Добавить свою статью
7 Мая 2020
Өмүр сакчыларына

Дүйнө элин каптаган пандемиянын эпкини Кыргызстанга да жетти. Бул илдетти бийлигине, байлыгына, даражасына карабастан ким болбосун жуктуруп албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Адам алгач өмүрүмдү сакта деп Аллага жалбарса, андан кийинки эле өмүр сакчылары дарыгерлер. Ал эми жарандарды дарылоодо медицина кызматкерлеринин жасаган эмгеги опол тоодой. Алардын эмгегине таазим...

Өмүр сакчыларына

Үрүл-бүрүл бөз айланткан алыстан,

Ою менен тыным албай жарышкан.

Өлкөсү үчүн эмгектерин арнаган,

Өмүргө өмүр улаган ак халатчан.

Уктабаган максатына жетем деп,

Жакшы ойлор магдыратып терметет.

Адамдарды ажалдан да сактаган,

Ак халатчан эмгегинен даңкталган.

Өмүр үчүн тикеден тик турушуп,

Эмгегинен бузулбас шаар курушуп.

Ооруп калган бейтап менен өздөрү,

Капаланып, кошо бирге оорушуп.

Көтөрүп элдин жүгүн аркаладың,

Өзүңдүн да ден соолугуң карабадың.

Кейисең да, күлүп-жайнап билгизбестен,

Сен мыктысы, камкорчусу адамзаттын.

Баамдасаң алардын кылган ишин,

Өмүрлөргө өмүр улоо экендигин.

Билгизбей, чаалыкса да сыр бербеген,

Көрөсүңөр оорусаңар доктур күчүн.

Түн бир оокум, жымжырттыкта теребел,

Саат жебеси түнкү үчтү көрсөтөт.

Күч келсе да улам көзүн ушалап,

Уктабастан өмүр үчүн күрөшөт.

Күн сайын саат жылбай бир топ убак,

Оорулууну көпкө чейин тиктеп турат.

Онтосо чебелектеп чарк айланып,

Улам-улам акыбалын сурап турат.

Ажал огун жаны менен тосушкан,

Өмүрлөргө өмүр улап кошушкан.

Дарыгерлер көтөрүп элдин жүгүн,

Силер бар, амандыкта элим бүтүн.

Атасы менен балдары

Бир үйдө үч врач бар жаркылдаган,

Иштесе ишке тойбой шартылдаган.

Жолдошум дарыгерлик аркалаган,

Уул-кызым да ата жолун жолдоп алган.

Ак халатыңар өмүр бою кирдебесин,

Эмгек кылган азаматтар бул ким десин.

Ата жолун улантып, узак жылдар,

Мекениңе кызмат кылгын чарчабастан.

Иштеген ишиңерде майтарылбай,

Ар бейтапты сүйгүлө өз адамдай.

Айыктырып ар бирин асылдарым,

Акыбети кайтып турсун эмгегиңдин.

Адамдардын ден соолугун силер тилеп,

Балдарым бул кесипти улап жүрөт.

Эли үчүн тынчсызданып изденип,

Эртели кеч тыным албай ар убак.

Балдарым садагасы алтындарым,

Жүрөгүмдөн орун алган жакындарым.

Ак иштеп, кызмат кылып элиңерге,

Алгылачы алардын ак батасын.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-08-2021
Замана кантип баратат?
1934

17-05-2021
Жолдошум врач!
4718

13-04-2021
Кароосуз калган айыл
2861

22-03-2021
Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
2861

23-12-2020
Туура тандоо жасайлы!
4263

14-12-2020
Чыңгыз Айтматовго
3674

04-12-2020
Мен адаммын!
7600

02-12-2020
Өмүрдү баалайлычы!
3235

31-08-2020
Эгемен күнүң кут болсун, кыргыз элим!
5080

05-08-2020
Аалы Туткучевге
3341

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×