Кылымдарды басып өтүп, эл катары өзүнүн маданиятын сактап келген элибиздин басып өткөн жолу тууралуу азыноолак кеп сала турган болсок, кандай гана кыйын кезеңдерди башынан өткөрбөдү. Бирок, ата-бабаларыбыз бирде майышса, бирде жеңишке жетишип, чабылып-чачылып кетпей, Ала-Тоодой асыл жерин урпактарына мурас кылып калтырды. Биз кыргыздар байыртадан эгемендикти туу тутуп, ар кандай кырдаалды сабырдуулук менен жеңген кайратман элбиз. Эли-жерин кас душмандардан коргогон Манас атанын урпактарыбыз. Ар бириңиздерде элим, жерим, мен кыргызмын деген улуу сезим жашап турганда мекенибиз келечекке карай өркүндөп, өсө берет.
Ушул улуу күнүбүз жалпыбызга кут болсун! Баарыңыздарды эгемендик майрамыңыздар менен куттуктайм! Аманчылыкта болуп, иштериңиздерди ийгиликтер, турмушуңуздарды бакубаттуулук коштосун!
Эгемен күнүң кут болсун!
Эгемендик алган ушул улуу күн,
Куттуу болсун улуу кыргыз калкыма.
Өркүндөсүн Ала-Тоодой жерибиз,
Эркиндикти дайым күткөн элибиз.
Куттуу болсун кыргыз элим майрамың,
Гүлдөй берсин берекелүү аймагың.
Конгон кутту кетирбейбиз эч качан,
Келечектин нуру болсун жаштарым.
Кут конду, бакыт конду эл-жериме,
Берекеси мол болсун жергебизде.
Арышың кенен таштап келечекке,
Алгалай бер, өркүндөй бер умтула.
Жашайлычы бакубат биз жалпыбыз,
Түк кемибей өсө берсин калкыбыз.
Эгемениң түбөлүктүү кут болсун,
Көтөрүлүп кыргыз деген баркыбыз.