Добавить свою статью
5 Декабря 2020
Анекдоттун аягы эмне менен бүтөт? («Санааркаткан саясат» деген китепке даярдаган материалдан тезистер)

Өткөн кылымдын 80-жылдарында Советтер Союзунда болжолдуу түрдө мындай бир анекдот болоор эле. Мамлекетти башкарууну Ленин акыл-эс, илим-билим, тажрыйба менен башкаруу керек экенин көргөздү, Сталин күч менен, коркутуп-үркүтүп, камап атып башкарса да болоорун көрсөттү. Ал эми Хрущев болсо алкаш, жинди адам деле мамлекетти башкара берсе болоорун, Брежнев болсо мамлекетти башкарбай койсо деле боло берээрин көрсөттү, – деген.

Ушул анекдоттогу көрүнүш эгемендүү Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына салыштырса куп гана жарашат да. Айталы академик Акаев дүйнөлүк дөө-шаалардын айткан – деген, жазгандарын мисалдатып сүйлөсө суктанып эйфорияда 5 жыл өттү. Кийинки 5 жылы деле чоң үмүт менен жашадык. Андан кийинки 5 жылдыкта биротоло түшүндүк арабабыз бош калтырак экенин.

Андан кийинки Бакиевдин заманында экономикабызда бир топ жылыштар алгылыктуу иштер болгонуна карабастан инилеринин жана балдарынын жосунсуз жоруктары элге жакпай ал кетти. Масы, соосу же жинди экенин билинбей Атамбаев кетти (токсонго жакын жигиттердин өлүмүнө анын тиешеси бар же жоктугу жана бир топ шектүү иштери али ачыла элек дың бойдон турат).

Көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген Атамбаевди каматтырганын эске албаганда бар же жок экени билинбей – “факты бергиле” – деп жүрүп Жээнбеков да кетти.

***

Кыргызстандын кыска отуз жылга жетпеген эгемен тарыхыбызда ата-бабабыз эңсеп келген мамлекеттүүлүгүбүздү үч жолу жоготуп ала жаздадык. Бул дүрбөлөңдүү күндөрдө өлкөбүздө, анын борбору Бишкекте эч ким, эч кимге баш ийбеген тополоңдо, ар бир кыргызга ыйык болгон мамлекеттүүлүктүн символу болгон “Ак үйүбүз” таланып-тонолуп талкаланып, өрттөлдү. Дүйнөнүн бир да мамлекетинде кезикпеген бейбаштык, мыйзамсыздык өкүм сүрдү. Акаевден башталган приватизацияда көз ачып жумганча эле эбегейсиз байлыкка ээ болгон олигархтар, же болбосо ошол токсонунчу жылдарда 25-30 жаштын тегерегиндеги шылуун жигиттер Акаевдин Айдары, Бакиевдин Максими, Атамбаевдин шоопурунун тегерегинде жүрүп ири мамлекеттик кызматтарды жана мыйзам чыгаруучу орган парламентти толук ээлеген криминалитет менен шектүү адамдардын арааны жүрдү. Алар: саясый жактан сабатсыз, теориялык билимден кур жалак, тажрыйба жок, турмушту уурулук талап-тоноочулук. Мамлекеттик кызматты пайдаланып жеке кызыкчылыгына багыттаган адамдардын чоң тобу пайда болуп, бүгүнкү күндөгү эл чарбасынын бүлүнүшүнө жана илим билимди, маданиятты биротоло талкалашты.

Эң кызыгы азыркы жогорку тепкичтеги бийлик адамдарынын жана депутаттардын дээрлик бардыгынын “биографиясында” басып же тоноп алган, мыйзамсыз же “мыйзам менен” өзүнө каттатып алган ж.б. эл билген болгондо да карапайым эл билген кара тактары бар. Мына ушуларды көрүп өсүп келе жаткан жаштарыбыз – ушуларга окшошкусу, ушулардай криминалдык абройлуу депутат, министр болгулары келет.

***

Мамлекетти башкарууда батыштын да, чагыштын да акылмандары өз эмгектеринде бийликтин табиятын чечмелеп көп жазышкан. Алардагы рационалдык данды ала турган болсок негизинен жетекчи чоң үч типтен турат. Биринчи топто албетте ал адамга кудайдан берилген талант. Мындайлар дүйнө саясый тарыхында көп. Бизде Кыргызстанда И.Раззаков. Ал өлкө үчүн, улут үчүн чоң эмгек кылып элдин эсинде сүймөнчүлүк менен түбөлүк калды.

Экинчи типтегилер өз ишмердигинде бирөөлөрдү туурап же андан ийгиликтүү жыйынтык чыгара албай же өзүнөн элге керектүү жөндүү ой чыкпай, тескерисинче элди алдап, башын айлантып жалган айтып куру кыял менен өтөт – элге эле кыйын болот.

Үчүнчү типтегилерге өзүнөн да эч нерсе чыкпайт, өзгөлөрдөн да үйрөнбөйт. Мамлекетти башкарууга кокусунан келип калгандар. Булардын тушунда эл эле эмес мамлекет да жакырланып бүтөт.

Ар бир типтегилер үчүн өзүбүздөн да дүйнөлүк тарыхтан да көптөгөн мисалдарды келтирсек болот эле, бирок ал биздин максатка кирбейт.

Жетекчинин негизги касиети бул жупунулук, негизги максаты элдин турмуш-тиричилигин, материалдык абалын оңдоо. Эгерде элдин турмуш-тиричилиги оңолсо гана ага руханий дөөлөттөр менен таанышууга өзүн-өзү өстүргөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Убагында И. Раззаков Кыргызстан империянын чеңгелинде турганда 1956-1959-жылдарда РСФСР, Украинадан кийинки үчүнчү республика болуп дотациядан чыккан. Ошондон өзүбүздүн каражат менен мектеп жашындагы балдарга ысык тамак уюштурган. И. Раззаковдон кийинки заманда жалаң дотацияда, эгемен жылдарга гранттар жана карыздар менен жашап келатпайбызбы! Демек биринчи кезекте республиканын экономикасын көтөрүү турат. Бизде бийлик мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес өз үй-бүлөсүнүн, өз кланынын, өзүнүн тегерегиндеги куда-сөөктөр үчүн жашап келди. Ошонун кесепетинен бүгүнкү күндөгү бир муундун акыл-ою, максаты, кала берсе, психологиясы башкача калыптана баштады.

***

Акаевдин алгачкы мезгилинде каратаман интеллигенция жана карапайым адамдар эгемендүүлүктүн эйфориясында жүргөндө комсомолдон “тарбия” көргөн шылуун жигиттер “ачкарын” профессорду тез эле жашыл кагазга үйрөтүп коюшту. Ошондуктан тегерегинде аны бийликке алып келген мамлекетчил адамдарды топ-тобу менен “которуп же көтөрүп” жиберди да шылуундардын карамагында “эркин” калды. Ошентип мыйзамсыз байыгандардын алгачкы катмары республикада түзүлдү. Ал эми Бакиевдин мезгилинде балдары, инилери баш болгон топ, Атамбаевдин убагында шоопур, секретаршалары баш болуп, анын колунан наам, акча, саат ж.б. алгандардын чоң тобу пайда болду. Улам төңкөрүш (революция) болуп, бийлик алмашканда мурдагы мыйзамсыз байыгандардын кандайдыр бир бөлүгүн сүрүп чыгарганы менен негизги топтун өзөгү кала берген. Жөн гана алар мунасага келип мурдагы бийликтин убагында жыйнаган дүйнөсүнөн жаңы бийлик менен бөлүшө коюп жан сактап келишти. Демек бүгүнкү күндө президент, өкмөт, депутат, министр боломун дегени да, мурдакысы да, кийинкиси да, болочоктогусунан да каза берсе сөзсүз бир нерсенин кулагы чыгат. Бирок алардын көпчүлүгү “мыйзамдуу” түрдө ишке ашкан. Айталы алар акционерлешип кеткен, же кайсы бир Эшмат, Ташмат аны сатып алган кийин “колдон, колго” өтүп анан негизги коррупционер өзү “сатып” алган. Кынтыксыз иштелген схема. Эч ким эч нерсе деп “богуна куурай сайа” албайт.

***

Жаңы Конституция жөнүндө коомчулукту дүрбөткөн сөздөр селдей каптады. Анткени көпчүлүк жаңы Конституциянын редакциясы десе айрымдар оңдоп түзөлгөнү деп, анын үстүнө өмүрүндө Конституциялык курулуш жөнүндө кат сабаты жок, анын негизги принциптерин билбеген айрым адамдардан Конституциялык кеңешме дегенге кирип калып же көчөдөн эле келип, теңирден тескери ойду-тоону айтышып, элдин башын биротоло айлантып таштады. Кудай жалгап Конституцияны талкуулоо жазга-күзгө калтырылганы калды окшойт шекилди. Анткени Конституция мамлекеттеги бардык катмардагы адамдарды, бардык саясый күчтөрдү консенсуска алып келе турган негизги документ болгондуктан аны жазганга оппозиция, позиция дебей бардыгы катышуусу максатка туура келет.

Конституцияда Кыргызстанда болуп жаткан башаламандыкка ким жооп берет ошону тактап, Курултайдын статусун белгилөөгө окшогон негизги маселелердин принциптерин белгилөө керек. Аны аябай майдалап, деталдаштыруунун кереги жок, алар бардыгы мыйзамдар менен такталат жана аныкталат. Конституция жөнүндө узун сөз али алдыда.

***

Кыргыздын чор таман интеллигенциясы, ишкер бизнесмендери да кыйын экен. Канча жолу өз принциптерин алган багыттарын бирде Акаевге, бирде Бакиевге тууралап, анан эми эле Атамбаевге ыкташып, Жээнбековго жакындаша баштаганда “революция” болуп кетип же жөн эле кетип калып, тезирээк жаңысына ыктоо жагынан профессионал да болуп калышты.

Акаев аким же губернатор болосуң деп турганда төңкөрүш болуп план бузулуп, эми эле шайлоосунда ишенген адамы болуп жакындаша баштаса анысы ишин таштап кетип, жолу болбой калгандар жер муштап олтуруп калышты. Ошондуктан эртерээк эле жакындашып, микрофондон кичине башкачараак ойлонгонду “энесин көрсөтө” толгоп көзгө көрүнүп коюш керек болуп калды. Ошондо мүчө-корреспонденттик, академиктик же Манас-Сейтек деген орден-медаль алып калыш оңой болот. Эгер “жакшы кызмат кылса”, галошу жыртылган айрымдар “герой” да болуп калуусу ажеп эмес. Анткени “эмгеги сиңген” да!

Жагымпоздук токтомойунча кыргыз оңолбойт. Кийинки кезде туураны-туура, дурусту-дурус, бурушту-буруш дей турган адам да калбай калды окшойт?

***

Орусиянын тарыхты, саясатты изилдегендери алардын соңку жаңы тарыхы тууралуу мындай бир ойду айтып жүрүшөт.

СССРдин мезгилинде көп жылдар бою бийликтеги шагыраган чалдардан жадашат. Андан кийин орустун илгертен келе жаткан билимсиз падышаларына окшош аңды-дөңдү сүйлөгөн, аракты өкүртө ичкен Ельцинге ыктап, ошону көсөп турушту дешет. Бирок Ельциндин тушунда Орусия бытырап мамлекеттүүлүгүн жоготуп жибере жаздаган абалга туштуккан кезде тарыхый аренага Путин келди. Путин Орусияны бириктирип сактап, анын аброюн эл аралык деңгээлге көтөрүп, Ельциндин да атын сактап калды. Бирок азыр орустар Путинден да жадашкандай. Демек, диалектиканын сандан сапатка өтүү мыйзамы саясатта кездешет экен, түбөлүктүү эч нерсе жок, бардыгы өзгөрөт, жаңыланат.

***

Сөзүбүздүн башындагы анекдоттун аягы эмне менен бүтөт? – дебедик беле, ошондуктан ушуга байланыштуу дагы бир окуяны кыстара кетейин.

Хрущевдун мезгилинде ага карата өтө көп анекдот болгондуктан Хрущев КГБнын чоңун чакырып, анектод чыгарган адамды тапкын- деп тапшырма берген дешет. Алар, албетте, шимшилеп жүрүп кайсы бир заводдон Иван деген анекдотту көп айткан (чыгарган) жумушчуну таап, Ялтага Хрущевго алып келишет. Аны менен көпкө сүйлөшөт. Анан Хрущев астында турган түркүн закускаларды көрсөтүп, мына, Иван, азыр сенде мындай жакшы арак, икра, балык ж.б. жок, бирок коммунизмде сенде да болот дейт. Анда Иван: Урматтуу Никита Сергеевич, сиз менен азыр эле мындан ары анекдот чыгарбайбыз деп макулдаштык эле, а бирок сиз өзүңүз анекдот чыгарып атпайсызбы, – деген экен.

Анекдоттор турмуштан алынат эмеспи, кандай уланаарын көрө жатаарбыз. А Иван деген орус кийин белгисиз жоголгон дешет.

Бизде андай анекдот чыгарган адам да жок, кырдаал да башка, бирок кандайдыр бир деңгээлде окшоштуктар бар. Алардан сабак алуу парз.

Жолборс Жоробеков

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×