Добавить свою статью
7 Июня 2021
Мыйзам жана аконит

Уу коргошун,башка дарылык касиети бар чөптөр, элдик медицинада оволтодон колдонулуп келет.Ак кодолдун тамырын кымызга кошуп, балдарга ичиришет.Атактуу Балбай баатырга, өлтүрүү үчүн уу коргошунду кошуп беришкен экен,ичкен тамагына.Ал андан ого бетер кубат алган,өңү башы оңолгон түрмөдө жатканда.Кудайдын буйругу болбосо, куурайдын да башы сынбайт деген Шекспирдин бир каарманы.Көрсө Балбай бала кезинен уу коргошундун тамырын жеп чоңойгон экен,Уу коргошун жөнүндө жарыя кылган министирди эч ким жактырган жок, ал түгүл кызматтан кетүүсүн да талап кылышты,президенттин кадыр баркын кетирип атасың дешип.Чындыгында ал өзүнүн кадыр баркын кетирдиби же, депутаттарга маани бербей койдубу, айтор чырга кабылды.Ушуга окшош жагдай орус Думасынын депутаты Жириновский менен да болуп турат.Анын сүйлөгөн сөздөрүнөн орус бийлигинин кадыры түшүп да, кетпейт, көтөрүлүп да калбайт.Бизде демократия, сөз эркиндиги деген түшүнүктөр бар, бул жагдайдан алганда туура.Сөз эркиндиги деп акыркы жыйырма жылда эмнелер гана айтылбады.Эркиндик деп ээленип, пайдасынан зыяны көп болууда. Бул батыштык үгүттөрдүн жыйынтыгы.Коомдогу түшүнүктөр бири бирине карама- каршы келип,тараптар кочкор, букадай мүйүздөрү сынып,чекелери жарылганча сүзүүшүүдө.Ооба этикалык мүчүлүштүктөр бар.Ал түгүл кызматтагы адамдардын этикасы тууралуу мыйзам кабыл алынган болуш керек.Аны эстеген деле киши жок.Качан туура мыйзамдар жазылып, качан мыйзамдардын алкагында иш алпарабыз, белгисиз.Жаңы баш мыйзам боюнча, ЖогоркуКеңеш, жана аткаруу бийлиги чектелген полномочиялардын алкагында иш алпарышы зарыл.Бир бийлик системасы, башка бийлик системасына үстөмдүк кылууга,көрсөтмө берүүгө мыйзам жол бербейт.Иш.жүзүндө башкача болуп кетүүдө.Жогорку Кеңештин дубалдарында депутат министирди чакырсам эмне келбейсиң деп коколоп жаткан учурду көрөбүз.Чындыгында эле ушундай болуш керекби? Себеби жарандар арызданыптыр.Депутат арыздар боюнча министирди тергеп, министир жалаң арыздар менен иштөө керек болсо, укук коргоо органдары эмне милдет аткарып калат.Жогорку Кеңеш коомго анын ичинде аткаруу бийлигине мыйзам аркылуу гана таасир бере алат.Мыйзамдан тышкары көрсөтмө берип, өз ара түшүнүк менен иш алып баруу Кум-Төрдөгүдөй маселени жаратат.Парламенттин аткаруу бийлигине үстөмдүк кылуу аракети отуз жылда, отуз үч премьер министирди алмаштырууга алып келди.Мамлекет, мамлекет катары деле көзгө көрүнөрлук бир иш жазай алган жок.Баш аламандык жасаганды,митингке чыкканды гана үйрөндүк.Койгула муну токтотолу өнүгүүгө карай жол алалы деп айтып койгон бир лидерибиз жок.Анткени ал бийликке илинбей калды.Эми ал боктогондон башка эч нерсени айтпайт.Кимдир бирөө акылдүу болсо, алтындын баары чет мамлекетке. кетип,бей-бечаралар көбөйбөйт эле.Мындан сырткары парлементте депутаттар, айрым көрсөткүчтөрду, айрым цифраларды талап кылышат.Ошентип атып айрым мамлекеттик сырлар тышка чыгып тураары бышык Мунун баары айрым бир пайда алып келүүчү операцияларды жүргүзүүдө, атаандаштарга информация таратып, өзүбүздү кур жалак калтырышы мүмкүн.Саламаттык сактоо министиринин, депутаттын риторикасына жооп берип жатып, акчалардын кайда короп жатканын тизмектеп айтып берип жатканда, зээним кейип ал түгүл ыйлагым да келип кетти.Себеби баары жөпжөнөкөй,эч көңүлсүз.Мектептеги оккучуга эч көңүлсүз болгон математика сабагындай. Депутат чындап эле акчалар кандай бөлүштүрүлүп жатканын билгизи келсе райондорго барып өз көзү менен көрсө так маалыматты алмак.Мен министир мырзадан эч ким билбеген, эч ким туйбаган сырды кааладым эле(коррупция жөнүндө эмес)Ал корона вирусту жеңе турган турган сыйкырдуу жомок эле.Ооба министир мырза ал жомокко аз да болсо жакындап барды.Ал аконит тууралу...Бирок ал жомоктун кыртышынан алда канча алыс болчу.Медицинада гомеопатиялык дарылоо деген түшүнүк бар.Дене ууланып калбас үчүн аз доза менен дарылоо ыкмасы.Кошумча медицина.Менимче расмий түрдө кабыл алынган эмес.Далилдер аз.Аконитти таратып жаткандар,аны жылуу ичкенде зыянсыз дешет.Мумкун ошондойдур,организм аны жылытканга энергия коротпой турган учурда,борбордук нерв системасы аны бүткүл денеге таратып зыянсыздандырууда иммундук система мобилизацияланат.Бирок далили гана.Анын үстүнө расмий медицина бул жөнүндө кеңири таратпайт.Себеби кирешелүү тармак болбогондуктан.Бул бир чети, экинчиден клиникалык сыноо да талап кылынат.Биз аптекадан сатып алып, колдонгон дары дармектер адегенде чычкан,келемиштерди оорутуп,аларга жедирип же иньекция кылып көрүп,зыяндуу жана пайдалуу жактарын аныктагандан кийин гана колдонууга улуксат берет.Жүздөн ашык жандыкка ар кандай дозаларын берип сынайт.Эл арасында дозадан ашыгыраак колдонуп, жаза тайып кеткендер болгон.Сындар адилеттүү.Лабораториялык сыноо талап кылынат Неси болсо да сактык керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1052

11-12-2023
Соодадагы туннель
687

03-10-2023
Завод курулабы?
923

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1151

25-06-2023
Гравитация
1177

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1508

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
929

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1589

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2013

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2304

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×