Добавить свою статью
23 Августа 2021
Манас – Кыргыз Республикасы. Кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча расмий сунуш

Дүйнөдө өнүккөн мамлекеттердин аталыштары менен Айтикеев Акбаралы расмий сунуштаган кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы.

Дүйнөдө өнүккөн мамлекеттердин жана кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышынын толук жана кыскартылган аталыштары:

1. Мамлекеттин толук аталышы Америка Кошмо Штаттары,
ал эми кыскартылган аталышы Кошмо Штаттары, бул мамлекеттин аталышына Америго Веспуччинин ысымы кошулган, мамлекеттин толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат;

2. Мамлекеттин толук аталышы Сауд Арабия Падышачылыгы,
ал эми кыскартылган аталышы Сауд Арабия, бул мамлекеттин аталышына Аль Сауддун ысымы кошулган, мамлекеттин толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат;

3. Мамлекеттин толук аталышы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы,
ал эми кыскартылган аталышы Улуу Британия, бул мамлекеттин толук аталышы 6 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат.

4. Биздин мамлекетибиз жаңыча аталганда:

Мамлекеттин толук аталышы Манас – Кыргыз Республикасы,
ал эми кыскартылган аталышы Манас – Кыргызстан, мамлекетибиздин азыркы толук аталышы Кыргыз Республикасы жана кыскартылган аталышы Кыргызстан өзгөртүлбөй улуу Манас атанын ысымын кошуу менен толукталган болот, мамлекеттин толук аталышы 3 сөздөн, кыскартылган аталышы 2 сөздөн турат.

Жогоруда айтылгандай Америка Кошмо Штаттары мамлекетинин аталышына Америго Веспуччинин ысымы кошулган же Сауд Арабия Падышачылыгы мамлекетинин аталышына Аль Сауддун ысымы кошулган, биздин мамлектибиздин жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп аталышында улуу Манас атанын ысымы кошулган болот.

Мамлекеттердин толук жана кыскартылган аталыштары боюнча да эң туура келет: Америка Кошмо Штаттары же Сауд Арабия Падышачылыгы жана биздин мамлектибиздин жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп толук аталыштары 3 сөздөн турат, Кошмо Штаттары же Сауд Арабия жана биздин мамлектибиздин жаңыча Манас – Кыргызстан деп кыскартылган аталыштары 2 сөздөн турат.

Кыргыз тилинде мамлекетибиздин жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп толук аталышынын жана Манас – Кыргызстан деп кыскартылган аталышынын жазылышы:

толук аталышы Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргыз Республикасы деп жазылат, ал эми кыскартылган аталышы Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргызстан деп жазылат.

Орус тилинде мамлекетибиздин жаңыча Кыргызская Республика – Манас деп толук аталышынын жана Манас – Кыргызстан деп кыскартылган аталышынын жазылышы:

толук аталышы Кыргызская Республика деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Манас деп жазылат, ал эми кыскартылган аталышы Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргызстан деп жазылат.

Англис тилинде мамлекетибиздин жаңыча The Kyrgyz Republic – Manas деп толук аталышынын жана Manas – Kyrgyzstan деп кыскартылган аталышынын жазылышы:

толук аталышы The Kyrgyz Republic деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Manas деп жазылат, ал эми кыскартылган аталышы Manas деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Kyrgyzstan деп жазылат.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде кыргыз мамлекетинин азыркы толук жана кыскартылган аталыштары өзгөртүлбөй жазылып, мамлекетибиздин азыркы толук жана кыскартылган аталыштары өзгөртүлбөй алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, дүйнөгө атагы Ала – Тоодой бийик чыккан, дүйнөдө бийик даңктуу, кадыр-барктуу жана даңктуу абройлуу, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда расмий түрдө катталган жана эстелиги орнотулган, ошондой эле биздин мамлекетибизде, Россия Федерциясында, Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында, Америка Кошмо Штаттарында жана дүйнөнүн башка жерлеринде эстеликтери орнотулган улуу Манас атанын ысымын кошуу менен толукталган.

Кудай буйруп элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Кыргыз менен Манас деген эки улуу сөздүн экөөбү тең мамлекетибиздин жаңыча толук жана кыскартылган аталыштарында болуп, мамлекетибиз, элибиз жана ар бир жараныбыз Кудайдын колдоосу менен Манас менен Кыргыз деген кош канаттай болгон эки улуу сөздүн бийик касиеттүү күчү менен болот!

Анткени мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы деген толук аталышы жана Кыргызстан деген кыскартылган аталышы өзгөртүлбөй калтырылып, мамлекетибиздин азыркы толук жана кыскартылган аталыштары алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын ысымын кошуу менен толукталган.

Улуу Манас атанын ысымы кошулуп мамлекетибиз жаңыча аталар замат:

улуу Манас атанын баалуулуктары жана осуяттары мамлекеттик идеологиянын негизи катары реалдуу түрдө ишке ашышы башталат, алар коомдук турмушта реалдуу түрдө алдыңкы баалуулуктар боло баштайт жана коомубуз реалдуу түрдө заманбап өнүгө баштайт!

Анткени улуу Манас атанын баалуулуктары жана осуяттары мамлекеттик идеологиянын негизи катары элибиз менен дүйнө жүзүнө так көрсөтүлгөн болот!

Заманбап тил менен айтканда улуу Манас атанын ысымы Кыргыз Республикасы деп мамлекетибиздин азыркы аталышы менен кошо жазылып, мамлекетибиз

Манас – Кыргыз Республикасы деп жаңыча аталар замат:

миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери мамлекетибиз менен элибиз эл аралык маркетингде Ала – Тоодой бийик, ак кардай таза, алтындай баалуу түбөлүк супер ребрендинг болот!

Мамлекетибиздин көп улуттуу эли улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип бирдиктүү жана күчтүү биримдикте болот!

Мамлекетибиз, элибиз жана ар бир жараныбыз Кудайдын колдоосу менен Манас менен Кыргыз деген кош канаттай болгон эки улуу сөздүн бийик касиеттүү күчү менен болот!

Жарандарыбыздын баарына жана ар бирибизге жакшылык алып келет, анткени баарыбыз улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип күчтүү биримдикте болобуз!

Мамлекетибиз менен элибиз, ар бир жараныбыз көп жылдап күткөн жакшылык менен заманбап өнүгүү башталат! Мамлекетибиз менен элибиз күчтүү өнүгүү менен бай жашоого тарыхый старт алат!

Мамлекетибиз менен элибиз заманбап, ылдам жана бийик өнүгүү жолуна түшөт! Мамлекетибиз менен элибиз заманбап, ылдам жана бийик өнүгөт!

Баарыбыз улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип күчтүү биримдикте болобуз! Элдин ынтымак жана бай жашоосу башталат!

Айтикеев Акбаралы
Бишкек шаары,
22 – август 2021 – жыл

«Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Төрагасы,

2005 жана 2011 – жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер,

Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы) 2005 президенттик шайлоодо: Россия Федерациясынын өкмөтүнүн «Российская Газета» газетасынын (Москва шаары, Россия) 2005-жыл 11-июлдагы №3817 санындагы кабары: «Кыргызстанда Президентти шайлашты: «…Курманбек Бакиев, экинчи орунду Акбаралы Айтикеев ээлөөдө».

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-10-2022
Обращение о переименовании Кыргызской Республики
2188

28-10-2022
КАЙРЫЛУУ
2676

11-06-2021
Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров менен кыргыз элине саясий кайрылуу
5094

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×