Добавить свою статью
23 Июля 2020
Биз кайраттуу, намыстуу элбиз, намысыбызды бек сактап кайратынан жазбаган, Манас атабыздын урпактарыбыз

Биз кыргыздар өзүбүздүн соңку тарыхыбызда канчалаган оор турмушту, кыйынчылык коштогон күндөрдү башыбыздан өткөрсөк да, чабылып чачылып жок болуп кетпей, кыргыз деген улутубузду, жерибизди, өз эне тилибизди, нарк-насилибизди, маданиятыбызды жоготпой жашап келе жатабыз. Биз кайраттуу, намыстуу элбиз, намысыбызды бек сактап кайратынан жазбаган, Манас атабыздын урпактарыбыз.

Мына дүйнө жүзүн илдет каптап, жүрөктөр сыздап турат. Дүйнө элин дүрбөлөңгө салып, ири державаларды да чөгөлөткөн бул апаат элибиздин да башына чоң сыноону салып, жаш-карыны ылгаган жок. Эзелтеден бери кыргыздар жоого аттанганда бири-бирин колдоп, таяп, биргеликте кас душманга каршы чыгышкан. Кыргыз деген дух ар бир кыргыздын канындагы улуу күч.

Мына ушул улуу күч бизди кайсы убакта болбосун бир муштумдай бириктирери анык. Учурда да өлкөбүздөгү курч абалга байланыштуу канчалаган азаматтар бул илдет менен күрөшүүдө өз элине бел болууда. Мен япон жерине барганда, биз бүтүндөй шаарды суу каптап кетип, как эткен карга, кук эткен кузгун калбай, үйлөр жер менен жексен болгонуна күбө болгом. Жок болгон адамдардын урук-туугандарына жолукканда жүрөгү күйүп турса да, сабырдуу эл экендигине таң бергем. Мен да өз элимде капыстан келген бөөдө кырсык менен кайгы-муң коштогон бул апааттуу күндөр болбосо экен деп тилек кылам. Биз кайратман, сабырдуу, меймандос, кең пейил элбиз.

Элибизде кандай гана оор сыноолор болбосун аны биргеликте, сабырдуулук менен жеңип чыгып кетерибизге ишенем. Анткени адам баласынын жаралышынан тартып, эчендеген кылымдарды карытып, ар бир замандын апаатына, табияттын ар кыл сыноолоруна туруштук берип, өз алдынча эл болуп жашап келгенбиз. Элибиздин түбөлүгү түз болсун! Ар бир кыргыздын канында мен кыргызмын деген улуу күч турганда, биз биргеликте бул апааттуу илдетти да жеңе алабыз!

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

13-08-2021
Замана кантип баратат?
1920

17-05-2021
Жолдошум врач!
4703

13-04-2021
Кароосуз калган айыл
2835

22-03-2021
Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
2828

23-12-2020
Туура тандоо жасайлы!
4247

14-12-2020
Чыңгыз Айтматовго
3652

04-12-2020
Мен адаммын!
7569

02-12-2020
Өмүрдү баалайлычы!
3216

31-08-2020
Эгемен күнүң кут болсун, кыргыз элим!
5058

05-08-2020
Аалы Туткучевге
3325

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×