Добавить свою статью
22 Февраля 2021
Импичмент

Импичмент аркылуу Президентти соттоого болбойт турбайбы соттордун баарын өзү дайындаса - деген түшүнүктөр, Баш мыйзамдын долбоорун талкууга алганда пайда болууда.

Импичмент сөзсүз түрдө президентти соттотуу дегендике жатпайт. СӨЗСУЗ эле президент соттолуш керек болсо, ким президенттике аттанат? Президент криминалдашып калабы анда, кеп конституциялык мыйзамдарды бузбоо жөнүндө болуп жатат. Эгерде бийликтин башында турган адам, чыккынчылык кылып же мыйзамдарды бузса, парламент Жогорку соттун торагасынын катышуусунда Президентти кызматтан четтетет, андан ары мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыйуу салынгандан кийин, жалпы негизде жоопко тартылат. Албетте, парламент мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнун макулдугу болгондо гана импичмент ишке ашат.

Биз Американын баш мыйзамындагы импичмент жөнундө мисал келтирдик. Кыргызстандын баш мыйзамында мындай норма азырынча жок. Имараттарды өрттөп, талап тоноо менен бийлик астанасын солкулдатпастан, системадагы көйгөйдү Конституциялык мыйзамдар аркылуу чечүүгө кадам таштоо зарыл.

Президенттин, парламент мыйзамдарына вето коё ала тургандыгы да чоң иш чара болуп саналат Ал парламентти таркатууга алып барышы мүмкүн. Импичмент, Вето - Президент менен парламенттин ортосундагы тең салмакты сактап туруучу каршы оордук.

Эми жогорку сот жөнүндөгү маселени карайлы. Жогорку соттун төрагасын Президент өзү дайындайт. Анын тогуз судьясын президент, парламенттин макулдугун алып кызматка коёт. Жергиликтүү сотторду уюштуруу жана бекитүү парламенттин милдети. Президент сотторду өзу дайындагандан кийин аны соттой албайт деген примитив пайда болууда. Конституцияны чечмелөөдө Жогорку Сот чоң артыкчылыктарга зз боло алат. Ал инсанды же ишкана уюмдардын иш аракеттерин токтотуп коё алат, ошондой эле президенттин же парламенттин актыларын туура эмес деп табышы ыктымал Алардын иш аракеттеринине да конституциялык баа бере алат. Бул конституцияда түздөн түз жазылган эмес,бирок конституциялык мыйзамдарды чечмелөөдөн келип чыгат Мына ушул соттук артыкчылыктар узурпацияга айланып кетпеси.учун Президент, парламент сотторду дайындоо аркылуу көзөмолгө алган.

Американын мыйзамдашкан күчтүу бийлик бутактары ушундай. Бири бирине көрсөтмө берип, жетеленип иш алып барбайт. Бийлик бутактары өздөрүнүн чектелген полномочияларынын алкагында гана иштей алышат. Баш аламан иш алып барууга жол берилбейт. Айрым актылар же импичмент кызмат адамдарын коргоп туруучу. Мунөзгө ээ. Мисалы, үндөн ылдам учкан учак, тилкеге коноордо парашют ачылып, ылдамдыгы жайлап, тилкеден чыгып кетүү коркунучунан сактайт.

Импичмент мыйзамдагы тормоз. Президентти мыйзам бузуудан, диктатура орнотуудан сактап турат. Мыйзам астыдан чыккан бирөөнү сөзсүз соттоп ийиш дегенди карабайт. Ким коопсуздугун сактабай иммунитетин түшүруп, крокодилдер жүргөн сууга барып киринсе эмне болоору белгилүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1116

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1489

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1992

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×