Добавить свою статью
27 Апреля 2021
«Чатак» чек аралар боюнча билгендерден сурап койгула

Кыргыз элинин берешендигин, ак пейилдигин эч ким тана албайт. Ошонун айынын бир уйур жылкыга, мурун далай жерлер берилиптир. Ал нерселер илгери болуптур, бирок жакында эле тоолу жерлерди озубуз эле бербедикби кошуналарга. Жакын кошуна албайм силердики демек, а бирок кээ бироо кымпыйып эле алып жатпайбы. Кийин, элуу жыл – жуз жыл откондо биздин жер деп коз коруно айтып чыгышат. Ошондуктан, калайык билгендерден сурагылачы, жанагы «чатак» чек аралар боюнча.

Бир эле мисал алалы. Казыркы эле Кемпир – Абад суу сактагычы боюнча. Ал жерлер кыргыздардыкы экен. Бирок Союз убагында бооордош озбек элине жардам катары суу сактагыч курсун деп бериптир. Фергана ороонундо суу маселеси кандай экенин азыр деле баары билет. Мейли, убагында бериптирбиз. Эми болсо боордошубуз ал жерди, суу сактагыч менен кошо озуно алгысы келип жатат. Бирок ал суу сактагыч кыргыздарга керекпи, жэ кереги жокпу?

Эгер кереги жок болсо, анда деле кыргыз жерин бергенге болобу жэ жокпу деген суроо баары бир туулат го? Бирок, ошол кездегини коргон тируу жандар дале бар го. Эгер Совет доорун карасак Советабад (казыр Ханабад) шаарын отуп Кемпир – Абад суу сактагычынын копуроосун откондо эле, ошол убактагы Ош обласынын «ГАИси» турчу эмес беле. Аны коргон дагы, билген дагы адамдар азыр деле тируу, ала келсе ошол жерде турган «Гаишник» дагы тируу болушу мумкун.

Анда эмесе, эмне учун азыркы убакта кыргыздын чек арасы ошол «ГАИ» турган жерден дагы бир нече километр кошунанын жерине кошулуп, чек арасы биз тарапка жылып кеткен. Эмне себептен жылган, ал жерлер учун бизге башка жер бердиби? Бул маселелерди дагы карап коруш керекпи жэ жокпу? Эгер мурунку кылымдын элуунчу жылдарындагы келишимдерди карап чыксак, анда Советабд шаары дагы кыргыз жеринде турчубу жэ жокпу? Анда ал жерлерди бизге ким кайтарып берет?

Эгерде ото чункур казса, анда коп нерселер чыгат. Мындай эле карасак биздин Кенес – Анархай жайлообуз каякка кетти, Каркыраны кантип кошунага берип салдык? Нечен кооз жайыттарыбызды алдырдык. Балким туура кылгандырбыз? Анда эмне учун ачык айкын айтпайт элге. Казыр кобубуздо интернет менен телефондорубуз бар го? Айтып бергилечи жашырбай. Ким берди, кайсы жерлерди. Эмне себептен. Кыргызга пайдасы тийдиби. Тийбесе, ким куноолу, ошого чейин айтып бергиле элге.

Антпесе элдин ишеними бул чечимдерге ынанбай журо берет. Дагы бир ирет айталы, ким коргон ошол жерлерди, алар дале тируу – ошлорду бир угуп, сурап койгула. Аксакал айтты го мен бул жерде Кемпир – Абад суу сактагычиын жанында жаш кезимде ойноп журчумун деп. Демек, ошол убакта кыргыздан башка ал жерде эч ким жок болчу экен го? Анда алар кайсы жерде тал турган отуз жыл мурун, элуу жыл мурун каналдын жанында кайсы уйлор бар эле, ошонун баарын эстеп айтып беришет.

Калганын деле эстесе болот. Дагы бир мисал. 1989 жылы ошол эле Ворух – Ак-Сай жанжалы болгон. Ошол убакта Ворухта 5-6 мин киши жашачу, Ак-Сайда болгону 900 киши. Отуз жыл отту Ворухта 30 мин киши, ал эми Ак-Сайда 1,5 мин киши бар болуп чыкты. Жанжал жер учун жана суу учун болуп жатат. Отуз жыл мурун деле ошол болчу, азыр деле ошол себеп. Отуз жыл мурун Ак-Сайдан Ворух айылына чейин 5 километр эле, азыр болсо экоонун ортосунда кичинекей эле тилке.

Ошонун баарын билген, оз козу менен коргон кишилер дале тируу. Эмне учун анда аларды кошо чек ара маселесине кошпойт. Кечее эле торолгон чон кызматтагылар ал жерди оз козу менен отуз жыл мурун коргон эмес болуп чыгып жатпайбы. Отуз жыл мурун жаны торолгон бала эмнени айта алат. Ошол эле Кош-Таш айылын алсак, отуз жыл мурун каналдан айылга чейин 500 метр эле. Каналдын ары жагында кыргыздардын отузга жакын уйу бар эле, андан кийин таджиктердин айылы башталчу. Каналдан кийин кээ бир жерлерде кыргыздын уйу менен таджиктин уйу дубал менен эле жанаша болчу.

Билгенибизче, отуз жыл мурун кыргыз киши таджик аялга уйлонсо дагы балдарына карабай, алардын уйун орттогонго чейин барышкан. Ошондо жалан кыргыздардын уйлору орттонуп, таш баранга алынган. Ошол убакта кайсы жерде кыргыздын уйу, каналдын жанында ким жашарын кыргыздын ошол жерге барган милиция кызматкерлери деле билет. Анын устуно анын баары кагазга тушурулгон. Ошол окуяларды кандай болгонун оз козу менен коргондор билет. Ошолордон деле сурап койгула бир ооз. Анткени алар таджик боордошторго болгон нерселерди эстегенге жардам беришет.

Курманбек Иманалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

27-11-2023
Надо менять приоритеты на выборах, тогда люди поверят и придут на выборы
8472

24-11-2023
Жить стало хорошо по отчету нашего Кабмина
8972

24-11-2023
Наконец узнали, как же пройдет железная дорога по Кыргызстану
8854

24-11-2023
Нацбанк тоже думает о стране или долг платежом красен
8678

23-11-2023
Питьевую воду хотят продавать жителям по себестоимости
8810

22-11-2023
Мест в детских садах мало, да и в школах, возможно
8922

21-11-2023
Хотим и у себя достаток овощей и молока
9141

20-11-2023
Активность банков и ВВП страны
9117

17-11-2023
Кредиты на тепломагистрали, а собранных с граждан мало
9073

13-11-2023
Когда мы узнаем год рождения праотца Манаса
9642

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×