Добавить свою статью
6 Августа 2021
Кыргыз элине кайрылуу
Урматтуу мекендештерим!

Учурда мен Кыргызстандамын. Өз мекениме он алты жылдан кийин кайтып келүүгө шарт түзүп бергени үчүн президент Садыр Жапаровго, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Бул ирет, азыркы бийликтин Кумтөр алтын кенин кыргыз элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштешине жасап жаткан аракетине өз салымымды кошуу үчүн келдим жана бул долбоор боюнча мен билген маалыматтарды ачык-айкын айтып бердим.

Учурдагы келгеним эгемен кыргыз мамлекетибиздин отуз жылдык мааракесинин алдында болгону мени толкундатып турат. Эгемендиктин алгачкы он беш жылында мен, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти катары, кыргыз мамлекетин түптөөгө, эбегейсиз кыйроого дуушар болгон Кыргыз ССРинин экономикасын кризистен алып чыгууга бардык билимимди, тажрыйбамды, күчүмдү жумшадым. Мурдагы союздук республика көз карандысыз мамлекетке айланып, Борбордук Азиядагы «демократия аралчасы» деген сыймыктуу наамга ээ болуп, бүт дүйнөгө таанылды. Эгемен өлкөбүздө демократиялык башкаруу системасы орнотулду. Өзүнүн ресурсун түгөткөн пландык-буйрукчул экономиканы рынок экономикасына өткөрүү катаал жолун басып өттүк. Улуттук валютабызды өз учурунда киргиздик. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна биринчи болуп кирдик. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан эң ийгиликтүү айыл реформасын жүргүзүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетиштик. Өлкөдө туруктуулукту, эл арасындагы ынтымак, биримдик мамилелерди бекемдей алдык.

Албетте, он беш жыл аралыгында кемчиликтер да орун алды. Иш жай баракат жүргөн жерде, чечкиндүү кадамдарды талап кылган тобокелчилик жок болсо гана кемчилик кетпеши мүмкүн. Менде да, менин командамда да кемчиликтер болгонун эч убакта жашырган эмесмин. Алардын ичинен эки кемчилик мени дайыма өкүндүрөт. Биринчиси – Аксы окуясы. Бул трагедияга менин өлкөнү башкаруу мезгилинде жол берилгени менин жүрөгүмдү жаралап келет. Экинчиси – президенттик кызматты 2005-жылы кийинки президентке конституциялык жол менен өткөрүп бере албай калганым. Бул кемчиликтер үчүн мен кыргыз элимен кечирим сурап келгем жана дагы да суранам. Ошону менен катар, соңку он алты жылдан бери менин айыгышкан оппоненттерим мага жаап келе жаткан курулай жалаа, ушактарын чечкиндүү түрдө четке кагам. Алар – «Акаевдин Үзөңгү-Куушту кытайларга сатып жибергени, Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болушу, үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга кириштириши» сыяктуу жасалма ойлоп табылган айыптоолор. Булар эч далилсиз, бет тырмарлык каралоолор экенин өткөн мезгил таамай тастыктап берди.

Урматтуу мекендештерим!

Учурда кыргыз мамлекетинин жетекчилиги жаңы демилгелер, жаңы дем менен иштеп жатканына күбөбүз. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана туруктуулук өкүм сүрүп турат. Коррупцияга каршы күрөш жогорку деңгээлде жүрүүдө. Кумтөр алтын кени кыргыз өлкөсүнө өттү. Эми коронавирус оорусунан жана кымбатчылыктан жабыркаган кыргыз экономикасын көтөрүү башкы максаты турат. Бул масалени ийгиликтүү чечүүгө Кыргызстандык бардык жарандар жигердүү катышып, өкмөткө жардам кылуусу зарыл деп эсептейм. Менин саясаттан кеткениме он алты жыл болду. Учурда өлкөнүн саясий акыбалына таасир кылайын деген эч ниетим жок. Эгер өлкө жетекчилиги сунуш кылса, анда илим-билим тармагында өлкөбүз үчүн өзүмдүн салымымды кошууга даярмын.

Урматтуу мекендештерим!

Мекенимде болгон бир жумалык мөөнөттө эл менен кенен жолугушууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок айрым жолугушуулар учурунда жылуу мамилелерин көрсөтүшкөн мекендештериме абдан ыраазымын! Акылман кыргыз элиме бекем ден-соолук, алдыда көптөгөн жакшылыктарды каалаймын!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-12-2010
Новогоднее обращение Первого президента Кыргызстана к народу
8539

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×