Добавить свою статью
7 Декабря 2017
Айтматов айткан эде…

Маал-маал Чыңгыз Төрөкуловичтин мага бетме-бет айткан сөзү, соболума кайтарган жообу жадыма түшөт. Эстегенде кагазга түшүрө жүргөнүм дурус бейм. Эмкисин улуунун учкай кеби деле кундуу дөөлөт эмеспи. Унутулуп калбасын.

Баса, айып көрбөгүлө, темадан жаңылган жокмун. “Эленин” бир жагынан эски, экинчи жагынан говордук-элеттик түрүн колдондум.

aitmatov_pazylov

***

- Жакында Жамбыл тарапка, куда сыйына барып калсам, казак аксакалдар сизди “казак” дешти, мен “кыргыз” деп талаштым, - дедим бир курдай Чыңгыз Төрөкуловичке.

- Аксакалдар менен бекер талашыпсың, - деди Айтматов.

***

- Өзбектерде “курсантман” же “ман курсант” деген сөз бар, - дейт Чыңгыз Төрөкулович, - кыргызчасы -“ыраазымын”. Кээде өзбек агайындарга “ я - курсант”, - деп орусчалап тамаша ыргытам. “Окуучу, студентмин” дегеним да.

***

- Чыңгыз Төрөкулович, искусство таанучу Жүкүн Иманкулов санап чыкты, сиздин роман-повестериңиз, драмаларыңыз боюнча дүйнө жүзүнүн театрларына коюлган спектаклдердин саны миңди чапчыптыр. Ал эми макала, маек, сүйлөгөн сөздөрүңүздүн тексттеринин саны белгилүүбү?

- Аларды ким санады дейсиң!?

***

- Аксёновбу? Ал – дос... Азыр Парижде анын романдары көп басылып атат, - деди Чыңгыз Төрөкулович орус жазуучусу Василий Аксёновдун Москванын гезиттеринин бирине жарыяланган маеги тууралуу айтсам.

Береги маекте диссидент Аксёнов совет жылдарында АКШда, кайсы бир расмий кабыл алууда Айтматовго жолукканын баяндайт. “Чыңгыз обочороокто турган мени байкай коюп, “Вася!” деп унчугуп, кыса кучакташып калды, -дейт Василий Павлович, - башка советтик жазуучулар ошондон кийин гана мага жакындай баштабадыбы”.

***

“Владимир Вольфович Жириновский маарекеңиздин арапасында сизге чын дилден узун сабак кат жолдоптур” десем, Чыңгыз Төрөкулович “ Ал эски тааныш. Мурда Азия, Африка элдеринин тилектештигинин комитети деген бар эле. Тажик акыны Мирзо Турсунзаде экөөбүз кезектешип башкарчубуз. Ал эми Жириновский ошо мекемеде француз тилинен котормочу болуп иштеген”, - деп түшүндүргөн.

***

- “Убить-не убить?” аттуу аңгемеңиздин аталышын “Өлтүрөмбү-өлтүрбөйм” деп которуп атам.

Анда Айтматов: - “Өлтүрөмбү-өлөмбү?” дегениң туура го. Себеби каарман эки айрылыш жолдо.

Абибилла Пазылов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-01-2024
Меня многое связывает с вами
5844

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе
6514

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений
7080

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля
14685

10-05-2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!
18188

24-01-2023
Нас украшают скромные награды
18076

29-12-2022
Чыңгыз Айтматов: жаңы жылдык тост
20433

16-11-2022
Насирдин Исанов — настоящий герой Отечества
20732

07-11-2022
На полях «Петербургских встреч в Кыргызстане»
18765

19-09-2022
Не договариваются не любя
18937

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×