Добавить свою статью
23 Сентября 2020
Посвящается Дню кыргызского языка

Элибиз кылымдарды карыткан эл болгонуна карабастан анын байыркы тили жылдан жылга алсыз болуп баратканы сезилет. Менимче, анын негизги себептери бул - биздин мамлекетибиздин чечкиндиксиздиги жана баарыбызды токтоосуз каптап жаткан ааламдашуу агымы, ал тоодон келе жаткан кара селдей, жолундагы бардык нерсени агызып, талкалап кетип жаткандай. Ушуга байланыштуу акыркы мезгилдерде коомубузда кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси, аны мамлекеттик иштеринде толук колдонуу керектигин элибиздин белгилүү инсандары тынбай жалпы маалымдоо каражаттарында талкуулап жатканына баарыбыз күбөбүз.

Бирок, тилекке каршы, бир топ себептерге байланыштуу, али кыргыз тили биздин коомубузда өзүнүн татыктуу ордун ээлей албай жатат. Эмнеге мындай болуп жатат же дүйнөдө ааламдашуу, аны менен англис тили, үстөмдүк кылып баратканда, кыргыз тилдин ордуна, убакыт, эмгек жана каражаттарды коротпой эле, бир топ башка элдер сыяктуу, англис тилин эле жаштарыбызга үйрөткөнүбүз оң болобу? Ар бир кыргыз үй-бүлөөдө, жалпы коомчулугубузда бул маселе тик турат. Коомубуздун кээ бир белгилүү бөлүгү, Россияда миллиондогон мекендештерибиз эмгектенип жатканын эске алып, Кыргызстанда басымды орус тилине жасоо керектигин айтышат.

Учурда дүйнөдө 4 миңге жакын этностор бар. 2020-жылга карата жер жүзүндө 7117 тил катталыптыр. Адистердин эсептөөсү боюнча, 2100-жылга чейин дүйнөдөгү тилдердин жарымынан көбү жок болуп кетет экен. Ушул кылымдын аягында дүйнөдөгү 95 пайызга чейинки тилдер өлүп же жок болуп кетүү коркунучунда турат дешет. Жоголуп кетүү коркунучу бар тилдердин көпчүлүгү жергиликтүү тилдер. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, учурда 400гө жакын тил коркунучта. Тил акыркы сүйлөөчү менен кошо өлөт, демек, биринчи кезекте жазууну колдонбогон, жазуу адабияты жок жана өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болбогон этникалык топторго коркунуч туудурат.

Эгер менден Сиз бул маселеге кандай карайсыз деп сурашса, мындай деп жооп бермекмин: Эне тил - ар бир элдин жаны, руху, жүрөгү. Өзүнүн тилин жоготкон эл, эл катары бат эле жоголуп кетет.

Өлкөбүздө, өзгөчө Бишкекте, кыргыз тилин таптакыр билбеген же өтө начар сүйлөгөн, ошол эле мезгилде орус же англис тилдеринде булбулдай сайраган, мекендештерибиз аз эмес. Албетте, башка тилдерди билүү жаман эмес, тескерисинче, мындай көрүнүш кыргыз улуттун өкүлдөрүнө абдан чоң жетишкендик десек болмок, эгер алар өздөрүнүн эне тилин мыкты билишкенде.

Ар бир адам эне тилин билүү табияттан чыккан зарылчылык, себеби аны билбесе, анда башка тил аркылуу анын ички дүйнөсү куралат, ал киши башка элдин рухун, маданиятын, адебин кабыл алат. Эне тилин билбеген адамдын ички дүйнөсүндө, жүрөгүндө, аң сезиминде кылымдан кылымга, атадан балага өтүп келген ата-бабаларынын руху жоголот, ал киши өз улутунун тарыхынан жана руханий баалуулуктарынан узактап, аягында алардан айрылат. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" деген романында жазгандай маңкурт болуп калат, башка маданияттын туткунуна алынып, анын жансыз кулуна айланып, ага толугу менен баш ийип жана ата-бабаларынын мурунку жашоосунан эч нерсе эстебеген бир жанга айланат.

Мындай нерсе эмнеге алып келет? Анын балдары, урпактары башка улутка айланышат. Бул адамзаттын узун тарыхында болуп келген улуттардын улуу трагедиясы, далай элдер, күчтүү мамлекеттерин түзүп, дүйнөнү бир мезгилде дүңгүрөтүп жүргөн улуттар, азыр жок, себеби өздөрүнүн тилин унутуп, өзүнчө эл болбой, башка элдердин маданиятында чөгүп кетип, жоголуп кетишкен.

Ошондуктан эне тилди билүү бул эстүү адамга, ар бир мекенчилге өзүнүн элине, балдарынын келечегине карата кылган мамилеси. Эгер ал эне тилин билсе, демек элин сүйөт, баалайт жана урматтайт.

Улуттук мамлекетти түптөгөн элдин тили өнүкпөсө анын руханий байлыктары сакталбайт, ал коомдо эч качан руханий жаңылануу болбойт, улуттун ой жүгүртүүсү өнүкпөйт, анын эл аралык кадыр-баркы көтөрүлбөйт. Тил өнүгөт, эгер коомдо, мамлекетте, күнүмкү турмушта анын керектиги болсо.

Ошондуктан мамлекет бардык иштерин, эл аралык байланыштарын, иш кагаздарын бир тилде жүргүзүү керектигин белгилейм. Азыр мамлекетибизде иш кагаздары орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлүүдө, мындай нерсе көпчүлүк учурда пайдасыз чоң чыгашаларга алып келет, мисалы бардык мыйзамдар, алардын көп нускалуу, чоң көлөмдүү долбоорлору эки тилде даярдалып, каралгандан кийин ыргытылат.

Кыргыз тили өлкөбүздө колдонулушу үчүн ал мамлекеттик тил катары толук кандуу калыптанышы шарт, ал үчүн биз алдыңкы окутуу ыкмаларын, тилди жайылтуу, аны өркүндөтүү жолдорун, анын адабий жанрларын, сөз байлыгын, терминдерин, сөз айкаштарын, туруктуу сүйлөмдөрүн өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Тилекке каршы, мамлекетибизде мындай иштер керектүү деңгээлге жетелек.

Мисал катары кыргыз тилинин дипломатиялык тармагындагы абалын айта кетсем. Көп жыл кыргызстандык белгилүү эле котормочулары Сауд Аравия Королдугу деп бул мамлекеттин расмий атын которуп келишкен же Афганистанды Ооганстан деп. Ушуга окшош күлкүлүү мисалдар көп. Бул эмненин белгиси- бул биздин сабатсыздыгыбыздын, бизде тил илими, кыргыз тили, которуу өнөрчүлүк өнүкпөгөндүктүн белгиси.

Ушуга байланыштуу дипломатиялык тармагында иштеген кызматкерлер, эл аралык терминдерди кыргыз тилине так которуп, кыргыз тилине жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарды, терминдерди, фразеологизмдерди тынымсыз киргизип турганда гана кыргыз дипломатиялык тили өнүгөт жана ушундай жумуш өлкөбүздөгү ар бир тармагында жүргүзүлүш керек. Мына ошондо гана кыргыз тил биздин коомдо өзүнүн функцияларын толук аткара алат.

Ар бир өлкөнүн мамлекеттик расмий белгилери бар- жергеси, чек арасы, гимни, туусу, паспорту, президенти, тили. Көп учурларда, биз, эл аралык байланыштарда, ишти жеңилдетүү, иш чараларды ыңгайлуу өткөрүү максатында дүйнөлүк тилдердин бирин колдонуп кетебиз. Ушинтип, биз, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, маданиятын эл аралык коомчулукта тастыктоо мүмкүнчүлуктөрүн колдон чыгарабыз.

Менимче, бардык расмий сүйлөшүүлөр, биздин жетекчилер ал мамлекеттин тилин жакшы билген учурда дагы, кыргыз тилде, которуу менен, өткөрүлүшү керек. Мындай биздин мамлекеттик протоколу улуттук дипломатиясынын, кыргыз дипломатиялык тилинин өнүгүүсүнө, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды жана коопсуздугубузду камсыздоого кепилдүү мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан көп улуттуу мамлекет, бирок турмуш көрсөткөндөй, коомдо улуттар аралык ынтымак болсо, ошондо гана өлкөдө туруктуулук болот экен. Элди эл кылган тил жана элдерди бириктирген дагы нерсе тил. Эгер Кыргызстанда башка улуттар кыргыз тилинде эркин сүйлөшсө, анда улуттар аралык достук дагы бекем болот. Эгер башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин билсе, үйрөнүп жатса, биздин маданиятыбызга кызыкса, анда алар кыргыз элин урматтап баштайт, аны тереңирек билгени аракеттенет, себеби тил аркылуу элибиздин көп кылымдык тарыхы, маданияты жана өзгөчөлүктөрү менен таанышат. Көп элдерде, ошондой эле кыргыз элинде, жакшы сөз бар: тил- элдин дили (жүрөгү). Ошондуктан, ар бирибиз эне тилге аяр мамиле кылайлы, аны көздүн карегиндей сактайлы.

Аягында тилге тиешелүү бир кызык нерсени айтып берейин. Мен Майлуу-Суу шаарында орус тилдүү мектепте анан техникумда окудум. Кийин он беш жыл катар четте- аскердик кызмат өтөп, окуп, иштеп жүрдүм, коллективде дайыма жалгыз кыргыз элем. Алыстан ата-энеме, бир туугандарыма тынымсыз кат жазып турчум. Ал каттарымды кийин капыстан үйдөн таап алып, аларды кайрадан окуп чыктым. Эң кызыктуу жана мен үчүн уяттуу нерсе, жыйырма беш жашыма чейин кыргыз тилинде ө, ү, ң деген тамгалар бар экендигин билбепмин. Мени эч ким жазуу кыргыз тилине үйрөткөн эмес экен, себеби, ал мезгилде Кыргызстанда орус тилдүү бала-бакчаларда, орто жана жогорку окуу жайларда кыргыз тил боюнча сабактар жок эле.

Демек, мамлекетте кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жогоруда айтылган шарттарга кошумча жакшы үйрөнүү шарттарын түзүү абдан маанилү. Менин эне тилим- кыргыз тил, бирок, тилекке каршы, алтын апакемдин сүтү, мээрими, сүйүүсү менен мага берилген бул чексиз байлыкка көп жылдар бою жетпей жүрдүм. Бирок, жылдан жылга жүрөгүмдө эне тилиме карата өзгөчө сезимдер жаралып, күчөгөнүн байкадым. Ушундай учурларда кыргыз тилде ырдагым келет, ыйлагым келет, сүйлөшкүм келет. Бүгүн дагы ушундай бактылуу күн:

МЕН СЕНИН КУЛУҢ БОЛГУМ КЕЛЕТ, ЭНЕ ТИЛИМ

Менин ишеним досум! Менин падышам!

Мен сенин кулуң болгум келет, эне тилим!

Башка тилге курман болуп, түтүн болдум!

Ачууланган чакырык сыяктуу менин ыйым.

Арманыңды чынжыр менен ороп койдуң,

Нечен жылдар сабыр кылып, мени күттүң,

Байлыгың жок, мурасың жок, кыйналып,

Мен жүрдүм, жылдар бою, тентек болуп, майдаланып.

Бирок, жүрөгүмдө, сезип жаттым, сен отурдуң безилдеп,

Жамандыктан сактап, абийиримди коргоп, намысымды ойготуп.

Мына, чөкөлөп келдим алдыңа, көз жашымды куюлтуп,

Сен менин өч алуучумсуң, сен менин Куткаруучумсуң.

Авазбек Атаханов

2020 ж. 15-сентябры, Доха ш., Катар

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-09-2020
Что же объединяет кыргызов и венгров?
1531

22-09-2020
Кыргызстан должен развиваться быстрее
3300

11-09-2020
Кадры решают всё
4495

07-09-2020
Какая экономика нам нужна?
4590

02-09-2020
Нужна серьезная работа над ошибками: Такая система здравоохранения нам не нужна
5046

29-08-2020
Кыргызы, победившие время и пространство (посвящается Дню независимости Кыргызстана)
5081

20-08-2020
На предстоящих выборах должен победить народ, а не партии
2687

17-08-2020
Работа №1 над ошибками: Бишкек – как необработанный алмаз
4600

15-08-2020
Cколько и какие партии придут в кыргызский парламент?
9984

13-08-2020
Нужна ли нам административная реформа?
5729

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×