Добавить свою статью
18 Мая 2021
Кумтөр

Бүгүңкү күндө Кумтөр жана чек ара маселеси коомчулүктун көңүл чордонунда. Биз мурда кайталагандай, мамлекетте орчундуу иш аракеттер башталганда эле, этникалык карама каршылык, чек ара жаңжалдары башталып кетет. Окуялардын ортосундагы көпчүлүк билбёген, же көрбөгөн байланыштар барбы дёген суроо туулат. Менимче мамлекеттеги саясий экономикалык, социалдык, сырткы байланыштарга мониторинг кылып, изилдеп жылдык отчетун жарыялаган борборду түзүү зарылдыгы бар. Себеби кетирилип жаткан кемчиликтерди оңдоп, келечекке сереп салып, алдыны көздөй кадам таштоо. Президент жана анын командасы чечаиндүү иш аракеттерин баштады.

Эң кызыгы Мамлекеттин Кумтөрдөгү үлүшүн 33% тен 12% ке түшүрүп берген, бийлик бутагынын чечими бардык аң сезимдүү адамдардын жүрөгүнүн үшүн албай койбойт. Жада калса Конституциялык соттун муну конституциялуу деп тапканын кантип түшүнсө болот. Куудулдар айткандай деги кимди президент дейбиз. Сырттан басып турган чоң күчтөр барбы? Конституциялык сот эмнеге түзүлгөн? Ал кайсы бир кызыкчылыктарга ыңгайлуу шарттарды түзгөн болуп чыгууда. Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр демекчи. Византиялык сот ал адилеттүүлүктүн, абиирдин символу. Ал жерде пайда издегендер, саткындардын болушу мүмкүн эмес. Деги Конституциялык сотту түзүүнүн кереги бар беле. Жогорку соттун үстүнө дагы бир сот коюлган. Америка Кошмо Штаттарында бир гана Жогорку сот бар, ал конституциялык көзөмөлдү жүргузөт. Башкы прокурору укук коргоо органдарын көзөмөлдөйт. Европалык сот системасын алгыбыз келсе, улам өөдө көтөрүлүшүбүз керек, биз ага жеткиче Европалыктар Марска барып үй сала башташы мүмкүн. Кумтөрдүн тегерегинде жүргөн адамдар, Канадалыктар сотко берсе, биз утулабыз деп, мамлекетти доого жыккылары келип, Кумтөрдү өздөрүнүн менчигиндей көрүп алышкан. Биринчиден, Канадалык компания биз тараптан зыян тарткан эмес, тескерисинче Кыргыз эли зыян тартууда. Буга чейин алар 11,5 млрд доллар киреше тапкан болсо. Андан мамлекет 1,5 млрд доллар гана ала алган. Кумтөр кени Кыргызстандын. Юрисдикциясында турат, аны чет элдикби же башка компаниябы ээлик кылганга акысы жок ООндун резолюцияларында бул жөнүндө так жазылган. Эл аралык арбитраждык сот бизге каршы чечим чыгарса, мамлекет аны четке кага алат. Кээ бир жалданма адамдар, Кумтөрдү кайра алууга болбойт, акционерлер макулдук бербейт, анын үстүнө акциялары үчүнчү бир компанияларга сатылып кеткен деп дөөрүшөт. Акция деген компаниянын мүчөлөрүнүн үлүштүк кагазы. Анын баасы бирде өөдө көтөрүлүп, бирде таптакыр ылдый шыпырылып түшүп турат. Акция адамдардын ойдон чыгарган коммерциялык максаттарды көздөгөн айла амалы.Ал акциялык кагаздар жердин астында жаткан алтынга ээлик кылууга гарантия болуп бере албайт. Кээде акциялык кагаздар күйуп кеткен учурлар болот, акционерлер эч кимге догун арта албайт Акциялары башка компанияга өтүп кетсе, акционерлер дивидендерин ошол көмпаниядан алат. Башка көмпания менен мамлект келишим түзгөн эмес. Центера акциялар бөюңча мамлёкетке догүн арта албайт. Ал компаниянын өзүңө тийешёлүү ички жүмүштары Эл аралык ңорма үшүндай. Ошөл эле батыш өлкөлөрүңдө көмпаниялар жалпы кирешеден, акционерлер двидентен салык төлөөгө милдеттүү. Ошол акционерлер биздин мамлекётке бир да тыйын төлөбөй туруп каңтип догүн арта алат. Монголияда. четэлдик. инвесторлор жер суу ресурстарын пайдаланганы үчүн салык төлөйт. Мунун баарын ким талап кылып, ким келишим түзөт. Көзүм көрбөсө көчүгүмдү карышкыр жёсин деп отүра беришкенби. Аң сезимдин кыйроосу адамдарды тозокко карай сүйрөп бара жатабы. Же билип билбей Кыргыз мамлекетин талкалоого багыт алып жатышабы. Элдин астына чыгып жакылдап сүйлөйбүз анда неге маселени чече албай ар кайсы шылтоону бетибизге кармап каадалуу адамдай болуп элдин башында турабыз.Бул жерден 2008-2009 жылдаы болгон Исландия төңкөрүшүн эскербей коюга болбойт. Эл Исландия өлкөсүн карызга батырган чаар көз банкирлерин кубалап, МВФ дин басымына карабай депозитарийлердин акчасын төлөөдөн баш тартышкан. Ири ишканалар улутташтырылып, кризистен акырындап чыгышып карыздарынан да кутула баштаган. Жер астынан чыккан ысык сууларга ыңгайлашып, туризм тармагы да жакшы өнүгүп жаткан учуру. Азыр бизде мамлекеттик мүлк фондуна тийешелүү ишканаларды менчике чыгаруу жөнүндө маселе козголууда. Мурда приватизацияланган завод фабрикалардын көбү чачылып жок болду. Аны кайра кантип кайталайбыз. Андан көрө аларды түзүлүшүнө жараша бириктирип, бир компания кылып, 3-4% арзан кредиттер аркалуу иштөөсүнө шарт түзүп жумушчу орундарды камсыздоого аракет кылуу учуру келди. Мындайды колдон чыгарууга болбойт. Акыркы мүмкүнчүлүктөр. Менчике чыгарганда сатылып жок болот. Ордуна куурай да өспөй калат. Кайра алтынга кайталы. Монголия эч кандай ызы чуусу жок эле мурдагы келишимдерден баш тартып, жаңы келишимдерди түзүп анын негизинде мамлекеттин үлүшүн көтөргөнгө аракет кылышууда. Азыркыга чейин таза алтындын 34% үлүшүн алып келишкен. Биздегидей 12% түшүп кеткен жок. Коррупция Монголдордүн түшүнө да кирбесе керек. Бекеринен Чынгыз хан чыкпагандыр.Эксперттер Монголияны бүткүл Азиялык, Тынч океан регионундагы Азиянын жаңы арстаны дёгенге чейин барышты. Алар өз жарандарына кустардык жол менен алтын казууга улүксат беришкен. Ал үчүн жаран ошол аймактын катттосунда мурдатан болуп, жашы 18 ден төмөн болбош керек Кустардык жол менен алтын казгандардын саны бүгүнкү күндө 7383 кө жеткен. Тоо кен министири Жигжиддин айтуусуна караганда жеке ишкерлер бардык казылып алынган алтындын 40-50 % берет. Жеке ишкерлер товарларын Монголиянын улуттук банкы аркылуу реализация кылышат. 5% налогду 2 жарым процентке түшүрүү менен кара схемаларды ооздукташкан. Алтынды алуунун кустардык жолдору бизди да ойлонтууга тийиш. Кумтөр боюнча жаңы келишимди түзүп, мамлекеттин улушу 40%тан 60% чейин чыгарууга аракет көрүлүүсү зарыл. Себеби ал жерде эң кымбат металл болуп саналган Платина жана башка түстүү металдардын кору бар экендиги айтылууда. Монголияда алтынды, күмүштү өз өзүнчө баалап өткөрүп алышат. Биз алардан канча пайда түшөөрүн айтпай эмнеге унчукпай отурабыз. Кустардык жол менен казгандарга арзан кредиттер берилип турат. Монголдордон сабак алсак бөлчудай. Кумтөр бөюнча келишимди кайра түзүп, мамлекттин үлүшүн көбөйтөлү, алтын көп алынууда. Көлөмүнө жараша проценттик баа да жогорулайт. Компания жаңы келишимдин шарттарына макул болбосо, мурда түзүлгөн келишимди бүзуп, башка инвестор менен келишим түзүлөт. Келишимден бир тараптуу чыгууга мамлекеттин укугу бар. Кёлишим түзүлүп калыптыр деп эмнёге коркуп бүжүрөйбүз, мурдагы келишимдер бузулбай тургандай ыййк курандын аяттары эмес да. Келишимди бузуп бир мамлекет, бир мамлекетке согуш ачып жатат го.Колдон келбесе союздаштарга Москва сотуна кайрылалы. Москванын соту да эл аралык сот болуп саналат Экологиялык зыяндан сактоо үчүн жер астынан иштетүүнү жаңы келишимге киргизуу. Монголия Гоби аймагында Rio Tinto компаниясынын алтынды шахта жолу менен казуу макулдүгун алган. Центерага доомат коюлаары менен биржа фондунда алтындын баасын төмөн түшүрө калганга жетишишти. Ар кандай тактикалык кадамдарды жасоого болот. Эч нерсе эмес баанын көтөрүлүшүн күтөбүз. Көтөрүлбөсө ишти убактылүу токтотолу. Алтындан көзү катып турган немелер, бир орунга катып туруп калышпайт, макул болууга аргасыз. Алтын бар жерде оюн болуп турат. Биздеги саясий оюндардын байма- бай жүрүп турушу дагы Кумтөрдүн таасиринен улам чыгып жатат. Инвестор катуурак кыйкырып койсо эле шаабайы түшүп коркуп отуруп калбаш керек. Сырткы басымдарга туруштук бере албасак байлыктардан кол жууп мүңкүрөп калууга болот. Коркуунун мезгилдери өткөн, биз азыр саясаттын жаңы тилкесине кирдик. Үндү бийик чыгаралы. Негизгиси өзүбүзгө өзүбүз тоскоолдук жаратпайлы. Күндө митинг деп жүрө берсек мына аз жерден тажиктер басып алай таштады. бүгүнкү күнгө чёйин Кыргызстандан 2493 тонна алтын чыгарылып кеткен. Мамлекет мындан 1 тонна алтын алып кала алган эмес. Мамлёкетте кызматта отурган адамдар эшек такалап отурушабы. Бийлик талашуу алтынга байланыштуу чыгып жаткан жокпу. Бири бирин тактан кулатуу, революциялар, өрт жалын каптаган имараттар. Мүнүн баарын мамлекеттик диктатура гана токтото алат. Центера боюнча чечимди Биринчи май райондүк соту эмес, Жогорку сот өзү чыгарыш керек, анткени бул мамлекеттик иш чара. Түшүп кеткен проценттерди, юридикалык жолдор менен толук төлөтүп алалы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-10-2021
Улуттук идеологияны түзүү
732

27-06-2021
Кумтөр синдрому кайталанбасын
1004

22-06-2021
Суу экосистеманы жараткан мыйзамдар мамлекетти жаратып келет
1012

16-06-2021
Кумтөр проблемасын кантип чечиш керек
896

07-06-2021
Мыйзам жана аконит
1238

01-06-2021
Осциллограф
2724

02-05-2021
Коркунучтарды болтурбоо...
279

31-03-2021
Күчтүү парламент
3783

17-03-2021
Бүгүн жана эртең
1208

06-03-2021
Чек араларды мыйзам менен өзгөртүүгө болобу?
2085

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×