Добавить свою статью
25 Января 2021
Конституциядан үлгү алалы

Башкаруу формасы боюнча АКШ Президенттик өлкө болуп саналат. Президент аткаруу бийлигинин гана башында турбастан, мамлекет башчысынын да милдетин аткарат. Президент парламенттин астында, импичмент формасында, жоопкерчиликтуу болгону АКШда республикалык башкаруу экендигинин төгүндөлгүс чындыгы.

Кыргыз мамлекетинде республикалык башкаруу барбы, же отуз жылдан бери Кагандык мамлекетте жашап келе жатабызбы? Мыйзамдуулук орногондон кийин гана кандай мамлекетте жашай тургандыгыбызды аныктай алабыс.

Башкы темага кайталы. Бийликти борбордоштурууга жол бербес үчүн негиздоочү аталар, аны федерация менен штаттарга бөлүштүрүшкөн. Мамлекеттик бийликти ишке ашырыш үчүн федералдык денгээлде конгресс, президент, Жогорку сот анын үч бутагы катары, чектелген функцияларда, өз ара көзөмөлдөө механизмдеринин негизинде иштешет. Ошону менен бирге мыйзам чыгаруучулар чектен ашкан бийликти жүргүзбөс үчүн, алар тен укуктуу эки палатага бөлүнгөн, президентти шайлоо укугуна ээ эмес. Мындан ары көпчүлүктүн тираниясына, шайлануу өкүмзардыгына, шайланган эки орган жең ичйнен сүйлөшүп алуусуна жол бербес үчүн, бийликтин демокра́тиялык, саясий бутактарын, эл тарабынан шайланбаган сот бийлиги, биринчи кезекте АКШнын Жогорку соту аркалуу тен салмакка келтирилип турат.

Бул схеманын негизине Ш.Монтескьенин идеясы алынган (муну менен бийликти бөлүштүрүүдө теория жана практикада ири кадам ташталган) Себеби бийликтин үч бутагына бири-бирин көзөмөлдөө механизми кошулган. Ар бири бири-бирине "кароолчулук" кылып, бийликти жеке кызыкчылыкка пайдалануудан, тиран болуудан сактап, диктатурага аракет кылуу жолун бууган. Көрсөтөлгөн ооздуктоо жана каршы тен салмактоо (checks and balances) натыйжада дүйнөлүк конституция мейкиндигинде кеңири тараган.

Президент, Конгресс палатасынын мыйзамдарына вето коюу укугу менен, эл өкүлдөрүн ооздуктай алат. Конгресс өз кезегинде прецедентти (кокустук) импичмент аркалуу жеңип чыгуу укугуна ээ болгондуктан сот жараянын жүргүзө алат. Бул укуктук мүмкүнчүлүк кызматтагы бардык инсандарга, судьяларга да тиешелүү.

Импичмент укугу, тең салмактоочу күч катары сот бийлигине да каршы колдонулушу ыктымал. Мындан башка Президент менен Конгресс (сенат) Жогорку сотко өз таасирин берип турат, анткени алар Жогорку соттун составын биргеликте аныктайт.

Жыйынтыгында сот алардын акты конституцияга дал келбей тургандыгын моюнга алуу менен, Президентти, Конгрессти да ооздуктай алат. Бул Конституцияда жазылган эмес, талаш-тартыштарды чечүүдө, Конституцияга түшүндүрмө берүүдө пайда болгон да, аралаш конституция деп аталып (mixed Constitution) Kонфедерациясын пайда кылган. Ал бири-биринин көзөмөлдөөсүнө шарт түзүп, бир да бийлик бутагына артыкчылык бербейт. Бийлик бутактары чектөөгө алынгандыктан адамдар үчүн коркунуч жаратпайт.

Бийликтин Жогоркуындай бөлүмдөргө, бөлүнүп кеткендигине карабастан,алардын иш аракеттери бири-бири менен кесилишип, полномочиялары өз ара айкалышып турат. Эми мыйзам чыгарууга Конгресс гана ээлик кылбастан, аткаруу бийлиги да жандуу катыша баштады Жогорку сот дагы конституцияга, укуктук нормаларга түшүндүрмө берүү аркалуу прецеденттерди, мааниге ээ болгон конституциялык,укуктук, мыйзамдык нормаларды аныктап түзөт.

Аткаруу бийлигинин сферасы да көмүскөдө калбайт. Сот буйрук системасынын негизинде, органдарды же кызмат ордундагы адамды кайсы бир, иш аракеттерди аткарууга же аны токтотуп турууга милдеттендирет. Ар турдуу бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулуктун түзүлүшү (баланс) Америкада дуалистик мамлекеттин түзүлүшунө мүмкүнчүлүк берди.

Албетте,укуктук маданияттын, саясий күчтөрдүн, кызмат адамдарынын жогорку денгээлде болушу шарт түздү. Эксперттер-Американын борбордук өкмөтүнүн натыйжалуулугунун төмөндөгөнүнө карабастан, бул принцип Американын доктрина, практикасында конституционализмдин негизги булагы бойдон калууда. Америкалык окумуштуу Дуглас Леттер айткандай; Кошмо Штаттардын 200-жылдык тарыхында кандайдыр бир инсан же өкмөттүк кандайдыр бир орган үстөмдүк кылып демократияга коркунуч түзгөн эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1116

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1489

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1992

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×