Добавить свою статью
15 Ноября 2021
Тил саясаты жөнүндө негизги түшүнүктөр

Тил саясатынын негизги эки компоненти:

1. Тилди пландоо.

2. Тилдин полисисин иштеп чыгуу (politics менен policy эки башка).

1. Тилди пландоого төмөнкү аракеттер кирет:

1.1. Тилдин статусун пландоо.

1.2. Тилдин корпусун пландоо.

1.3. Тилди окутууну пландоо.

1.4. Тилдин престижин пландоо.

1.1. Тилдин статусун пландоо - бул иденттүүлүккө байланыштуу. Тил символика катары кызмат кылуусу мүмкүн же функционалдуу ролду аткарышы мүмкүн, же экөөн тең аткарышы мүмкүн. Кандай болсо да функциялары мыйзамда так жазылуусу дурус.

Ушул маселеге байланыштуу айтчу нерсе - илимге, иш-кагаздарына, жана башкага жарабай турган тил болбойт. Жарабай турган кылган билимсиздиктен келип чыгат. Тил жандуу организм болгондуктан анын ресурсу кээде кемип, кээде көбөйүп турат. Бул болсо корпусту пландоочулардын маселеси.

1.2. Корпусту пландоо - бул тилдин өзүн, грамматикасын, лексикасын, жаңы сөздөрдү киргизүү, терминология ж.б. Ушул жерде зыяндуу нерселер - ашынган фольклоризм жана башка тилдерди динге жана саясатка карата бөлүп, бирөөсүнө гана ыктамай. Мындан качуу үчүн эл оозунда кеңири колдонулуп жүргөн сөздөрдү кабыл ала бериш керек. Мисалы, тилди жандандыруу этабында компьютерге байланыштуу сөздөрдү кыргызчалап кереги жок. Тилдин негизги максаты - коммуникация, ал эми эл жеңил коммуникацияны тандайт. Мисалы, айлардын аттарын кыргызчалоо деген өзү кереги жок нерсе, анткени тилди татаалданткан ашыкча нерсе.

1.3. Тилди окутууну пландоо билим берүү системасы аркылуу ишке ашат. Балдарды окута бериш керек деген идея туура. Кыргыз тили илимге даяр эмес деген туура эмес идея болгон. Тилди китеп менен үйрөнүү оор, ал эми окутуу менен үйрөтүү жетишсиз. Тилди практика жолунда гана эффективдүү үйрөнсө болот. Класста көп сүйлөгөн мугалим тилди үйрөтө албайт. Балдарды сүйлөтө билген гана үйрөтө алат, ал эми бул болсо педагогика жана андрагогиканын маселеси.

1.4. Тилдин престижин пландоо деген бул тил мотивациясын күчөтө турган зарылчылыкты түзүү. Муну закондор жана офистер аркылуу ишке ашырса болот. Көчөдөгү жарнактардагы тилдер да чоң роль ойнойт.

Ошондой тил саясаты өйдөдөн ылдый (top-down) жана ылдыйдан өйдө (bottom-up) болуп бөлүнөт. Топ доун саясат расмий чечимдер, ал эми боттом ап саясат элдин тилге мамилеси. Элдин тилге мамилесине башка этностордун да мамилеси кирет. Бирок биринчи кезекте орусча сүйлөгөн кыргыздар үйрөнүш керек. Тилдин зарылчылыгын түшүндүрүү үчүн элдин аң сезимин көтөрүп, мамтилге позитивдүү мамиле жаратуу керек. Этностордо мындай маанай жаратуу үчүн алардын тилдерине оң мамиле кылуу керек, анткени мамлекет алардын тилдерин сыйлабаса, анда алар да мамтилди сыйлабай, мамтилдин негизги конкуренти болгон тилге ооп, мамтилди муунтуп салышат. Мамтилди колдоо үчүн кыргыз тилинин азыркы конкурентине тең салмак боло алчу илим-билим ресурсу күчтүү дагы бир тилге статус берүү зарыл. Ал тил катары англис тили кызмат кыла алат. Англис тилин жакшы билген кыргыздын аң сезими өсөт, анткени орус тилинен англис тили алда канча күчтүү. Ошондуктан кыргызстанга англис тилине да расмий тил берсе, орус тилдин үстөмдүгү солгундай түшөт.

Акырында айтаарым, тилди күчкө салып өнүктүрсө болот, бирок башка өлкөлөр кысым көрсөтөт. Күчкө салбай өнүктүрсө да болот, бирок анда пропагандага көп ресурс керек. Билим берүү системасы аркылуу өнүктүрүү көп убакытта түшүм бере турган нерсе. Англис тилине статус берүү - кыргыз тилине жардам берет. Кыргыз тилинин негизги конкуренти - орус тили. Майда этностордун тилдери конкурент эмес, ошондуктан аларды расмий түрдө колдой бериш керек. Ошондо аларда кыргыз тилине оң мамиле пайда болот.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×