Добавить свою статью
7 Ноября 2018
Мезгилдин талабына дал келген окуу китеби

Быйылкы окуу жылында Республикабыздын мектеп окуучулары жаңы муундагы окуу китептери менен окуй башташат. Бул окуу китептеринин кол жазмалары 2016-2017-2018-окуу жылында сынактан (апробациядан) республикабыздын бардык булуң-бурчтарындагы мектептерде өттү.

Сынак бардык шарттарды жана баскычтарды ичине камтып, абдан калыс жана катуу талаптарды коюу менен мыйзам ченемдүү жүргүзүлдү.

Окуу китептеринен ортодогу 25 жылдын ичинде оозу күйүп калган мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, дегеле билим берүүгө тиешеси барлар өтө жогорку талаптарды коюп, билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү стандарттарынын мүдөөлөрүн эске алуу менен негизги көңүл бурулду.

Бул окуу китептеринин жазылышына, сынактан өтүшүнө, сынакка даярдыктарга, алардын уюшулушуна, жеткиликтүүлүгүнө, жөнөкөйлүгүнө, түшүнүктүүлүгүнө, жасалгалоосуна, билим берүүнүн, окутуунун учурдун талабына шайкештигине билим берүү системасына анча жакын эмес ниети таза, түшүнүгү терең, мамлекетибиздин, жаш муундарыбыздын келечеги үчүн кайдыгер карабаган ар бир инсаны көз салып турду. Баалуу кеңештерин, орчундуу ой пикирлерин, тилек-талабы жана иш-аракеттери эмес жалпы мамлекетибиздин аракети десек жаңылышпайбыз.

Эми мен кеп кыла турган окуу китеби К. К. Джунушалиева жана Р.А.Мырзаева тарабынан жазылган 6-класстар үчүн География окуу китеби.

Бул окуу китеби мазмундук, дидактикалык, методикалык жагынан дагы бүгүнкү күндөгү география предметин окутуу боюнча жаңы мамлекеттик стандартка (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы №403 токтому менен бекиген) толук жооп бере турган окуу китеби болгону талашсыз. Ырас, мурунку жазылган китептери деле билим берүүнүн ачык жерлерин толуктап келген. Бирок бул жаңы китепте окуу материалдарынын берилиши, анын окуучуларга жакындыгы, түшүнүктүүлүгү педагогиканын ыкмалары менен жуурулушуп тургандыгы өзгөчө айырмаланат.

Бул окуу китебинен “география” деген түшүнүктөн баштап географиялык маалыматтардын булактары жана алар менен иштөөнүн ыкмалары окуучуларга түшүнүктүү жеңил түшүнүктөр менен ар кандай сүрөттөрдүн коштоосунда окуучулардын кызыгуусун арттырганга шарт түзөт.

Материалдардын өлчөм-ченемдери окуучулардын жаш-өзгөчөлүктөрүнө абдан ылайыкташтырылган. Бул жерде авторлор окуучулардын ысык-суугун, оор-жеңилин түшүнө билген педагогиканын көйгөйлөрүн жон териси, акыл-эси менен жөндөй алган педагогикага жакындыгы менен да маселенин чечилишин оң жагына ыңгайлаштырышкан. Китептеги таблицалар, чиймелер, диаграммалар, сүрөттөр, карталар, маалыматтар абдан тактыгы, түшүнүктүүлүгү, көрсөтмөлүүлүгү, кооздугу окуучуларга эле эмес мугалимдерге да жеткиликтүүлүгү менен айырмаларган. Жеткиликтүү, түшүнүктүү жазылган окуу китеби билим алуучуну эле эмес окутуучуну (мугалимди) да кесипке шыктандырып ага кошумча демөөрчү болуп берери айдан ачык эмеспи.

Ар бир приборлор, куралдар, карта-чийме, тапшырмаларды аткаруунун жол-жоболору, эрежелери, түшүнүктөрү таасын берилип билим алуу менен билим берүүнүн ортосундагы ажырымды дээрлик жеңилдеткен.

Географиялык маалыматтар окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө дал келет жана түшүнүктүү берилген.

Географиялык түшүнүктөр менен эрежелер, аныктамалар өзүнчө өзгөчөлөнгөн боёктуу алкакчалар аркылуу кандай учур-мезгил болсо дагы пайдалана алгандай ыңгайлаштырылган.

Карта, план, чийме, диаграмма, ташырмалар, тесттер мурдагы басылмалардын алда канча далилдүү, так-даана, ирээттүү чагылдырылган.

Кошумча материалдар окуучулар үчүн эле эмес мугалимдер үчүн да баалуу маалымат экендиги менен баалуу десек болот. Ушул курска туура келет.

Терминдер менен түшүнүктөрдүн кыскача сөздүгүнүн кенен болушу текстти өздөштүрүүнү абдан жеңилдетип, окуу китебинин баалуулугун арттырат.

Окуу курсундагы практикалык иштердин ирээттүүлүгү, ар бир темага туура келгендиги менен мугалимдин түйшүктүү эмгегин женилдетүүгө, баалоого абдан чоң жардам берет.

Ар бир бөлүмдөгү кайталоо, бышыктоо, окуучулардын билимин баалоодогу тесттик тапшырмалар абдан чон жаңылык жана жардам. Бул маалымат менен аны мугалим дагы терендетип кетүүгө кеңири жол ачылган.

Табийгый кырсыктар жөнүндөгү маалымат өтө баалуулугу, аны түшүнүктүү жана жеткиликтүү берилгендиги, андагы жүрүм-турум эрежелери, пайдалуу кеңештери, алардын классификациясы окуучулар эле эмес мындан илгерки жылдарда ушундай эле географиянын китебин окуп бүтүп кеткен ата-энелерине деле жаңылык жана турмуштук керектүү сунуш-маалымат экендиги менен өтө баалуу. Бул сыяктуу маалымат, эрежелер дегеле илим–билимдин бир дагы тармагында мындай так, мындай системалуу берилген эмес. Демек бул дагы чоң жаңылык.

Окуу китебинин түзүлүшү предметти окутуунун стандартына толук дал келет.

Окуу материалдарынын баалуулугу аны басып чыгарган басмакананын жасалгалоосу, шөкөттөөсү бири-бирине айкалышат. Китеп кооз жана бышык чыгарылган.

Ушул окуу китебиндеги материалдар менен кошо эле өзүбүздүн Кыргызстаныбыз, анын жаратылышы жөнүндө толгон маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Географиянын башка илимдер менен болгон байланыштары абдан кенен, түшүнүктүү жана ажыратып кароого ыңгайлуу ширелиштирилип берилген. Билимдерден обочолонууну абдан жоюшкан. Демек географияны башка илимдердин тармагы менен тыгыз байланыштырып, географиянын анын түшүнүктөрүн жогорулатууга шарт түзүлгөн.

Демек бул 6-класс үчүн иштелип чыккан география өзүнүн жаңычылдыгы, маалымдуулугу, көркөмдүгү, жеткиликтүүлүгү, билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү стандартына дал келгендиги боюнча абдан баалуу десек жаңылышпайбыз. Бул окуу китебинин ушул азыр билим берүү ишине киргизилиши мезгилдин талабына шайкеш келет жана бул окуу китеби география сабагынын баа жеткис “алиппеси” боло алат деп толук ишенебиз.

Ошол эле 6-класстын география китебин окутуунун мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу мугалимдер үчүн өтө баалуу колдонмо болуп чыккан. Мында К.К.Джунушалиева менен И.Д.Орехова мугалимдерге зарыл болгон географияны окуп-үйрөнүү үчүн жеңилдик түзүүчү окутуунун усулдарын, жаңычыл ыкмаларын чеберчилик менен сунушташкан.

Мугалимдер үчүн бул усулдук колдонмо география боюнча жаны предметтик стандарттын, окуу программасынын, окуу китебинин негизинде түзүлүп, үч бөлүмдөн жана педагогика боюнча глоссарийден түзүлгөн.

Мындагы курсту окутуудагы жалпы мисалдар, айрым темаларды окутуудагы усулдук сунуштар, ошондой эле окутуунун педагогикалык технологиялары жана окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо боюнча усулдук сунуштар берилген. Ошондой эле тиркемелерде мугалимдердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон окутуунун кээ бир интерактивдүү ыкмалары, сабактарды пландаштыруунун жалпы усулдук кеңештери берилген.

Бул колдонмодо педагогика илиминин дүйнөлүк стандартындагы теорияларды өзүбүздүн мамлекетибиздеги география предметин окутуудагы усулдары менен дал келтиришкен.

Сабак өтүүнүн интерактивдүү ыкмаларын кантип үйрөнүү, кантип ишке ашыруу, аны башкаларга жайылтуунун маселелери абдан системалуу чечмеленген.

Бул колдонмодон география мугалими эле эмес башка предметтердин мугалимдери дагы өздөрүнө өтө керектүү болгон маалыматтарды, баалуулуктарды ала алат.

Демек бул методикалык колдонмо дагы ушул 6-класстын география окуу китеби сыяктуу эле мугалимдер үчүн өтө баалуу усулдук булак катары кызмат кылат деп жазганбай айта алабыз.

Окуу китеби менен методикалык колдонмо бирине бири шайкеш келип окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы баалуу булак болоруна ишенимибиз бар.

Алтыбаев Шаршенбек Ысакович – Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук мектеп лицей-интернатынын
география мугалими, КРнын Эл агартуусунун отличниги,
Нарын облусунун, районунун “Ардактуу атуулу”,
КРнын “Ардактуу аксакалы”,
СССР География коомунун анык мүчөсү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×