Добавить свою статью
27 Апреля 2020
Сабырдын түбү сары алтын

Урматтуу калайык калк! Эли-журтум!

Кыргыз элинин тарыхындагы саргайган карт барактар, эзелтен кылымдарды карытып, кыйынчылыктарга туруштук берип, эл болуп жашап келген 3 000 жылдык тарыхы бар кайратман элибизден кабар берет. Бул мезгил аралыгында кыргыз элинин башынан не деген ооматтуу жана апааттуу замандар өтпөдү. Бирде кыргыз мамлекети ыдырап, хандыгы кулап, бирде айылы менен сабалып, бирде ачкачылык кара тумандай каптап, жашоо өтүп жатты. Бирок Теңир ата колдоп кыргыз элим чачылбай, чайпалбай, төгүлбөй сабырдуу болуп, кыргыз элин, жерин, көөнөргүс өнөрүн, билимин, ыйманын, нарк-насилин аздектеп калтырды. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, тилин, дилин сактап кала алды.

Ошондой кыйынчылык күндөрдө эл не деген түмөн түйшүктүү оомал-төкмөл турмушту башынан өткөрбөдү. Элибизде “Өткөндү билбесең, келечегиңе жол ачылбайт” деген макал бар эмеспи. Элибиз башынан кандай гана сыноолорду өткөрбөдү, ар бир доор агымында апааттуу күндөрдү басып өттү. Азыркы биз жашап жаткан заманда да бүт дүйнө жүзүн кара тумоо каптап, элдин үшүн алууда.

Биз кийинки эле тарыхыбызга серп сала турган болсок, адамзатынын башынан не деген кыйынчылыктар өтпөдү. Катаал турмуштун айынан Кытайга тентиген кыргыздар жолдо, белде итке, кушка жем болуп (ашууда кырылган кыргыздар) кыргызга арка бел болчу жигиттер кеткен.

Улуу Ата Мекендик согуш, ачарчылык, союздун урашы, эки жолу болуп өткөн революция боордошторубузду, канча деген адамдардын өмүрүн алды. Азыркы учурдагы кара тумоо кыргызды майыштыра албайт. Мурда башынан кечирген кыйынчылыктарга карабай кыргыз элим сабырдуулугу, кайраттуулугу менен бизге бүгүнкү күндү тартуулап отурат.

Азыркы кыйын кезеңде да Президентибиз, Өкмөтүбүз бардык шарттарды түзүүгө аракет жасап жатат. Билим алуу үзгүлтүккө учурабасын деп сабактарды интернет аркылуу окутууда. Мугалимдер да салымдарын кошуп, өз милдеттерин аткарып жатышат. Андыктан агартуучуларга ыраазычылык гана айтабыз.

Ушундай кырдаалда күнүмдүк кыйынчылыкты көтөрө албай, ата-энелердин балдарына орой, үстөмдүк кылган мамилелери интернетке байма-бай чыгып жатканына биз баарыбыз күбөбүз. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей мындай жагдайды туура түшүнүп, келечегибизге туура тарбия көрсөтүп, бүгүнкү кырдаалга көмөктөшүп, жардам беришибиз керек. Келечекте мурас боло турган балдар-кыздарыбызга көңүл буруп, көмөгүбүздү аябашыбыз абзел. Эл-журтубузга Жаратканым жардам берип, бул сыноодон да аман-эсен өтөлү. Баарыңыздарга аманчылыкты каалаймын.

Урматтуу ата-энелер! Сиздерди сабырдуулукка, акыл менен иш кылууга чакырат элем.

Балдарыбыз чеп болоор...

Эмне үчүн жаман-жакшы дешебиз,

Билинбестен бул жашоодон кетебиз.

Убагында тирүүлүктүн баркын бил,

Бул турмуштан биз да бир күн өтөөрбүз.

Убагында кадырлашуу, сыйлашуу,

Бирге болуп түгөнбөгөн кырды ашуу.

Бул да калаар билинбестен жашоодо,

Калып калаар жаш кездеги сырдашуу.

Кайгырабыз көр оокатты көп жыйнап,

Тыным албай жаныбызды биз кыйнап.

Колдон келсе кадырлашып өтөлү,

Тирүүлүктө бирибизди биз сыйлап.

Биз өтсөк да балдарыбыз чеп болоор,

Алар биздин жолду улап бек болоор.

Акыл берип, аман болсо балдарың,

Анда жоктур бул жашоодо арманың.

Урматтоо менен,

КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, профессор Элмира ЖУМАЛИЕВА

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-08-2021
Замана кантип баратат?
1920

17-05-2021
Жолдошум врач!
4703

13-04-2021
Кароосуз калган айыл
2835

22-03-2021
Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
2827

23-12-2020
Туура тандоо жасайлы!
4247

14-12-2020
Чыңгыз Айтматовго
3652

04-12-2020
Мен адаммын!
7568

02-12-2020
Өмүрдү баалайлычы!
3216

31-08-2020
Эгемен күнүң кут болсун, кыргыз элим!
5058

05-08-2020
Аалы Туткучевге
3324

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×