Добавить свою статью
22 Августа 2012
Ак тилек
Аксакалдар кеңешинин ак тилеги

Биз, кыргыздар карт тарыхта тамыры терең, далай каар заманды башынан кечирген байыркы элбиз. Заман канчалык өзгөрүлсө да, кыргыздын кыргыз өзөгүнө, тарыхый табиятына канчалык күч келсе да ал эгерим биротоло өчүп калбастыгын мезгил тастыктоодо. Бул өзү канда уюган, Манас дүйнөсүнөн башат алган кереметүү, уюткулуу касиет.

Бүгүнкү күндөгү эң курч маселе – элибиздин өзү - өзүнүн элдик келечегине түздөнүүсү. Дүйнөдөгү бардык элдердин келечеги – жаштар. Алар канчалык күчтүү болсо, эл келечеги ошончолук түптүү, түпкүлүктүү.

Көп жылдар бою чет өлкөлөрдө иштеп, көптү билип, эл - журтубузга айтар сөзүбүз, жардамдашар ишибиз бар деп дүйнөнүн туш тарабынан эли – жерине, мекенине келген, келатышкан жаштарыбызга, жалпы эле элдик жыйындын катышуучуларына, калайык – калкка, элим деп күйгөн эр азаматтарга биз, Кыргыз республикасынын Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрү терең ыраазычылык билдиребиз, ишиңиздерге ийгилик тилейбиз.

Эл баатырлары: Т. Усубалиев, С. Эралиев, К. Кондучалова, С. Жусуев, К. Акназаров жана академик О. Нарбеков, Т. Кулумбаев(Нарын), И. Жуcубалиев(Ош), Э. Бегимкулов(Жалал-Абат), М. Айбалаев(Баткен), К. Бурханбаев(Кара-Суу), А. Насридинов(Ыссык-Көл), К. Сарымсаков(Чуй), Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Д. Шадыбеков.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×