Добавить свою статью
30 Августа 2021
"Кусундулар" кайда кетип жатат?

Кусундуда көзүм жок. Бирок эми элдин ишеними менен төргө отурган кишилер «кусунду» убадалагандан арданбаса биз деле кусунду сүйлөшкөндөн намыстанбай эле койсок окшойт...

Кыскасы менде бир канча суроо бар туугандар...

1. «Кусундудан насибин алгандар барбы?» деп Эгемендүү Кыргызстанда суроо берип калабыз деп ойлобосок керек эле. Бирок эми ойлогон ойду кыстаган турмаш жеңет болуп сурачу болдук.

Бул «Тиги мынча кусту, мунусу ушунча кусту. Эми көңүллү айланып чыккандар бар... Куспай койгондорго даары ичирип кустуруп жатабыз...» деп маморгандар бири-бири менен жарышып эле казынаны толтурумуш болот... Деги кусундудан пайда көргөн карапайым барбы? Ырас ошончо кусуп жатышат экен, ылдый жакка качан агып түшөт, ыя?..

Карапайым адамдар Кыргызстандын кирешесинен, мөмөсүнөн, түшүмүнөн үмүттү үзгөнүнө көп болду эле. Эми кусундуга байланган үмүттөр деле өчө турган болуп калдыбы же?

Бир нерсе десең эле дароо «Бюджетте дефицит бар, ошого кетип жатат...» деген каргышка калган сөздү айтышат. Казынабыздын жыртык-тешиги чоң экенин билебиз. «Качан муну жамап-бүтөп адамча жашай баштайт экенбиз?» деген суроо көпчүлүктү кызыктырса керек... Жеке пикиримде, казынанын жыртык-тешигин бүтөп толтуруудан мурда, казынага колу жете турган чоң курсактардын түбү көрүнбөгөн курсактарын толтуруш керекпи дейм... Ансыз казына толбойт, толсо да элге «Толгон жок!» деп айтыла береби дейм... Алы жетпеген акыретчи дегендей, айла жок «Оо Кудай! Кедей кембагалдын курсагын эмес, байларыбыздын курсагын тойгоз!» дейли эми...

2. Кызыктардын бири кимдин кусканын аңдый турган абалга түшүп калгандыгыбызда. Бүгүн дүйнөлүк цивилизация кай жакты карай бараткандыгы маалым. Адамзат башка планетада жашаштын жол-жобосун изилдеп, адамзат кептелген ядролук коркунучтардын дартына түшүп, аларды чечүү үчүн бири-бири менен жарышып калган учуру.

Эми макул, биз да чуркайлы демекчи эмесмин. Анткени чуркаш үчүн деле алгач кай жакты карай чуркоону билип алып, багытты белгилеп алуу керек го... Бизде ал да жок. Бирок жок дегенде өзүбүздүн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, кусунду пайлаган дыкаттыкты экотуризмди жандантуу, экологиялык продукцияны өндүрүп кымбат баада экспорттоо, билим берүүдөгү жаңыча кадамдарды талкуулоо сыяктуу темаларга арнасак кана эле?!. Ушул жааттарда биздин өлкөнүн реалдуу потенциалы бар анткени.

Түрктөрдө «Имам осурса, жамаат түз эле шымын булгайт»,- деген макал бар. Анысыңарындай, силердин эл башкарып жүрүп кетирген бир катаңар, калың катмардын жүз ката кетирүүсүнө жол ачат. Кыскасы кусту деп эле угабыз, чындап кусуп куспаганы биринчи маселе, ал эми ошол кусундулар кай жакты карай агып жатканы экинчи маселе... Бул маселелердин алкагында, анча мынча былгытып коюп жаткан жокпу кээ бир кишилер?..

Кыскасы кусундунун үстүнө түптөлгөн саясат менен каерге чейин жетүүгө болот экенин билбейм. Бирок узакка барбашы маалым. Учурдагы бийлик эске алчу бир жагдай бар.

Бир мурунку ажо да өлкөнү жегичтерден тазалайм деп келип, тазалабай коюп элдин ишениминен чыккан болчу. 35 кишини кекиртектен алып туруп эле жыргатып ийүүнү убадалап келип, болбой калган соң элдин үмүтү өчтү эле. Жыйынтык талап кылып, ар жерде суроо узатса деле унчукпай отуруп кутулуп кетип, башкара берем деген ой-тилек суу кечпейт экени дагы бир жолу далилденди окшойт...

Андыктан, бир мурунку бийлик жегичтерди тыя албай ишеничтен чыкты болчу. Учурдагы бийлик «кустурумуш» болгон менен такыр эле карапайым элдин кесесинде ырыскысы артпай жатса, кусса деле заматта ошол жердегилер эле кайра жалап-жуктап жеп коюп жатса ишеничтен чыгат. Анткени натыйжада элдин ач бойдон калып, мурдакы бийликтен көп деле айырмасы калбай баратканга окшоп бараткандай... Кулактарына күмүш сырга!

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

03-08-2022
Кыргыз саясатынын «походкасы»
1736

19-07-2021
Жасалма «коомдук пикир» узака жыргатпайт
6351

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×