Добавить свою статью
5 Июля 2021
Акын жана Ажал

(Акын Айгүл Узакованын адабий тагдыры тууралуу)

Акын жана Ажал... Бул эки түшүнүк атам замандан бери бири-бирине жуушпаган, ар дайым карама-каршы келген түшүнүктөр эмеспи. Акын деген  ар качан катардагы пендечиликтен эң кеминде эки катар бийик турган инсан. Чыныгы акын руху асмандай бийик,  кыялы ай-ааламга чаргыган, бирок табияты гүлдөй назик,  ич дүйнөсү, ой-пикири акактай таза адам келет. Бирок ошол назиктигине, жумшактыгына карабастан Акын адамзаттын не бир айтып аягына чыкпай турган көйгөлөрүнө алыстан абай салган, ой короткон, акыл жумшаган адам катары саналат.  Ушул жагынан алганда Ажал деген түшүнүк Акындын табигый  антиподу сыяктуу кабыл алынчу нерсе го. Акын деген көкө теңир менен маектешип, маңгиликке, өлбөстүккө, түбөлүктүүлүккө кам урат,  Ажал болсо--тирүүлүктүн жүрүп турган канын кыя чапканга, ырыскысын чорт токтотконго, түрс-түрс соккон эт жүрөктү мыжыкканга умтулган  жексур көрүнүш.

Бул эки антиподдун абалтан уланып келаткан диалогу, эзелтен бүтпөй  келаткан тирешүүсү адабият тарыхындагы тамыры терең, акындардын акыны гана ырга салган нускалуу тема десек аша  чаппайбыз. Керек болсо бул поэзиядагы улуу салт, санжыргалуу акындык каада болуп саналып келет. “Нет, я весь не умру” деген экен улуу Гораций атактуу “Exeqi monumentum” (“Эстелик курдум кебелбес”) деген одасында тээ биздин эрага чейин эле. Ошол улуу нусканы кийин Пушкин “Нет, весь я не умру—душа в заветной лире Мой прах переживет и тленья убежит” деп улантканы белгилүү.

Бул санжыргалуу акындык нуска кыргыз поэзиясында да илгертен иштелип келет. Бул нуска бери болгондо тээ Арстанбек менен Токтогулдан башталып, кийин Алыкул менен Аалынын ырларында уланды. Андан соң  Омор менен Жолондун лирикасында, Салижан Жигитовдун классикалык элегияларында бир топ жаңыланды.

Сөздү минтип алыстан баштаганымдын өзүнчө себеби бар, урматтуу окурман. Азыркы заман бир топ оор заман. Арты жакшы болсунчу, бирок адабиятты сүйлөгөн, китепти кеп кылчу заман болбой турат. Бул заман философиянын да, поэзиянын да  заманы эмес сыяктанат. Бирок ушул интернет менен сотканын сормо сазында тыбырчылаган илме-кайып доордо саамга болсо да ой токтотуп, жогоруда айтып өткөн түбөлүктүү маселелерге кунтубузду бурган, айласыздан терең ойго салган акындарды кантип сөз кылбай кое алабыз? Сөз кылышыбыз абзел. Урмат менен, сый менен ой бөлүшүбүз кажет.

Атап айтсам, бир нече жыл мурун арабыздан кеткен  таланттуу акын кызыбыз Айгүл Узакованын “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” деген китебинин негизги пафосу, уюткулуу мазмуну мен жогоруда козгоп өткөн Акын жана Ажал маселеси экен. Акын бир ырында өз жүрөгүнө кайрылып, мындай дейт:

Азыр эмес. Азыр - оорубагын сен.
Азабымды тартып бүтөлекмин мен.
Айгай салган ушул албуут заманда,
Жалгызыма али керектирмин мен...

Азыр эмес. Азыр - жеңилбегин сен,
Жемишиме али жетелекмин мен.
Орто жолдо болуп калсаң оорукчан,
Бул оопасыз кезде кантээр экем мен...

Азыр эмес. Азыр - ыйлабагын сен!
Арманымды ырдап бүтөлекмин мен.
Ай шооласы маңдайымды жаркытып,
Анык бакыт дале күтөлекмин мен.

Азыр эмес. Азыр - кыйнабагын сен,
Балам өсүп, жыйналайын мен.
Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
Толкун жээктеп чыйралайын мен.

Азыр эмес. Азыр - оорубагын сен…

Бул  ыр мен жогоруда кеп салган Акын менен Ажалдын анык диалогу… Түбөлүктүүлүк менен утурумдуктун коллизиясы, кагылышы.  Эшикти черткилеп, ач карышкырча жыт чала тооруган Ажалга акаарат айтуу, каршы туруу. Кытайдан Ысык-Көл көздөй качкан айтылуу Ажар кызча (К. Баялиновду классикасын эстеңиз) бетме-бет келген ажалга кадыресе айбат жасап, өмүргө, тилүүлүккө, өлүмсүздүккө умтулуу. Баса, эстейличи: дүйнө маданиятында кайсы классиктер ушул кырдаалды, башкача айтканда, Ажал менен арбашуу темасын жазды эле? Ооба,  бул үрөй учурган драмалуу кырдаал  америкалык романтик Эдгар Аллан  По жазган «Кузгун» аттуу гениалдуу балладанын негизги темасы эмес беле. Бул кырдаал Лев Толстойдун «Иван Ильичтин өлүмү» повестинин  башкы маселеси болчу.  Анан, албетте, бул тема  П. И. Чайковскийдин атактуу «Патетикалык симфониясында» укмуштуудай эмоционалдык күч менен чагылдырылган эле.

Ыраматылык Айгүл кагаздай болгон не бир назик аялзаты, катуу бороон келсе учуруп кетчүдөй болгон арык, кагелес  айым эле. Ырас, жаш кездерде нечен баарлашып жүрсөк да, кийин көп жылдар бою эч бир бет келишип сүйлөшпөдүк, анткени биз эки башка дүйнөдө, эки башка чөйрөдө тегерендик. Бирок ар дайым эсимде: кыз кезинде негизинен күлкүчү, көңүлү жай болсо аябагандай шайыр адам болсо да, капысынан эле терең ойго батып, меланхолияга чөгүп кетмейи көп болчу, кайран киши.

Айгүл Узакованын акындык дидаары өткөн кылымдын 80-жылдарында көрүндү. Анын эң биринчи китепчеси «Жылдыздуу күз» аталып (1980), жупкадай жукалыгына карабастан автордун келечектүү калем ээси  экенин, дараметтүү чыгармачыл потенциалы бар экенин далилдеген  татынакай жыйнак болуп чыкты. Ырларынын мотивдеринен кээде Алыкулдун, кээде кадимки эле Пушкин менен Есениндин кулакка тааныш интонациялары байкалып, дегинкиси  А. Узакова поэзиянын даңгыр жолунда сапар кезген, тамыры терең, дымагы катуу акын экендигин жаңсап койгон болчу.

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Куйбагын досум, алагды кылаар шарапты.
Күз түнөп кеткен көңүлдүн жайын айтайын,
Куйбагын досум, алагды кылаар шарапты.

Эмне дейт элең, бушайман болбо, сооротпо,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.
Сагынып келдим сендеги сергек мүнөздү,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.

Чырагың менен отуңду бүгүн өчүрбө,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.
Узун түн менен түш көрүү чындап жадатты,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.

Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген...
Кар жааган сайын эстечү болдум мен аны,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген.

Көзүмдөн учкан караанын кайра тартуулап,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.
А балким жазга алмашпай тосуп алмакмын,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.

Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Узун түн менен түш көрүү чындап жадаткан.
Куйбагын досум, күз түнөп калган көңүлгө,
Аз өмүр үчүн көбүрөөк ичкен шараптан.

Айгүл өз өмүрүндө болгону 4 эле  китепче чыгарды. «Жылдыздуу күз» менен «Жүрөгүм менен сүйлөшүүнүн» (2006) ортосунда «Кеч жарык» (1990) жыйнагы жарыкка келди. Бирок ошол 4 китеп аны азыркы кыргыз поэзиясынын белдүү акындарынын арасына кошту десек болот. «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» аттуу акыркы жыйнагы, тилекке каршы, акындын коштошуу жыйнагы болуп калды. Дароо эле баса белгилеп кетейин: бул китеп чынында   да Айгүл Узакованын баалуу адабий мурасы экен.  Ошону менен бирге маданий турмушубуздагы жаңы сөз, маанилүү саамалык, кыргыз поэзиясындагы жаңы бийиктик деп айтканга татыктуу китеп десек  адилеттик болчудай.

 Мынча болду А. Узакованын азыркы адабиятыбыздагы орду, калтырган изи тууралуу маселени да ачыктай кетели. Айгүл Узакова 70-жылдары абдан таасын көрүнүп, өзүнчө көркөм-эстетикалык тренд катары бөлүнүп көрүнгөн бир маанилүү адабий агымдын бараандуу өкүлү эле. Ал адабий агымды  мен поэтикалык импрессионизм, ошондой эле суггестивдик лирика деп аныктап келем. «История кыргызской литературы ХХ века» деген монографиямда (2013, 2015 жылдары эки жолу кайра басылды) бул көрөсөн адабий агым тууралуу көп жаздым жана теориялык жактан аргументациялаганга аракет жасадым. Бул агымдын ана башында С. Акматбекова менен  Р. Карагулова сыяктуу акындар турса, аны Р. Мукашева, Ш. Келдибекова, Ү. Маматова, К. Сариева ж.б. акындар бүтүндөй бир көркөм тенденцияга айлантышканын негиздедим.

Бул адабий топто Айгүл Узакованын акындык мааниси, ээлеген лидерлик орду  өтө олуттуу жана салмактуу  экендигинде эч бир шек жок. Дагы айткым келет: «Кеч жарык» жана «Жүрөгүм менен сүйлөшүүнүн» автору ушул агымдын классикасы дегенге татый турган бир катар поэтикалык берметтерди жаратып кетти. Бул чынында да олуттуу жетишкендик,  адабият майданындагы зор ийгилик.

Баса, импрессионисттик поэзия деген эмне? Импрессионисттик поэзия – эстетикалык изги туюм  менен илип алынган кызыктуу элестердин, сезимде бир  жарк этип өткөн туйгулардын, сүрөт, кыялдардын эстетизациясы, шөкөттөлүшү, көркөм чагылдырылышы. Ошол себептүү Сагын Акматбекованын «Айлуу дөң» жыйнагын кыргыз импрессионизминин таанымал өрнөгү деп белгилеп келебиз. Ошол себептүү Роза Карагулованын «Көл тынышы» аттуу жыйнагын суггестивдик лириканын жаркын мисалы деп айтып да, жазып да жүрөбүз.  Ал эми биз сөз кылып жаткан Айгүл Узакованын башка импрессионисттерден ачык айырмаланган бир чоң өзгөчөлүгү — ырларындагы ички драматизм, керек болсо ар бир ырын ийнедей тепчип өтүп турган терең трагизм десек болот. Эмне себептен же кайсы биографиялык, философиялык, индивидуалдык себептерден улам  Айгүл Узакова ушунчалык терең трагизмге батып кеткенин так айтуу мага кыйын, бирок ошол ички трагизм болбогондо Айгүл ушунчалык бийик, далайга эсте калаарлык  көркөмдүк деңгээлге чыга алат беле же жок беле—бул да өзүнчө чоң суроо. Бул суроо—эгер Алыкул Осмонов оорулуу болбогонда, жеке турмушундагы айрым салакалуу абыгарчиликтер болбогондо улуттук классика катары тарыхта калган «Махаббат» китебин жазат беле же жок беле дегендей эле суроо. Эбепке—себеп деген ушул окшобобу…

Эски мештин жанында жалгыз калдым,
Эски ойлордой табы жок көңүл менен.
Жүрөк муздап турганда дүйнөң тарып,
Отуң дагы жарытып күйбөйт белем...

Ал каттарды өрттөгөм жаз алдында,
Эстебейм деп экинчи анын баарын.
А көңүлүм тымызын жаттап алып,
Кайдан билдим, жан койбой шыбыраарын.

Ошол сөздөр жылуу да, сырдуу эле,
Мен жаш төккөм эреркеп, жалгыз үйдө.
Түнү бою эски там сыр бөлүшүп,
Деп ырдаган: "Чырагым, жалгыз күйбө..."

Анан келген жаз чындап шайдоот эле,
Жашыл кырга чакырган ыры менен.
Мен да жүргөм ичинде көп достордун,
Ошол жаздай көрүнгөн дүйнө кенен.

А. Узакованын  чыгармачылыгынын дагы бир маанилүү жагдайы—акын өз муунунун, атап айтканда, 70-жылдардын муунунун поэзиядагы доошу, символу, эн тамгасы боло алды.  Бул муун адеп баштаганда абдан эле бейкам, стабилдүү заманда жашап баштаса да, кийин бир катар олуттуу сыноолорго тушуккан тагдырлуу муун болду десек болот. Бул муун чоң Союздун бир заматта тоо кулагандай кыйраган геосаясий зилзаласын  көрдү, суверенитеттин ачуу-таттуу даамын да татты, андан кийинки саясий-социалдык процесстердин чок ортосунда куп гана кайнады. Эгемендиктин бороон чапкындары 70-жылдардан мураска калган руханий романтизмдин ташын талкан кылды.  Айтматовдун “Жамийласынын” акжаркын таасиринде тарбияланган  бул муун 90-жылдардагы базар экономикасы менен  батыш либерализминин  бороонунда буюкту. Китеп окубаган, окуюн десең санааң тынчыбаган, ой бир жерде токтобогон оомалуу-төкмөлүү доорду керт башынан кечирди. Башкача айтканда, тарыхый тагдырлуу муун болду. Бирде төө минди, бирде жөө жүрдү дегендей. Дагы эмнени баштан кечирет келечекте—аны эч ким билбейт. Бекер жеринен ушул муундун чыгаан өкүлү катары таанылып келаткан Акбар Рыскулов өзүнүн этап катары саналган саамалык китебин “Үмүт- күдүк” деп атаган жок.  Айгүл Узакова да  ушул тарыхый муундун ырын ырдады, үмүтү менен күдүгүн ортого салды. Ушул замандын күүсүн чалып, сөзүн сүйлөдү. Ошентип жалгыздыктын, руханий индивидуализмдин поэзиясы жаралды.

Айгүлдү жакшы билген курбулары анын кимди да болсо   таң калтыра турган, селт эттире  турган бир сөзүн азыркыга чейин эскерип жүрүшөт:”Мени эч ким мен каалагандай сүйгөн жок, мен да эч кимди мен каалагандай сүйө албадым” деген экен акын  кайсы бир сухбатында. Мен буга ушунчалык таң калдым да,  акындын айтайын дегенин  түшүнүшкө бир топ аракет жасадым. Көрсө, маселенин учугу жеке А. Узаковада эмес же анын адамдык, аялдык тагдырында эле эмес, кеп--ал жашаган драмалуу доордо экен.  Чыныгы акын—доор күзгүсү деп бекер айтылбаса керек го.

Маселен мен Айгүлдү  жашоодон ордун таппай, тайкы тагдырдын  кесепетинен улам узак жылдар жалаң өмүр өктөсун ырдаган декадент, жашы тыйылбай арманда өткөн бейтаалай инсан деп эч качан айтпас элем.  Жок. Айгүл мазмундуу, ыргактуу, ички табылгаларга бай таза өмүрдү жашап өттү. Эч нерседен кем деле болгон жок.  Жаратканга жалбарып жүрүп тапкан жалгыз уулун караан тутуп, энелик бакыт эмне экенин да сезди, өзүнчө бир бактылуу турмушту жашады.       Кыйын заманга тушукса да Айгүл Узакова калемди эч бир таштаган жок. Эч нерсесин жашырбай, жымсалдабай, кооздобой, туурасын жазды. Негизгиси акынча жашап, акынча дүйнөдөн өттү…

Айгүлдүн импрессионисттик эстетикасынын, ички драматизминин негизги  себеби­­—анын жашоо деген улуу нерсенин  кереметин башкалардан  күчтүү да, кумарлуу да сезе билгенинде эле. Айгүлгө  аттын башындай алтын берсең да баары бир өмүргө тоймок эмес, эч качан сүйүүгө, ынактыкка  канмак эмес, ага баары бир бир нерсе сөзсүз жетишпей туруп алмак. Анткени  Айгүл ошондой кумарлуу инсан эле.  Анткени ал—чыныгы Акын болчу, чыныгы талант эле...

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,          
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош, - дейт акын дагы бир ырында. 

Албетте, мезгилдер өтөт, адабиятка дагы нечен жаштар келет, турмуштун күр-шар аккан дайрасын эч ким токтото албайт. Бирок таланттуу акын Айгүл Узакованын жашоо кумарына ушунчалык ширелген ырлары, тирүүлүктүн кыялдуу күүсүн чалган жаштык лирикасы  качан болсо биздин оомалуу-төкмөлүү замандын поэтикалык элеси,  скрипкалык ачкычы, нота дептери катары кала берет деп ойлойм. Төрт лирикалык китеби менен, нукура поэзиянын күчү менен Ажал деген арсызды акыры жеңип чыккан, кыргыз поэзиясында жаңы сөз айта алган  чыныгы гуманист акын, орошон талант  Айгүл Узакова көп заман эсибизде калмакчы.

Осмонакун Ибраимов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

02-05-2021
Какая идеология нам нужна?
4029

21-04-2021
О переименовании вузов
3482

05-02-2021
Новая власть: две радости и одно огорчение
7824

06-02-2018
Н. Назарбаев в Америке. Послесловие c пристрастием
3860

30-11-2017
Эшимканов и Кыштобаев: две судьбы, две трагедии
13651

25-11-2016
Я горжусь не тем, что Текебаев хочет, а Атамбаев не может…
5759

14-11-2016
Кого изберем президентом Кыргызстана? Приглашение к разговору
5563

26-09-2016
Турдакун Усубалиев. К годовщине кончины. Allegro assai
8793

07-09-2016
А.Атамбаев-президент: миссия выполнима?
13237

19-07-2016
Царство Медеи или казахское жертвоприношение
10445

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×