Добавить свою статью
23 Августа 2021
"Манасты" "мусулман кылуу" аракетинин актуалдуулугу

Кыргыз маданиятынын эң талылуу жери "Манаста" экендиги талашсыз. Тарыхта акыркы бир жарым кылым бою чет элдик үстөмдүктө жашасак да, бабалардын көөнөрбөс мурасы бүгүнкүчөлүк талатылбаган экен. Эми эгемендиктин шарапаты менен сөз эркиндигин шылтоо кылып, кыргызстандыктарга жайылууну каалаган ар кандай идеалогиялардын миссионерлери океандай болгон улуу эпосту ар кимиси өз тарабына "менчиктөөгө" аракет кылышууда. Эпостун жаңы варианты чыгышы керек болсо, анда андай укуктун манасчыларга эмес, "бакшыларга" берилүүсү; "Манастын" тарыхын тарыхчылар эмес, тарых илиминен алыс жарандар изилдеп калуусу; манастаануу илими кыргыз тарыхын, маданиятын, философиясын изилдөөдө гуманитардык илимдерге жардамчы болуунун ордуна "жаңы бир идеалогиянын" жайылтуучусу болуп калышы - булар өзүнчө кеп. "Манаска" болгон күчтүү сүйүүбүздөн улам кемчилигибиз өзүбүзгө көрүнбөй жатабы же башка себептенби, айтор, ар кимибиз өз кесибибиздин чегинен чыгып, бири-бирибиздин компетенцияларыбызды талашып, муну менен улуттук мураска кыянаттык кылып жатканыбызды эч байкай албай койдук.

Азыркы кыргыз коомчулугунда эң актуалдуу талаш-тартыштарды жараткан темалардын катарында "Манас мусулман болгонбу?" деген суроо да бар. Айрыкча, ислам динин кайра жайылткан аалымдардын бири болгон ыраматылык Ч. Жалиловдун бул маселеде "Манастын" "мусулман болгондугу" жөнүндө эпостон мисал келтирген баянынын интернетте кеңири тароосу, бул версиянын кыргыз жаштары тарабынан масштабдуу деңгээлде колдоого алынышы интеллигенциянын итиркейин келтиргендей болду окшойт. Сөздөрдүн угулушунда гана кокустук окшоштук болбосо, башка далил жок экендигине карабастан, "Манас" деген сөздүн Куранда да кезигишин айтып, "Манастын мусулман болгондугун" жазган авторлор да чыга башташты. Көпчүлүк тарапташтар "Манас" эпосунда башкы каармандын намаз окугандыгы жөнүндө айтылышын ж.б. ушундай сыяктуу мисалдарды келтирүү менен "далил" айтканына ишенишүүдө. Ал эми адабиятчы О.Сооронов бул маселеде беш кылым мурда жарымы төгүн, жарымы чын болуп жазылган "Мажму атут-таварих" эмгегинде "Манастын мусулман болгондугу" жөнүндө айтылышын мисал кылат.

Эмне үчүн жогорку билимдүү адамдар "Манастын" "мусулман" болгондугун айтуудан мурда "Манастын" тарыхта болуп-болбогонун билиши керектигине көңүл бурушпайт? Эгерде "Манасты" тарыхый инсан деп билишсе, анда неге "анын" кайсы кылымдарда жашагынын кошо айта алышпайт? Ооба, "Манастын" тарыхта "чын" болгондугу боюнча божомолдорун жарыялаган бир канча авторлор бар, бирок алардын бири да тарыхчылардын сынынан өткөн жок. Анда кайдан-жайдан "Манастын мусулман болгондугун" айтууга зарылчылык келип жетти? Буга төмөнкү эки суроо аркылуу жооп алууга мүмкүн. "Манасты" "мусулман кылуу" аракети - бул,

1)айрымдар белгилегендей, ислам динин жаюу үчүн каражатпы же

2) бул "Манастын мусулман эместигин" айткан кайсы бир тарапка жооп катары пайда болгон реакциябы?

Биринчиден, "Манас" эпосунун бардык варианттарында Манас мусулман катары сүрөттөлөт, бирок айрым учурларда эски культтук ишенимдердин элементтеринен да кабар берилет. Себеби, көчмөн ата-бабалардын жашоо шартында туруктуу диний борборлордун жоктугунан улам ислам дининин бардык ырымдары толук сакталбай, эски ишенимдердин айрым калдыктарынын исламга ылайыкташып сакталуусу камсыздалган. Демек, мындай ылайыкташып жуурулушкан "салттуу мусулманчылыкты" көчмөндөр "ислам дини" деп түшүнүшкөн. Бирок, исламдын толук эрежелерин сактап жашаган отрукташкан мусулман калктары үчүн көчмөндөр "чала мусулман" катары сыпатталышы мүмкүн эле. "Көчмөнчүлүктөн отурукташууга өткөнүнө бир кылым болгон кыргыздар 70 жыл бою мусулман экенин унутууга мажбурланып келсе да, эми эгемендүүлүктө карапайым катмар масштабуу түрдө мусулманчылыкка багыт алды. Бирок, "улуттук салттарды сактоо" деген ураан менен "чала мусулманчылыкка" кайтуубу же отурукташып калган соң, отурукташкан мусулмандар сыяктуу "таза мусулманчылыкка" багыт алуубу деген суроолордун тегерегинде азыраак талаштар бар. Кайсы көз караш менен карабайлы, демек, кыргыз эли "Манасты" мусулман катары (же чала мусулман катары) сүрөттөп келишкен жана азыркы дин аалымдарынын "Манасты" атайын "мусулман кылууга" муктаждыгы деле болмок эмес.

Эгерде "Манас" эпосу тууралуу советтик жана ага чейинки изилдөөлөрдү окуй турган болсок, эпоско кыргыз эли өз кыялдарын киргизгенин, кыргыздар өз жашоосун ушуну менен чагылдырганын авторлор айтып беришет. Бирок, азыркы изилдөөлөрдүн теңирден тескери маанайды жаратуусу биздин экинчи сурообузга жооп табууга жардам берет. Ыраматылык тарыхчы Т.Кененсариевдин изилдөөсүнө караганда, кинорежиссер Б.Шамшиев ж.б. айрым кыргыз маданий ишмерлери индуизмдин, теософиянын таасири менен "Манасты" өзүчө бир "кудай" катары көрүшсө, ал эми журналист К.Сыдыкова өңдүү ж.б. кыргыз интеллигенттери кытай маданиятынын таасири менен "Манасты" кайра-кайра жарала турган "жарым-жартылай кудайча чалыш тарыхый адам" деп билишет. Бирок, көбүнчө интеллигенция өкүлдөрү, айрыкча кыргыз маданиятынан ислам элементтерин ажыратуу боюнча союздун саясатын улантуучулар улуттук өзгөчөлүккө басым жасаган жаңы идеалогияны ("неотеңирчиликти") жаюу үчүн "Манастын арбагын" өзүчө бир "сыйынуучу объектке" айландырууга аракет кылышууда. Тилекке каршы, эпостун бардык варианттарынан "Манастын мусулман болгонун" билген карапайым эл мына ушундай көрүнүштөргө каршылык көрсөтүү үчүн "Манас мусулман болгон" деген ураанды көтөрүп чыгышкан сыяктанат.

Изилдей келгенде, союз убагында дин тутунууга укук берилбегендиги, алтургай жергиликтүү интеллигенттерди динчилдерге каршы жалдап турушкандыгы анык болот. Жок эле дегенде, ар экинчи-үчүнчү кыргыз чоң атасынын молдо болгонун, жашынып намаз окуганын айтып берет. Ошондуктан, эртедир-кечтир бул укугуна жетерине ишенип жашаган элибизге эгемен жылдары дин өтө тездик менен жайылып кеткенден кийин, эски тымызын күрөш эми ачык күрөшкө айланып, эски материализмден жаңы философиялык багыттарга өтүп кеткен кишилер мусулмандар менен болгон күрөшүн дале улантып жаткандай туюлат. Айрыкча, акыркы жылдары мусулманчылыкка симпатия менен мамиле кылгандыгы үчүн гана Р.Исаков сыяктуу манасчыларга, О.Сооронов сыяктуу адабиятчыларга, Ж.Жумакадыр, А.Туткучев сыяктуу акындарга ж.б. көптөгөн маданий, коомдук, саясий ишмерлерге жана албетте, дин аалымдарына каршы Г.Аалиева, А.Сариев аркылуу каралоо иштерин уюштуруп жаткан радикалдуу топ маамлекетибиздин бүтүндүгүнө кечирилгис доо кетиришүүдө. Барынан жаманы, илгерки кыргыздар советтик режимдин кысымына карабай, тобокелдикке салып, Сагымбай атабыздын (элдикин чагылдырган) панисламисттик, пантюркисттик пикирине каршы сөз айта алышпаса, манасчыны кадырлай билишсе, ал эми бүгүн биз манасчыны каратып жамандагандарды тымызын колдоп олтурганыбыз өкүнүчтүү...

Байкап көрсөк, бул талаш-тартыштын актуалдуулугу чындыгында "Манас" эпосуна байланыштуу эмес экен, болгону, "Манас" аркылуу эки тарап калың массага багытталган манипуляцияны көздөшөт. Мындай конфликттер кесипкөй илимпоздор тарабынан тез арада чечилүүсү керек жана тиешелүү суроолорго тиешелүү жооптор берилиши керек. Тарых илими "Манастын" "мусулман болгондугун" далилдемек турсун, "Манастын" тарыхый прототибинин болуп-болбогондугуна да сын көз караш менен карайт. Мисалы, Имам Бухари жакшы бир жалган хадисти сахих кылып жазып албаш үчүн оозеки маалыматты бири-биринен өткөргөн он чакты информатордун ар биринин жылганчы эмес экендигин да изилдеген. Ошол сыяктуу эле, тарыхчылар миңдеген ооздон өтүп келген оозеки маалыматтын өзгөрүү мүмкүндүктөрүн талдабай туруп, тарыхый документтерди таппай туруп "Манасты" "чын болгон" деп кое албайт. Же башкача айтканда, илгери өлгөн Абу Талибди азыркы арабдар канча аракет менен мусулман кылгысы келсе да, аалымдардын илимий изилдөөлөрү тескери тыянак берген сыяктуу эле, биз да илимий маселелерди өз каалообузга ылайыкташтырууну талап кылбай, илим жолунун улуулугун сыйлашыбыз керек.

Ооба, "Манас" эпосунун жаралуусу, Манастын образы мусулманчылыкка чейин эле болгондугун илимпоздор далилдешкен. Адабият болобу, тарыхый жагы болобу, "Манас" эпосун өтөсүнө чыгара изилдеген В.М. Жирмунскийге тең келер илимпоз чыга элек. Ал "Манас" эпосунун пайда болушун алтайлыктардын "Алып Манаш", өзбектердин "Алпамыш" дастандары менен байланыштуу кылып карап, доорун 6-10-кылымдарга алып барган. Андан бери канчалаган кылым бою эпоско көптөгөн толуктоолор, өзгөртүүлөр кириши мүмкүн экендигинде шек жок. Демек, Манастын образы баштапкы айтылышында мусулман катары сүрөттөлгөн эмес, кийин гана мусулман катары сүрөттөлө баштаган. Бирок, бул коомдук маанилүү талаш-тартыштарды ого бетер ырбатууга себеп болбошу керек. Манастын образы 500 жыл илгертен, 16-кылымдан берки кыргыз манасчылар тарабынан исламдаштырылып келгенине азыркылар айыптуу эмес да.

Кыргыз эли ар дайым "Манас" эпосунда өзүнүн кыялдарын чагылдырып келген. Элдин талабына жараша гана манасчылар дастанга өзгөртүү киргизип турушкан. Он жыл ичинде эле кечээки муун "Жайсаң" дегенде, Манастын чоросу болгон жакшы образды элестетсе, кийинки муун "Жайсаң" деп, бирөө ойлоп тапкан жаман образды элестетип калышпадыбы. Он жылда ушундай болгон соң, он кылымда кандай гана өзгөрүүлөр болгонун изилдөө ишин оюнчуктай көрбөш керек. Ала-тоолуктардын мусулмандашуусу 10-кылымда башталып, Караханийлердин доорунда дин өнүккөндүгү анык. Кийин моңгол тилдүү элдеринин келип, жергиликтүү элдер менен аралашып калышы себеп болуп, мусулманчылык менен шаманчылык да жуурулушкан. 16-кылымда Мухаммед Кыргыздын тушунда кыргыз бийлиги өз идеалогиясындагы таразанын ташын мусулманчылыкка оодурган, бирок шаманчылык да азыраак деңгээлде сакталып келген. Мына ушул доорлор "Манас" эпосунда чагылдырылат эмеспи, кыргыздар мусулман элдеринин бири катары сүрөттөлөт эмеспи. Демек, илгерки манасчылар элдин тандоосуна баш ийип, исламды кабыл алгандан кийин элдин улуттук баатырын мусулман кылып сүрөттөп берип келген экен да. Совет мезгилинде кыргыз маданиятынан ислам элементтерин ажыратуу аракети катуу жүрсө да, Саякбай атабыз салтты сактап, "Манасты" "мусулман" деген, ал улуттук рухту бурмалоого жол берген эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-06-2022
Мектепте илим/билим таңууланбай, тааныштырылуусу гана керек
1753

23-05-2022
Тарыхый баяндар так Баткенден башталат (230 млн жыл илгерки эстелик жөнүндө)
1117

06-12-2021
Психологиялык терминдерди кыргызчалоо боюнча сунуштар (1-бөлүк)
1277

20-11-2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү
5325

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×