Добавить свою статью
22 Июня 2021
Суу экосистеманы жараткан мыйзамдар мамлекетти жаратып келет

…Интернет айдыңында министлер кабинетинин башчысы менен депутаттардын кер мур айтышы прецедентсиз одоно көрүнүш десек болот. Токонаалатын айткан депутат "кет эле кет"- деп кыйкырып жатты. Андан мурда саламаттык сактоо министири да жалаага кабылган.

Себеби жаңы конституциялык долбоор боюнча, өкмөт өз алдынчалыкка ээ, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактүулукту сактоосу парс. Парламент астында бухгалтериялык сыяктуу отчетторду берүүгө милдеттүү эмес. Парламент өз кезегинде кадр жайгаштырууга түздөн түз кийлигише албайт.

Айрымдар өзүнүн кол астындагы отдел кадрга мамиле кылгандай, тигини кой, муну кой дешип министирлер кабинетинин башчысын камалаганына интернет айдыңында күбө болдук. Мындай мамиленин акыры өткөн 30 жыл ичинде премьерлердин ишине тоскоолдук жаратып, бат-бат алмаштырууга шарт түзгөн.

Өзүм билемдик парламентте өкүм сүруп, өкмөттөн бийликти тартып алууга болгон аракеттер, же анын иштерине түздөн түз кийлигишүүлөрү коррупциялык көрүнүштөргө түрткү болуп келгенин бүгүнкү камоолордон байкасак болот. Деги бир нерсени түшүнүп койуу парс. Өкмөт мамлекеттик машина, анын өзүнүн иштөө принциптери бар. Машина менен коюн колтук алышууга, шапар тебүүгө аны сүйүп калууга болбойт. Машина көз жашка ишенбейт, мамлекеттик машина мыйзам актыларына гана ишенет.

Айталык бир имаратты куруу үчүн, анын проектиси тандалып, сметасы түзүлгөндөн кийин гана прораб аны ишке ашыра баштайт. Анын сыңарындай мамлекеттик машина мыйзам проектилердин үстүндө гана иштей алат. Андан четтөө мыйзам бузууларга алпарат.

Өкмөт менен соодалашуүга болбойт. Суу жөңүндө чыккан талаш тартышта министирлер кабинетинин башчысы муну жакшы эле ашкерелеп берди. Орто Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдай эле болгон дешүүдө. Ал эки мамлекетке тең жетишеерлик болуп келген. Мындай маселе биринчи жолу жаралып жатканын дыйкандар айтышууда. Негизи сууну бөлүштүрүүнү, сууну пайдалангандардын өзүнө, акимчиликтерге өткөрүп берүү зарыл. Сууну өздөрү көзөмөлдөп, өздөрүнөн арткандан кийин гана башкаларга берет.

Суу жөнүндөгү жыйында депутат министирден суу жөнүндө мыйзам барбы деп сурады. Жооп ала албагандан кийин; Суу жөнүндө мыйзам жок деп өзү жооп берди. Мыйзам кабыл алынбагандыгына өзү жоопкерчиликтүү экенин депутат унутуп калганбы. 30 жылдан берки аралыкта суу жөнүндө мыйзам кабыл алынбаган…

Сууну сатуунун тарифтери коюлган эмес. Оорулу өзүнө-өзү рецепт жазып, өзүнө-өзү ийне сайып дарыланбагандай эле, министирлер өздөрү мыйзам жазып, өздөру тарифти коюп иштей албайт. Андай боло турган болсо парламентти түзүүнүн кажети барбы? Суу жөнүндө акт болбосо министирге эмненин негизинде талап койууга болот. Депутат өзү айткандай; суу башчыларынын айлыгы 8000 миң эле сом, анан алар кантип иштеп берет дейт да, алар кымбат унаалар менен жүргөндүүгүн констатация кылат.

Кийинки интернет жараянында депутатыбыз резина өтүк кийип министир менен дыйкан талааларында жүрөт. Мына маселени эми чечет. Мүмкүн суу департаментинин жетектегиси келип жаткандыр. Жолуң болгур арадай жерге чарадай чуу салып. Дагы жакшы министирлер башчысы жоопко тарттырган жок.

Этика деген бар, ал кызматтагы адамдардын бир-бирине болгон сый урмат мамилеси. Эгер өкмөттүн иши начар болсо парламентте бир мандем бар. Мыйзамдар начар, же ал иштебейт. Керектүү мыйзамдар өз убагында өкмөткө берилбесе, аткаруу кызматы эмненин негизинде иш аткарат. Эмнеси болсо да мыйзам базасын чыңдоо, анын аткарылышын көзөмөлгө алуу мамлекеттин негизги приоритети болууга тийиш.

Күздөгү жаңы шайлоолорго чейинки аралыктар кыскарууда. Жаңы шайлоодо, жаңы шайлангандар келет деп эл күтүүдө. Суу менен сабизди проблема кылууга болобу мурда мындай катталбаса. Же бул атайлап жасалган сенсациябы? Эң негизгиси шайлоодо мыйзам чыгарууга жөндөмдүү, ар тармактан компетенциясы бар адамдар келсе сонун болот.

Депутаттардын жыл бою өкмөткө арбалып, талашып тартышып отура бергени мыйзамдык базанын солгундашына алып келүүдө. Жаңы түзүлгөн кодекстер кайра кодуланып, каталары чыгып улам түзөтүүгө муктаж. Мыйзамдар жаатында көбүрөөк талкууну уюштуруу керек. Аткаруу бийлиги жакшы жазылган мыйзам болсо, жакшы иштей алат. Министирлерди чочулатып, зордоп жыйналыштарга тартуунун зарылдыгы барбы? Мыйзам чыгаруучулар, мыйзам чыгарууга, аткаруу бийлиги өзүнүн аткарган иштерине жооп берүүгө милдеттүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1114

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1489

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
910

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1992

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2273

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×