Добавить статью
15:07 3 Августа 2018
Төртүнчү Мекендештер Форумун утурлап
8-августта жалпы улуттук төртүнчү «Мекендештер» Форуму өтмөкчү. Бул иш чара 2012-жылдан баштап ар бир эки жылда үзгүлтүксүз өтүп келе жатат. Үчүнчу форумду 2016-жылы Ош шаарында өткөрдүк, ага 24 өлкөдөгү кыргыз диаспораларынан 27 уюмга бириккен 500 дөн ашуун өкүлдөр катышкан. Биз ошондо Ош областынын Кара-Суу районундагы ташты кайрадан иштетүүчү “Кыргыз травертин” заводунда болгон элек. Завод 1,7 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестицияга мекендешибиз К. Акаев тарабынан 2015-жылы курулуп, ишке киргизилген. Бул жерде 70 жергиликтүү тургундар иштейт, аталган завод чыгарган бети жылмакай каптама таштар өлкө ичине гана сатылбастан, Россияга жана Казакстанга да экспорттолот. Ушундай эле өндүрүштү К.Акаев Чүй областында да негиздеген.

50 миндей биздин жарандарыбыз жашап, эмгектенген Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасын жетектеген Каныбек Акаев 2016-жылдын башында византивдик торфту казып алып иштеткен “Сиблеспром” деген компанияны да ачкан. Биздин Форумдун иши жөнүндөгү дагы бир жылуу пикирди жараткан иш Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Шатылы деп аталган кооз ашуусуна Алма-Атада жашап, иштеп жаткан мекендешибиз Уланбек Чойтоңбаев тарабынан ушул жайда мигранттардын балдары үчүн этно-лагердин ачылышы болду.

Мурдагы форумдардагыдай эле Ошто да бакты-таалайын издеп, бүткүл дүйнөнү кыдырып жүрүшкөн биздин мигранттардын жашоо турмушу, иштери жана башка ар кандай чечүүнү талап кылган жагдайлар туурасында баарыбызды кызыктырган чоң сөз болгон.

“Мекендештер” Форуму – биздин Фонд тарабынан түзүлгөн, Өкмөт менен биргеликте Эл аралык миграция уюмунун каржылык колдоосу менен Швейцариялык жардам агенттигинин грантынын негизинде эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү туруктуу аянтча. Бул жерде биздин мекендештерибиз чогулушат, таанышышат, өлкө өнүгүүсүнүн бир топ маселелери боюнча КРнын бийлигинин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өзүлөрүнүн суроо-талаптарына жооп ала алышат.

Тагдырдын амири менен чакырылбаган коноктой, чоочун өлкөгө барып, көп учурда эң эле оор жагдайларга кабылгандардын жазмышын кантип жеңилдетиш керек? Биздин мигранттардын басымдуу бөлүгү барып жаткан Россиянын областтарындагы жана крайларындагы жердештик бирикмелердин тажрийбасы кандай? Мигранттардын жамааттары, бирикмелери, ал тургай айрым жеке адамдар өз өлкөсүнө, кичи мекенине, өз мектебине эмне кылып бере алышат? Биздин Фонд чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин турмуш таржийбасы жөнүндө эки китеп чыгарды, аларда акыркы он жыл ичинде республикабыздын бардык булуң-бурчтарында мекендештерибиз аткарган конкреттүү иштери баяндалган: мектептер, ФАПтар, спорттук аянтчалар жана залдар оңдоп түзөтүүдөн өткөрүлгөн, көпүрөлөр жана балдар бакчалары курулган, жардамга муктаждарга, өз айылындагы, шаарындагы таланттуу балдарга жардам чогултулуп берилген. Айтор, баарын санай албайсың!

Фонд тарабынан биз үчүн миграцияны башкаруу боюнча үлгү болуп эсептелген Молдовага бардык кызыкдар кызматтарда иштегендердердин сапары уюштурулду; эксперттердин күчү менен диаспораларды дүйнө жүзү боюнча картографиялоо жүргүзүлдү; кыргыз диаспораларын өз ара байланыштыруу үчүн интерактивдик Интернет – аянтча түзүлдү; илим, техника жана педагогика жаатындагы биздин жогорку кесипкөй мекендештерибиз келген учурларда университеттерде алардын конок лекциялары уюштурулууда.

Мен диаспоралар жана алардын иштери туурасында эчак эле уккан элем, бирок бир жолу 2007-жылдын январында Индияга барып калып, телевизордон жыл сайын дүйнөнүн бардык булу-бурчунан чогулуп келип Нью-Делиде өтүп жаткан диаспоранын конгрессин көрүп калдым. Ар кандай маалыматтар боюнча индиялык диаспоранын саны 25 миллионго жетет. Бир миллиард 300 миң калкы бар Индия үчүн бул анчалык деле чоң эмес цифра. Бирок индиялыктар диаспора – бул өлкөнү өнүктүрүүнүн катализатору экенине бекем ишенишет (аларда диаспоралар боюнча иштеген салмактуу министрлик бар), алар Кытайдагы хуацяо сыяктуу эле өлкөнүн кубаттуу өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк рынокко кирүүсүнө жардам берет дешет.

Анткени диаспоралар – бул өлкөдөн ааламдын бардык булуң-бурчтарына салынган көпүрө. Индиялыктар дүйнөнүн бардык континенттеринде жашашат, алар жашаган өлкөлөрдө бекем “бутак жайышкан”, саясий, экономикалык, социалдык – маданий турмушта таң калтырган бийиктикке жетишкен, мамлекеттердин эчак эле толук кандуу жарандарына айланышкан. Дүйнөдө Индиядан чыккан премьер-министрлер, мэрлер жана губернаторлор, саясий партиялардын башчылары бар, Британдык Вестминстердин лорддору жана башка парламенттердин депутаттары, конгрессмендери, эл аралык ири бизнестин президенттеринен жана топ-лидерлеринен, банктардан тартып, Калифорниядагы Силикон өрөөнүнүн жетектөөчу курамы жана кыймылдаткычы болгон орто жана кичи ишканалардын миллиондогон ээлерине чейин саны арбын. Демек, диаспоралар өлкөнү каржылык салымдар менен инвестициялар аркылуу, жаңы технологияларды алып келүү, социалдык инновацияларды, кесиптик тажрийбаны берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө, башка өлкөдө жашап, тарыхый мекенине келбей туруп, өнүгүү маселелерине эл аралык жардам көрсөтүүгө түртө алат экен да.

Диаспоралар кандайча иштешет?

Алар адегенде өзүлөрү уюшат, ишенимге жана өз ара жардамдашууга негизделген коомчулуктарды түзүшөт, өзүлөрү отурукташып калган жердеги жарандык, коомдук, маданий, саясий жашоого интеграциялашат; адегенде эле өзүлөрүнүн турмуш деңгээлин жакшыртууга, башкалардан артта калбаганга жана өзгөчөлөнбөөгө умтулушат; келген өлкөсүнө толук интеграцияланышы үчүн айрыкча балдарына билим берүүгө тырышат. Өзүлөрүнүн ЖМКсын уюштурат, саясий партияларга, коомдук уюмдарга кире башташат, диаспоранын ичинде диний бирикмелердин, улуттук иконикалык адамдврдын, ошондой эле мигранттардан чыккан улуттук лидерлердин ролу чоң. Мындай лидерлерге узак жылдар бою Түштүк Африкада жашаган Махатма Ганди мисал боло алат.

Диаспорага кимдер кирет?

Кыргызстанга карата айтсак – чыгып кетип аткандар бул мамлекеттин чектеринен тышкары убактылуу же туруктуу жашаган жарандар, кайсы топко кирбесин, бул биздин тургундар жана алардын бирикмелери. Биздин диаспора али кыйла жаш, курамы чабал, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чачырап кеткен мигранттардын башын бириктирип, аларга жардам бериш үчүн жасай албай турган иштерди жасаган патриоттордун жигердүүлүгүнөн улам гана кармалып турат. Постоветтик миграция республиканын дээрлик жарым калкына же жеке өзүнүн тажрийбасы, же үй-бүлөдөгү тажрийба аркылуу таасирин тийгизди. Бирок буга чейин өлкөдөн кетип жаткан адамдардын агымы экономика жана өлкө келечеги үчүн бүгүнкүдөй сезилерлик чекке жеткен эмес.

Кыргыздар өтмүштө деле дүйнөлүк миграциялык магистралдардан четте калган эмес, акыркы кылымдар ичинде Евразиядагы миграциялык кыймылдар биздин жерлерди да “тешип”, кыйгап өткөн жок биринчи дүйнөлүк согуш алдында, 1916-жылы кыргыздар улуу үркүн сургунүнө кабылган, столыпиндик жер реформасынан кийин эле бизге Россиядан дыйкандардын көчүрүлгөн агымы каптап кирген, андан кийин 19 - кылымдын аягында Таласка немистер көчүрүлгөн, 20 -кылымдагы Россиядагы жарандык согуштан кийин Украинадан жана кара топурактуу орус жерлеринен кулакка тартылгандар көчүрүлүп келинген; ошол эле маалда басмачылардын куугунтугуна кабылган жергиликтүү калктын арбын бөлүгү тоолор аркылуу Кытайга жана Пакистанга кетип калган; айрыкча Экинчи Дүйнөлүк Согуш башталаар алдынан жана ал жүрүп жаткан учурда советтик Кыргызстандагы жаңы индустриалдык объектилерди жумушчулар менен толуктоо күчөгөн; ушул эле маалда Кавказдагы депортациядан улам бизге массалык түрдө чечендер, ингуштар, кабардин жана балкарлар, түрк-месхеттер келишкен; 20-кылымдын 60-жылдарында биздин көз алдыбызда Кытайдан көчүрүлгөндөрдүн агымы бүткүл өлкө боюнча агылып өттү, өткөн кылымдын 80- жылдарында болсо биз немистердин массалык түрдө Германияга, еврейлердин, орустардын жана украиндердин тарыхый мекенине кетүүсүнө күбө болдук. БУУнун качкындар боюнча Агенттигинин 1995-жылы мен БУУнун ошондогу Жогорку Комиссары Садако Огата менен катарлаш төрагалык кылган Женевада өткөн эл аралык конференциясы алиге эсимде, ошондо мигранттардын, убактылуу көчкөндөрдүн жана качкындардын саны мурдагы СССРдын аймагында 27 миллион адамдан ашып кеткени айтылган эле!

Биз миграцияны кантип башкарып жатабыз?

Болжолдуу эсеп менен айтканда, акыркы эки он жылдыкта Кыргызстандан чыгып кеткендердин саны дүйнө боюнча бир миллион адамдан ашып кетти. Расмий статистика аларды: туруктуу жашай турган жерине кеткендер, узак жана кыска мөөнөттүү планы бар мигранттар, флюиддик (сезондук) жогорку чегине жеткен миграция деп ар кандайча тизмектейт. Эгемендүүлүк алган жылдар ичинде болжолдуу эсеп менен айтканда, 800 миңге жакын кыргызстандыктар башка өлкөлөрдүн жарандары болуп калышты. Дагы жакшы, табигый демографиялык азаюу менен оң миграция сальдосу жүрүп жаткан Россиядан айырмаланып, биздин республикада калк табигый түрдө туруктуу өсүүдө жана миграциянын терс сальдосу сакталууда.

Өлкөдөн узак жылдар бою бир жактуу тышка чыгып кетип жаткан адам ресурстарын, бардык өлкөлөрдөгү биздин мигранттардын санын эске алсак, кайда караба, улам бир нерсе анык болууда: миграциялык кырдаал өлкөнүн экономикалык абалын күзгүдөй көрсөтүп турат. Көңүл жубатканы, мындай мезгилди өз тарыхында көптөгөн өлкөлөр, алтургай, учурда дүйнөнүн эң өнүккөн он алдынкы мамлекетинин катарына киргендер да баштан өткөргөн. Брюсселде болуп калсаңыз, Падышалык искусство музейине барыңыз, эң ылдыйкы кабаттагы Э.Лаэрманстын 1896 –жылы тартылган “Эмигранттар” сүрөтүн кунт коюп карап көрүңүз. Топураган калкка жык-жыйма толгон кемени көздөй океандын ары жагына акча табыш үчүн кетип бараткан адамдар өз үйлөрүнүн караанынан көздөрүн ала албайт.

Андан бери дээрлик бир кылым өттү: Бишкектеги темир жол бекетин же Оштогу аэропортун так ушул сүрөткө окшоштургуң келет. Швециянын Социал-демократтык жумушчу партиясынын төрагасынын саясий кеңешчиси Ханс Енсендин миграция жана демография боюнча 1932-жылы Риксдаг комитетинде: “Өлкөдөн окумуштуулар, инженерлер, врачтар жана башка акыл эмгегинин өкүлдөрү, элдин каймактары – интеллегинция кеткенде, ал өлкөдө “бизнесмендер” жетекчи, тексиздер менен көчөдөн келген шылуундар саясатчы, базардагы кызыл кулактар, спортчулар жана артистер депутат болуп чыга келишет”, - деп айткандары мени абдан таң калдырды. Атаганат десе, бул кандай гана бизге тааныш көрүнүш!

Биздин эгемендүү болгон чейрек кылымдык жашообузда биз өлкөнүн эң маанилүү ресурсу болгон миграцияны араңдан зорго башкарып келдик, бул процесстерди уюштуруп-башкарууну бүгүн деле анчалык жакшы деп айтууга болбойт, ал жакшылап жөндөөнү, мамлекеттик мамилени, түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат.

Биз бүгүн өзүбүз кыйналып-кысталып тапкан тажырыйбабыз аркылуу миграциянын өнүгүүдөгү маанисин жана ролун түшүнө баштадык.Өлкөдөн калктын эмгекке жарамдуу чоң тобунун кетиши менен алардын кимдир бирөөсү өзүнүн билими, кесипкөйлүгү же жөн эле кара күч эмгеги менен чоочун өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. Ошол эле учурда өзүбүз өлкөбүздөгү кедейликти жоюуда кыйынчылыктарга кабылып жатабыз. Мигранттардан келип жаткан акчалай жардам, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим алуу, саламаттыкты сактоо сыяктуу социалдык муктаждыктарын колдоого алуу жылдан жылга байкалаарлык өсүп, мындан улам керектөө да жогорулады ,бул экономикалык өсүшкө кол кабыш болууда. Бирок өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн диаспоранын, миграциянын жана өнүгүүнүн өз ара байланыштарынын маанисин бийлик, окумуштуулар, коомчулук айкын түшүнө элек жана аны программаларга, жол карталарга жана стратегияларга киргизе элек.

Улуттук 2030- Стартегиясында бул маанилүү түйүн болгону бир гана сап менен камтылып кеткен! Эми бул негизги тезис КРны өнүктүрүүнүн 2040-Стратегиясында кандай чагылдыраарын жакында көрөбүз. Эгерде мигранттардын акча которуулары акыркы жылдары КР ИДПнын үчтөн бирин түзсө, 2017-жылда болсо 37%ды түзгөн жана биз мигранттар туурасында сөз кылганыбызда кеп калктын эмгекке жарамдуу, фертилдүү (бала төрөтө турган) курактагы, билимдүү, чапчаң электораттын массасы туурасында болуп жатат жана алар экономикалык жактан активдүү калктын дээрлик жарымын түзөт. Анда эмне үчүн бул участокту башкаруу өкмөттүн бир бучкагындагы кенедей болгон, жетекчилиги да жыл сайын алмашып турган агенттиктин колуна берилген? ЖКдагы “Республика –Ата-Журт” фракциясынын оюнда орто заар депутат, же болбосо квалификациясы төмөн, бирок миграция агымы жогору райондун жетекчилеринин бири, партиянын тарапташы болгон адам бул кызматты барып эле башкарып кете алат. Ошондуктан Өкмөттө үч жылдан бери миграцияны жөнгө салган эң маанилүү документтер: миграция боюнча Улуттук стратегия, Миграциялык кодексти илгерилетүү жана бекитүү болбой жатат. Миграция кызматында жакынкы эки жылга иш пландар жок; 2018-жыл ортолоп калды, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча 2017- 2018- жылдарга карата ЖК депутаттарынын бир тобунун талабы боюнча иштелип чыгылган Программа жана иш-чаралардын планы алиге чейин макулдашуу үчүн министрликтерди кыдырып “сейилдеп” жүрөт. Миграциялык кызмат менен Эмгек министрлиги жана социалдык жактан коргоо кызматы жумушчу күчүн иш менен камсыздоонун жылдык пландарын биргелешип макулдашпайт да, бекитишпейт. Жумушчу кесиптери жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам да жок. Чет өлкөлөргө айрыкча кесиби жок, тийиштүу даярдыгы жок жаш жана улуу курактагы жумушчулар кетип жатышат, алар өз укуктарын коргой албагандыктан, кул сатуучулардын кайырмагына бат эле илинип калууда. Басма сөздө, ар бир таанымал интернет –басылмада миграция маселелери бат-баттан активдүү көтөрүлүп турганына карабай, өкмөттө миграциялык процесстерди натыйжалуу башкаруу туурасында эч кандай иштеп чыгуулар жана идеялар, коомдук талкуулоолор жок, иштин баары кыжырды кайнаткан учурдагы фактыларга жана чукул кырдаалдарга гана карап жүрүүдө. Бир жактуу кетип жаткан агымды кантип токтотуу керек, адамдардын экинчи муунуна өткөн бул көйгөйдү кантип болтурбай коюу керектиги боюнча алдын ала көрүү, узак мөөнөттүү мамиле деген жок.

Ал ортодо биз алиге дейре тышкы миграцияны гана кеп кылып, айыл тургундарынын ири шаарлардын тегерегине массалык көбөйүп жатканын эске алсак, биздин ички миграцияга карата стратегиябыз кандай деген мааниси андан кем эмес суроо жаралат. Калктын турак-жайга карата өсүп жаткан муктаждыгын баалоо боюнча системалуу иш качан жөнгө салынат, айылдардын жана кичи шаарлардын генпландарын кайрадан карап чыгуу, зарыл болгон трансформация жана жерлерди адилеттүү бөлүштүрүү качан жүргүзүлөт? Буга муктаждык абдан жогору, ар бир калк жашаган пунктта жер участогун күтүп жаткандардын кезеги бар. Жаштарга өз убагында турак жай салуу үчүн жер берип койсок, алар миграцияга кетсе да ал жакта көп жүрүп албай, үйүмдү курат элем деп кайтып келишмек.

Миграция маселелерине илимий күчтөр тартылбай калууда, кандайдыр бир изилдөөлөр менен прогноздор жүргүзүлүп жатканы менен булар убактылуу, донорлордун каражаттарына ишке ашырылып жаткан бир жолку гана долбоорлор. Миграция бүгүн биздин кейиштүү тагдырыбызга айланып, анын эсебинен калктын басымдуу бөлүгүнүн жыргалчылыгы камсыздалып аткан заманбап экономиканын фактысы болуп калган болсо, анда эмне үчүн миграция биздеги жайнаган университеттердин экономика кафедраларынын, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Илимдер Академиясынын экономика институтунун, Экономика университети сыяктуу изилдөө мекемелеринин алдыңкы кафедраларынын бышыктап изилдөөлөрүнүн фокусу болуп саналбайт? Бул жерде Илим жана билим министрлигинин координациялоочу жана багыттоочу милдети кайда? Биздин өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдү бюджеттик колдоо мындай эң эле керектүү багыттарга көрсөтүлбөгөндө кайда көрсөтүлөт? Өлкөбүздөн миграция агымы качан аяктайт, эмгек ресурстарын кантип натыйжалуу башкаруу керек? Биздин өлкө түбөлүк жаш турабы, калктын картаюусунун чеги кайсыл?Кыргыз Республикасынын демографиялык көйгөйлөрү менен олуттуу алектенип, болжол салган деги бирөөлөр барбы? Бул чакырыктарга жооп бериш үчүн олуттуу, так иштеп чыгуулар керектиги жана мамлекеттин көзөмөлү астында орундуу сунуштарды жана бул артыкчылыктуу багыттар боюнча чараларды сөзсүз ишке ашыруу зарылчылыгы күмөн туудурбайт.

Өлкөнүн, анын экономикасынын өнүгүүсү үчүн эмгек ресурстарынын маанилүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн эске алуу менен азырынча миграциянын артыкчылыгы төмөндөй электе аны профессионалдык түрдө, иштин көзүн билүү менен башкарууга боло турган өткөөл мезгилдин миграция жана калкты эмгек менен камсыздоо боюнча өз алдынча Министрлигин түзүүнү дагы бир жолу ойлонуп көрүү керектир. Элди, анын эң баалуу өзөгү болгон улуттун, адам потенциалын сактап калуу маселеси турганда өлкөнү жөн эле демейдеги шарттарда башкара берүүгө болбойт. Бюджети жарды, шарттары биздикине окшогон өлкөлөрдө приоритетти бөлүп карашат, алтургай, билим берүү жана маданият министрлигин бириктирип, салмактуу миграциялык мекеме түзгөнгө чейин барышат. Бул маселелер менен олуттуу алектенген бардык постсоветтик өлкөлөрдө – Грузияда, Арменияда, Молдовада, Азербайжанда өз алдынча миграция жана эмгек министрликтери жана диаспора менен иштеген өз алдынча министрлик же бюро бар. Түштүк Кавказ өлкөлөрүндөгү миграция, диаспораны башкаруу боюнча мамлекеттик саясат өлкө Президентинин жетекчилигиндеги мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат. Арменияда Президент баш болгон Улуттук кеңеш иштейт. Мында элдин биримдиги, дүйнөгө чачылып кеткен жарандарды бириктирүү, жаңы мамлекет куруудагы алардын улуттук таандыктарын сактап калуу деген түшүнүктөн карашат.

Миграцияны мамлекеттик башкаруу

Бизде диаспораны башкаруу маселелери ушунчалык кычыкка тыгып салынгандыктан, көптөгөн аракеттерден кийин, аны күн тартибине алып чыгуу артыкчылыгын ЖКдагы “тилдүүлөр” аркылуу жылдырып атып, биз 2015-жылы араңдан зорго өкмөткө караштуу башында вице-премьер турган мекендештер менен иштөө боюнча Кеңешти түзгөн элек, ал да өкмөт улам алмашып аткандыктан, абдан начар иштеп жатат. Өлкө жетекчилигинде эч ким бул адамдар, алардын бирикмелери менен олуттуу кызыкпаса, алардын ишин көрбөсө, кошуп аткан салымын колдобосо, баалабаса, анда КРны өнүктүрүү максатында диаспораны кызматташтыкка тартууга деги болобу?! Өлкө жетекчилигинин мигранттар менен анда-санда жолугушканы, ЖК депутаттарынын Миграция кызматынын билген эксперттерин кошуп алып, мигранттар жыш жашаган жерлерди кыдырып чыкканы адамдар менен системалык түрдө иштөө механизмдерин алмаштыра албайт; азырынча бул боштуктун ордун жер-жерлерде тез-тез жолугушууларды өткөрүү, техникалык коммуникациянын бардык жетишкендиктерин пайдалануу менен аралыктан туруктуу байланышуу жагынан кем калышпаган диний ишмерлер гана ийгиликтүү толтурушууда.

Миграцияны өкмөт тарабынан башкарууда министрликтердин жана ведомстволордун ишин так координациялоо талап кылынат. Эң алды менен миграция маселелери боюнча окуулар, тренингдер керек. КР Президентинин Мамлекеттик башкаруу академиясын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берүү чечимин эң туура деп эсептеймин. Бул кызмат туруктуу системалык түрдө бардык категориядагы мамкызматчыларды миграциялык процесстердин көйгөйлөрү жана суроо-талаптары менен тааныштырып турууга тийиш.

Тышкы Иштер министрлиги чет жактардагы элчиликтер, алардагы миграция кызматынын өкүлчүлүктөрү менен биргеликте миграция тармагындагы көп, түрдүү пландуу иштерди, анын ичинде Россия Федерациясына жана Казахстанга бет келди кетип жаткан мигранттардын маселелери менен дыкат алектенип жатат. Проблемага кабылган адамдардын көп экени, кырсыктуу окуялардын көп жүз бергени бул иштин абдан убарагерчиликтүү экенин, кызматкерлерден чыдамкайлыкты талап кылаарын көрсөтүп турат. Мигранттар менен иштөө бул элчиликтердин жана консулдуктардын ишинин тең убактысын алат. Айрым маселелер тыкыр изилдөөнү, стандарттуу эмес чечимдерди талап кылат, анткени алар мамлекеттер аралык мамилелердин кошулган тилкесинде турат.

Биздин мигранттар иш жүзүндө биздин экономиканын эң ири, реалдуу инвесторлору болуп саналат. Муну жөнөкөй эле арифметика ырастап турат: акча которуулардын көлөмү 2017-жыл боюнча КР ИДПнын 37%зын түзүп, бул болсо өлкө акыркы жылдарда алган тикелей чет элдик инвестициялардын таза наркынан үч эсе жогору. Анда эмнеге бул учурда ТИМ бир бөлүгү Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик болгон Минэкономика менен биргеликте ар кайсыл жылдары, ар кандай себептер менен чет өлкөлөргө чыгып кеткен биздин мигранттар, мекендештерибиз менен тийиштүү иш алып барбайт? ТИМ РФнын жарандары болгон биздин мекендештердин арасынан Ардактуу консулдарды дайындоону эчактан бери практикалап келатат, бул иш ошол жердеги биздин жарандардын укуктарын коргоо муктаждыгына көбүрөөк жооп берет. Өзүнүн мандатына жараша инвестагенттиктин бүт аппараты күрөшүп жаткан инвестициялардын агылып келиши, бул жылдагы цифралар көрсөтүп тургандай, өткөн жылга салыштырмалуу кыйраган чекке чейин ылдыйлап кеткен, бирок биз Минэкономиканын кызматкерлери чет өлкөлөрдө узак убакыт бою жашаган биздин мекендештерибиз менен тыгыз иштеген учурларын билбейбиз. Алардын арасында салмактуу билими, жеке тармакта жакшы иши бар, кадыр-барктуу, ишкер чөйрөдө сый-урматка татыган адамдар арбын эмеспи. Булар иш жүзүндө биздин чет өлкөлөрдөгү соода өкүлдөрүбүз болгонго жарайт. Бирок мындай идеялар бизде колдонулбайт, аларга ишенич артышпайт, сактанып турушат... Биздин элчилер мына ушундай өкүлдөрдү таап, алардын тизмесин Минэкономикага сунушташы керек. Министрликтердин расмий кызматкерлери ири инвесторлорду издөө боюнча иш менен катар алар менен иш сапарлар учурунда иштеши керек, соода жана инвестиция маселелери боюнча жолугушууга тийиш, диаспоралардын ичинен ишкерлерди биздин республиканын аймактык жана эл аралык атаандаштык жөндөмүн чыңдоо боюнча экономикалык программаларга тартышы керек. Биздин өлкөгө акыркы жылдарда келип жаткан туристтердин санынын өсүшү – бул биздин ведомстволордун ишинин натыйжасы гана эмес, көп жагынан дүйнө жүзүндө жашап, мекенине өзүлөрүнүн жаңы туугандарын, кошуналарын, кесиптештерин конокко, өлкөнү өз көзү менен көрүүгө чакырган биздин мекендештердин таасири жана үгүттөөсү болуп саналат.

Эмне үчүн КРнын РФдагы, Казакстандагы, Берлиндеги, Сеулдагы элчиликтеринин, Стамбулдагы консулдуктун алдында экономикалык иштер боюнча кеңешчи жооп бере турган ишкерлер Клубун ачууга болбосун. Маалыматка жеткиликтүүлүк – ишкер үчүн жарым ийгилик, ошондуктан ведомстволордун иш сапарларга келген жетекчилери мигранттардын кызыкдар болгон чөйрөсүн туруктуу кабарландырып туруусу колго алынмак, диаспоралардын бизнес-форумдарын өткөрүү болсо нормага айланмак. Москвада экономикалык мандатка ээ ЕАЭБдин органдары бар, алардын да маалыматтары бул иш учун өтө маанилүү. Идеалда элчиликтердин алдындагы ишкерлердин клубдары мигранттарга жеке чогулткан каражатын кыргыз жериндеги бизнесине салууну жеңилдете турган старт-аптарды түзүү боюнча мектеп-тренинги болуп калууга тийиш. Балким, азырынча көлөмү азыраак болсо да, бирок реалдуу мына ушундай инвестициялар жөнүндө биз кеп кылышыбыз керек.
Гигантомания бизге жарашпайт, келгиле, реалист бололу!

Мигранттар тапкандарынан кантип пайда көрсө болот?

Мигранттардын салымдары, мейли алар айыл туризминин тармагында чаканыраак ишканаларга, айыл чарба ишканаларына, жаңы энергия булактарын түзүүгө, ипотекага салууга болсун аларды стимулдаштыруу боюнча иштөө айрыкча маанилүү. Кайтып келе турган мигранттарга инвестицияларга мүмкүнчүлүк берген, иштеп тапкан акчасын жана акча которууларын оптималдуу пайдалануусуна колдоо көрсөткөн программалар абдан керек. Бул иште мандаты баарын камтыган жана биринчи орунда турган Социалдык онугуу жана эмгек министрлигинин ролу көрүнбөйт. Айылдардын жана кичи шаарлардын миңдеген жашоочуларынын тагдыр-бешенесине айланган бул ишке негедир түшүнүксүз себептерден улам четте калган Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги да активдүү кошулууга тийиш. Бул ведомстволордун милдети – жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде кичи ишканаларга кредит алууга жардамдашуу, мигрант аялдарды ишкерчиликке үйрөтүү, кайтып келген мигранттарды жумуш орундары менен камсыздоо боюнча жеке сектордун ишин колдоо. Улуттук банк мигранттык чөйрөнү кошо эсептегенде, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча өз ишин көп эселеп күчөтүшү керек.

Өзүнүн натыйжалуулугун Мексикада, Латын Американын башка өлкөлөрүндө 2000-жылдардын башында 3+1 Программасы катары көрсөткөн программалар Молдовада, Украинада 2010-жылдан тарта колго алына баштады. Анын маңызы мында: эгерде мигранттар өз айлында канализацияны, сууну киргизип, мектеп кургусу, жолду оңдогусу келсе, анда мигранттык жамаат салган ар бир долларга өкмөт мамлекеттик жана жергиликтүү органдар аркылуу 3 долларды инвестициялайт. Молдовада бир канча ишенимдүү мисалдар бар. Өкмөт Европа Биримдигинин колдоосу менен 1+1 деген формула боюнча, мигранттык салымдарга колдоо көрсөтүп комбикорм чыгарган өндүрүштү, тегирменди, коендорду багып көбөйтө турган мини-фермаларды, канатуулар фабрикасын, биомассадан гранул чыгаруучу фабриканы, эмерек чыгаруучу фабриканы, шыпыргы чыгарган фабриканы курууну, автомектепти жана автосервисти, медицианлык борборду жана эс алуу аймагын ачууну инвестициялаган. 2016-жылдагы каржылоонун жалпы көлөмү 2,5 миллион АКШ долларына жеткен. Аздай көрүнөт, бирок туруктуу жумуш орундарын түзүүнү, жаңы менчик өндүрүштөрдү ачууну эсепке алганда, аларга салым салуунун натыйжасы көп эсе болуп атпайбы! Бизде да мигранттардын акчасын оптималдаштыруу боюнча ушундай натыйжалуу ыкманы киргизүү абдан маанилүү болмок. Өкмөт, мигранттар акчасын коротууга даяр ушуга окшогон долбоолорду реализациялоого каражат булагын табышы керек. Бул өзүнчө эле кичи жана орто бизнести колдоо Фонду болмок, мындай окшош тажрийба бизде мурда да болгон эле.

Миграция кызматынын ТИМ менен биргеликте чет өлкөлөргө жумушчу күчүн уюшкан тартипте жөнөтүү боюнча пландуу келишимдерди түзүү иши туурасында эчактан бери угулбай калды. Келечектеги ири спорттук мелдештердин календарынан караганда биз 2022 –жылы футбол боюнча кезектеги аалам биринчилиги өтө турган Катар өлкөсү менен, 2020-жылдагы Олимпиадалык оюндарды күтүп жаткан Япония менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын күтүшүбүз керек. Ал жакта, Окинавада мейманкана бизнесинде кыргыздын жаш жигиттери ийгиликтүү иштеп жатышат, биздин жумушчу күчүн издеп тапканга ошолордун жардамы да тиймек.

Инвестицияларды тартуу, ошондой эле биздин мигранттарды жумушка орноштуруу назарынан алганда, кыйла потенциал биздин өлкөнүн шаарлары жана областтары менен чет элдик өнөктөштөрдүн ортосундагы туугандашкан шаарлар механизминде да катылып жатканы сезилет. Жыйырма жыл ичиндеги бул бардык байламдарды ар бир областта, шаарда таап, иш сапарлар учурунда кол коюлган, же көп учурда адамкерчилик жылуу мамилелердин, тарыхый окуялардын алкагында, эки элдин, мамлекеттердин достугуна жана өз ара түшүнүүсүнө реалдуу салым кошкон келишимдердин торчолорун кайрадан бир силкип көрсөк болбойбу? Биздин мэрияларды жана обладминистрацияларды кыймылга келтириш керек, Европа Биримдигинин алкагындагы бул механизмдердин натыйжалуу иштерин мен анык булактардан билем. Эмнеге биз муну ошол эле ЕАЭБдин алкагында жасай албайбыз?

Корутунду

Жумушсуздуктун, жакырчылыктын, баш аягы көрүнбөгөн өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарынын күзгүсүндө адамдардын басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгып кетүү туурасында ойлогонду улантышууда. Жогорку билими болуп туруп, мейли, кара жумуш аткарса да жашоо стандарттарын көтөрүү үчүн кетип жатышат. Кыйла жогору айлык акы алуу үчүн кетип жатышат. Балдарына билим бериш үчүн кетип жатышат, демек биз өзүбүздөгү билим берүү системасын оңдошубуз керек. Доминонун принциби боюнча кетип жатышат: достор, классташтар, кошуналар, туугандар кетип жатышат, эмнеге биз да бара албайбыз, дүйнө кезип, адамдар турмушун бизден акылдуураак, бизден жакшыраак кантип куруп атканын өз көзүбүз менен көрөлүчү деген каалоо менен кетип атышат. Өлкөдөн кетип жаткан учактар менен поезддер жана автобустар менен жеңил машинелер бакты таалайын эңсеп кетип аткан адамдарга дале толтура. Булар биздин бир капшытыбызды аңырайтып кетип аткандар эмеспи!

Өлкө коррупция менен күрөштүн бийик деминен тышкары экономикадагы чыныгы реформаларды, өкмөттүн так, биримдиктүү, кесипкөй ишин күтүп жатат. Миграцияны башкарууда ишти кайра куруу керек, бара-бара эмгек рыногундагы толгон жумушчу күчүн жөнөтүү сыяктуу анын кыска мөөнөттүү пайдасынан арылуу керек. Квартал, жарым жыл сайын улам жогорулап келип аткан мигранттардын акчасын ойлоп коюп, камырабай жата бербей, миграцияны артка кайтаруунун жолдорун ойлоого жана түзө баштоого убакыт жетти. Биздин мекендештерибиздин ыкчамдыгын стратегиялык жактан көрүүнүн үстүндө иштеп баштоо керек: 2040-жылга карата Улуттук Стратегияда КР качан өзүнүн жарандарынын жарандык, экономикалык, саясий активдүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды жарата турган, диаспоранын мүчөлөрүнүн кайтып келиши үчүн кызыгаарлык өлкө болууга тийиш экени так белгиленүүсү зарыл. Диаспора үчүн биз чет өлкөдө уят болбогондой, үйдө болсо, өз өлкөбүз менен сыймыктана тургандай болушубуз керек.

Азырынча өлкөдөгү миграциялык модель толук башкарылбай, башаламан, тагыраак айтканда, кабыл ала турган өлкөлөр чийип койгон режимде жүрүп жатат. Биз үйдө элибизди тоюндуруу, окутуу, шартын жаратуу жана багуу боюнча канчалаган көп иштерди аткарышыбыз керек экени көрүнүп турат.

Мигранттардын чет өлкөлөрдө чогулткан билим тажрийбасын алар кайтып келгенден кийин өнүгүү максатында пайдаланышыбыз керек. Азырынча биз бул ишти ойдогудай аткара албай, өлкөбүздү колубуздан келишинче башкарып жатабыз. Биротоло туруктуулук жалпы экономикалык өсүш болгондо гана орнойт. Туруктуулуктун мезгили канчалык узакка – бир же эки он жылдыкка созулат, тактап айтканда диаспора, миграция жана өнүгүү жаатындагы саясатты бириктире алабызбы, ал биздин өзүбүздөн көз каранды. Ошондуктан бул багытты профессионалдык жактан башкаруу, Президент жана Өкмөт тарабынан артыкчылыктуу көңүл буруу маселеси абдан зарыл болуп турат.

Роза Отунбаева
Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук Фондунун негиздөөчүсү
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком