Добавить свою статью
20 Августа 2019
Шырдакбек (адабий-публицистикалык ой жүгүртүү)
“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дешет демейде. Ий-е, калетсиз накыл. Ошол эле убакта калдайган калкына өзгөчө кызмат өтөгөн ары кыраан, ары чыгаан бектердин ыйык элеси өлбөс-өчпөс эн белгидей, аят тумардай уюткулуу улуттун аң-сезиминде, эстутумунда сары майдай сакталып жүрө берет турбайбы. Бекзаттардын мейкин-мезгилиндеги чыгармачылык устаканасында бел чечпей, белсене узанган белгилүү даанышманыбыз Жусуп Баласагын бекер жеринен “бүт ааламга тараса бектин даңкы, күндөн күнгө мөмөлөп, артса баркы...” дегенчелик кыялданбаса керек. Шыбагасына эмерекидей акжолтой бак-таалай энчиленген илгерки көсөм, ири инсандарыбыздын бири, айтса-айтпаса, жумурай журттун атабашы, пенделик турмушунда “кыргыздын ханы” туу атагын татыктуу аркалаган эр көкүрөк, шер мүнөз бабабыз Шырдакбек эмеспи.

Хан Шырдактын дүрбөлөңдүү заманы, байырлаган сепил-коргону, Боз жоргосу, ашепке эрке аялы туурасында аңыз толтура. А түгүл эпоско тете дастандар жомоктолот, кулактан куюлуп, тууш тулкуңду туташ жибитүүчү үч кыл комуздун, кыл кыяктын, чопо чоордун кайрыктары, күүлөрү чертилет. Анан калса, кийинки мерчемдүү аралыкта береги бектин тээ түпкүрдөн түрүлүп, ушу кезге дейре сүзүлүп-нетпей чубаганы чубаган улуу көчүбүзгө тийгизер таасир-касиетин астейдил үйрөнүүгө куштар аалымдардын дүбүртү угулууда. Анын жана ал тиричилик кечирген алмустактын көркөм келбети, тарыхы азыноолак толукталып, такталып, айтор, улам-улам өнүгүү нугунда. Эмесе, баяныбыз ирет эрежесинен жазбасын.

Дээрлик баардык фольклордук булактарда Шырдакбектин киндик каны таамп, кири жуулган чөлкөм катары Анжыян тараптагы “Пайтык” же “Пайтак” аттуу айыл сыпатталат. “Пайтык-Пайтакты” акындар ойлоп тапканбы же ошондой не кыштак, не шаар чын эле болгонбу? Болсо, азыр каерде, ара-тородо адегендеги наамы өзгөрүп, аталышы алмашканбы?

“Пайтак”, баса, фарсы тилинен өздөштүрүлгөн сөз шекилдүү. Эски кыргызча жазма-сызмаларда “байтак” түрү колдонулат. Мааниси –борбор калаа. Ошол себептүү эсил кайран төрөлгөн жергебиз оролунда ордолуу ортолукка айланды бекен дегендей божомол ойго жетеленбей койбойсуң.

2018-жылы Бишкектеги басмада барыкталып басылган кытайлык тарыхчы Төлөк Төрөкан уулунун “Кыргыз эл санжырасы” аттуу китебинде бек атабыздын ысымы туурасында мындайча маалымдама кыстарылыптыр: “Мырза Чечендин уулу Токтомат баатыр дегенди кыргызга хан шайлаган. Кичи аялдан бала турбай коюп, элге берип бактырган экен. Баккан адам жоксуз болуп, баккан акына бир шырдак берген экен. Балага ат коюп бергиле десе, шырдакка сатып алгандан кийин Шырдак болсун деп, Шырдак ат койгон экен” (388-б.)

Оболу, бүгүнкүдөй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине айрым-айрым ажырабай өмүр сүргөн өтмүштөрдө Фергана өрөөнүндөгү боордош тууган-туушкандарыбызды “анжыяндык кыргыздар” дешкен тура. Шырдакбек –ошолордун тукуму. Аламандын дуу-дуу кебинде, алиги көөнө казал-поэмаларда бектердин бегинин түпкүлүгү Кызыл уулдан бутактап-шактап, талаа-түзгө тараган кыргыз кыпчактан, кыпчактын кожомшүкүрүнөн экени эскерилет . Кожомшүкүр эсе кыпчак уруусунун бөлүнгүс бөлчөгү.

Абалкы болмуштардын бир болмушунда төрөдөй төрт мыкты уулдун энесин эзелтен өч, кадимден кас душмандын желдеттери туткунга түшүрмөккө капыстан камалайт. Андабы, айлакер байбиче айрыкча айбаттанып, айгай баштаптыр: “Тобурум келсе, тозутаар, Чылам келсе, чычыраар, Кожомшүкүр коркутаар, Эсенкожом эсейтеер”.

Тобур –тору, торайгыр кыпчак. Арийне, аныбыз бирин-серин тарыхчылар кагазга жаңылыш чийгендей, жылкы эмес, перендедир. Кеч күз менен жылуу-жумшак жатак уя издеп Индыстан беттей сабалап учкан түркүн куштар эрте жазда, көктөмдө кайта артка кайрылып орду-ордуна конгондо, жанагы чымчык минтип сайрайт: - “чү, чү, сарайгыр, чү, чү, торайгыр...” Ооба, жан-жаныбарга, анын ичинде канат-куйруктууга сыйынуу, ошолорду пир (тотем) тутуу байыркы түрк уруу-уруктарына тийешелүү жосун, олут-орчундуу ырасми.

Чыла кыпчак –кырк кыпчак. Антип кыргыз кыпчактарды кошуна тажиктер атап алышы ыктымал. Анткени “кырк” тажикче “чил”. “Манас” эпосундагы кырк чилтен да, Аравандагы Чил-Устун үңкүрү да ошондон.

Ал эми “кожомшүкүр” этноними араб шарапатына ылайык эки сөздөн куралган окшобойбу. “Кожону” дагы, “шүкүрдү” дагы биз ислам динин, мусулманчылыкты кабылдообузга байланыштуу эне тилибизге эптүү сиңирип, өгөйлөбөй пайдаланганыбыз шек туудурбастыр дейм.

Эсенкожодо да “кожо” бар. Бирок, кыпчактын икаядагы төртүнчү тайпасы эмнегедир колубуздагы санжырада саналбайт. Мисалы, таз, омонок, жаманаң, кармыш, кызыл аяк, чертике, алтыке жана башка топтор сындуу.

Р.Абдуманапов (Орусия) жана Ж.Сабитов (Казакстан) “Шырдакбектин урпактары генетикалык генеалогиянын көз-карашынан” деген изилдөөсүндө (“Диалог цивилизаций” журналы, Бишкек, 2016-ж., 63-66-бб.) аталган илимдин усулдарынын алкагында Кыргызстанда жүргүзүлгөн учкай тажырыйбалар баатырдын туулган жылын (1615), көз жумган жылын (1666) жууктатып чектөөнү шарттаганын мисалдашат. Алардын санагы боюнча, Хан Шырдак жарыкчылыкта жарым кылымдай жашаптыр. Анүстүнө тестирлөөдө ыктыярдуу текшерилген түбөлүктүү каарманыбыздын арабыздагы урукташтарынын гаплотиби опокшош чыгып, кандаштыгы, тектештиги ачыкталганы жарыяланды.

Генетикалык генеалогия тарых, классикалык генеалогия, популяциялык генетиканын ширөөсүнөн бүткөн жаңы демилге, жаңы башталма. Анын мурда туюк, катылуу мүмкүнчүлүктөрү Чыңгызхандын, Цин императорлорунун, Орус падышаларынын чыныгы тирүү мураскорлорун бөлөктөрдөн бөтөнчөлөп, айрымалоого керектелип келетпайбы.

Айтмакчы, Сагымбай Орозбак уулунун “Манасынада” Анжыян “андагы аты Андакен” деп жардалат. А түгүл тарыхый-баатырдык оозеки чыгармада аны Алтайдан Ала-Тоого көчкөн кыргыздардын, ири алды, башкы кейипкердин кичи мекениндей бекемдеп, бедерлеген поэзия түрмөктөрү аз эмес: Башта ушул Анжиян, бабаң өскөн жер экен; Атамдан калган Анжиян, акыры издеп табам деп; Анжиянга барууга, бизге уруксат бериңер; Анжияндын боорунда, ар уруу кыргыз далай бар.

Андан ары баскынчылардын баштыгы Алоокенин Анжыяндагы зордукчул өкүмдарлыгына басым коюуга багытталган төмөнкүдөй ыр саптары учурайт:

Кыпчак менен тейитти,

Кыргызыңа кеткин деп,

Кыбылага сүрүп кейитти.

..........................................

Нойгут менен дөөлөстү,

Оолак жүр деп жөөлөттү.

Орто Азиянын жергиликтүү этностук жамааттарынын он жетинчи-он сегизинчи кылымдардын кыйрындагы жунгар-калмак-ойрот жапырагына, оторчулугуна моюн сунбай, тизе бүкпөй, аманат жанын аябай, айлап-жылдап, тынымсыз тутанып, жалбыртап алоолонгон боштондук күрөшү атамекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын тийиштүү эмгектеринде чагылдырылганы, ошондогу үлкөн окуялардын, демек, чабыш, уруш-талаштардын ортон манжадай катышуучуларынын аты-жөнү мүмкүн катар иликтенип, фактылык ыңгайдан итабар ишенимдүү далилденгени маалым. Айтса, Чыңгыз Айтматов жаратмандык кубат-каркыны таш жарган кезеңде “кыргыз Ызар, Көлөп кирип, казак кайың сааган” кыргын-сүргүндү сүрөттөп, роман жазмакка киришет:

“- Оо, бу ойрот-жонгор дегениң баш бириктирип, күч жыйнаган кадимки калың калмак, -дейт “Кайрылып куштар келгенче” чыгармасынын башкы каарманы, Ысык-Көлдүк Сеңирбай керегечи, -Чорос, Түргөөт, Кошоот, Тыргоот дегендер уюшмага кирип, аларга Олот дегендери да кошулуп, ойрот аталышкан. Булардын азыркы баш ханы Хоро Хуре дегени тизгин, чылбырды колуна бек кармады окшойт. Ойрот кайра баш көтөрүп күчөдү. Хоро Хуренин ордосу Алтайда, сураганы дүйнөнүн теңи. Кыргыздар менен ойроттун жоолашканы эчак, жер замандан бери дешет. Манастын доорунда катуу согуш жүрүп, Алтайдан кайра келгенде ата-бабаларыбыз ушул Ала-Тоо аймагын бошотуп, эл-журт болуп орногон экен”.

Ырас, жазуучу “Кайрылып куштар келгенче” романын толук бүтүргөн эмес. Анткенинин нака жүйөөсү али күнчө табышмак бойдон белгисиз. Бүтсө элеби, кыргыз-калмак эрегиши жөнүндө эң бир эмоционалдуу, эң бир образдуу көркөм-эстетикалык дөөлөткө маарымакпыз, улуттун рухун таануубуз алда канча тереңдемек.

Кашкөй калемгер антип болочок манасчы Элемандын бейнеси аркылуу жаатты козгоого азырланган жазмыш агездеги атпай ак калпакчан агайын-туугандын, жакабелдеги кошуна-колоңдордун сөөгүнө батып, чучугун көзөгөн орток жараян, оор мүшкүл. Өзбек тарыхчысынын монографиясында (Х.Н. Бабабеков. “Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки (ХV111 –Х1Х вв.) «Фан» басмасы. 1990) 1745-1746-жылдары жунгарлар Кокон хандыгы менен согушуп турганы камтылат. “Ансаб-ас-салатин ва таварих –и ал-Хавакин” колжазмасынын авторунун күбөнаамасына караганда, -деп тастыктайт Ташкендик аалым, - Абду-Каримдин бийлигинин тушунда калмактар адегенде Ош, Анжыян, Маргалаңды каратат. Анан Коконду курчоого алат. Хан тактысын коргогондордун башына кыйын иш түшкөндө Баатыр-кыпчак эрдик көрсөтүп, баскынчылардын аскерин жалгыз атчан жиреп кирет. Далай калмакты сайып, чаап өлтүрүп, аягында өзү да каршылаштардын найза-кылычынан ажал табат”.

Казактын “Кобланды баатыр” эпосунун сюжеттик өзөгүн калмактарга, кызылбаштарга каршы салгылашуулар түзөөрү да талашсыз. Советтик фольклорчулар Н.В.Кидайш-Покровская жана О.А. Нурмагамбетова каракыпчак Кобланды он сегизинчи жүз жылдыкта тыргоот калмактарды жексендеп жеңген аймактардын аталыштары Казакстандын аракеттеги оодандарынын (район) аталыштарына көбүнесе дал келмегин дастандын академиялык басылышына арнап жазган киришүүдө айгинелешкен (“Кобланды батыр”, Казахский героический эпос. М., “Наука” басмасы, 1975. 24-бет).

“Мургаб элинин мурастары” аттуу жыйнактан (2013) калмактын Коң Тайчы ханынын кыргызга кылган кыянаттыгын окуйсуз. Дөгүрсүгөн дөөперес Ак-Чий, Сарколдуктарга “кырк кызды өз белгилери менен даярдап койгула, эгерде жакшылыкча аткарбасаңар, айлыңарды тыптыйпыл кырам” дептир. Ошондо Бекназар бектин он алты-он жети жаштагы Мария, Мадина ысымдуу эки бирдей сулуу кызы өздөрүндөй беш көкүл бийкечтерден жоокер курап, тымызын ат-көлүк, курал-жарак топтоп, Коң Тайчыны бетме-бет беттешүүгө чакырганы ырдалат:

Тайчидан тайчи, бек арстан Тайчи

Кыз алаар болсоң

Болжошкон күнү

Анташкан жерге кел, арстан Тайчи.

Ушуреки азганакай өлөңгө сыйдырылган кабарга таянсак, “кыпчактан чыккан кыз шумкардын” амалкөй билгичтигинен кудайын тааныбай кутурган калмактардын “өлүгү түздө дөң болот”, карга-кузгунга жем болот.

Ысмайыл Таировдун оозануусунда, кан ичкич калмак аскерин жазгырып, Ооганстанды көздөгөн кыздар аргасыз буктурмаланып, мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Мургабдагы “Кыз мазар”, “Кыз чеби”, “Кыз коргон”, “Кароол дөң”, а түгүл “Манастан” бери шардана “Мадиян” сыяктуу жер аттары ар-намыстуу аялзаттын кырчындай кыйылган күлгүн жаштыгына, акыретте унутулбас жигер-кайратына эскерткич эстелик белем?!

Кыргыз ССРнын эмгек сиңирген артисти Саид Бекмуратовдун “Бек арстан Тайчысы” үналгыдан чочугандай жаңырып, алдакандай арман-ызааны жадыңа салат. Асыресе, музыкалык шедеврдин ноталарына уюган жүрөк мыжыгар муң-зар чукур андап-туюшубузга дале муктаж. Залкар кыякчынын, айтса, “Шырдакбек” күүсү да муундан муунга жайылтуубузду күткөнсүйт.

Дегеле улуттук оозеки чыгармачылыгыбызда кыргыз-калмактын тикелей тирешүүсү кыйма-чийме чагылдырылган. Макал-лакап, апсана, эскерүү, жоктоо, кошок, койчу, эмне-эмненин баки-жогу берекелүү баштык- куржунубузда бекилүү. “Манастын”, бир нече кенже эпосторубуздун мазмуну дагы ойрот-жунгарлар менен жоолашкан заманаларды аңгемелейт.

Жазгыч акыныбыз Тоголок Молдо, кара жаак Калык, балким, аларга дейре Балык ырчы “өжөр Манас тукумун” Курманбек баатырдын небереси, Сейитбектин кулуну деп даңктаптыр. Токтосун төкмө Тыныбеков болсо күнү кечээ “Кан Шырдактын боз жорго” поэмасында устаттарынын изин кууп, өз бетинче эргиген окшобойбу:

Чоң атабыз Курманбек,

Чокту кармап, өрт кечип,

Чоочун жоону кууган деп,

Бек Аккандын колунда,

Берен атам турган деп,

Кыргыз, кыпчак элине,

Кыйла кызмат кылган деп,

Сейитбектин баласы,

Серпилишин карачы?!

“Курманбек” (айтуучулар: Молдобасан Мусулманкулов, Калык Акиев, Сарыкунан Дыйканбаев), “Сейитбек” (айтуучулар: Орузбай Урманбетов, Нурдин Адиев), “Шырдакбек”(айтуучулар:Тоголок Молдо, Калык Акиев) –адабиятыбыздын айдыңында сөз кудуретинен курулган кезектеги үчилтик. Булар түзүм-куруму жагынан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” өңдүү бир бүтүн дастан. Чоң ата, ата, баланын үзүлбөс биримдигинин жышаанасы сымал таштан, кумдан тургузулган Каирдеги (Мисир) үч пирамидага барабар рухий-эстетикалык байлыгыбыз.

Үч аскер башчынын өмүр таржымалында, асыресе, калктын камын жеген өткүр ишмердигинде жалпылыктар, үндөштүктөр жыш. Ушул себептүү берендердин барандуу, дандуу бейнесин чогуу-чаран шөөкөттөөнү мөртүндө көпчүлүк угуучулар жактырып, каалагандыр. Үчөө тең өлбөстүккө арзыган көкжал, “Азиянын жапайы арыстандары”, не бирөө, не экөө макталып, непадам үчүнчүсү тууралуу үн катылбаса, адилетикке доо кетмек. Ким билет, дастанчылар ырастагандай, Курманбек, Сейитбек, Шырдакбек чын эле ариеттүү ата, атага тең уул, чоң атадан ашкан небередир?!

Фольклор тарыхтын жолмо-жол көчүрмөсү эмес, лекин, экөө дамамат эриш-аркак. Муну таанымал изилдөөчүлөр Батма Кебекова менен Орунбай Ахмедов “Шырдакбектин” эки вариантынын китеп түрүндө жарык көрүшүн утурлап, өбөк-жөлөктөшүп токуган макаласында бекемдейт жана чыгарманын тарыхый негиздери менен фольклордук негиздеринин катышын таразалоого кадыресе кайрылат ( Бишкек, “Шам” басмасы, 2002-жыл). Жыйынтыгында адабий каармандын теги-задинин, үзөңгүлөш замандаштарынын, жоро-жолдошторунун аныкталганына атайылап аялдашат. Ий-е, Шырдакбектин Анжыян, Кокондон баштап, Кашкар, Жаркенге чейин бек, хан шайланганы, Ак-Талаада, андан соң азыркы Кытайдын Ак-Тоо ооданында чеп түптөгөнү, “Жаңыл Мырза” поэмасында жана башка уламыштарда кезиккени, реалдуу калмак төбөлдөрүнүн чабуулун кайтарып, мизин майтарганы, ысымынын далай жер-сууга берилгени –аныбыздын тушундагы да, учурдагы да эң көрүнүктүү кыргыздыгына кепилдик.

Айтуучулар Шырдакбекти эпостук дымактагы поэтикалык таасын эпитеттер менен аздектеп, ага сүйүктүү кол башчы, жол башчыларга ыйгарылуучу салттуу белгилерди, ардак чендерди ыроолойт. Мисалы, берегинин Эр Манастын Аккуласындай, Эр Төштүктүн Чалкуйругундай, Эр Курманбектин Телторусундай таш акырдан арпа-буудай жеген “жандан ысык Боз жоргосу”, хан ордосу, кырк жигити жанында. Бирак, “ай караңгы түн болсо, адашпаган, татаалчылык күн болсо, таң ашпаган, Кан Шырдактан башкага жарашпаган” Боз жоргонун жамагаттагы орду өзгө эр-азаматтардын айтылуу тулпарларына салыштырмалуу өзгөчөрөөк. Боз жорго –метафора, Шырдакбекчилер үчүн орошон оомат, оторчулар үчүн догурунар доомат.

Ошол күндөн ушул күн үч жүздөн аз эмес жыл, үчтөн кем эмес кылым оошуп, арийне, “кимдин кимдин Боз жорго”, “кимдин кимдин заманы” деген маңгилик соболдордун маңызы эгерим бөксөрүп-тартылбай, бабалар баскан узактан узак чыйырдын кайсы бир көөнөрбөс сабактарын көңүл чөбөгөсүнө чөктүрөт да тундурат. Шырдакбектин ак никелүү аялынан аянбаган артыкбаш камкордугун, акылга сыйбас сый-урматын ушурекидей сабактардын тизмесине кылчактабай шыр кошобуз. Жогорудагы кылык-жорукка Тоголок Молдо мындайча токтолот:

Тердирип кебез чигитин...

Ак пахтага жаткырган.

Айымга суук болот деп,

Кырк кара кой сойдуруп,

Шыйбылчагын чактырган.

Шыйрактын чучук майына,

Келтирип күрүч бастырган.

Албетте, дүйнөдө жок эрке талтаңдыктын, текеберликтин аягы зор кайгы менен бүтөт. Боз жоргону уурдай качып, чоочун тамдын босогосун сагалаган эмени Төлөк Төрөкан уулунун жазмасында калмак ханы “Боз жоргонун куйругуна байлап, тикендүү какырга айдап өлтүрөт”. Тоголок Молдодо болсо “эки бутунан байлап, аркандын учун эки төөнүн мойнуна байлап, эки төөнү эки жакка айдап, чатынан айрып таштайт”.

Баса, ушу жазага жакын жаза, башкача айтканда, Хагандын Азия-Европанын ашташкан чегиндеги чечүүчү канмайданга чейин бала төрөбөө жагдайындагы жарлыгына карабай жашырын чүрпө жытын жытташкан жүз башчы Эрдене менен анын келинчеги Догуланды төөнүн эки капталына салмоорлоп таңып, арканды өркөчкө күрмөп, биябан чөлгө айдаганы Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” повестинде дене-бойду титиреткен чыңалууда зерттелет. Дагы бир дилден дилге көчкөн уламышта Эрке сулуунун эки аягын күчтөп ийилген эки чоң теректин башына кере арчындап, анан эки жакка коё беришкен дешет.

Улутубуздун материалдык наркынын макамындагы Шырдакбектин чеби маданий-көркөм наркыбызда –элдик поэмада даңазаланган. Россиялык илимпоз Александр Натанович Бернштам аны ягма урууларына таандык атамзамандагы Каджингарбашы калаа-капкасы деп эсептептир. (Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек, 2018-жыл, 2-том, 417-бет. )

Адис археологдор сепил алтынчы-жетинчи жүз жылдыктарда тикеленип, тогузунчу-онунчу, он биринчи-он экинчи кылымдарда оңдолушу мүмкүн деген пикирди карманышат. Мобул жоромол Тоголок Молдонун вариантында да белгиленет:

Чолок-Кайың жерине,

Солондор жатчу чебине

Жаңыртып ордо салды деп.

Солондор дегенибиз илгери түндүк-чыгыш Кытайда, тактап айтканда, Ички Монголияда күн көргөн монгол тилдүү журт. Он сегизинчи кылымда алардын бир бөлүгү бизге канатташ Чыгыш Түркстанга көчүрүлүп, бара-бара жергиликтүү элге биригип кетиптир.

Ошентип, коргондун кезектеги гүлдөп-өсүшү Хан Шырдак башкарган саясий-боштондук күрөшү менен тыгыз алакалаш. Оозеки чыгармалардын ичинде ордонунун ээлеген ордунун жайлуулугу, андан ары Өзгөн, Ош, Анжыянга, бери жагынан Нарын аркылуу Ысык-Көл, Чүйгө, үчүнчү тарабынан Ат-Башыны аралап, Кашкарга каттоонун жеңилдемеги кабарланат. Анан калса, ошогезде кажылдаган көп калмактын карамагындагы адыр-будур, кокту-колот, өзөн-дарыяны бошотуп, коломтосунан үркөн жаш-карыны үй-үйүнө кайтаруу, жунгарлардын кутумчулугунун натыйжасында ич ара бөлүнүп-жарылган, бытыранды урук-урууларды уюмдаштыруу маселеси курч эле. Акылман мамлекеттик жетекчи так ушундай тапта тактикалык жүрүш жасап, байтакты бир дубандан экинчи бир дубанга, азыркыча түшүндүргөндө, түштүктөн түндүккө которот шекилдүү.

Эки кайыш, бир тизгин,

Тилип турду Шырдакбек.

Анжыян менен Арканы,

Баш коштуруп баарысын,

Билип турду Шырдакбек.

Асыресе, ойрот-жунгар-калмактарды Ата-конушубуздан арылтуудагы ар кыл сабаштарда, маселен, Көл кылаасындагы Эр Табылдынын согуштарындай айыгышпас согуштарда, улуттук аң-сезимибиз абыдан бат жетилгенин байкоо кыйын эмес. Кырк уруунун көкүрөк-көөдөнүнө “Эр Шырдактын барында, тегибиз бирге тууганбыз, душманды бирге кууганбыз” деген түшүнүк зылдай орногон. Залкар өнөрпоздор эсе жете-жотолордун добушун урпактарга ыр-күү аркылуу жеткиришкен да:

Кабылан Манас айкөлдөй,

Баатыр чыгат кыргыздан.

Бакай баштап сөз тапкан,

Акыл чыгат кыргыздан.

..........................................

Шырдакбектей зыңкыйган,

Асыл чыгат кыргыздан.

Ушуга маанилеш ой толгоону Төлөк Төрөкан уулунун өйдөдө эки-үч мертебе эстелген китебинен да жолуктурабыз: “... адамдын кең пейилдиги, айкөлдүгү Манастай болсо, жердин түзөңдүгү Энесай менен Таластай болсо, акылы хан Шырдактай болсо, аалам чынар тал болор эле. Дүйнөдөгү 404 түрдүү элдин баары-жогу, ошол бир талдын түбүнө конор эле” (441-бет).

Баягыдабы, бейишин бергир советтик идеология тутунган позициясына жараша Шырдакбекти катаал, катын баакы, атпай калайыктын колдоосунан таптакыр куржалак хан, анын этегине жөндөн жөн намаз окуганыңарды тыйгыла дегенсиптир. Ырас, андагы Компартиянын “бир эл, эки адабият –эзүүчү таптын адабияты, эзилген таптын адабияты” аныктамасына жамынып, өткөндү караманча тануудан, карасанатайлык менен бурмалоодон жеке эле мынабул дастан жапаа чеккен эместир.

Кантсе да өлкөбүзгө эгемендик тийгиче Тоголок Молдо менен Калыктын “Шырдакбегинин” колжазмалары Илимдер Академиясынын архивинин текчелеринде саргарып, окурмандан оолактатылды. Маркум драматургубуз Шатман Садыбакасовдун салабат-сөөлөттүү драма театрыбызда сахналаштырылган “Ак боз ат” пьесасы дагы саналуу сандагы санжыра барактарына бадырайта жазылуу баатырдын абырой-беделин көрөрмандын көз алдында бийик көкөлөтпөдү го. Ал тарткан азап-тозокту, мээнет- шорду ак дилден, акыйкат, теңтайлаш (адекваттуу) таризде асиреттебеди.

“Ак боз ат” демекчи, “калмак доору” кыргыз профессионал адабиятында негедир кенен-чонон, чачырата талданбаптыр. Он алтынчы жыл жөнүндө баалуу көркөм туундулар бар, Кокон хандыгы деле алымсынарлык даражада мүнөздөлгөндөй. Некин, андан ары үңүлгөн акын-жазуучуларыбыз (Ч.Айтматовдон сырткары) кош карекке чадыкпайт. Эмкисин бу теманы биротоло жар кулатып, көмүп таштайбызбы же фольклорду ийлеп-жууруп, тап жылдырбас тарыхый даректерге таянып, адабият менен искусствонун заманбап жанрларынын жаркын үлгүлөрүн жаратабызбы? Жаратса, ким жаратат, качан жаратат?

... Баяндын этегин чорт кайрып отуруп, санааркайсың, киши.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-10-2024
Кекилик учар. Кебелбес чындык
678

16-09-2024
Слова, ставшие слоганом
1913

04-04-2024
Когда журналист не меняет профессию
9843

08-01-2024
Меня многое связывает с вами
15314

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе
15846

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений
16265

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля
24030

10-05-2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!
27630

24-01-2023
Нас украшают скромные награды
27173

29-12-2022
Чыңгыз Айтматов: жаңы жылдык тост
29607

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×