүп жатканда неге эстебедиңиз «режимди», сөз эркиндигин?! Эмнеге кесиптеш катарында үн каткан жоксуз ал оор кылмыш боюнча?! Бир катар гезиттер, «Пирамида», «НТС» сыяктуу телевидениелерди ээсин чыркыратып туруп тартып алып жатты бакиевдер, ошондо эмнеге унчукпадыңыз, неге калыс сөзүңүздү айтпадыңыз?!

Сизди түшүнсө болот. Анткени, ал мезгилде сиздин чарбалык ишиңиз жок болчу. Капчыгыңызды кампайтып, ишиңиз байлык топтоо менен чектелчү. Кыргызстандын келечеги, демократия, сөз эркиндиги сизге таптакыр кереги жок болчу. Эми минтип, мүлк бөлүштүрүү иштериңиз чыкканда бийлик органдарын, өкмөт мүчөлөрүн, Президентти баш кылып чарбалык чатагыңызга кийлигиштирип, каралоого өттүңүз. Демократия, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды бетиңизге кармап эки жүздүүлүк оюнду баштадыңыз. Биз андайга түп тамырынан каршыбыз! Бийлик органдары, Президент баш болуп чарбалык иштерге кийлигишпесин, чырлуу чарбалык иштер сот органдары аркылуу мыйзам чегинде чечилсин деп кетиргенбиз Бакиевдерди. Сиз болсо бүгүнкү күнү ультиматум түрүндө сүйлөп, бийликти, мамлекет башчысын толугу менен талаш-тартышыңарга кийилигиштирип: «коркутсам мага алып берет» деп ойлоп жатсаңыз керек. Муну саясий шантаж катары кабыл алса болот. Андан тышкары мамлекеттик кызматкерлерди оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип, жада калса динине чейин киришип, намазга жыгылганын мазактап жазыптырсыңар. Силерге ким берди андай укукту?! Кыргызстанда жарандардын динин, улутун, ишмердүүлүгүн мазактаганга эч кимдин укугу жок! Балким сиз өзүңүздү Кыргыз Республикасында бөтөн сезип бөлүнүп жаткандыктан ушинтип айтып жатсаңыз керек?! Антпесе: «Биз, Кыргызстандагы эң ири орус тилдүү гезит, президенттер Владимир Путинге, Нурсултан Назарбаевге, Александр Лукашенкого кайрылабыз...» дегениңерди кандайча түшүнөбүз? Өкмөттүк эмес уюмдарга, эл аралык фонддорго кайрылганыңарды кандайча түшүнсө болот?! Демек, силер үчүн кыргыз эли эсеп эмеспи? деген ой кетет аргасыздан. А балким силер чынында чет өлкөгө кызмат кылып жүргөндүрсүңөр? Эгер андай болсо бул жалпы элге жасалган чыккынчылык!

Андан ары өз сөзүндө жогоруда аталган мамлекеттик кызматкерлер акча-каражаттарын чет өлкөгө чыгарып кетип жатат, Атамбаев кызматтан кетээри менен качканга даярданып жатышат деп жазыптыр. Бул өтө оор айып. Муну тийиштүү органдар текшерип чыгышсын деп ойлойбуз. Эгер чын эле ошондой болсо жазаларын алышсын, кокус андай болбосо негизссиз бирөөнү каралаганы үчүн Александр Ким жана «Вечерний Бишкек» гезити мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш, анткени көп нускалуу ири басылма мындай калпы менен элде нааразычылыктарды жаратып өлкөнү башаламандыкка алып барат. Дүйнөдө геосаясий өзгөрүүлөр болуп турган маалда биздин мамлекет да кыл көпүрөнүн үстүндө турат. Ошондуктан биз көрүнгөнгө, анын ичинде тышкы күчтөргө кызмат кылган шылуундарга да Кыргызстанда тополоң уюштуруусуна жол бербейбиз!

«Вечерний Бишкек» гезитинин Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевден калган көп бөлүгүн Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев ээлеп калганы барына маалым. 2010-жылкы 7-апрель революциясынан кийин бакиевдердин улутташтырылган мүлктөрүнүн арасына «Вечерний Бишкектин» Максим Бакиев ээлеген бөлүгү негедир кирбей калган. Демек, Максим Бакиев күнү бүгүн дагы аталган гезитке ээлик кылып, Кыргызстанда таасирин күчөтүүдө деп айтууга толук негиз бар. Биз Бакиевдерди кетирдик деп ойлогонбуз, бирок жаңылышыптырбыз. Көрсө ал Александр Ким сыяктуу өнөктөштөрү аркылуу каалаганын кылып, чагымчылык иштерин жүзөгө ашырып жатат. Биз буга түп тамырынан каршыбыз! Бакиевдер толугу менен кетиши керек! Ага кошомат кылып, «ыргыткан сөөгүн» мүлжүп, башка мамлекеттердин этегине жармашып, буйругун аткарып оокат кылгандар элдин тынчтыгына кол салууда! Биз андайга жол бербейбиз! 7-апрель революциясынын жеңишин эч кимге уурдатпайбыз!

Дагы айтаарыбыз, биздин оюбузча басып алуулардын башаты тээ Советтер Союзунан бери келе жаткан Үсөнбаев көчөсү 2 де жайгашкан «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратына да тиешеси бар. Кезинде гезит ээлери ал жерде орун алган бала-бакчасына кандайча ээлик кылганы абдан кызыктуу. Бүгүнкү күндө өлкөгө балдар мекемеси жетишпей турган маалда аталган бала-бакча мурагы мэр Борис Силаевдин мэр болуп иштеп турган маалында кандайча редакциянын карамагына өтүп калгандыгы таң калычтуу. Муну да тийиштүү кызматтар иликтеп чыгышы керек деген ойдобуз.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен биз, алдыда кол койгон бүгүнкү жыйындын катышуучулары төмөнкүлөрдү талап кылабыз:

1. “Вечерний Бишкек” гезити качкын Бакиевдин үй бүлөсүнө кызмат кылуусун токтотуусун;

2. Прокуратурадан кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө шек келтирүүсү үчүн жоопко тартууну;

3. Советтер Союзу маалынан берки бала-бакчага тиешелүү имаратты бошотуп берүүсүн;

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жана укук коргоо органдарынан канчалык денгээлде мыйзамдуу иш алпарышаарын жана мамлекетке салык төлөөрүн тактоону;

1. ОО «Апрель Байрагы» Дөөлөталиев.К

2. ОО ДНД «Патриот» Искаков Т.М

3. ОО НД «Элдик Сакчы» Кылычов.А.З.

4. ОО «Ала Тоо Бишкек»

5. ОО «Айкол Ала Тоо» Мискенбаев.М

6. ОО «Мекен Учун» Оморов.С.

7. ОО «Боевое Братство» Ункуев Э

8. ОО «Элдик Кайрат» Сыдыков.Б

9. ОО «Каркыра» Касымов.А

10. ДНД «Ош Чоролор» Сатыбалдиев.У

11. ДНД «ЧУЙ Ордо» Калыков.Н

12. ОО «Люстрация Судей» Маматкеримов.К

13. ОО «Тартип» Жаникеев.Т

14. ОО «Эл Дост Ордо» Жумалиев.С

15. ОО «Орток Шамы» Нурмамбетов.Ж

16. ОО «Корупцияга каршы» Досалиев.Б

17. ОО «Таза Коом Үчүн” Сарногоев.Р

По теме:

Волшебная сила печатного слова. Или пять вопросов защитникам «Вечерки»

Как два Александра поссорились...

А.Ким жана “Вечерний Бишкек” гезити Кыргыз мамлекетине чагымчылдык кылганды,качкын Бакиевдин үй бүлөсүнө кызмат кылуусун токтотсун!- коомдук бирикмелердин “Вечерний Бишкек” чыры боюнча кайрылуусу

Грязный хозяйственный спор, переросший в политическое противостояние


По ситуации с «Вечерним Бишкеком»

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×