Добавить свою статью
4 Декабря 2019
Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары

Алдыга милдет коюу

Экинчи миң жылдыкта жалпы адамзат биригип, келечекке карай биргелешип кадам таштоонун жолдорун издөөгө белсенди. 2000-жылы бардык өлкөлөр менен калктар үчүн: ачарчылык менен жакырчылыкты жоюу, универсалдуу баштапкы билим алууга жетишүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын ролун күчөтүү, балдардын өлүмүнүн санын азайтуу, эненин саламаттыгын чыңдоо, безгек, ЖИКС жана башка дарттар менен күрөшүү, табигый туруктуулукту камсыздоо жана, акыркысы, өнүгүү үчүн бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк сыяктуу сегиз негизги миң жылдыктын максаттары кабыл алынды.

Өлкөбүздөгү ошол тажрыйба уюштуруу жагынан анча таасирленте алган жок жана максатка жетүүдөн канааттануу да жарата албады, канткен менен ал максаттардын бардыгы базалык мүнөзгө ээ болчу жана биз ансыз деле күнүнө бул көйгөйлөр менен күрөшүп келгенбиз. Кээде ийгиликтүү, айрым учурда натыйжасыз, мүдүрүлүп-туруп, кайра илгерилеп жатып, эми биз башка өлкөлөр менен катар эле марага чукулдап калдык окшойт. Ал ортодо БУУнун алкагындагы өкмөттөр аралык узакка созулган жана кызуу талаш-тартыштардан кийин, өткөн 15 жылдын жыйынтыктары чыгарылган соң, 2015-жылдын сентябрында БУУнун кийинки 15 жылга карата глобалдык программасы – Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) бекитилген болчу.

Ал 17 глобалдык максаттан жана 169 тийиштүү милдеттерден турат. 2000-жылдан кийинки алгачкы 15 жыл ичиндеги “Миң жылдыктын максаттары” иш жүзүндө көбүнесе жакырчылыкты кыскартууга жана кедей өлкөлөргө базалык сервистерди жеткирүүгө багытталган. Азыр болсо 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттары – бул бардык өлкөлөрдөгү, жалпы планетабыздагы туруктуу өнүгүү болуп саналат. Мындай жалпы адамзаттын бүткүл дүйнөлүк планы БУУга мүчө болгон 190дон ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан бир дем менен кабыл алынган болчу. Туруктуу өнүгүү программасын 2015-жылы кабыл алынган Климат жөнүндө Париж келишими өнүктүрүп, күчөттү десек болот.

БУУ, анын атайылаштырылган уюмдары бардык муктаж болгон өлкөлөрдү ТӨМгө жетүү жолунда коштоп, көмөктөшөт деп макулдашылган болчу. 15 жыл ичинде жок дегенде эки жолу ар бир мамлекет кандайча аткаргандыгына мониторинг кылуу максатында өзүнүн Улуттук ыктыярдуу баяндамасын даярдап берет. Бүгүнкү күндө 193 өлкөнүн ичинен 142си бир эмес, бир нече ирет отчетун берип коюшту. Кыргызстан алгачкы отчетун даярдап, 2020-жылдын июль айында ЭКОСОК (ЭКОСОС) сессиясында баяндап бермекчи.

Программанын ТӨМдү аткаруудагы прогрессти кантип аныктоо керектиги боюнча индикаторлору иштелип чыкпагандыктан, БУУ Башкы катчысынын колдоосу жана анын патронажы алдында белгилүү экономист Джеффри Сакстын жетекчилиги алдында Окумуштуулар менен практиктердин тобу (Sustainable Development Solutions Network) бул ишти колго алды. Аталган түйүн бүткүл дүйнө боюнча жеке тарап катары катышкан адистерден турат, алардын көз карашы өздөрү иштеген илимий мекемелердин позициясына дал келбеши мүмкүн. Бул топ индекстер менен көрсөткүчтөр тактайын (Index and Dashboard) иштеп чыкты, алар алты комплекстүү өзгөрүлмө жалпылоочу көрсөткүчтөрдүн негизинде дайыма жарыяланып турат. Алардын негизинде ТӨМгө карай жасалган кадамдарды ченеп, илгерилөө жана прогресске баа берип турса болот.

Күндүн өзөктүү фактысы: Туруктуу өнүгүү максаттары жана Париж келишими кабыл алынгандан кийинки акыркы төрт жыл ичинде Дүйнөдөгү бир да өлкө максаттарына жете алган жок. Анын үстүнө адамзат экономиканын, өз жашоо-турмушунун, ден-соолугунун, коопсуз тамак-аштын жана жашоо сапатынын негиздерин көзгө илбестен жашоо кечирүүдө. Жандуу табияттын бир миллион түрү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ал турсун өнүккөн өлкөлөр да ТӨМ 14 (деңиз тутумдарын сактоо) жана ТӨМ 15 (кургактыктын экотутумдарын сактоо) сыяктуу максаттар боюнча эң арттагы начар позицияны ээлеп турушат. Дал ушуга байланыштуу бүткүл дүйнөдөгү жаштар, анын ичинде мектеп окуучулары да өкмөттөр менен бизнес тарабынан жаратылышты коргоого багытталган иш-чаралардын жоктугуна байланыштуу нааразычылык акцияларына, митингдерге чыгып жатышат.

Муну менен катар эле дүйнөдө теңсиздик көбөйүүдө, жалпысынан алганда, жакырчылык азайып жаткандай көрүнгөнү менен, экинчи жагынан караганда, жаңжалдарга жана согуштарга белчесинен баткан өлкөлөрдө өтө жакыр жашоонун тамыры барган сайын кеңири жайылууда. Айланабызга көз чаптырсак, дүйнө кандай баш-аламан, алдын ала болжоп айта албай тургандай абалда экени айкын: таң калтырган технологиялык ачылыштар менен жаңылыктар жаралып жаткан заманда аялдар менен кыздарга карата жапайы түркөйлүк, эскирген каада-салттар менен түккө турбаган сандырак тыюу салуулардын примитивдүү дүйнөсү дале орун алып келүүдө. Ошондуктан бүгүнкү күндө жөн гана коррекция, саясатты өзгөртүү, ырааттуу прогресс гана керек эмес! Бүгүн дүйнө ТӨМгө жетүү үчүн терең комплекстүү трансформацияга муктаж болуп турат.

Ишти пландоо

Совет доорунда биз беш жылдык пландардын негизинде иш алпарчубуз, аларды аткаруу императив болчу, талап катуу эле. Ошондуктан акыл жумшап, терең ойлонуштуруп, өзгөчө тыкырлык менен план түзүлчү. Ли Кван Ю Сингапурду пландуу өнүгүүнүн аркасында бакубаттуулуктун дүйнөлүк үлгүсүнө алып чыкты. Кытай да бүгүнкү күндө пландоонун негизинде өнүгүүдө. БУУ 15 жылдык синхрондуу глобалдуу өнүгүү боюнча алдыга милдет коюуда, ал кедей-байына, экватордон төмөн же жогору жайгашканына, башкаруу тутуму ар башка болгонуна карабастан бардык 200дөй өлкөнүн кадамы бирдей болушуна жетишүүнү көздөйт. БУУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары тарабынан кабыл алынган ТӨМ боюнча милдеттенмелер аныкталды. Бардык өнүгүп жаткан өлкөлөрдө усулдук жардам көрсөтүү үчүн БУУнун жалпы тутумунун кеңселери, донорлордун жамааты, анын ичинде бардык эл аралык өнүгүү банктары ушул максаттарга жетүүнү көздөшөт, бир дагы өлкө, бир дагы адам четте калбашы үчүн болушунча аракеттер жасалууда.

Биздин республикабыздын, ар бир министрликтин, мекеменин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жогорку окуу жайларынын милдети – ТӨМдү “улутташтыруу”, өз улуттук стратегияларын ТӨМдүн максаттары менен индикаторлоруна ыңгайлаштыруу болуп саналат. ТӨМ индикаторлорун улуттук пландоого, процесстерге, саясатка жана стратегияларга киргизүү өтө маанилүү болуп саналат. КР – 2040 улуттук стратегиясы ТӨМдүн индикаторлору менен максаттарына толук кандуу ыңгайлаштырылбай калгандай. Бир катар министрликтердин сайттарын карап чыгып, мен Программа – 2040 өлкөлүк деңгээлде таянса болчудай бир дагы тармактык өнүгүү программасын көрө алган жокмун. 2018-2022-жылдарга карата “Биригүү, ишеним, жаратмандык” КР программасында тармактардын көптөгөн актуалдуу аспектилери менен көйгөйлөрү жана өнүгүү багыттары эске алынбай калган. Бул максаттарга, көрсөткүчтөргө, бюджеттөөгө жана ресурстарды мобилизациялоо стратегияларына байланыштуу өзгөчө актуалдуулукка ээ. Өкмөттүк машинанын ишине жардам катары ой жүгүртүү борборлору (think tanks) болбогондон кийин бизге толугу менен ТӨМ механизмдерине таянып иш кылуу керек, ал пландоого, аңдап-түшүнүүгө, ишке керектүү компоненттерди жана өнүгүү стимулдарын киргизүүгө, келечектүү пландоону жүзөгө ашырууга, жыйынтыктарын көрө билүүгө, артта калып жаткан чөйрөлөрдү оңдоп-түзөп, алдыга сүрүп чыгарууга мүмкүндүк берет. Даяр ментор, усулчу, кыймылга мониторинг кылуу үчүн мыкты механизм ушул!

Өлкөдө ТӨМ программалары жана Париж келишими жөнүндө маалымдуулук өтө төмөн, бул бизге эмес эле Нью-Йорктогу, Париждеги, же болбосо БУУ менен Дүйнөлүк банктагы бирөөлөргө керектей таасир болууда! 2019-жылдын сентябрындагы ТӨМ боюнча ишке баяндама (SDSN) көрсөткөндөй, 43 өлкөнүн 18и гана өз улуттук бюджеттеринде ТӨМгө шилтеме беришет.

Биздин Жогорку Кеңеште жакында эле өткөн бюджеттик угуулар учурунда депутаттарыбыздын бири да ТӨМ тууралуу оозанып койбогонуна күбө болдук! Өлкө жетекчилери өз баяндамалары менен сүйлөгөн сөздөрүндө эч качан ТӨМдүн улуттук параметрлерине шилтеме беришпейт, бул болсо жалпы дүйнөлүк документтерди кабыл алгандан бери беш жыл өтүп кеткен азыркы чакта алакан жайгандан башка арга калтырбайт. Борбор шаар менен жер-жерлерде ТӨМ тууралуу маалымдуу болуунун деңгээлиндеги айырма өтө чоң. Айыл жергесинде мындай түшүнүктөр элге жакшы сиңген жок, ондогон университеттердеги факультеттер дипломаттар менен эл аралык мамилелер боюнча адистердин армиясын даярдап чыгарып жатканы менен алар дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы траекториясы боюнча түшүндүрүү иштерине аралашканы жок.

Кыргызстандын бир дагы шаарында бул темага арналган “арт стрит” жанрындагы бир дагы ураанды же жарнаманы көрө албайсың. Өкмөт бардык министрликтер менен кызматтардын бүтүндөй дүйнө менен ар бир өлкө үчүн өтө маанилүү болгон ушул теманы өздөштүрүү, аны аткарууга багыттоо боюнча мобилизациялоочу синергиялык иш жүргүзбөйт. Эгер жүргүзүп жаткан болсо, эмне үчүн ушул ишке жооптуу тарап өлкөбүз башка өлкөлөр менен бирдей кадамдап, алардан артта калбай, өнүгүүнүн курч, күнүмдүк көйгөйлөрүн кантип чечиши керек, бизге пайдалуу болгон иш тажрыйбасын башка региондор менен континенттерден кантип алса болот деген сындуу так милдеттерди коюп, көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, улуттук диалог уюштурбайт?! Эмне үчүн министрлерибиз, кызматтар менен ведомстволордун жетекчилери, шаар башчылары оозуна талкан сугунуп алгансып унчугушпайт, алардан ар бир күндүн курч маселелери боюнча демилге көтөрүп чыкканын, жооп бергенин көрбөйсүң, алардын алдыда турган милдеттерди канчалык деңгээлде түшүнө тургандыгын, билим деңгээлин, кругозорун, дүйнө таанымын түшүнүү кыйын! Коомчулук иш канчалык деңгээлде компетенттүү жүрүп жатканын, министрлер, начальниктер тармактарды кантип жетектеп жаткандыгын билгиси келет, качан болсо бардык дүйнөлүк индекстер менен рейтингдердин артында самсып жүрүүдөн тажадык! Парламенттин ТӨМгө имплементация болуу боюнча мобилизациялоочу, мыйзам чыгаруучу, текшерүүчү ролу өтө маанилүү болуп саналат.

Статистиканын маанилүү ролу

ТӨМ прогрессине мониторинг кылуу, 2030-жылга чейинки аралыктагы Күн тартибине комплекстүү стратегиялык талдоо жүргүзүү жана аны натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн, биринчи кезекте, комплекстүү жана дезагрегацияланган (бөлүштүрүлгөн) маалыматтардын, статистиканын ролу зор жана принципиалдуу мүнөзгө ээ.

Бүгүнкү күндө ТӨМдүн глобалдык көрсөткүчтөрүнүн үчтөн эки бөлүгү үчүн маалымат жетишсиз экендиги сезилүүдө. Чындыгында, экономика жаатындагы маалыматтар социалдык жана экологиялык чөйрөлөргө караганда көбүрөөк. ТӨМдүн милдеттеринин маалыматтардын таңкыстыгы сезилген дээрлик чейрек бөлүгү курчап турган айлана-чөйрө маселелерине тиешелүү болуп саналат. Отуз жылга жакын убакыт бою экономикабыз үзүндү-үзүндү болгон маалыматтарга таянып куралып келе жаткан шартта кантип тармактын өнүгүүсүн түшүнүү, ага байкоо салуу, өнүгүүнүн айрым багыттарына, фактыга негизденген саясатты иштеп чыгуу мүмкүн болсун? Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү инвесторлор менен талдоочулар колдонгон жана ЭКӨУ (ОЭСР), “Экономист”, “Давостогу Дүйнөлүк Экономикалык Форум” ж.б. тарабынан басылып чыгарыла турган жалпы дүйнөлүк базалык статистикалык сурап-билүү китебине киргизилген эмес. Азыр, эреже катары, толук кандуу санариптик материалдар эл аралык долбоорлордун буйрутмасы менен долбоорлор боюнча, региондогу же дүйнөдөгү өлкөнүн берилген талдоолорунун алкагында пайда болууда. Өкмөттүн мындай өзөктүү кызматтарына сабаттуу, кенен ой жүгүртө билген кесипкөй экономисттер жетекчилик кылышы зарыл жана бул талап катуу сакталышы шарт деп эсептейм. Ошондой эле университеттерде тийиштүү бөлүмдөрдү ачып, керектүү сандагы статистика боюнча адистерди даярдоо зарыл.

Маселенин наркы

Эсептөөлөргө караганда, биздикиндей болуп киреше деңгээли ортодон төмөн болгон өлкөлөрдө ТӨМгө жетүү болжол менен ИДПнын 27-37 пайызындай каражатты талап кылат. Мындай бюджеттик каражаттарды топтоо биздин өлкөбүз, ошондой эле биз сыяктуу өлкөлөр үчүн оңой-олтоң иш эмес. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү боюнча каржылык айырманын жалпы суммасы 400 млрд долларга жакын. Инвестициянын мындай көлөмү донорлорду канааттандырбайт, алар реципиент өлкөлөрдүн көңүлүн бөлүнгөн каражаттарды ак ниет жана оптималдуу бөлүштүрүү, анын ичинде жеке филантроптордун каражаттарын тартып келүү, өз өлкөлөрүндөгү шашылыш социалдык муктаждыктарды чечүү зарылдыгына бурууга аракеттенишет. Ушул жылдын 19-ноябрында Бишкекте өткөн донорлордун “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” аталган кеңешинде донорлор КРге жардам берүү тартибинде жарыялаган конкреттүү сандар айтылган жок. Өкмөт ТӨМгө жетүү үчүн алдыдагы он жыл ичиде экономиканын өсүшүн 5% деңгээлинде кармай алаары күмөн. Тышкы карыз желкебизден басып турганы буга кошумча болууда. Ал эми азыр болсо чуулгандуу иштин жагдайы - журналисттердин иликтөө тобу криминалдуу бажылык спруттун мамлекеттүүлүгүбүздүн алсыз денесин чиштей чырмап алгандыгы ачыкталгандан кийин донорлордун маанайы кандай экени жөнүндө сөз кылуу кыйын, алар ансыз деле өкмөттүн бюджетти толтуруу үчүн салыктарды жана башка кирешелерди чогултуу жөндөмүнөн күмөн санап турган чагы. Биз КРдин жашоого кооптуу болгон жана уран калдыктарына ууланган жети чакан шаарчалары менен айылдарында жашоо үчүн зарыл болгон жөнөкөй шарттарды түзүү үчүн бүт дүйнөгө кайрылып жардам сурап жаткан учурда бул кылмышкерлер, биринчи кезекте – кыргыздар өздөрү, мамлекеттүүлүгүбүздү тебелеп-тепсеп, миллиондогон каражаттарды чет жактарга ташып, Дубайдагы болочок “бейиш” жашоосуна инвестиция кылып койгон экен да! Ал жакка, мейли эми, 50 миллион каражат салынсын дейли – аны бийлик казынага кайрып келиши керек - ал эми калган чет жактарга алып чыгылган калган алты жүз миллион доллар кайда? Бийликтин милдети – бардык кылмыштуу шериктерди кармоо боюнча токтоосуз чара көрүп, өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркына шек келтирген ушул кылмышты иликтөөнү баштоосу зарыл.

2015-жылдагы Париж келишими боюнча өлкөнүн милдеттенмелерин аткарууга жооптуу болгон министрликтер менен агенттиктиктердин жоопкерчилиги менен ролу зор. Акыркы 5-6 жыл ичинде көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибердик, компетенциясыздыктан, жоопкерчиликсиздиктен жана профилдик мамагенттиктин жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашырууга эл аралык каражаттарды тартуу ишинин өтө начардыгынан улам региондогу кошуналарыбыздан канчалык артта калгандыгыбыз белгилүү болуп отурат!

Климаттын өзгөрүшү биздин табиятка болгон мамилебиздин кескин өзгөрүшүн, энергиянын кайра жаңыланып туруучу булактарына басым жасоону, “жашыл”, “циркулярдуу”, “көгүлтүр” экономиканы өздөштүрүүнү, “жашыл” жумушчу орундарын, энергетикалык натыйжалуу турак-жайды жана транспортту түзүүнү талап кылат. Эмне үчүн бул жаңылыктар, түшүнүктөр жана иш-аракеттер жетекчилерибиздин урааны, саясаты, күнүмдүк эмгеги болуп калбайт?! Эмне үчүн эч ким өкмөттө “экологияны жакшыртуу үчүн карыз алуу” формуласы боюнча карызды азайтуу үчүн радикалдуу кадамдарды жасабайт?!

Бардык деңгээлдеги расмий адамдар такай инвестиция издеп жатабыз деп айтып жаткандыгы мактоого татыйт деңизчи, бирок анда эмне үчүн жакында эле кабыл алынган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча иш илең-салаң жүрүүдө? Бул мыйзам кошуналарда эчак эле натыйжалуу иштеп жатпайбы?!

Жакында бул боюнча Ак үйдө кеңешме өтөт деп манчыркоонун кереги жок. Акыркы бир нече жыл ичинде мындай министрлердин, ал турсун Премьер-министрлердин катышуусу менен канчалаган ири форумдар дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү негизги кыймылдаткыч болгон кооперативдерди колдоо темасына арналып өткөрүлдү. Кагаз жүзүндө 5 миң деп жазылганы менен иш жүзүндө болгону 30 гана кооператив “өлбө жаным өлбө” деп иштеп жатат, алардын көпчүлүгүн чыдамкай, сабырдуу аялдар жетектейт, баштаган ишин жарым жолго таштабайын деп ишиндеги миңдеген тоскоолдуктарга чыдап, иштеп келе жатышат!

Эртеңки күнгө сабактар жана милдеттер

Мезгил учкан куш сымал зуулдап өтө берет. ТӨМгө жетүү үчүн болгону 10 жыл калды, ошондо мамлекетибизге, анын өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө баа бериле турган болот. Биз ошондо кайда калабыз, дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун ээлей алабызбы же ушул кылымдын ортосунда дүйнөлүк рейтингдердин эң төмөнкү баскычында болуп калабызбы? Бир нерсени өздөштүрүп, үйрөнүп, глобалдуу келечектүү пландоонун процессинен, ТӨМгө карай жолдо өнүгүү динамикасынан сабак ала алабызбы? Бул тема боюнча процессти түшүнүү жана жүргүзүү үчүн керектүү болгон материалдар абдан көп, тилекке каршы, алар англис тилинде жазылган. Иштин башында эле англис тилин билген адистерди катыштыруу абдан маанилүү, болбосо четте калып калабыз. Жакында эле Алматыда ТӨМ боюнча өткөн регионалдык форумдун алкагындагы (2019-жылдын 15-16-ноябры) эки күндүк кеңешүүлөрдүн толугу менен англис тилинде өтүшү менин шаштымды алып койду, мен, чынын айтсам, буга даяр эмес элем! Тез арада көнүшүп кетүүгө туура келди. Кулакчындарды тагынып алам, котормо болот да деп отурбастан, ТӨМ менен алектене тургандардын бардыгы тез арада англис тилин үйрөнүүгө аракет кылышы керек!

Алматы Форуму Максаттарга ийгиликтүү жетүү үчүн регионалдык кызматташуунун зарылдыгын айкын көрсөттү. Бул үчүн саясаттагы ырааттуулук, комплекстүү мамиле кылуу зарыл, бул туруктуу өнүгүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык компоненттеринин ортосундагы синергияны камсыздайт. Бизге Борбордук Азия регионунун ичинде да, Азия-Тынч океан региону тарапка Түндүк-Түштүк жана Түштүк-Түштүк линиясы боюнча да өз ара иштешүү зарыл. Көп тараптуу өнөктөштүк - ТӨМдү жүзөгө ашыруунун императиви болуп саналат!

Өкмөт 2020-жылдын июлуна карата өлкөлүк отчетту даярдоо боюнча ишин баштаганын билем, атайын жумушчу орган түзүлгөн, аны кадыр-барктуу, иш тажрыйбасы мол, ишти терең билген жана мыкты менеджерлик сапаттары бар адам жетектеши керек деп ойлойм. Канткен менен кыйла күч-кубатты талап кылган ишти алдыга сүрөп кетүү керек болот эмеспи! Ар бир министрликтин ТӨМ алкактарын тармак алдында турган чакырыктарды жакшылап ойлонуштуруу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар, 17 ТӨМдөн тышкары 169 тийиштүү милдеттер менен жүздөгөн индикаторлор бар экендигин унутпагыла, аларды ар бир тармактын контекстинде карап чыгып, алсызыраак жактарын күчөтүп, бош жерлерин толтуруп, статмаалыматтарды кошуп, артыкчылыктуу багыттарды аныктап, келечектүү пландоо искусствосун көрсөтүү керек. Бул ишке бардык стейкхолдерлерди – жаштарды, аялдарды, эркектерди, улгайган адамдарды, ден-соолугунун мүмкунчүлүктөрү чектелген адамдарды, бейөкмөт уюмдарды, жеке секторду, жергиликтүү жамааттарды аралаштыруу зарыл. ТӨМ боюнча 2019-жыл үчүн Глобалдык отчеттун маалыматы боюнча, КРде ТӨМ 2 (Ачарчылыкты жоюу), ТӨМ 5 (Гендердик теңчилик), ТӨМ 7 ( Таза суу жана санитария), ТӨМ 8 (Татыктуу иш жана экономикалык прогресс), ТӨМ 15 (Кургактыктын экотутумун сактоо) боюнча сенектик байкалууда. 2030-жылга чейинки ТӨМ программасында өзөктүү болуп саналган ураан - «эч ким четте калбашы керек” экендигин эске алуу зарыл! Биз муну бүткүл дүйнө боюнча, өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн аялуу катмарларды коргоо жаатында долбоорлор менен иштерди активдүүрөөк каржылап жаткандыгынан улам сезип жатабыз. Ушул жылдын сентябрында Нью-Йоркто ТӨМ боюнча мамлекет жана өкмөт башчыларынын Саммитинде дүлөйлөрдүн тилин - алар дүйнө калкынын 5% түзөт - расмий тил катары таануу жөнүндө идея айтылды. Бул көпчүлүк адамдардын активдүү турмушка аралашуусуна мүмкүнчүлүк берип, алардын өз шык-жөндөмдөрүн жүзөгө ашыруусуна жол ачат. 7 млрд адамдан турган дүйнөбүздө 1,3 млрд көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар бар; МТ доорунда бул адамдар өздөштүрсө боло турган көрбөй туруп текст терүү көндүмү аларга жашоо-турмуштун маанилүү процесстерине толук кандуу катышуусуна шарт түзөт.

Болочок он жылдыкта ТӨМдү жүзөгө ашыруу боюнча иште өкмөт иш-аракетин эселеп күчөтүшү зарыл экендиги шексиз, өлкөнүн келечеги анын иш-аракеттеринин натыйжалуулугунан көз каранды болот. Эртеңки күн бүгүн чечилет! Дүйнө азыркы да, кийинки да муундар үчүн да, жалпы планетанын жашоосу үчүн да чечүүчү болгон декадага кадам таштоодо.

Роза Отунбаева

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

02-12-2019
О последней выставке в музее ИЗО
19902

26-11-2019
Цели устойчивого развития для Кыргызстана
1910

01-07-2019
Заявление о ситуации вокруг А.Атамбаева
69824

11-06-2019
О книге Си Цзиньпина «О государственном управлении»
3442

03-06-2019
Мы передаем страну сегодняшним детям
3027

04-02-2019
Urban Hub, как он кстати!
10633

22-01-2019
Креативная индустрия начинается с музеев
3417

25-12-2018
Ходатайство о помиловании О.Текебаева
2449

07-08-2018
Треть ВВП от миграции — это только начало!
8993 1  

03-08-2018
Төртүнчү Мекендештер Форумун утурлап
1079

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×