Добавить свою статью
2 Мая 2020
Мугалимдердин, окутуучулардын айтылбаган эрдиги!

Учурда дүйнөнү вирус инфекциясынын пандемиясы – COVID-19 коронавирус айласын кетирип турган чак. Бул пандемия мыктымын деген өлкөлөрдү дагы, ортомун дегендерин дагы, бизге окшоп бутуна даана тура албай жаткандарын дагы сынап турат. Пандемия саламаттыкты коргогон уюмдарды гана эмес, эл чарбасынын баардык тармактарын бушайманга салып, чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерип койду. Биздин өлкөнүн мындай кырдаалга чара көрүүгө канчалык дарамети бар экендигин эл-журт массалык маалымат каражаттарынан баамдап, талдап, учуру келгенде пикирин айтып турат.

Элибиз саламаттыкты сактоо кызматкерлерине чоң ыраазы. Алар өзүлөрүнүн өмүрүнө коркунуч келгенине карабастан күнү-түнү өтө жугуштуу ылаң менен күрөшүүдө. Жыйынтыгын көрүп жатабыз – оң жагына бурулду. Медицина кызматкерлерине дагы бир жолу терең ыраазычылык!

Жакшы замандарда дагы, элдин башына мүшкүл түшкөндө дагы өздөрү тууралуу эч жарыялабай, кыйынчылыктарын эч кимге билдирбей, кесибине тиешелүү милдеттерин так аткарып, чарчадым-чаалыдым дебеген калктын катмары бар. Бул катмар – мугалимдер жана окутуучулар.

Өлкөнүн айрым шаарларында жана аймактарында өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал жарыялангандан баштап, мугалимдер, окутуучулар (албетте тиешелүү жетекчи органдары менен) мектепке чейинки окуу чөйрөсүн, мектеп окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин аралыктан окутууга киришишти. Аралыктан окутуу үчүн материалдык-техникалык база, аралыктан окутууга керектүү материалдар мурдатан түзүлгөнбү, жокпу эч кимдин иши дагы болгон жок. Бирок, бул маселе өтө олуттуу мамлекеттик маселе эле.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын жетекчилиги, декандар, бөлүм башчылары, кафедра башчылары, окутуучулар жана мугалимдер бул тууралуу эч кимге жана эч жерден жарыя кылбай эле өтө чукул даярдык көрүшүп, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан улантып кетишти жана улантып жатышат.

Аралыктан окутуу айтканга жеңил, аткарганга өтө татаал экен. Эгерде, мурда биз жумасына 5 күн, күнүнө 8 саат иш жүргүзсөк, аралыктан окутуу режиминде жумасына 7 күн, күнүнө 10-12 саат иш жүргүзүүдөбүз. Анткени, ар бир окуучунун, ар бир студенттин, кээде ата-энесинин каалаган, эстеген, кыйналган учурундагы бизге кайрылып сурагандарына жооп берүүгө милдеттүү экендигибизди сезип, жооп берүүдөбүз. Алардын коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө аракеттенүүдөбүз. Элибиздин кыйын учурларда биригип, сабырдуулук менен башка түшкөн көйгөйдү туура түшүнө билгендиги бизге олуттуу дем берүүдө. Элибизге терең таазим!!!

Мен, бул кыска билдирүү менен мугалимдердин, окутуучулардын пандемия учурундагы баркталбаган эмгегин калкка билдирип, айтылбаган эрдигине башымды ийип, чоң ыраазычылыгымды билдиргим келди. Чоң рахмат ардактуу, урматтуу кесиптештер! Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалаймын!

Түлөбаев Аскарбек Зарлыкович
профессор
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу,
ветеринария илимдеринин доктору

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×