Добавить свою статью
15 Сентября 2021
Кыргызстандагы уран кендерин иштетүү жөнүндө

Урматтуу окурмандар! Бүгүнкү күндө көтөрүлүп жаткан уран кендерин иштетүү маселесине байланыштуу Сиздерге 2019 жылы (№17/04 - 19) 15 майда Кыргыз Республикасынын премьер-министри М.Д.Абылгазиевке жөнөтүлгөн сунушумду жеткирүүнү туура таптым. Эгерде мен берген сунуш ишке ашып, ошол мезгилде бул маселе чечилгенде Кызыл-Омполдогу уран кени иштелип Кыргызстанга пайда алып келмек, тилекке каршы менин сунушумду түшүнгөндөр болгон жок, себеби интеллекттин төмөндүгү.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жамгыр көп жаап жааган жамгыр жер астына сиңип, Кызыл Омполдогу уранды Ысык-Көлгө жер асты менен агызып келечекте көлдү булгап, Ысык-Көлдүн уран көлгө айланып калуу коркунучу бар.

Ага дагы бир далил катары (тилекке каршы көпчүлүк окумуштуулар дагы билбейт) белгилүү окумуштуу б.и.д, профессор Джеенбаев Бекмамат Мурзакматовичтин окуучусу, Ысык-Көлдүк Бакыт Калдыбаевдин 2012 жылы корголгон диссертациясындагы маалыматка таянсак, 1955-1982 жылдары Ысык-Көлдүн суусунан уран алабыз деп «в 1955 году был построен научно- производственный Цех №7, расположенный вблизи с.Тон на берегу озера Иссык-Куль в живописном заливе Кольцовка. Основной задачей данного предприятия являлась извлечение урана из воды озера. Выбор пал не случайно, предварительно проведенные исследования показали, что в заливе имеются мощные подводные течения». Бирок 1982 жылы бул №7 цех жабылган, жабылуунун негизги себеби башка жактан кору көп уран кендеринин ачылышы жана алардан алынган урандын, Ысык-Көлдөн алынган уранга караганда арзандыгы себеп болгон.

Дагы бир көйгөлүү маселе саламаттыкты сактоо министирлигинин 2005-2008 жылдардагы маалыматында Кыргызстан тубаса оорулар менен туулган балдардын 100 миң балага алганда 417.425 көрсөткүчү боюнча Ысык-Көл областы биринчи орунда турат. өндүрүшү көп, уран-оор металлдардын калдыктары бар Чүй областы экинчи орунда 298.175, бийик тоолуу Нарын областында 262.8 түзгөн. Балким Ысык-Көл областындагы мындай көрүнүш Майлуу-Суу шаарындагыдай уран менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок Ысык-Көлдө балдардын тубаса ооруларынын көп болгонун уран менен байланыштуу экенин далилдөө үчүн илимий изилдөө жүргүзүү керек.

Себеби уран калдыктары боюнча биздин Медициналык проблемалар институтту (МПИ) 1995 жылдан бери илимий иштерди жүргүзүп уран калдыктарынын балдардын тубаса, рак, богок, жугуштуу оорулардын пайда болушуна түздөн түз тийгизген таасирин изилдеп жана тубаса оору менен туулган балдарды азайтуу жолдорун иштеп, Улуттук илимдер академиясында өткөрүлгөн реформанын негизинде жоюлуп кеткен биздин медициналык проблемалар институтунда бул жактан бир топ жетишкендиктер бар болчу.

Биздин жасаган илимий иштерибиздин жыйынтыктары эл аралык проекттерди (уран калдыктарын алуу, туруктуу өзгөрбөөчү органикалык пестициддердин калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча) даярдоого колдонулуп жатат. Кийинки план боюнча айлана –чөйрөнү оор металлдардын калдыктарынын тийгизген таасирин изилдеп, алардан тазалоо багытында илимий иштерди жүргүзүп жатканбыз.

Кызыл Омполдогу окуяга окшош окуя 1995-1997 жылдары биздин институт жаңыдан уюшулуп, Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарынын ден-соолукка тийгизген таасирин изилдей баштаганда эл тарабынан каршылык болгондо, биз илимий изилдөөбүздүн негизинде алынган маалыматтар менен элди тааныштырганыбыздан кийин эл кайра бизди колдоп, жардам беришип, биздин кызматкерлерди тамак-аш менен камсыздандырышкан.

Ошол эле окуя Майлуу-Суу шаарында 2006- 2010 жылдары эл аралык проекттер менен уран калдыктарын ала баштаганда дагы каршы болушканда биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздөн кийин элдин баары бизди колдошуп, уюштургандарды жемелешип, силер эл бузар экенсиңер шаардан жолгогула дегенге чейин барышкан. Ошол убакта илимий изилдөө иштерин Шакафтар, Сумсар, Кызыл-Жар айылдарында дагы жүргүзгөнбүз, натыйжасы жакшы.

Ошол себептен Кызыл Омполдо дагы илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, ошонун негизинде далилдер менен жергиликтүү элге түшүндүрүү керек! Эгерде жетишээрлик каражат бизге түз бөлүнүп берилсе изилдөө иштерин жүргүзүүгө биздин илимий кызматкерлер даяр!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×