Добавить свою статью
12 Декабря 2019
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү

ПАЙГАМБАРГА ТААЗИМ...

Мына бүгүн кыргыз элинин чыгаан уулу, доордун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов 91 жашка толмок. Айла жок, тагдыр ушул экен, арабыздан кеткенине 11 жылдын жүзү болду. Он бир жыл. Айтканга оңой болгону менен бир топ мезгил мелжеми. Он бир жылдан бери бир капшытыбыз бөксөрүп, кыргыз элин бүт дүйнөгө тааныткан Залкардын орду толбой турат. Кылым карыткан кыргыз эли неси менен мактанат? Мактанган көзгө басар жалгыз адам — Чыңгыз Айтматов эле го? Кыргыздын мен кыйын деген чыгармалары биягы Мерке, тиягы Узун Агачтан ары өтпөй жатканда Европа, Азия, Америка чөлкөмүн аралап кеткен Ч.Айтматовдун чыгармалары эмеспи.

Мурдунан алыс саясат жүргүзө албаган кыргыздарымдын арасында планетардык масштабдагы ой жүгүрткөн жалгыз Ч.Айтматовду Пайгамбар десек болобу? Болот. Кептин ачыгы, ал АКЫРКЫ ПАЙГАМБАР БОЛЧУ. Башкасын билбейм, биздин элдин руханий Пайгамбары эле. Анын ар бир айткан сөзүнөн кубат алып, жан дүйнөбүз толуп турчу. Улам жаңы чыгармасын окуган сайын АДАМ ДҮЙНӨСҮНДӨ дагы кандай ачылыш жасаарын күтчү элек. Биздин эртең ким болорубуз, кечээ ким болгонубузду жалгыз Ч.Айтматов гана көзгө сайып көрсөтүп койчу. Улуттун утурумдук саясаттары кыргыз жерин каптап жатканда да жалгыз Ч.Айтматов кыргыз элинин элдүүлүгүн сыпаттап, өз позициясынан кайткан жок. Ал партиянын кулу болбоду. Замандын талабын курч сезе билип, Гомер грек адабиятына кандай салым кошсо, Айтматов кыргыз адабиятына ошондой салым кошту. Америкалык окумуштуу Ж.Мозур: ”Ч.Айтматовдун чыгармалары анын Орто Азия мурасын жана Европа адабий салты менен болгон уникалдуу синтезин көрсөтөт", - деп жазса, экинчи бир окумуштуу Катерина Кларк: "1980-жылдардагы Совет адабияты үчүн Айтматовдон артык жакшы үлгү жок эле!", - дейт.

Кыскасы, кептин ачыгы Чыңгыз Айтматовдун карааны канчалык бизден узаган сайын, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон планетардык масштабдагы ой жүгүрткөн улуу адамга болгон кусалануу күчөп барат. Анын коңур үнү кулакка жаңырып, монументалдуу турпаты көз алдыңа тартылат. Баары түш сыяктуу. Залкар адам арабыздан кетип калганына ишенбей да кетесиң. Айла жок. Турмуш баарын өз ордуна коюп коёт экен. Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Анын ордун эч ким толтура албайт. Чыңгыз Айтматов феномени — кайталангыс феномен. Айтматовдун феномени — оболу кылымдарды карыткан кыргыз элинин кыртышында уюп жатат да, андан соң "Манас" баш болгон элибиздин руханий улутубуздан өнүп-өсүп Чыгыш менен Батыш элдеринин маданияты менен жуурулушуп кеткендигинде. Айтматов кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй адамзаттын энчисине айланган кайталангыс руханий-көркөм феномен. Айтматовду дүйнөлүк, планетардык масштабдагы жана тереңдиктеги универсал руханий феномен деп айтсак да жарашат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына кызыккан адам алгач кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына мифтери менен эпосторуна саякат жасамайын сөз берметинин устасынын чыныгы жүзүн ача албай калышы ыктымал. Анткени Айтматовдун ар бир чыгармасы окурманды ар тараптуу ой толготууга мажбурлайт. Жазуучунун чеберчилиги карапайым адамдын ой-туюмун, көз карашын алеки заматта өзгөртүп, чыгармадагы каармандардын жан-дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө, алар менен бирге жашоого, кайгы менен кубанычтарын бирге бөлүшүүгө ортоктош кылат да, замандаштарын жалпы адамзаттык маселелер тууралуу ойлонууга түрткү берет. Айтматовдун чыгармалары — Адам, Жер, Аалам таануунун энциклопедиясы десек жаңылышпайбыз. Айтматов — дүйнө адабиятындагы кыргыз Айсберги. Ал Айсберг эч качан түсүн өзгөртпөйт, эрип да кетпейт. Түбөлүктүүлүктүн символу катары кылымдарды карытып жашай берет. Кыргыздын каны менен кирип, жаны менен чыга турган жалгыз руханий булагы — Чыңгыз Айтматов. Жазуучунун сыры терең, көп катмарлуу чыгармалары жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт. Чыгармаларындагы конкреттүү көрүнүштөр аркылуу жалпы адамзатка тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрө билген күчү менен дүйнө континенттеринин эки жүзгө жакын тилине которулуп, географиялык чөйрөсү улам кеңейип, жүз миңдеген нускада улам кайра басылып, искусствонун башка түрлөрүндө: кинематографияда, музыкада, театрда, сүрөт өнөрүндө экинчи жашоосун улантып жатышы — Айтматовдун өлбөстүгүнүн айкын күбөсү. Албетте, экинчи өмүр бергендердин Айтматовду кандай түшүнгөндүгүнө, талантына, темперементине жараша ар кандай планда өмүр жолу уланып келет...

Чыңгыз Айтматов “Адам баласы канткенде адам болот?” деген планетардык маштабдагы санаага батып, кылымдап адам баласын ойлонткон ойдо жүрүп кете берди. Эми биз улуу жазуучубуз айткан сөздү бүгүнкү күндүн сересинде карасак, "канткенде кыргыз кыргыз болот?” деген сөзгө үндөшөт. Бул ар бир кыргыз жаранын ойлонтуп-түйшөлтө турган маселе. Кыргыз эли эл болобу же мамлекеттүүлүгүн бекем кура албаган улут деңгээлинде калабы? Аттиң, арабызда акыл айта турган Чыңгыз Айтматовубуз жок. “Пайгамбардын өз элинде баркы жок” дегендей, арабыздан бир Пайгамбар чыкты эле, аны да эмдигиче барктап биле албадык. Оо, шордуу кыргыз. Канткенде “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” башкалар сыяктуу элдүүлүгүбүздү түптөй алабыз. Жаамы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы жана кыргыз элине кылымда бир келүүчү Кут болгон Адамга тийиштүү деңгээлде өз баасын берсек туура болот эле. Анткени ХХ кылымдын акыркы чейрегинде бүткүл дүйнөнүн акылман насаатчысына айланган Чыңгыз Айтматовго башка боордоштор өз сый-урматын жасап жатышпайбы...

Сапалкан Арипов, Бишкек шаарынын тургуну

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×