Добавить свою статью
3 Мая 2018
Омбудсмен просит президента С.Жээнбекова помиловать Омурбека Текебаева
Акыйкатчы Кубат Оторбаев обратился к Президенту Кыргызской Республики С. Ш. Жээнбекову с просьбой рассмотреть вопрос о возможности помилования Омурбека Текебаева в соответсвии с п. 10, ст. 64 Конституции КР.

Данный акт доброй воли и милосердия Омбудсмен предлагает приурочить к 25-летию Конституции Кыргызской Республики и 70-летию со дня принятия Декларации прав человека.


ОБРАЩЕНИЕ
Омбудсмена КР Кубата Оторбаева к Президенту КР С. Жээнбекову
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Ш.Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз - кылымдарды карыткан Кыргыз элинин азыркы мамлекетинин башчысы, Журт атасы, алтын тактуу Ажосу, элибиздин бүгүнкү лидерисиз. Түбү түктүү Жер каймактаган алмустактан бери далай хандар, бектер, король, падыша, монарх, президенттер бийликтин бийик сересинде доорун сүрүп, түштүгүнө жорго минип, кызыгына кызыл кийип, тактысында манчыркаган. Кумга сиңген суудай далай өмүрлөр өттү, тарыхта адамдар калса алар кашкайган кадамдары менен гана ташка тамга баскандай калат экен. Башка учурда атак-даӊкты дагы, такты дагы, ага кошуп ысым-атты дагы убакыт чиркин куюн учурган камгак сымал күлүн көккө сапырып, жым-жым кылат. Көз жеткен жерден алыскы зымырыкка бийлигиңди орнотуп, оозуңдан чыгаары менен мыйзам-буйрукка айланган сөзүң дагы, ай-асманды чапчыган зоболоң туруп карабашыл өзүң дагы түккө турбай, унутулаар жагдай бар...

Хан калса ошондо бир татыктуу кадамы менен тарыхта калат, калкка берген кадырлуу саламы менен тарыхта калат. Ал Журт атасы катары Айкөлдүк, Даанышмандык, Адилеттиги менен атын тарыхка жазат, эл эсинде аӊыз кепке айланып, өлбөстүккө жашыл тамыр жаят. Бул аксиома чындык. Дагы бир учур бар - андай хан канкор, баш кесер, ырыс тебээр аты менен кара такка айланып, жетимиш урпагына чейин жек көрүндү, суу тумшук катары каргыш менен эстелээр.

Арийне эсеби Сиздин 8-февралдагы Коопсуздук кеңешиндеги жасаган чечкиндүү, адилет, көсөм кадамыңыз акыйкат издеп арман кылгандардын калың катмарынын үмүтүн жандырып, жүрөгүн жибитип, жашын аарчыды. Ошону менен журттун алкоосуна татып, батасын алып, баштаган ишиңизге илгерилете аркан таштадыңыз. Мамлекеттик ишти эсепсиз баюунун булагына айлантып, жер баспай, эл басып калган мыкчыгерлердин сесин алып, үшүн качырдыңыз.

Мындай чечкиндүү, мыйзамдуу, батыл кадамдарыңызды кубаттоо менен урматтуу Журт башы, төмөнкү маселеге Сиздин көңү­лүңүздү буруп, кайрылууну эп көрдүм:

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтуна Конституция кепилдеген мыйзамдуу укуктарын коргоону максат кылып, мамлекеттик органдардан адилеттик таппай, тагдырларына балта чабылып, жан дүйнөсү сыздап, сай-сөөгү муздап кайрылган адамдардын саны арбын. Өткөн 2017-жылы кат жүзүндө 3282 адам датын айтты, ал эми жармакташып, жалгыздап оозеки кайрылгандар 12881 адам болду. Алардын көбү сот, укук коргоо, прокуратура системаларынын ишине кападар. Сотко Акыйкатчынын өкүлүнүн катышып берүүсүн сурангандардын катары барган сайын арбууда. Анын себебин мен сот адилеттигин адамдар көп учурда чаламандын чак түшүндө Максим Горькийдин Данкосу сымал жүрөгүн көкүрөгүнөн сууруп чыгып, чырактай жагып издесе дагы табалбай жатканынан көрөм.

Соттордун акыйкатсыз чечимдеринен жана укук коргоо органдарынын күмөндүү, ыплас ишинен жабыркап, ак жеринен абакта жатат деген адамдардын катарында саясий ишмердигинен улам соттолгондордун айрымдары да бар. Маалым болгондой акыркы жылдар аралыгында бир катар саясатчылар Улуттук коопсуздук комитети тарабынан козголгон иштердин алкагында камакка алынып, айрымдары соттолду, дагы бирлери жазасын өтөп бүттү, башкалары болсо сотту күтүүдө. Бул адамдардын айрымдарына карата жүргөн соттук процесстер жабык өттү, ал андыктан эсеби маселен, кимисинин күнөөсү канчалык экендигин так айтуу кыйын. Себеби, жашырып-жаап сот болгон жерде акыйкаттык орноп, мыйзам иштеп кетээрине күмөн чоң.

Урматтуу Президент!

Бул ирет Сиздин көңүлүңүздү Кыргыз Республикасынын бир нече чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышына зор салымын кошкон, легендарлуу парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишине бургум келди. Ал адам мындан кенен тааныштырууга, рекламалоого муктаж эмес. Сиз дагы өмүрдүн көбүн, кара күчкө толуп, болуп турган убактыӊыздын далайын авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап, башыӊызды канжыгага байлап жүргөн маалда Ө. Текебаев менен үзөнгүлөш, ниеттеш, таламдаш катары далай тайгак кечүү, тар жолдон, кыл чайнашкан кырдаалдардан бирге өткөнсүздөр. Бүгүнкү демократиялык байырлуу жолду чабууга Сиз катары ал кишинин дагы ат көтөргүс эмгек-мээнети эбегейсиз. Ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында күндүн аптаптуу ысыгында, ызгаарлуу суугунда баш кесер кылмышкердей саналып, темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатат.

Ал Россия Федерациясынын жараны Л. Маевскийдин берген көрсөтмөсүнүн негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында 8 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөө иштери жана соттун жүрүшү көргөзгөндөй Ө.Текебаевдин жасаган күнөөсү так далилденип, айныгыс фактылар менен тастыкталган жок. Сот адилеттигинин күчү – анын мыйзамдуулугунда жана кашкайган, четке каккыс далилдер менен бекемделип, фактылар менен ширетилгенинде. Тергөө-иликтөө иштери бир беткей каралоо менен жүрүп, келтирген жүйөөлөр эске алынбай, акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, ар тараптуулук жана атаандаштык принциптерин эске албаган соттук процесстердин аркасында чыккан өкүм кимди ынандырат? Жарымы жалган, жарымы чын, Жараткандын көөнү үчүн, көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүнбү? Ошондон улам бул иш эл арасында “саясий заказ”, “1937-жыл”, “саясий оппонентти куугунтуктоо” катары сыпатталууда.

Өмүрбек Текебаевдин ишинде анын бул кылмышты жасаганына шек туудуруп, күмөн жараткан бир нече дал келбестиктер тергөөдө дагы, сотто дагы так аныкталган жок. Алардын айрымдарына Сиздин көңүлүңүздү бургум келет:

  1. Л. Маевский менен А.Модин «2010-жылдын 13-майында биз Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен кечки саат 18.00ден-20.00га чейин “Хаятт” ресторанында жолукканбыз» деп 2017-жылдын февраль айында көрсөтмө беришкен. Бирок, бул учурда Ө.Текебаев Конституциялык кеңешмеде, ал эми Д.Чотонов Ош облусунда болгон. Ө.Текебаевдин жыйында отурганын КТРКнын видеотасмалары, ал эми Д.Чотоновдун Ошко учуп кеткенин Транспорт жана коммуникация министрлигинин ырасмий каты тастыктайт. Бул маалыматтар ачыкка чыккандан кийин Л.Маевский дагы, А.Модин дагы көрсөтмөлөрүн кескин өзгөртүшүп, “Хаятта” эмес, “Супарада” жолукканбыз дешкен. Бирок, “Нур телеком” компаниясы берген маалымат боюнча А.Модин 13-май күнү 13.00дөн-19.00гө чейин Бишкектин борборунда болгон. Сот муну эске алган эмес.

  2. Л. Маевский тергөөдө дагы, сотто дагы «Москва шаарындагы «ВТБ-24» банкындагы өз эсебинен 300 миң доллар акчаны нак алып, аны Бишкекке алып келип, А.Модинге «Хаятт» мейманканасында бергем», деп айткан. Бирок, кылмыш ишине тиркелген банктык выпискалар Л.Маевский андай акчаны албаганын тастыктайт. Бул күмөндүү жагдайды дагы сот тактап, аныгына чыккан эмес.

  3. Л. Маевский сотто көрсөтмө берип жатып «2010-жылы июлда 3 ирет С.Кутуков аттуу жаран аркылуу 300 миң доллар акчаны Бишкекке жеткиртип, бердиргем» деп айткан. 2017-жылы 7-апрелде Москвада ФСБнын капитаны Г.Михтаевге сурак берген маалда С.Кутуков Бишкекке бир гана ирет май айларында келгенин, Кыргыз Республикасынын эч бир кызмат адамына жана башка адамдарга акча бербегенин, С.Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн бирөө-жарымдын акча сураганы ага белгисиз экендигин билдирген. Ошентип, С.Кутуков эч убакта 300 миң доллар акчаны Кыргызстанга алып келбегенин айткан. Сот бул жагдайды да эске алган эмес.

  4. Тергөөдө көргөзмө берген А.Модин Ө.Текебаев менен жолукканбыз, демек, кылмыштын орду ушул деп көргөзгөн кабинет кимдики экени такталган жок. Сот аны тийиштүү тараптарга официалдуу тактама жиберип, аныктагандан баш тартты.

  5. Тергөөдө да, сотто дагы Л.Маевский «2010-жылдын 13-майынан кийин Д.Чотонов, Ө.Текебаев менен телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп тургам» деп билдирген. Ө.Текебаев дагы, Д.Чотонов дагы «Мегаком» компаниясынын абоненттери болгон, «Мегакомдун» коопсуздук боюнча директору, генерал-полковник А.Чотбаевдин УКМКга берген жооп катында «Л.Маевский 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин «Мегакомдун» абономенттери (анын ичинде Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен дагы) бир да ирет сүйлөшүп, же смс алышкан эмес», деп билдирген.

Тергөө менен соттун жүрүшүндө буга окшоп күмөн ой жаратып, такталбай, эске алынбай, кыйгап өткөн фактылар 20дан ашуун. Л.Маевскийдин антип жаӊылып жаткан жаагына чаба турган сот адилеттиги салтанат курбады.

Акыры барып-келип, кандай болгон күндө да Ө.Текебаевдин, Д.Чотоновдун Л.Маевскийден же А.Модинден акча алганын же алып жатканын көргөн бир да жан жок. Криминалистиканын алтын эрежеси кылмыштын составынын негизин түзгөн орду, болгон убактысы, далил заттары, катышуучулары так аныкталып, тастыкталышы керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Быйыл 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына 25 жыл толот. Ошондой эле мындан туура 70 жыл мурда Бириккен улуттар уюму тарабынан Адам укуктары боюнча декларация кабыл алынган. Бул эки дата адам укуктары жана эркиндиктеринин ири майрамы, чоң даталар. 114 беренеден турган Конституциябыздын 2-бөлүмү, же 44 беренеси толугу менен адам укуктарына жана эркиндигине арналган. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз мамлекетинин эң бийик асыл баалуулуктарынын катарында, ал бийликтин жана мамлекеттик органдардын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.

Кыргыз элинде “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, “оң жаакка чапканга сол жаагыңды тос”, “Азамат эрдин ичине ээр токумдуу ат батат” деген түбү мухиттей терең, философиясы бийик, ойлонгон сайын ойго бастырган, тамшанган сайын таңдай кактырган, таңгалдырган, таңыркаткан, кыргыздын кыргыздыгын, анын Улуулугун, Айкөлдүгүн, Даанышмандыгын даңазалаган, курун салып келгендин кунун кечкенин аңыздап, урматтап, эстетип турган макал-лакаптары бар. Эл ушунусу менен эл, журт ушунусу менен журт.

Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу бүгүнкү тапта, каалайбызбы же жокпу, мамлекеттик маанидеги олуттуу маселеге айланды. Анын көз жаздым болуп кетишине, ачыгын айталы, айрым агымдар, башка үчүнчү күчтөр да кызыкдар болушу ыктымал. Кол салуу же башка мерт-шөрт окуялар болуп кетсе анын убал-сопкут, жоопкерчилиги азыркы бийликтин, анын туу чокусунда турган Ажобуз, Сиздин абийириӊизде калаары жашыруун эмес.

Ошондон улам Өмүрбек Текебаев ал жаткан бөлмөгө видеокамера коюлганына өзү түп насилинде каршы болуп турса да, аргасыздан макул көрүп отурат. Ким эле 24 саат бою “түз эфирде” жашагысы келсин! Бул баарыдан мурда психологиялык басым, кыйноо. Анын үстүнө Өкмөт дагы, Жазаларды аткаруу кызматы дагы, Кылмыш-аткаруу кодекси дагы, башка толгон-токой мыйзамдар, укуктук актылар ал видеону ким жаздырып, ким сонуркап карап, ырахат алып, ким кийин-соӊу кандай пайдаланып, кандай ыңгайда монтаж жасап жиберээрин так аныктабаптыр. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев ден соолугуна тынчсызданып, кадимки бийик сапаттагы кызмат көрсөтө турган ооруканалардын биринде дарылынууну суранып келатат.

Ушул айтылгандарды эске алып, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге Кыргыз Республикасынын Президенти катары, адам укуктары жана эркиндиктерин даңазалап, туу туткан Конституциянын кепили катары Баш мыйзамыбыздын кабыл алынганынын 25 жылдык мааракесинин урматына, Адам укуктары боюнча жалпы адамзаттык декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдык датасына утурлай Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранам. Бул кадамыӊыз Баш мыйзамдын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-пунктчасындагы өз укугуңузду пайдалануу гана эмес, айкөлдүктүн, даанышмандыктын салтанат курушу катары тарыхта калаары бышык.

Урматтап,
Кубат Оторбаев,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

18-11-2020
Принятие проекта новой Конституции в предлагаемом варианте создаст угрозу будущему Кыргызстана
6769

08-06-2018
Позиция омбудсмена относительно выдачи Тунгишбаева М.Б.
13740

12-02-2018
Президентом поставлен правильный диагноз, теперь пора приступать к срочному лечению
9318

13-05-2017
4 основания, почему я хочу выразить благодарность президенту А.Атамбаеву
8942

10-08-2016
Изменения в Конституцию вызывают определенные вопросы в сфере прав человека и политической системе сдержек и противовесов
8948

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×