Добавить свою статью
6 Ноября 2020
Аким аке Акжолов

Өгүнү Жалал-Абад, Сузак жактан суук кабар жетип келди. Айтылуу журналист Аким Акжолов о дүйнө салыптыр. Кайран киши!

Жетимишинчи жылдардын баш ченинде Аким аке райондук “Пахтачы” гезитинде иштеген, дубандык, жумурияттык мезгилдүү басма сөзгө тынбай жаңылык, макала жөнөткөн жапжаш журналист эле. Алгачкы жолу кайдан таанышканым так эсимде жок, айтор, ал биз окуган педагогикалык окуу жайына кадам аттап кирип, андагы адабий ийримдин катышуучуларына боор басып жүргөнү алигиче карегимде күнү бүгүнкүдөй элестеп турат. Ийленип быша элек ыр саптарыбызды “Пахтачыга” сунуштап, бир ууч “чымындууларды” Ошко баралы, Жолон Мамытовго жолугалы, ошо кезде маданий-маалымат чөйрөсүндө эмгектенчү Исраил Сулайманов, Шабданбай Абдыраманов, Таш Мияшев, Кармышак Ташбаев, Курбаналы Сабыров, Абдимитал Камалов өңдүү таанымал акын-жазуучулардын көркөм өнөр, дегеле бүткүл жашоо туурасындагы кеп-кеңешин угалы дегенчелик үндөгөнү да жадымда.

Бара-бара Аким аке экөөбүз ынак болуп кеттик. Кээде башкармалардын унаасын сурап минип, чарба кыдырабыз. Кабарчы чөнтөк дептерине фактыларды, сандарды, адам аттарын чиймелейт, өзүм эсе унчукпай керектүү суроо узатканды, дегеле эл менен баарлашканды үйрөнөм. О, анда, “Пахтачынын” Сузак кыштагындагы кеңсесине куп каттадым го!? Арада Аким аке редакциянын катчысына бирдеме бастырып отурган учурларга күбө өтөм. Демейде кыргызча сүйлөбөгөн өзбек эже анын ар бир сүйлөмүн илбериңки иле коюп, машинканы чыкылдатууга маштыгына биресе таңданам да, биресе суктанам.

-Эмне үчүн студенттик белет көргөзсөң, калем акыңды бербейт экен? СССРде паспорт он алты жаштан ары тапшырылат, –деп, Акжолов бир курдай мени Жалал-Абад шаарынын борбордук почтасына ээрчитип барды. Кайраттуу кара чачын артка тарап, кызматтык күбөлүгүн жыгач тосмонун үстүнө чаап, орусча айтты: - Имейте ввиду, он у нас внештатный корреспондент.

1973-жылы азыркы Улуттук университеттин филология факультетинен салыштырмалуу кеч окуй баштаган. Журналистиканын сырларын тереңдеп казмакка чындап бел байлаганы байлаган, бирок, КМУда тигиндей бөлүмдүн уюштурулмагы кайсы бир себептерден улам кийинкиге жылдырылгандай сыяктанды белем. Арийне, кайдан жана кандай билим алганына карабастан студент Акжоловдун ар кыл жанрдагы чакан-көлөмдүү публицистикалык чыгармалары “Ленинчил жаш”, “Мугалимдер газетасы”, “Советтик Кыргызстан” басылмаларынын беттеринде байма-бай жарыяланып жатпадыбы!?

Катча жеңе, жубайы, чиедей балдарын чоңойтуп айылда, Аким аке адистигин жогорулатып Фрунзеде жашаган мезгилди жакшы билем. Анткени бир жыл айланып-айланбай атайын орто окуу жайын аяктап, өзүм да университеттин филфагына илештим. Баскан-турганыбыз чогуу, ой-максатыбыз окшош, бири бирибизди караан тутуп далай күндү ийиндеше, жанаша кечирдик. Деген менен Аким акенин топтоого үлгүргөн турмуштук тажрыйбасы кыйла арбын, мага, үкөсүнө таасири күчтүү, көмөгүн көпсүнбөйт, акылын аябайт. Баса, жайгерчиликте “биринчи байлык –ден соолук, экинчи байлык –ак жоолук, үчүнчү байлык –Акжолов” десем жаркылдап күлөт.

Аким Акжолов сейрек кубулуштарды сергек байкоочу калемгер катары тушунда Кара-Дарыялык кыргыз күрөшүнүн чеберлерин даңктап жазды, Ырыс чөлкөмүнөн чыккан туңгуч тракторчу кыздын өмүрүн, эрдигин изилдеди, Жалал-Абаддын четиндеги Мадумар атанын өзгөчө мантысын калың журтчулукка жарнамалады... Ыр токуду, аңгеме чүргөдү. Туулуп-өскөн жеринде редакторлук кызматты, коомдук жумуштарды аркалады. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде журналисттердин болочок муундарын тарбиялоого салым кошту. Куда кааласа, ысымы гезиттердин саргарган көктөмдөрүндө, замандаштарынын жүрөгүндө калды.

... Ий-е, көзүмө жаш кылгырат. Бул көз жаш орду толгус жоготуунун гана эмес, агабыздын түбөлүк өчпөс ак эмгегине сыймыктануунун дагы көз жашы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-01-2024
Меня многое связывает с вами
5767

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе
6440

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений
7007

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля
14610

10-05-2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!
18115

24-01-2023
Нас украшают скромные награды
18003

29-12-2022
Чыңгыз Айтматов: жаңы жылдык тост
20360

16-11-2022
Насирдин Исанов — настоящий герой Отечества
20657

07-11-2022
На полях «Петербургских встреч в Кыргызстане»
18694

19-09-2022
Не договариваются не любя
18862

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×