Добавить свою статью
12 Декабря 2018
Айтматов дайым бизге замандаш

Айтматов дайым бизге замандаш боло берет!

Жашоонун мыйзамы экен: бардык нерсенин унутулмагы, эскирмеги бар. Убакыт өткөн сайын Чыңгыз Айтматов да унутулуп баратканын моюнга алуубуз керек. Айтматовду билбеген, окубаган муун өсүп келе жатат.

Мезгилдин ылдам каккан канатынан,

Кылымдын кийинки бир кабатынан.

Урпактар улам чуркап чыга калып,

Урматтап айтып турар аны атынан, -

деп улуу акыныбыз Сүйүнбай Эралиев жазган экен.

Айтматовдун урпактары, чыгармачыл адамдардын жаңы мууну улуу жазуучунун чыгармаларын жаңыча чечмелеп, жаңыча сахналаштырып, жаңыча тартчу мезгил эбак келип жетти. Искусство түрлөрүнүн ичинен эң таасирдүүсү кино эмеспи. Азыркы күндө Кыргызстандын өзүндө эле айына 2-3 кино тартылат. Ал кинолордун 90% бир жолку эле көрүүгө араң жарай турган фильмдер. Анткени ал фильмдердин сюжети өтө жөнөкөй, примитивдүү, көтөргөн идеясы деле жок.

Биздин режиссерлор Айтматовдун чыгармачылыгына кайрадан кайрылса, Айтматовду кайрадан ачса болот эле.

Мисалы, мен “Кассандра энтамгасы” романын заманбап технологияларды колдонуп экрандаштырса, укмуш кино болооруна көзүм жетип турат. Бирок мындай фильмди жеке студиялар, алтүгүл мамлекет да тарта албайт. Бир тартса Голливуд тартышы мүмкүн. Эгер “Кассандра энтамгасы” тартылса, азыркы учурда жаштар арасында укмуштай популярдуу болуп жаткан “Мстители”, “Тихоокеанский рубеж” фильмдерин артка калтырган фильм болмок.

Бул романдын сюжетин Голливуд режиссорлоруна кыргыз мамлекети, бийлиги, авторитеттүү чыгармачыл адамдары сунуштаса сонун болоор эле. Эгер ал фильм тартылып калса, эң кирешелүү продукция болмок.

Сталиндик репрессия - дүйнө тарыхындагы эң табышмактуу, каардуу доор. Орустар бул боюнча көп эле чыгармаларды жазып, фильмдер тартылган. Бул каардуу капсалаң тууралуу кыргыз адабиятында Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” романы менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары гана элге кеңири белгилүү. Балдарынан тирүүлөй айрылып, эшелондо зар какшап ыйлап бараткан Абуталип Куттыбаев, ошол аркылуу бүтүндөй сталиндик доордун каардуу чындыгын ачып берген чыгарма өзүнөн өзү киного даяр сюжет болуп турбайбы. Эгер азыркы режиссерлорубуз Абуталиптин тагдырын экрандаштырса, маани-маңызсыз, эптеп бир тыйын тапмай, атын чыгарып алууга багытталган кинолоргокараганда олуттуу иш болмок.

Айтматов чыгармалары боюнча компьютердик тиркемелерди чыгаруу аркылуу да жаштардын кызыгуусун жаратууга болот. Муну сөзсүз жасоо керек. Мисалы, менин досторум футбол, бокс, спорт жана башкаларды жалаң тиркемелерден көрүшөт. Айтматовдун бардык чыгармаларынын аудиоверсияларын чыгарып, тиркемелер аркылуу таратуу азыркы учурда кыргыз программисттеринин деле колунан келет. Азыр мурункудай китеп окуган окурман жок. Планшет, гаджет, соцтүйүндөрдүн заманы азыр. Ошондуктан заманбап технологияларды пайдалануу Айтматов дүйнөсүн жаштарга жеткирүүгө өбөлгө болот. Жакшы жери Айтматов чыгармаларын орусча жазган, дээрлик бардык китептери дүйнө тилдерине которулган. Бул да интернетке таратууга шарт түзүп берип турат.

Азыркы учурда диний адабияттар аябай кеңири окулуп, коомчулукта ошолорго талап чоң. Бизде ислам дининин баалуулуктары улам кеңири орун-очок алып бара жатат. Намаз окуган жаштар аябай көбөйүүдө. Куран, Хадис китептери миңдеген нускаларда басылууда. Бирок, өкүнүчтүүсү: Айтматов ислам динине каршы болгон деген пикирлерди жайылтып жүргөн кишилер да бар. Бул – ошол адамдардын билимсиз түркөйлүгү. Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайра-кайра окуп чыктым. Жазуучу согушчул атеизм доорунда да кудай, дин жөнүндө көп жазган экен.

Мисалы, “Кылым карытар бир күн” романында Эдигейдин Казангапты жерге берип жаткандагы ой толгоолору мындайча сүрөттөлөт:

“Менин сөөгүмө ким куран окуйт, ошону гана билбейм. Булар кудайга ишенбейт, куран дегенди билбейт. Кудайдын бары-жогун бул дүйнөдө эч ким билбейт жана биле албайт эмеспи. Бирөөлөр бар дейт, башкалар жок дейт. Мен сенин бар экениңе ишенгим келет, сен менин көңүлүмдөсүң, оюмдасың, пейилимдесиң. Куран окуп, мен сага кайрылганда, сен аркылуу мен өзүмө кайрылган болом, ошондо сен кандай ойлосоң, мен ошондой ойлогон болом, жараткан Эге. Кеп ушунда эмеспи? Бу жаштар аны ойлошпойт да, куран дегенди жактыра беришпейт. Бирок өлүм деген улуу, ошол сагатта булар өзүнө жана башкаларга эмне айта алат? Ар кимиси өзүн кудай сезерлик болуп ой жүгүртүү менен бийикке көтөрүлө албаган соң булар адамдык терең маңызын кантип түшүнөт?...”

“... Жалпы баарыга жана ар бир пендеге, ар бир учурга жана кыямат кайымга чейинки баардык заман доорлорго арналган куран сөздөрүн кобурап, ал сөздөрдө өлгөнгө да, тирүүгө да, пендеси кайсы доордо жашабасын, кандай киши болуп жүрбөсүн, баары бир кудаанын кулу экендигин, демек али туула элек келечек пендеге да тиешелүү маанисин чечмелеген, ушуну биле жүрсүн деп пайгамбар үммөттөрүнө мурас кылып кеткен сөздөрдү кобурап, Бороондуу Эдигей аларга өз дилинен чыккан, өмүр тажрыйбасынан чыккан ойлорун кошумчалады...”

Айтматовдун романындагы бул сөздөр атеизм гүлдөп турган учурда, кудай жок деген саясат 50 жылдан ашуун убакыттын бери адамдардын мээсине сиңдирилип келген мамлекетте жазылган. Анан да кызык жери Айтматовдун бул романы атеисттик СССРдин башкы сыйлыктарынын бири СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган экен.

Айтматов ошол дин элдердин башын айландырган апийим деген доордо да, диндин баалуулуктары тууралуу жазып, акыр аягы адамзат ушул баалуулуктарга кайрылып келери тууралуу алдын ала сезген окшойт. Ошондуктан Чыңгыз Айтматов атеизм доорунда да динди жазган жазуучу деп айтсак болот. Анын чыгармаларын терең окуган адам Куранда, Мухаммед пайгамбардын хадистеринде айтылган көп ойлорду табат.

“Кылым карытар бир күндө” Сабитжан келечекте көзгө көрүнбөгөн нурлар менен башкарылган адамдар – радиомаңбаштар чыгаары жөнүндө айтып элдин оозун ачырат. “Жаныңа эчтеме алып жүрбөйсүң. Мага десең жылаңач жүр. Бирок көрүнбөгөн радиотолкундар болот, биоток деп койот, ошол сенин аң-сезимиңе, мээңе дамаамат таасир этип турат. Анан сен кайда качасың?”, - дейт ал Эдигей, Эдилбай Куркуттар менен отуруп.

Ошол радиомаңбаштардын заманы келип калгансыды. Компьютер, андан кийин мобилдик сенсорлуу телефондордун чыгуусу менен компьютердик оюндар жаштардын эң көп убактысын короткон нерсеге айланды. Азыр шаарда компьютердик залдарга ойногону кетип калып, үйүнө барбай койгондор бар. Ойнойт элем деп акча табуу үчүн уурулук кылгандар да чыгууда. Мындай алып караганда, компьютердик оюндар виртуалдуу, жок нерсе. Анан башы маң болуп калгансып эле күнү-түнү ошол оюндар менен алек балдар, өспүрүмдөр толтура.

Чоңдор да бул оорудан кутула албай жатышат. Алар күнү-түнү социалдык түйүндөрдө отуруп, убактысын бекерге коротушат. Башы айланып калган сыяктуу эле социалдык түйүндөрдүн, мессенжерлердин азгырыгынан чыга албай келишет. Анализдебей туруп эле интернеттен келген ар кандай маалыматтарга ишене беришет. Sony Плейстейшин залдарына кирип ойноп отурган чоң эле кишилер толтура.

Дүйнө коопсуздугуна коркунуч жараткан жанкечтилер чыкты. Ошолор азыркынын радиомаңбаштары го. Американын, Батыштын армияларында солдаттардын кийимине чип тиге башташты. Ал чиптердин жардамы менен солдат кай жерде жүргөнүн такай көзөмөлдөп, алтургай буйрутма берип турса да болот экен.

Ошол эле “Кылым карытар бир күн романында” башка планеталарга учкан кораблдер бар эмеспи. Роман жазылаардан 30 жыл өтпөй, космикалык туристтер пайда болду. “Тесла” фирмасынын түзүүчүсү Илон Маск космоско туристтерди учуруп жатат. Жер шарын жүздөгөн спутниктер айланып жүрөт. Алар жерде жаткан ширеңкени да көрө алышат дешет. Ушунун баары Айтматов чыгармаларында жазылган. Окурмандар фантастика дешкен, бирок көп өтпөй эле чындыкка айланып баратат. Бул да улуу жазуучубуздун гениалдуулугунун белгиси.

Эми ошол эле интернетти жакшы багытка иштетип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын элге, жаштарга жеткирүүдө кеңири пайдалуубуз керек. Мен интернеттен Айтматов тууралуу маалыматтарды издедим. Таң калыштуусу, анын көп чыгармаларынын кыргызчасы интернетте жок экен. Жеке фонддор, адамдар анын чыгармаларын жайгаштырыптыр. Бирок мамлекеттик деңгээлде Айтматовдун сайты да жок болуп чыкты. Орусча жакшы сайт бар экен. Бардык чыгармалары, өмүр баяны, макалалары, чыгармалары боюнча тартылган фильмдери жайгаштырылыптыр. Бирок кыргызча мындай сайт жок. Айтматов кыргыз болгондон кийин биринчи кезекте аны кыргыз жаштары окуусу керек. Келечекте болсо, Айтматов тууралуу орусча, кыргызча, англисче, түркчө, немисче сонун сайт жасоого болот. Анткени материалдар дапдаяр. Болгону чогултуу, сайтка жайгаштыруу, аны таратуу гана керек. Ушул убакка чейин бул иш эмне үчүн жасалбаганына таң калам.

Айтматовдун чыгармалары улам жаңы кыры чыга берген турган асыл баалуу таш сыңары. Болгону маалымат аябай көп, ошонун ичинде сексен пайыз пайдасыз, пайдасыз гана эмес, зыяндуу, жалган, коркунучтуу маалыматтар көп заманда ошол асыл ташты унутпай , ага улам көз жүгүртүп, нурунан кубат алып туруубуз керек. Айтматов дайым бизге замандаш боло берет! Анткени анын чыгармалары бардык мезгилдер үчүн баалуу.

Өзүн кыргызмын деген, өзүн билимдүүмүн деген адам сөзсүз Айтматов чыгармаларын окуусу керек. Мен ушундай улуу адамдын тилинде сүйлөгөнүмө, Айтматовдун урпагы болгонума чексиз сыймыктанам.

Мусаев Раззак, Бишкек шаарындагы №95-мектептин 10-классынын окуучусу,
“Интеллект” окуу борборунун ыктыярчысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×