Добавить свою статью
25 Сентября 2012
Дооруң келди – ойгон кыргыз!

Чакырык

Урматтуу Мекендештер!!!

Эгемендүүлүктүн 21 жылы ичинде эки революция болду, төртүнчү Президент иштеп жатат, жети жолу ЖК шайланды, 9 жолу Конституция алмашты, 14 жолу Өкмөт, 24 жолу Өкмөт башчы алмашыптыр!

Эмне өзгөрдү?

Колхоз, совхоздор, завод-фабрикалар жалпысынан 24 млд долларлык элдин мүлкү таланып, тонолуп жок болду. Көмүскө экономиканын көрсөткүчү 60-70%ке чыгып, коррупция гүлдөп, Үзөнгү-Кууш, Каркыра сыяктуу керемет жерлер сатылып, Кумтөр сыяктуу кен-байлыктар башкалардын пайдасына иштеп жатат. Жашоо турмуштун айынан 1 млн ашык эл жумуш издеп ар кайсы өлкөлөргө чачырап кетти.

Элибиз партияларга, диний агымдарга, уюмдарга, түндүк-түштүккө, акаевчи-бакиевчи, атамбаевчилерге, салттуу-аянчыл Манасчыларга, мекенчилдерге- батышчылдарга, улутчулдарга-сепаратисттерге ж.б.бөлүндү. Маданият , саламаттыкты сактоо, илим-билим, тарбия, спорт иши аксады. Эмне себеп? Адашып, бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл ушундай тунгуюкка кабылат.

Мындан ары чыдап, байкоо салып олтура бербей, болочок тагдырыныз үчүн биргелешип күрөшүүнү, туура жолго түшүнүү кааласаңыз 2012-жыл 10-октябрда саат 10.00гө Бишкек шаарынын түштүк тарабынан орун алган Манас айылына келиниз!
Өнүгүүнүн өз жолуна түшүү максатында “Доорун келди-ойгон кыргыз ” аттуу элдик акция-жөө жүрүш Манас айылынан башталып Өкмөт үйүнө чейин улантылмакчы.

Талаптар:

Баш мыйзам Кыргыз табиятына ылайык жазылсын!

ЖК Конституциялык реформага барсын, эгер барбаса тарасын!

Курултай, аксакалдык институттары, Чоролор биримдиги мыйзамдаштырылсын!

Кыргыз тили коштоочусу жок мамлекеттик тил катары кызмат кылсын!

Жер, кен байлыктар чет өлкөлүктөргө сатылбасын! Элдин мүлкүн талап тоноо токтотулсун!

Коом коррупционерлерден арылып, таза инсандар бийликке келсин!

Аксы, Апрель, Июнь окуяларына саясий, юридикалык баа берилсин. Сот адилеттиги орносун!

Экономиканы көтөрүү максатында “Эл Банкы” ачылсын!

ГЭСтерди көзөмөлдөө укугу Кыргызстанга калтырылсын!

Дооруң келди – ойгон кыргыз!

Чакырыктар!

1.Жашасын, адилеттиктин кепилдиги, Алтын доордун ачкычы- Элдик Курултай!
2.Курултай -тирешүүнүн эмес, кеңешүүнүн, ыңкылаптын эмес ынтымактын жолу!
3.Салттуулук менен мыйзамдуулукту бирдей сактайлы!
4.Ач көздүктөн кетип, Айкөлдүк жолго түшөлү!
5.Баш айлантма демократиядан нарктуу демократияга өтөлү!
6.Кыгыз көчүн калыс аксакалдар баштасын!
7.Адашкандын айыбы жок, айланып жолун тапкан соң, аталардын ыйык жолун уланталы!
8.Манас-кыргыз рухунун туу чокусу!
9.Биримдик, ынтымак, эмгек-аркылуу гүлдөгөн өлкө курабыз!
10.Улут уюткусу, үйдүн коломтосу – энелерге даңк!
11.Кырк Чоро, Кырк Кыз -улут намысы!
12.Илим жана техника, билим жана тарбияга басым жасайлы!
13.Маданият, спорт- улут жүзү!

Иш чара “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин демилгеси жана Мекенчил күчтөрдүн колдоосу менен өтөт .

Эскертүү: жүрүштүн катышучулары улуттук кийимчен келүүлөрү шарт!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×