Добавить свою статью
27 Ноября 2018
"Үйгө карай сапар" фотокөргөзмөсүн көргөндөн кийинки ой

Көргөн адамды бир караганда эле кайдыгер калтырбаган бул сүрөттөрдү тажырыйбалуу сүрөтчү Шайлоо Жекшенбаев тарткан. Көргөзмө Бишкек шаарынын “Эмен паркындагы” С.Чуйков атындагы галереяда ачылган. Көргөзмөнүн аты айтып тургандай, сүрөттөр бүгүнкү өтө аялуу, оор жана маанилүү темага арналган. Психикалык жактан жабыркаган оорулуулар бардык сүрөттөрдө ата-энелеринин, бир туугандарынын, бала-чакасынын, жамааттын, жергиликтүү дарыгерлердин коштоосунда, колдоосунда жүрүшөт. Алар республикабыздын түштүк аймагындагы 8 пилоттук: Кара-Суу, Сузак, Ноокат, Базар-Коргон райондорундагы , ошондой эле Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордогу жашаган жери боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасында бозоргон ооруканаларды таштап үйлөрүнө кайтып келе алышкан. Сүрөтчү болсо мына ушул процесстеги маанилүү учурларды тартып ала алган. Образдуу тартылган сүрөттөр адамдын психикалык саламаттыгын коргоодо жана анын жан дүйнө дартын айыктырууда үй-бүлөнүн жана жамааттын колдоосу эң башкы фактор экенин таасын айгинелеп турат.

Ошону менен бирге бул көргөзмө психикалык жактан жабыркаган адамдарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүү зарылдыгы жана мындай дартка кабылгандарды дарылап айыктыруунун жаңы, натыйжалуу жолдорун кеңири колдонуу тууралуу коңгуроону кагып отурат. Пилоттук долбоордун ишмердиктеринин жыйынтыгында адистер психикалык жактан жабыркаган адамдарды мүмкүн болушунча жабык ооруканада эмес, үй-бүлөсүнүн чөйрөсүндө жергиликтүү дарыгерлер тарабынан эле дарылоо бир топ натыйжалуу деген чечимге келишкен. Жергиликтүү кызматкерлерди Грузиядан келген адистер психикалык билим берүү багытындагы атайын окуудан да өткөрүшкөн. Мындай билим бейтаптар менен иштөөдө гана жардам бербестен, оорунун алдын алууга да өбөлгө болот.

Бул жагдайда адис болбогондон кийин мен бейтаптын дартынын деңгээли, түрлөрү жөнүндө жана алардын кимисин кайсы жерде дарылоого болоору тууралуу пикир айтуудан алысмын. Болгону бул дартка кабылгандар ды дарылоодогу социалдык өңүттөргө гана бир аз кайрылгым келди.

Мындан бир топ жыл илгери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунда иштеп жүргөн маалда Акыйкатчынын иш планына ылайык атайын байкоо жүргүзүү үчүн республикалык психикалык ден соолук борборунун Чым-Коргондогу филиалына атайын иш сапар менен барганбыз. Аялдар жаткан палаталарга киргенибизде жуурканга башын чала катып алып уурдана тиктеген көздөр сүйлөшө баштаганыбызда баары тең ордуларынан тура калып, туугандарына жазып даярдап койгон каттарын даректери менен кошо бизге беришкен. Берип жатып каттарыбызды туугандарыбызга жиберип койгулачы деп кайра-кайра суранышкан. Ошондо жалдырап караган бозомук көздөрдөн сагынычты, кусаны, зарыккан күтүүнү, тажоону көргөнбүз. Бул тууралуу оорукананын жетекчилиги менен сүйлөшкөнүбүздө оорулууларды туугандары бул жакка апкелип коюп, ошол бойдон дайыны жок болуп кеткендер көбөйүп жатканын айтышты. Алардын айтуусу боюнча дарылоо курсу бүткөн соң тууган-уругу баш тарткан бейтаптарды кайда жөнөтөөрүн билишпейт. Жөн эле көчөгө чыгарып, жолго салууга жүрөк даабайт дешет. Туугандарын күтүп, бир канча жылдап бул жерде жашап жүргөндөрү бар экенин айтышкан.

Жан дүйнөсү дартка малынып, социалдык байланыштарынан биротоло ажырап, түрткүнчүк болуп калган адамдарга карата жийиркеничтүү мамиле, тилекке каршы, коомдун бардык чөйрөсүндө сакталып келет. Алар менен чогуу тамак ичпөө, дарты жугуп калат деп саксынуу, жакындабай алыс болуу, киши катары санабоо, алардан кылмышкердей коркуу, чочулоо сыяктуу турмуш чындыгы бар. Аларга карата ачык эле мындай стигма , кара так калыптанып калган. Мунун өзү оорулуунун жакындары үчүн да абдан оор.

Албетте, жан дүйнө оорусуна чалдыккандар асмандан түшкөн жок. Аларды бир чети коом, чөйрө, бирге аралашып жашап жүргөн жакындары, бирге иштегендери ж.б. факторлор жаратып отурат. Адистер психикалык жактан жабыркап калуунун бир канча негизги себептери деп кайгы-капаны баштан кечирүү, стресс абалдарга бат-бат кабылуу, жан багуудагы кыйынчылык, жакын адамдардан запкы көрүү ж.б. белгилешкен.

Бүгүн болсо мындай дартка чалдыккандарды дарылоого карата дүйнөлүк тажырыйба, практика өзгөрүлгөнүн адистер байма-бай жазып жатышат. Бейтапты сөзсүз эле оорукананын дубалына камап, жаап салып дарылоо туура эмес деген пикирлер айтылууда. Дарылоо курсу бүткөнчө эле ооруканада кармап, башка учурда үй-бүлө, жакындарынын жанында болуп, жергиликтүү дарыгер көзөмөлдөп турса, бейтаптын айыгуусу бир топ натыйжалуу болот деген ойду коомдук активист-адистер да билдиришүүдө. Анткени жакындары, жамаат оорулууну өгөйлөбөй, кемсинтпей соо адамдай мамиле жасап, жумуш берип, коомго аралаштырса, ал ошончолук тезирээк сакая алаарын биз жогоруда белгилеген пилоттук долбоор алкагындагы аткарылган ишмердиктер да тастыктаган.

Ар кандай цивилизация психикалык жактан жабыркаган оорулууларга өзүнүн турдүүчө мамилесин билдирген. Кыргыз элинин салттуу коомунда мындай дартка кириптер болгондорду “бир нерсе даарып кетиптир”, “ичине жин кирип кетиптир” , “көзүнө бирдеме көрүнүп, акылынан айнып калыптыр” , же бирөө кара дуба окутуп, ырымдап койгон деген магиялык түшүнүктөн карашкан. Бирок эч убакта жакындары мындай оорулуу болуп калган адамын таштап койгон эмес, үйүнөн кубалабаган. Бу тагдырды, кайгыны моюнга алышкан, бул да болсо кудайдын кылганы дешкен, ага колунан келген жумушту беришкен, аяшкан, кемсинткен эмес, камкор мамиле жасап, жүрүм-турумун байкап, коргоп турушкан.

Психикалык жактан жабыркагандарды жабык ооруканада кармап дарылоонун альтернативалуу жана натыйжалуу башка жолдорун колдонууну бүгүн дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү колго алып жаткан учур. Мисалга бир тажырыйбаны келтире кетели, Россиянын Санк-Петербург шаарына жакын жерде “Светлана” деген айыл тууралуу өзгөчө сөз кылууга болот. Айыл атайын психикалык жактан жабыркаган бейтаптар жана акыл-эсинин өсүүсү абдан кечеңдеген адамдар өмүр кечире турган жер. Айылды атайын ушул максатта курушкан. Мында бейтаптар тажырыйбалуу педагогдордун, психологдордун жардамы менен жүргүзүлгөн социалык терапия аркылуу калыбына келе алышат. Бул оорукана эмес, кадимки эл үй шартында бейтаптар ар кандай чарба, тиричилик жумуштарына тартылуу менен, адистердин, тарбиячылардын көңүл буруусу, жакшы сөзү, жакын мамилеси, баарлашуусу аркылуу сакайышат. Бул айыл 1994-жылы ачылган. Ал дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилүү болгон Кэмпхиллдик кыймылдын бир бөлүгү катары өз ишин баштаган. Белгилей кетсек, бул кыймыл 1940-жылы Шотландияда Кэмпхиллдин поместьесинде башталган. Бул жерде фашисттерден качкан австриялык врач Карл Кениг биринчи жолу дарылоо-педагогикалык мекемени негиздеген. Азыркы учурда “Светлана” айылында кыркка жакын адам жашайт. Бул жакка жакын адамдарын орноштурам дегендер абдан көп . Бирок айылдын мүмкүнчүлүгү каалоочуларын баарын эле кабыл алганга жетпейт. Айылда төрт чоң үй бар, андан тышкары тамарка, ферма, нан бышырчу жер, устакана жана башка бир канча чарбалык объекттери бар. Айылдын жашоочулары азык-түлүктөрүн дээрлик өздөрүнүн чарбасынан өздөрү иштеп өндүрүп алышат. Ашыкчасын сатышат. Бул жердин жашоочулары (бейтаптар Т.Ш.) турмуш-тиричилик иштерине, маданий, чыгармачыл ийримдерге активдүү тартылышкан. Башында келгенде өзү кашык кармап тамак ичкенди билбегендер кийин нан бышырганды, спектаклде ойногонду үйрөнүп алышкан. Бул жердеги социалдык терапиядагы эң башкы принцип аларга нормалдуу, соо адамдай мамиле кылуу, көңүл буруп, кайдыгер болбоо. Оорулуууларга карата жийиркенүү, кемсинтүү, басынтуу, таштап коюу, сөзгө, ишке аралаштырбоо, киши деп санабоо сыяктуу тышкы дүйнөдөгү көрүнүштөр бул жерде жок. Тескерисинче аларды жакшы көрүү, сүйүү, аёо бир туугандай, өз баласындай мамиле кылуу эрежеге айланган жана калыптанган. “Светланада” абдан тажрыйбалуу, өз ишин жакшы көргөн, боорукер адистер жана ыктыярчылар иштешет.

Айтаар пикирибизди жыйынтыктасак, жогоруда биз атап өткөн пилоттук долбоордун алкагындагы иш аракеттер психикалык жактан жабыркаган бейтаптарды дарылап-сакайтуунун салттуу ыкмаларын жакшыртуу жана өзгөртүү, бул маселеде сыналган жаңы тажырыйбаларды киргизүү тууралуу олуттуу суроону мамлекеттин жана коомчулуктун алдына коюп отурат. Ооруп калган адамды ооруканага жаткырып коюу менен эле аны биротоло кемтик адам деп эсептеп, ага карата адам катары мамилени үзүп коюу туура эместигин бүгүн социалдык педагогдор, заманбап тажрыйбалуу дарыгерлер айтып жатышат. Бир чети адамзаттын гумандуулук индикаторун аныктай турган көрсөткүчтөрдүн бири да анын ушул жан дүйнөсү жабыркаган бейтапка карата боорукер мамилеси болуп саналаарын эстен чыгарбаск. Жан дүйнө оорусуна кабылган бейтапка карата үй-бүлөдө жакын адамдардын, жамааттын, бүтүндөй коомдун мамилеси өзгөрүүгө тийиш.

Топчугүл Шайдуллаева, жазуучу, социология илимдеринин кандидаты

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×