Добавить свою статью
5 Декабря 2019
Бир котормонун таржымалы
Пазылов Абибилла
Пазылов Абибилла

Абибилла Пазылов

Бир котормонун таржымалы

1978-жылы 12-декабрда Советтер Союзундагы эң абыройлуу гезит “Правдага” агезде атагы таш жарып турган Расул Гамзатовдун “Чыңгыз Айтматовго” аттуу ыры береги Дагестандык даанышмандын мааракелик макаласына жалгаштырыла жарыяланды. Аны аварчадан орусчага, жаңылбасам, Наум Гребнёв оодарган.

Анда мен журфактын 4-курсунун студентимин, “Айтматов-публицист” темасында курстук баян жазсамбы дегенчелик ой баккан учурум. Жанагы ырды улам-улам үн кубулта кайталай берип, жаттап да калдым окшойт. Айтса, анын соңку эки төрттүгүн кийин, 5-курстун тамамында жогоруда аталган тема боюнча дипломдук ишимди жактап жатып, мамлекеттик комиссиянын сүрдүү мүчөлөрүнө сүрдүкпөй окуп бергемин. Албетте, “беш” алгам.

Асыресе, муну кыргызчаласам дейм. Күчүмө ишенип, ишенбей, жүрөксүйм. Окуумду бүтүп, “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жумуш аткарып жүргөндө кыябын келтирип, таржымаладым. Ага республиканын жазуучуларынын кезектеги съездине карата адабий басылманын атайын санын чыгаруу камылгасы шыкак болду белем. Башкы редакторго, башкы редактордун орунбасарына, башка жетекчилериме күлө багып, “Айтматов тууралуу бирдеме кыстарбасак, туура эмес го” деп көшөрүп атып, планга коштурдум.

Жаңы котормо 1982-жылы 11-июнда “Чыгаан күлүк топ жарат” деген аталышта жарык көрдү. Гезиттин итабар нускасы иш-чаранын катышуучуларына жеринде таратылды. Андабы, чоңдун баары курултайдын төрүн ээлеп, Турдакун Усубалиев сөз сүйлөгөнү жадымда. Бирок, жыйынга Чыңгыз Төрөкулович келген жок...

Классикке алиги чыгарманы кыйла мезгил өткөзүп, кайсы бир чыгармачылык чогулуштун аягында жеткирдим, кыязы. Ошондо өзүм башкарган “Чүй баяны” гезитине “Чыгаан күлүк топ жаратты” кайра баскам. Курандын аяттары сымал поэтикалык түрмөктөрдү мурдагыдай кабат-кабат барактуу апаталыктын бир коңулуна катпай, экинчи бетке, жазуучунун бакыйган сүрөтү менен бирге жайгаштырдым элем.

Көп өтпөй сүөткерге абыдан ынак илимпоз Мелис Акматалиев мага коңгуроо чалып, “агай сага ыракмат айтты” деди. Чыңгыз Төрөкуловичтин жетимиш беш жылдыгынын арапасында котормомду кутучадай сонун китепке кийирди.

Баса, тигил жыйнактан Гамзатовдун баягы шедевринин дагы бир кыргызча туундусу менен тааныштым. Ал көркөм-эстетикалык эмгек көрүнүктүү акыныбыз Омор Султановдун калемине таандык.

Бүгүн, Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн жуп босогосунда поэзиядагы оданы –салтанаттуу казал-өлөңдү окурмандаргы чын дилимден сунуштап отуруп, буга эки оңдоп-түзүү кийиргенимди белгилеп коюуга тийишмин. Биринчиден, “майрам” деген сөздү “мааракеге” алмаштырдым. Себеби, сексенинчи жылдарда “маараке” десең эле, кыраакы редакторлор чийип ташташчу. Тушунда “юбилей” тилибизге жатык, дилибизге жууктай сезилгенби, ким билет? Экинчиден, акыркы куплеттин этекки эки сабын редакцияладым, андагы терең маанини тагыраак туюнтуу максатында.

Эмесе, кебимдин жыйынтыгы ушу.

***

Сүйлөнбөсө убагында сүйлөнөр,

Сөздүн деле өлөт дешет атасын.

Бир кур жашап өтүп кетчү дүйнөдө,

Бирде минтип кубанычка батасың.

Кыйыр жактан куш канаты талыган,

Куттук айтып мааракеңе келдик биз.

Ата-энесиз бала кайдан жарыган,

Эл ичинде эр аталбайт эрдиксиз.

Улутунтуп ушу тапта энең жок,

Топурагы торко болсун, ылайым.

Көп ичинен атаңды издеп элеңдеп,

Өзгөрүлө түштү, боорум, ырайың.

Жайдын түнү айдай болуп толгондо,

Көтөрүлүп көкүрөктү какпадың.

Фудзияманын туу чокусун болжолдоп,

Эне сүтүн, ата күчүн актадың.

Европаны дүңгүрөткөн береним,

Арыстаным Азияны таңданткан.

Аякты алып мелт-калт толо береги,

Тартып ийем түбүнөче танбастан.

Кенен мухит жердигинен ушундай,

Кээде тынч да, кээде толкун –алаамат.

Бул ак кеме боордоштук кушундай,

Сапарында сүзүп барат саламат.

Алчыланткан Гүлсарыдай жоргону,

Кызыл жоолук кызың эстен чыкпады.

Аман болсун, калайык калк ордолуу!

Жашай берсин, сулуулукка суктануу!

Чап, чабандес, ат намыска жараган,

Ак көбүгүн чачып чуркайт жаныбар.

Айланайын, тамырыңа тараган,

Азиянын, Европанын каны бар.

Башкы турса, башканы айтып нетемин,

Бек чакырдың ата-баба жардыгын.

Накта жигит гана даңктайт Мекенин,

Сүйгөн менен аны жандын бардыгы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

16-01-2020
Живи долго, дорогой Жаабарс!
1649

26-12-2019
Изречения и иные импровизированные инверсии
1147

23-12-2019
Шамшиев, сотворивший шедевры
1146

02-12-2019
Өнөр алды – кызыл тил
991

20-08-2019
Шырдакбек (адабий-публицистикалык ой жүгүртүү)
780

17-05-2019
Судьба Творца и его творений
910

02-04-2019
Принципы не комментируются
839

12-03-2019
Прощание с простым философом
1780

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×