Добавить свою статью
4 Октября 2021
Улуттук идеологияны түзүү

Жумушчу, дыйкандардын улуу кол башчысы, В.И.Ленин капитализимдин эң башкы душманы болгон Капитал ээлери материалдык артыкчылыктарга ээ болуу менен, таптык эзүүлөрдү жараткан. Крепостнойлук эзүүдөн жаңы эле кутулган орус батрагы, борбордон четтетүүчү күчтөрдүн таасиринен улам Орто Азияны көздөй агыла баштаган. Бул 1916 жылдагы белгилүү окуяны жараткан.

Бирок 1917 жылы Россияда, Лениндик революция жеңишке жетишкенден кийин, тарыхтын агымы укмуштуудай өзгөрүп, Орто Азия элдеринин тарыхы, социалисттик деп аталган жаңы агымга бурулду. Муну менен кошо кудайга ишенбөөчүлүк пайда болду. Ошол кездеги банк эсептеринде, чиркөө кызматкерлеринин, поптордун активдери көп болуп чыккан. "Религия, элдердин башын айланткан апийим" деген Лениндин атеистик көз карашы ошентип жаралды да, 70 жыл бою биз менен чогуу жашап келди. Кийин гана эгемендик алган жылдары, миссионерлер келип мечит кура баштаганда гана адамдар кудайды эстей баштады. Чындыгында кудай жок деп үйрөткөн атеистер дагы, адамдардын башын поптордон кем эмес айлантышкан. Атеист Лениндин сөөгүн Москвада музейге катырып коюшуп, миллиондогон адамдар аны айланып өтүп табынышкан. Адамдын баш сөөгүнө сыйынган "культ личност" түшүнүгү пайда болду. Жыйынтыгында Советтер Союзу кулады.

Атеизм аң сезимдерди уюткан, ынанымдарды, жаратканга болгон күчтүү ишенимдерге жол таба алган жок, тапмак турсун ал жолдордун баарын кыйратты... Афганистан 30 жыл бою эки зор империя менен согушуп келди. Аягында алар чыгып кетүүгө мажбур болду. Америкалык белгилүү саясатчылардын бири Сэмюель Хантигтон бул экстремистик согуштарды терроризм эмес цивилизациялардын кагылышы катары мүнөздөп, Американы Европадан алыстабоого чакырып, батыш менен чыгыш маданияттарын бири бирине карама каршы коёт. Албетте терроризм локалдык демек жергиликтүү мүнөзгө ээ. Цивилизациялар кагылышы боло турган болсо, жалпы адамзатка коркунуч жарата турган масштабдуу көйгөй болоор эле, экологиялык катастрофа дегендей, мүмкүн андан да оор кесепеттер. Американын өзүндө, ар түрдүү маданияттын өкүлдөрү бири бирине тоскоолдук жаратпастан жашап эле жатышпайбы...


Мен башка жөнүндө айтайын. Кошмо Штаттар Афганистандагы 20 жылдык согушта 2 триллиондон ашык доллар короткон. Демек күнүнө 300миллион доллар зарптаган. Евробиримдик жылына 300 миллион евро. Афганистандан шашылыш чыгып баратышып, 90 миллиарддык курал жарактарды калтырышкан.

Борбордук Азия эмне үчүн мындай болуп жатканын ойлоно алышаар бекен.Терроризм дейбизби же цивилизациялар кагылышы деп атайбызбы, же Хантингтон белгилегендей терроризм эмес идентификация, өзүн өзү тактообу, буларды болтурбай коюнун жолдорун каяктан издейбиз?

Араб өлкөлөрү эмне үчүн экономикалык кыйчалыштарга кабылбай жашайт. Ал жерде эң күчтүү идеология, шариат мыйзамдары ишке ашып турат. Уурулукка,ушак айыңга, бут тосууларга жол берилбейт. Жакында Афган өкмөтү адам уурдагандарды өлүм жазасына тартты. Насыя берүүдөгү үстөк пайыздарды алып салышты. Бизде болсо сүткорлор адамдарды эзип келет. Кылмышкерлердин буту колдорун ампутация кылуу киргизилүүдө. Мындай күчтүү идеологиялык тартип Американын өзүндө жана Кытай мамлекетинде орун алган. Алардын экономикадагы кубаттуулугу дагы мыйзамдардын артка кайтпай ишке ашырылып турушу менен мүнөздүү. Ошондуктан мамлекет күч кубатка ээ.

Биз дагы мыйзамдардын алкагында жашоону тыкаттык менен ишке ашырышыбыз зарыл. Америкада курал жарак алып жүрүүгө мыйзам менен улуксат берилген. Андан көп машакат жаралып, жарандардын коопсуздугу көп бузулат. Курал жарак алып жүрүүгө, чектөө киргизүү тууралу көп сунуштар айтылып келет. Бирок Америкада бир да бийлик бутагы буга бара албайт. Баары кырылып калса да, мыйзам артка кайтарылбайт. Артка кайтаруу кылмыш, конституциянын идеологиясын бузуу болуп саналат. Анткени конституция бир кишинин чыгармасы эмес, эл тарабынан колдоого алынып түзүлгөн. Бул чыныгы конституциянын жүзү.

Шариат мыйзамдары да ушундай, ким бузса өлүм жазасы берилет. Америкада мыйзамда гана бекитилген демократия жашайт. Америка мыйзамдардын мекени деп атасак болот. Биз демократия деп баш аламандыкты уюштурууну, өзүм билемдикти орнотуп алгансыдык. Демократия жана гегемония Американын негизги куралдарынын бири экендигин да унутпашыбыз керек. Бизде төңкөрүштөр улам болуп, Конституциялык нормалардын сакталбай жатышы, сырттан келген идеологиялардын терс таасири экендигин танууга болбос. Мамлекеттеги туруксуз абалды пайдаланган кошуналар,чек ара тилкелеринде ар кандай маселелерди жаратып келет.

Азыр шайлоого 50 дөн ашык партия аттанып жатат. Бул бар болгону саясий система калыптана электигин көрсөтүп турат. Чындыгында буга чейин мамлекетке көрүнүктүү кызмат өтөгөн бир да партия элдин эсинде калганын көрө элекбиз. Андыктан Конституциялык идеологияны күчтөндүрүү зарыл. Ал идеология кынтыксыз мыйзамдар аркылуу жазылып, ишке ашырыла баштаганда гана кыймылга келе баштайт. Бир кезде Манастын жети осуяты деп, кодекс кылып жарыяланган. Анын ишке ашпаганын азыр айтып жүрүшөт. Кооз декларация бойдон калган. Анткени биз ички ынанымдарды, жаратканга болгон ишенимдерди өзүбүздө жарата алган жокпус. Дүнүйө табууну жараткандан жогору коюп алдык.

Адам төрөлгөндөн баштап, өзүнөн жогору турган дээри кошо бүтпөсө, анын саякаты аяктаган, ал жансыз.

Генри Уорд Бичер. АКШ. 1813-1887.

Биз тарыхта өзүнөн жогору тура ала тургандыгын билген адамдардын мисалын көп эле билебиз. Орустун улуу падышасы Петр 1, Англияда деңиз жээктеринде жумушчу катары иштеп, кеме курууну үйрөнүп келип, Россияны деңизге чыгарып, согуштук ири державага айланткан.Азыркы биздин түшүнүктөр боюнча Петр Англияда калып, өзүнүн жеке бизнесин жүргүзө берсе болот эле го...Ким билет анда Рлссия улуу держава болууга үлгүрүп калат беле,же калбайт беле.

Жыйынтыктоочу сөз: Мыйзамдардын кынтыксыз ишке ашырылышын камсыз кылуу менен, артка кайтпаган күчтүү Конституциялык идеологияны ишке ашыруу. Терс көрүнүштөргө мыйзам алкагында бөгөт коюу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
964

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1117

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1491

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1993

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2275

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×