Добавить свою статью
19 Августа 2021
Эли-журтуң сага ыраазы, Тилек. Тилек Мураталиевдин элесине...
Тилек, алтын бир тууганым, өзүңдөн ажырап калганыбызга бир жыл өтүп кетти. Бир жыл ичинде басмаканага барбадым. Баягы сен барда «Чынгыз Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча (кыргыз, түрк, орус, англис тилдериндеги) 2-басылышын чыгарган китебим эбак түгөнүп бүткөн. Кайра бастырмакмын, бирок басмаканага баруудан тарткынчыктаймын, сенин ал жерде жоктугуңу моюнга алгым жок, дагы канчага минтип жүрөм билбейм…

Ал күндөр кандай сонун күндөр эле… Көбүнчө редакторлоруң отурган имараттагы кире бериштеги бөлмөдөн жолугушчу элек. Китеп чыгарганы келгенимди айтчумун. Канча китеп өзүнүн чыгышын күтүп турганы менен ишим да жок эле. Менин китебим баланчасына чейин бүтүшү керек! – деп, өктөм сүйлөчүмүн. Анан да аркы-беркини айтып кобурашар элек. Сен кайсы мамлекетке барып келгениңди, балык кармайм деп Монголияга чейин барганыңды айтчусуң кобурап. Жеңемдин (Тилектин апасы) үйдө неберелери менен кандай жашап жатканын жомок кылып сүйлөчүсүң. «Ала-Тоону» алпарып берсем эле Сиздин макалаларды окуп, башкалар эмне жазбайбы» – деп калат дечүсүң күлүп. Тармал чачыңды сылап коюп, «Шаакаримдин китебин чыгардык эле, алдыңызбы?», «Жок», – дейм. Албаганымды угуп, столуңдун тартмасынан алып берер элең, ошентип «Турардын» канча жаңы китебин бердиң.

«Үйлөнсөң боло, бекерге көнүп алдың» дейм. «Бой жүргөн жакшы экен да, сени эч ким текшерип, урушпайт» дейсиң, күлүп. Биздин ар дайым болчу бул диалогубуздун акыры жок эле, акырына чыкпай калдык… Күткөн жакшылыктарыбыздын бири эле, жеңем раматылык да күтүп жүрүп, өтөсүнө чыгара албай, о дүйнө салып, өзүңдөн мурун кете бербедиби…

«Үйүм бүттү, эжеке, жездем экөөңүздөрдү буюрса үйгө чакырам» деп жүрдүң. Эмнегедир сааты чыкпады. Сенин салып койгон заңгыраган үйүңдүн босогосун Сен жок аттабадыкпы, арман күн! Ыйлап бардым (Тилек өлгөндө зыйнатына катышпай калдык), көзүмдөн жаш көлдөй төгүлүп бардым. Улан, келинчеги, уул-келиндериң карындаштарың бар экен. «Эжеке, кызык, эки келиним бир үйдө бала-чакалары менен ынтымактуу жашап атышат» дегенсиң акыркы жолугушканыбызда, күлүп (экөөбүз «Назар» кафесинде чай ичкен элек). Келиндериң тыпылдап оокат кылып жүрүшөт. Сен жакшы көргөн небере, бир тууган балдарыңдын баары болду. Сен сергийин деп үйүңө салып койгон бассейниң да суусу толуп көгөрүп, мелтиреп турат. Бары эле сени күтүп жатышкандай, мына, мына азыр эле эшиктен күлүп-жайнап кирип келчүдөй болосуң, бирок… ушул бирокто бардык балээ жатпайбы, катыгүн ай…

Сени жакшы эле билем десем, Сенин Эли-Журтуңа жасап кеткен баа жеткис жоомарт эмгегиңдин чейрегин да билбейт экенмин. Алардын бардыгын көзүң өтүп кеткенден кийинки элдин эскерүүлөрүнөн окудум. Атанын чыныгы баласы болуп, чыныгы эл кишиси катары кыска өмүрүңдө көп иш жасап кетипсиң. Биз сага ыраазыбыз, Эли-Журтуң, Ата Мекениң ыраазы! Көзүң өтөрү менен жазуучулар журту «жетимсиреп калдык» деп агынан жарылып эскеришти. «Ала-Тоо» журналын «Жаңы Ала-Тоо» деп чыгарып элиңе алгач тартуулаганыңда кайсы кафе экени азыр эсимде жок башында Кыргыз Эл акыны, Эл жазуучусу Омор Султанов, Мелис Абакировдор болгон жоон топ акын-жазуучулар менен мен да ошол кафеде болгом. Журналды акысыз чыгарып, элге таратканың аз келгенсип 50-60 кишиге дасторкон жазып, майрам жасап, бет ачарын уюштургансың. Ошондо денеме батпай кубанып, Сенин бул ишиңе таң калган элем. Ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болсун деп, ак калпагымды кийгизип, «Ала-Тооңо» көрүндүк ырымдагам, балпалаңдап. Кийин «Арча» сыйлыгын уюштурдуң, жеңүүчү болгон жазуучунун китебин бекер чыгарып, калгандарына акчалай сыйлыктар берип, бир туугандарыңды чуркатып, дастаркон жайып, кызмат кылдырдың. Мындай кайрымдуулук иштериңдин эсеби жок экен. Азыр кай бир учурда пендечилик кылып «элдин көзү тийип кетти го» деп ойлоп кетем, Аллага күнөө кылып. Ушундай элдик иштериңди жасап, эл арасында жашап турсаң эмне, катыгүн!..

Мен байкап калгандан Бексултан агай менен Мелис байкеми абдан эркелетчү элең. Тойлоруңда алар арак, коньяк ичпейт деп, өзгөчө бир вино даярдачусуң. Өзүңдүн уулдарыңдын эле тоюнда болсо эмне, карындашыңдын уулу үйлөнгөндө да Мелис байкеме (Абакиров) өзүнчө баштыкка өзүнүн виносун көтөрүп чуркап, куюп жүрбөдүңбү… Анан канткенде унутуласың. Ар бир жакын адамыңды ыраазы кылып көңүлүн алуу сага адат болуп калган нерсе болчу.

Тагдырдын жазмышына айла жок экен Сен улууларды, бизди эскербей, биз сени эскерип калдык. Басмаканаңда иштеген жамаатыңа, ишиңди өксүтпөй улантып жаткан бир туугандарыңа, уулдарыңа алпештеп кайра элиңе кайрып берген «Ала-Тооңо» анын кызматкерлерине, сени эскерип жүргөн эли-журтуңа миң мертебе ырахмат. «Тилек Мураталиев» деп сага арнап эскерүү китебин чыгарышты, Сени жакшы билген улуу-кичүүнү чогултуп куран окутушту. Ал жерде да Сага ыраазы болгон эчен сонун сөздөр айтылды, ичтен сызылып чыккан канча жаштар төгүлдү. Бардыгы, Сени жоктошту, Сенин эрте арабыздан «учуп» кеткениңе муңкандык. Ар дайым Сенин арабызда жок экениңе ишенип-ишенбей бүгүн да жашоо кечирип келебиз. Биз сага ыраазыбыз, сен бизге ыраазы бол, Тилек! Сен элиңе, Ата Мекениңе, ага-тууганыңа кыска өмүрүңдө ат көтөргүс улуу иштерди жасап, өлбөстүкө айланып кете бердиң. Эми тынч укта, жаратканым жаткан жериңди жайлуу, топурагыңды торко кылып, бейишинен орун берсин! Сен бардыгыбыздын эс тутумубузда жаш, жаркылдаган бойдон түбөлүк жашайсың!

Лайли Үкүбаева,

филология илимдеринин доктору, профессор,

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×