Добавить свою статью
9 Апреля 2021
Кыз ала качуу кайдан келип чыккан?
«Кыз ала качуу» деген темада өзүмдүн жеке оюмду билдирүүмдү туура көрүп турам, анткени азыр, 21-кылымда, технология өнүгүп-өсүп турган убакытта кыз ала качуу — бул адамды күч колдонуп барымталоо болуп саналат.

«Бул салт кайдан келип чыккан?» - деген суроого ким жооп бере алат?

Менин оюм боюнча, бул салт илгери кедей-кембагалдардын арасынан чыккан өңдөнөт, себеби андай үй-бүлөлөрдө кыргыздын таза салтын колдонуп, кудалашып кыз алууга байлыгы болбогондон кийин, кыз уурдап, уулдарын үйлөнткөн. Анткени аларда кыргыздын салтына ылайык кудалашуу, той берүү аземине каражаттары болгон эмес. Кээ бир ата-энелер кудалашып, элге кыз узатуу тоюн өткорө албагандыктан, «ала качты» кылышчу. Ошентип, куру намыстанышып, кыргызда болбогон салтты өздөрү кошуп коюшту.

Айрым кыздар кудалашкан балага турмушка чыккысы келбей, өзү жактырган балага «ала качты» кылып тийип алышкан. Ошентип, бул көрүнүш кыргыздардын арасында көбөйүп отуруп, бизге көнүмүш адат болуп калды.

Кыз ала качууну карапайым калк, ортодон төмөн жакыр жашагандар колдонуп келишкен. Канчалаган кылымдар бою улуу кыргыз элибизде жаш кыздарыбыздын көпчүлүгүнүн жеке пикирлерине эч бир көңүл бурулган эмес. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздарыбыз ата-энесин уят кылбайлы деп, арга жок, көңүлүнө жакпаган адам менен күн кечирип өтүшкөн.

Азыркы учурда тең укуктуулук, демократиянын өлкөсү болуп туруп, кыргызга башынан эле жат салтты тыюуга кандайдыр бир чара көрбөсөк, кыздарыбыз кор боло бермекчи. Бирөөнүн кызы, бирөөнүн энеси, бирөөнүн жубайы, бирөөнүн эжеси, бирөөнүн карындашы — бул биздин кыздарыбыз.

Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!

Алдыга жылабыз десек, бир муштум болуп, бул көрүнүштү колдонгондор жазага тартылышы керек — бул адам өлтүрүү менен барабар болушу керек, анткени ала качып кеткен кыздын өмүрүнө балта чабылып жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×