Добавить свою статью
13 Февраля 2021
Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналат! ЭСКЕРҮҮ

Коррупция менен күрөшүүдө өз өмүрүн аябаган, эр жүрөк, чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналат!

ЭСКЕРҮҮ (Улан Эгизбаевге)

Ачык элең тик сүйлөгөн

тайманбай,

Бешенең күйүп турган жазы

маңдай.

Арабыздан мыкты уулубуз

кетип калды,

Шум ажал алып кетти түк

карабай.

Акыйкатты туу туткан жигит элең,

Курч сүйлөгөн, айткан кебиң

даректүү.

Чындык издеп, жанын үрөп

жашоодо,

Көрө билген, өткүр көздүү

каректүү.

Унута албай үмүт менен жол

карап,

Ата-энеси телмиришет жол

карап.

Кандайча деп болгон ишке

ишенбей,

Көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаш тамат.

Бейажал кетти билинбестен

өмүрдө,

Кол да барбай кабырына

көмүүгө.

Улан дедик жүрөгүбүз

кысылып,

Улан тирүү унутулбай

көңүлдө.

Улан азыр бул жашоодо

өлгөн жок,

Аны эли кабырына көмгөн

жок,

Уулу калды арт жагында

чеп болуп,

Туш-туш жагы алтын ордо

бек болуп.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

24-04-2020
Акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналат
8572

18-01-2019
Государственные должностные лица могут быть подвергнуты критике в СМИ
4329

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×