Добавить свою статью
2 Мая 2021
Коркунучтарды болтурбоо...

Бүгүнкү Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал өлкөнүн ичиндеги саясий куулук шумдуктардын чагылуусу сыяктуу көрүнөт. Ичтен да сырттан да өрт жалын каптагансыйт. Кыргыз мамлекетин алсыратууга алпараткан күчтөр ичтен да, сырттан да таасир этүүдө.

Төңкөрүштөн төңкөрүшкө чейинки жашоо уланууда. Муну көргөн душмандар карап турбастан, биз да бир нерсе жалмап калалы дегендей каптап кирип келишти. Оппозициябыз дегендер бийликтин чылпагын тазаламыш болуп, көзүн чукуп салганга аракет кылышууда. Алар бийлике келген күндө да эски көрүнүштөрдү кайталаары бышык. Оппоненттер кризистен чыгуунун жолдорун билишпейт, себеби экономика жүргүзүүнүн жаңы моделдерин сунушташа элек.

Мамлекет ички саясий алпуршууладын айынан чек араны караганга да күчү жетпей бараткансыйт. Көзү ачыктар кезектеги төңкөрүштөн кийин Кыргыз мамлекети тарап жок болот дешүүдө. Анда Кыргыз эли кимдерге жем болуп, кимдерге кул болоор экенбиз.

Биз жакынкы аралыктарда саясий оюн жүргүзгөндөрдүн да жоопкерчилигин мамлекеттик деңгеелде, керек болсо курултай алкагында кароо керек. Өзүбүздү сактоо инстиктин ойготолу. Бир да адам карышкыр жеген койдой болуп калбасын, ансыз да жоготуулар көп.

Конституциянын жаңысында да, эскисинде да Жогорку Кеңеш чек ара маселелерин чечет деп жазылган. Бирок биз активдүү иш аракеттерди байкаган жокбус. Жогорку Кеңеш жер боюнча адистерден, тийешелүү министирликтерден, чек ара кызматтарынан, жергиликтүү өкүлдөрдөн комиссия түзуп иштөөсү милдеттүү болчу. Делимитация маселесин Президент жеке өзү чечпейт. Бул жалпы бийлик бутактарынын жумушу. Кайсы бир чечимдерди Жогорку Сот Конституциялуу эмес деп токтотуп коё алат. Чек ара долбоорун алдын ала түзүп, анан келишимге баруу ылайыктуу.

Өлкөдө абал оор. Президент, премьер министир жана аппарат башчы менен иш алып баруусу оорураак болот. Тез арада компотенттүү адамдардан Вице президентти жана Мамлекеттик катчыны дайындоо зарылдыгы бар. Вице президент кызматы баш мыйзамда каралбаса, өзүнчө мыйзам менен киргизүүгө болот. Ал конституциянын духуна каршы келбейт. Бар болгону Президенттин иш алып баруусун жөнгө салат. Президентти өзүм билемдиктен, адашуулардан сактайт.

Баткенде душмандарды өлкөнүн ичине киргизип ийдик. Алдын ала чаралар көрүлүп душмандын мизин чек ара тилкесинде майтарганда кыйроолор жана курмандыктар азыраак болот беле. Мен муну бийликтин күнөөсү катары карабайм. Ички кармаштардын айынан мамлекетти башкаруу системасы эбак бузулган. Аны калыбына келтирүү үчүн Баш мыйзамды өзгөрттүк. Чалгындоо кызматтары калыбына келтирилип, мамлекетибизге кызмат өтөй ала турганына ишенели. Чек ара тилкелерине траншеяларды казып,согуштук чыңдоолорду түзүүңү баштоо керек. Албетте бул көп сөз. Мен буга токтолойун: Улам-улам бийликти кулатып, мамлекеттүүлүктү жок кылууга багытталган аракеттер токтобосо, ООНдун күч түзүмдөрүн чек арага анын ичинде борбор калаага киргизип, эки ай аралыгында абалды түздөп алса болот. Эмнеси болсо да мамлекеттин коопсуздугун орнотолу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1077

11-12-2023
Соодадагы туннель
698

03-10-2023
Завод курулабы?
930

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1158

25-06-2023
Гравитация
1187

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1510

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
934

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1597

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2022

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2318

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×