Аман Сманбаев 1934-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал 1950-жылы Нарын шаарындагы Г.Дмитров атындагы педагогикалык окуу жайын, 1953-жылы Н. В. Гоголь атындагы мугалимдер институтун жана 1961-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
Ал өмүрүнүн 60 жылын келечек ээлерине билим берүүгө арнаган. Тянь-Шань районунун жана Талас шаарынын мектептеринде мугалим, Тянь-Шань районунун Жерге-Тал жана Казан-Куйган жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу бөлүмүнүн башчысы жана директор болуп көп жылдар иштеген. Аман Сманбаевич мугалим жана мектеп жетекчиси катары окуучулары билим берүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүсү, эмгек жамаатында педагогикалык жаӊычыл ой жүгүртүүлөр жаралуусу, мугалимдер арасында алдыӊкы тажрыйбалар кеңири жайылуусу, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыруусу үчүн зор уюштуруучулук жана аткаруучулук ишмердиктерин талыкпай аткарган. Бул жылдары жүздөгөн окуучулары мектеп парталарын артта калтырышып, Мекен жүгүн аркалоого аттанышкан. Аман Сманбаевден билим алган окуучулардын 3өө илимдин доктору, 25тен ашыгы илимдин кандидаты болушту.
Ал мыкты мугалим жана айтылуу жетекчи гана болбостон, кыргыз тили жана адабияты боюнча орошон изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу да болгон. Ал 6-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебине авторлош жана «Жат жазуулар жыйнагы» (V–VIII класстар үчүн), «Жат жазуулар жыйнагы» (IX–XI класстар үчүн), “Кыргыздын Ала-Тоосу”, «Баяндамалар жыйнагы» деп аталган окуу-колдонмолордун автору болуп саналат. А.Сманбаев 120дан ашык илимий - методикалык колдонмолорду жазып, мектеп тажрыйбасына сунуш кылган.
Аман Сманбаев көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргыз ССР элге билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, «Эмгек каарманы» медалы жана В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалы менен сыйланган. Анын эмгектери өз кезегинде СССР эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө коло медалга татыган. Көп жылдар райондук жана айылдык кеңештердин депутаты болуп шайланган. “Нарын областынын Ардактуу Атуулу” ардак наамынын ээси.
Аман Сманбаевдин билим берүү тармагындагы талбаган эмгеги жогору бааланып, ага 1967-жылы “Эл агартуунун отличниги”, 1976-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Ардак наамдары берилген.
Агай өмүрлүк жары Зуура Касымова менен 11 уул-кызды татыктуу тарбиялашты. Балдарынын баары жогорку билимге ээ болушуп, өлкөнүн булуң-бурчтарында үзүрлүү эмгек өтөп жатышат.
Атактуу мугалим, тажрыйбалуу педагог, кадырлуу насаатчы, мыкты уюштуруучулук жөндөмү бар жетекчи, ой-чабыты кенен окумуштуу, коомдук ишмер, айылдын Бакайы ардак наамына эгедер болгон, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Аман Сманбаевдин бул жарык дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, балдар-кыздарына, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Кайрат кылыңыздар! Залкар адам, чыныгы педагог жана биз туу туткан Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!