Добавить свою статью
20 Ноября 2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү

Ар бир мамлекет өз элин биримдикте кармап туруу үчүн кандайдыр бир идеалогияга муктаж, бирок ошол идеяда жергиликтүү калктын маданиятынын эске алынуусу талап кылынат эмеспи. Кыргыз мамлекети бул зарылчылыкты туюп, кыргызстандыктардын башын «Манас» эпосу аркылуу бириктирүү үчүн ар кыл аракеттерди жасап келет. Бул жагынан чыгармачыл кыргыз жарандарынын мамлекетке кол кабыш кылуу максатында көрсөткүсү келген жардамдары да төө көтөргүс салым болуп жатат дечи. Бирок, канчалык аракет болбосун, 21-кылымдын маалыматка бай жарандарына «жакшы жомоктор» да тегиз жага бербейт окшобойбу. Кеп эпостун баш каарманынын тарыхта жашаган реалдуу инсан болуп-болбогондугун аныктоо маселеси жөнүндө болууда.

Бул табышмактын жообун «таптым» деген да, «таппайсың» деген да канчалаган авторлор чыкты, бирок, тыянактар бириникинен бири аша тургандай жайыла албай койгондугу жашыруун эмес. А бул убакта карапайым кыргыз калкынын баёо сезимдеринде «Манастын» реалдуу тарыхый инсан болгондугуна ата-бабаларындай ишене берүү салты сакталып, ал аз келгенсип, келечекте «Манастай» падыша бийликке келе тургандыгына ишенгиси келген үмүт жанып турат. Ошондуктан, «Манас» эпосунун баш каарманы болгон Манас баатырдын тарыхый прототибин табуу маселеси ар дайым өтө олуттуу, өтө жооптуу, өтө аялуу жана өтө кызыктуу талаштардан болуп жүрө берчүдөй. Бул темага кимдер кайрылгандыгына, кимиси кандай тыянакка токтолгондугуна жалпылай талдоону 2012-жылы тарыхчы Т.Кененсариев жүргүзгөн жана бардык авторлорду 9 топко бөлүп карап, акырында өз пикири менен жыйынтыган экен [https://muras.turmush.kg/unews/un_post:3174]. Ал эми биз бул макалада ошол талдоону улай, Манастын тарыхыйлыгы боюнча пикир билдирген авторлор жалпысынан 7 түрдүү аракетке жетеленишкедигин баяндап берүүнү жана ар бир аракетти эске алуу менен өзүбүздүн бул маселе боюнча ойлогон пикирибизди да билдирип коюуну ылайык көрдүк.

1-аракет («МАНАСТЫ» ЖОМОКТОШТУРУУ). Т.Кененсариевдин жазганына караганда, Манас баатырдын реалдуу адам эместигин, анын миф экендигин белгилеген пикирлер 1960-жылдардан бери советтик адабиятчы П.Н.Берковго, ал эми эгемендик жылдарында кыргыз изилдөөчүсү М.Мамыровго, жазуучу М.Борбугуловго, түркмөнстандык окумуштуу А.Ураевге таандык болгон. Бул пикирлер «Манас» эпосунун элдик чыгарма экендигин, анын манасчылар тарабынан кылымдар бою өзгөртүлүп, кемитилип же толукталып келгендигин эске алуу менен айтылган чыгар жана кыргыз эли да манасчыларды жомокчулардын катарына кошуп келишкендигин билебиз. Бирок, антейин десек, эпостун бир канча каармандары X-XV кылымдар арасында жашаган тарыхый инсандар болушкандыгы изилденип жатпайбы. Биздин оюбузча, биринчи аракеттин максатын Манастын тарыхыйлыгына шек келтирүү эмес, эпосту изилдөөдө сокур сезимдерге жол бербөөнүн алдын алуу деп кабыл алышыбыз керек. Анткени ар бир оозеки булактын бир бурчунда тарыхый факты катылган, бирок аны ар ким эле таба бербейт. Экинчи жагынан «Манасты» жомоктоштуруунун актуалдуулугун да карап көрүү зарыл экен. Канчалык изилденген тарыхый факты болбосун, мындай маалыматтар бир ууч интеллигенттер арасында гана айланып калат эмеспи. Ал эми калың журтка маалымат сиңирүү саясаты «жакшы жомоктор» аркылуу гана тарай тургандыгы бышык. Ансыз деле, бул боюнча бир катар аракеттер көрүлүп, мындай жараянды баштан өткөргөн авторлор жетиштүү болду окшойт, демек, алардын аракетинин маңызын аңдап билүүгө жана кесипкөй илимпоздор менен бирге иштеп чыгып, улантууга мезгил келгендир.

2-аракет («МАНАСТЫ» ЫЙЫКТАШТЫРУУ). Кээ бир авторлор «Манасты» жомоктоштуруунун актуалдуулугун аны «ыйыкташтыруу» менен алмаштырып алышкандай туюлат. «Манас» деген сөзгө угулушу жагынан үндөшкөн кайсы бир сөздөрдү гана мисал кылуу аркылуу буга чейин үч түрдүү диний идеалогия эпосту өздөрүнө менчиктештиргиси келгендигин айткыбыз келет. Биринчи тарапта башында «теософия» деген диний окуу менен тааныштыгы болгон советтик кыргыз интеллигенттери турган. XIX кылымдын аягында Е.Блатватская тарабынан негизделген теософия агымы түпкүлүгүндө индуизм дининен көп таасир алгандыктан, ошол эки ишениминде тең эң башкы кудайчалардын бири «Манас» деген сөзгө уйкашып кетет. Ошондуктан, Индия, Тибет тарапта «Манас» деген жер аталыштары кезиге берет. Ага карабастан, «Манас» эпосун өзүнчө бир культтук ишенимдин идеалогиясы катары кароого кинорежиссер Б.Шамшиев менен анын уулу Ч.Шамшиев, коомдук ишмер А.Усупбаев жана башкалар аракет кылып келишкендигин Т.Кененсариев байкаган. Азыркы учурда бул ишенимди «кыргызчалоо» же бул агымдын кыргыз бутагын түзүү аракети жүрүп жаткандыгын байкаса болот. Анкени, союз мезгилинде марксизмди жактап келишкен бир катар интеллигентер Манас баатырды «Теңир» кылууга өтүштү жана «Манастын арбагы колдосун!» деген сөздү айтууда «Манасты» индуизмдин, буддизмдин кудайчаларындай элестетүүнү сунуштап жатышат. Бул дегени – Манас баатырды кудайчадан адам даражасына түшүрүү аркылуу алардын диний сезими менен ойнобошубуз керектигин, башкача айтканда, Манасты тарыхтан издебешибиз керектигин билдирет.

«Манасты» ыйыкташтыруудагы экинчи тарап болсо, алыскы иудаизм (жөөтчүлүк) динине таандык. Бир канча жылдар мурда Т.Мадылбай менен америкалык Ричард Хьюиттин авраамдык диний ыйык китептердеги Жакып пайгамбарды «Манас» эпосундагы Бай Жакып менен окшоштуруп, Манасты Жакып пайгамбардын небереси болгон Манассия (Жусуп пайгамбардын бир уулу) катары көрсөтүүгө аракет кылып көрүшкөн. Бирок, бул аракет дагы илимий жактан көңүлгө алынарлык эмес деп табылып, көпчүлүк тарабынан четке кагылып келет. Үчүнчү тараптагы мусулман авторлору, сыягы, жогорудагы эки аракетке каршы реакция кылып чыккандай. «Мажму ат-таварих» деген тарыхый китепке ишенсек, кыргыз эли беш-алты кылымдан бери Манас баатырдын мусулман болгондугуна ишенип келишкен жана муну бардык манасчылардын варианттары да ырастайт. Бирок, бул арада Куранда дагы Манастын ысымы жазылгандыгын айтып чыккандардыкы ашепке кеткендик окшойт. Анткени, жогорудагы мисалдардай эле, мусулмандардын ыйык китебиндеги «Манас» деген сөз да жөн гана окшоштук болгондугун билип коюшубуз керек. Биздин пикирибизче, «Манасты» ыйыкташтыруудан эч кандай жакшы натыйжа чыкпайт, тескерисинче элди ого бетер бөлүп-жаруусу мүмкүн. Ошондуктан, эпос кандай маданияттын таасиринде кандай шекилде сакталып келген болсо, ошол боюнча өзгөртпөй сактоо салтын карманышыбыз керек.

3-аракет («МАНАСТЫН» ДООРУН УЗАКТАТУУ). Эгемендүүлүк жарыялангандан баштап, эркиндиктин шарапаты менен кыргыз тарыхын ар тараптан изилдөөгө ар кандай авторлор бел байлашкан. Ошондон бери тарыхый өзөктүк билими болбостон туруп, тарых китептерин жазып, тараткан авторлорду кесипкөй тарыхчылар «фоль-хистори өкүлдөрү» деп атап, эмгектерин этибарга албоого чакырып келишет. Албетте, бул авторлор советтик цензурадан өтпөгөн, жашырылган, тыюу салынган же этибарга алынбаган, бирок кыргыздардын тарыхы үчүн мааанилүү болгон маселелерди козгоп чыгышса, экинчи жагынан өздөрүнүн чыгармачыл руханий муктаждыгын канаатандырууну көздөшкөндүр. Ошентсе да, оозеки булактардан факты издеген сыяктуу эле, алардын чыгармаларынан да чындыктын изин издегенге эмнеге болбосун. Тарых сүйүүчүлөрдүн калемдери бир катар илимий маселелердин катарында Манастын тарыхыйлыгын да козгобой койгон эмес. Алардын көбүнчөсү тарыхый доор канчалык узактаса, далилдер ошончолук азая тургандыгына карабастан, «Манастын» доорун тээ байыркы мезгилдерден издөөгө аракет жасашкан. Мисалы, тарыхчы Т.Кененсариев белгилегендей, Д.Сарыгулов Манастын доорун эзелки андрон археологиялык маданиятына алып барып такаса, Т.Оторбаев Манастын «б.з.ч. 29-жылы туулгандыгын» кайдандыр жайдан тапкан экен. А.Бакиров Манастын биздин заманга чейин болгондугун болжолдосо, О.Айтымбет хуннулардын башкаруучусу болгон Моде-шанүйдү Манастын прототиби деп белгилеген. Ушуларга эле окшош тыянактарга Ж.Саякбаев, Т.Тургуналиев, К.Сыдыкова, К.Мусаев, Ч.Өмүралиев, Н.Абдырахманов, А.Жакшылыков деген авторлор да токтолуп, алардын айрымдары экинчи аракетке арбалганбы, айтор, Манасты жөн гана тарыхый инсан эмес, кудай сымал адам катары көрсөтүүгө да далалат кылышкан. Албетте, Манас баатырдын доору биздин заманга чейин болгондугу далилденсе, жамы журтка жакшы болмок. Бирок, изилдөө иштер бир гана окшоштукка эмес, бир канча далилдерге таянуусу керектигин талап кылмайынча, иш илгерилебейт эмеспи.

Биздин божомолубузда «Манас» эпосунун өзү же каармандары эски болбосо да, «манас» деген сөз эң эски сөздөрдөн болуп саналат жана анын колдонулушу сактардын, хундардын дооруна таандык болушу мүмкүн. «Манас» деген сөздүн мааниси бүгүнкү күнгө чейин чечмелене элек, анткени аны тээ байыркы ата-бабалар өз маанисинде колдонушса, кийинкилери бул сөздү адамдын ысмына айландырышып, мааниси унутулуп кеткен. Түрк элдеринин да, моңгол элдеринин да ата-бабалары хундар болушкандыгын эске алсак, «манас» деген сөз «маңгас» деген шекилде калмактардын «Жаңгар» аттуу эпосунда да сакталып келген окшойт [Джангар: Калмыцкия эпос. – Элиста: Калмыцкое книжное издательство, 1977]. Хундардын доорунда «манас» деген сөз эмне маанини билдиргендиги белгисиз, бирок, кийин көктүрк кагандыктарынын доорунда түрк элдеринен кайсы бир уруулар өздөрүн «манас» деп аташкан сыяктуу. Ошондон улам ойроттордун ата-бабалары «манастар» же «мангастар» деген душмандарын өздөрүнүн балдарына коркунучтуу желмогуздай сүрөттөшсө керек, анткени «Жаңгар» эпосунда ушундай мааниде сакталган. Муну менен биз «Манас» деген сөздүн маанисин Индиядан, Арабиядан же Америкадан эмес, өзүбүздүн эле Борбордук Азиядан издешибиз керектигин гана айткыбыз келет. Демек, биздин заманга чейинки кылымдардан Манас баатырдын прототибин эмес, «Манас» деген сөздүн маанисин табууга мүмкүнчүлүк бар десек болот.

4-аракет («МАНАСТЫ» ТҮРКТӨШТҮРҮҮ ЖЕ 7-КЫЛЫМГА ТАКОО). Төртүнчү аракет бул маселедеги ары чуулганду, ары табышмактуу темалардын бири десек болчудай. Бир канча авторлор атайын уюшуп жасашканбы же жөн гана кокустукпу – белгисиз, бирок, алардын бардыгынын варианттарында Манас баатыр эски түрк кагандыктарынын доорунда, тагыраагы 7-кылымда жашагандыгы баса белгиленет. Биринчи болуп, М.Сармалдакованын «Манас» эпосунун жаңы «варианты» катары сунушталган жаңы чыгармасында кайып булактарга таянуу менен Манастын «670-жылдын август айында төрөлгөндүгү» жана «55 жыл жашагандыгы» айтылат [Айкөл Манас: Дастан. - Бишкек, 2005]. Бул чыгарма илимге жана адабиятка кандай салым кошкондугун билбейбиз, бирок, Манас баатырдын чоросу катары таанылып келген «Жайсаң ырчы» деген сыймыктуу образ ошондон кийин унутулуп, бул сөз эми терс маанайды жарата баштагандыгын айтышууда. Кызыгы, тарыхчы Ө.Осмонов 7-кылымдагы Экинчи Чыгыш-Түрк кагандыгынын түптөөчүсү болгон Элтериш каганды (Эл төрөсү?) «Манас» болгон деп белгилегендиги аркылуу жогорудагы чыгарманын ишеничтүүлүгүн колдогондугун билдирген. Бирок, коомчулук ага «Элтериш кагандын мураскерлери эмне үчүн Барсбек каган менен согушкан?» деген сыяктуу суроолорду өз убагында жаадырышты. Ал эми тележурналист Т.Токтогазиев да ошол кылымдардан алыстабай, Манастын уулу Семетейдин 751-жылдагы Талас согушуна катышкандыгын айткан. Башка бир билдирүүсүндө кытайлардын цин доорундагы тарыхына тиешелүү сүрөттөрүн «Манаска» таандык деп жарыялаган [Токтогазиев Т.Ш. Айкөл Манас ― тарыхый инсан. – Бишкек, 2013]. Бирок, Ө.Осмоновго, Т.Токтогазиевге жана башка бул топтогу авторлорго карата тарыхчы Т.Чоротегин илимий сын пикир жазып, олуттуу кемчиликтерин "Азаттыктын" сайтында коомчулукка көрсөтүп берген.

Ошентсе да, Манас баатырдын прототибин көктүрк кагандыктарынын доорунан издөөнү токтотпоого, балким, жаңы бир багытка багыттоого түрткү бере турган себептер бар. «Манас» эпосун илимий негизде изилдеген окумуштуулардын башында турган В.М.Жирмунскийдин пикирине карасак, алтайлыктардын «Алып-Манашы», өзбектердин «Алпамышы» менен «Манас» эпосунун тарыхый байланышы бар [Жирмунский В.М. Введение в изучение «Манаса». – Фрунзе, 1948]. Андай болсо, бул байланыш түрк кагандыктарынын доорунда орун алышы мүмкүн экендигин болжосок болот. Анткени, «алп» деген сөз байыркы доорлордогу түрк элдеринде «баатыр» деген маанини билдирген. Демек, кайсы бир кылымдарда Алтайда «Алп Манас» деген жомок же дастан болгон, бирок кийин аны билген эл чачырагандыктан, ал ар башка жерде өзгөрүүгө учурап, «Алып Манаш», «Алпамыш» болуп сакталган болушу мүмкүн. Биздин пикирибиз боюнча, 9-10-кылымдарда енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү Алтай аймагын ээлегенде, айрым жергиликтүү уруулар башка жакка жер которушса, калгандары кыргыздар менен жуурулушуп, алтайлык кыргыздардын курамында калышкан. Ошондо Сырдарыяга сүрүлгөн огуздар көпкө сактап жүргөн бул жомокту кийин моңголдордун курамында келген коңурат уруусу өздөштүрүп, өркүндөтүп, жомокту дастанга айландырышкан жана жергиликтүү калктын ичинде өздөрүнүн ордун бекемдөө үчүн «Алпамышты» өздөрүнө таандык кылышкан сыяктанат. Ошолор сыяктуу эле алтайлык кыргыздар да өздөрү караткан Алтайдагы ордун бекемдөө үчүн жергиликтүү элдин «Алып Манаш» жомогун «Манас» деген дастанга айландыра башташкан болушу мүмкүн. Ага карабастан, Алтайдын айрым жерлеринде «Алып Манаш» жомок боюнча сакталып келе жатат жана Алтайдагы "Манас" деген жер аталыштары да ага байланыштуу. Ал жомокто башкы каармандын кантип Ак-каан менен согушууга барып, орго салынып калгандыгы, аны куткаруу үчүн жиберилген досунун чыккынчылык кылуусу, аягында Алп Манаш кантип бардык душмандарын жеңгендиги баяндалат [https://vseskazki.su/narodnie/altaiskie-skazki/alyp-manash.html]. Мындай мазмундагы жомоктун каарманынын тарыхый прототиби болушу мүмкүн экендигин аныктоо кыйынга турат. Ошондуктан, жомокту дастанга айландыруучулар каарманга кийин кайсы бир реалдуу тарыхый инсандардын эрдиктерин ыйгарышкан деп болжолдоого негиз бар. Андай болсо, жомоктуу Алп Манаска кайсы кылымдардагы тарыхый баатырлардын эрдиктери чапталгандыгын изилдөө милдети алдыга коюлмакчы.

5-аракет («МАНАСТЫ» ЕНИСЕЙДЕН ИЗДӨӨ). Көпчүлүк тарыхчылар Манастын тарыхта болуп-болбогондугун так кесе айтуудан тартынышкандыктан, Б.Солтоноевден калган салт боюнча, «Манас» эпосунда миң жылдык тарых камтылгандыгы жөнүндөгү универсалдуу жооп менен гана өздөрүн чектеп келишет. Анткени, тарыхчылардын ичинде да Манас баатырды тарыхтан издөөдөн мурда «Манас» эпосунун кайсы кылымдарда жаралгандыгын аныктоо боюнча маселеде бирдиктүү пикир жок. Дастандын жаралуу доорун белгилөөдө алар негизинен үчкө бөлүнүшүп, үч башка гипотезага ыкташат жана мындан аркы 5-6-7-аракеттер да ошол үч гипотеза менен тыгыз байланыштуу. Мындайча айтканда, биринчилери V-X кылымдардагы енисейлик кыргыздарды, экинчилери X-XII кылымдардагы алтайлык кыргыздарды, ал эми үчүнчүлөрү XV-XVIII кылымдардагы теңир-тоолук кыргыздарды «Манас» эпосун жараткандар деп билишет. Ошол эле убакта Манас баатырдын тарыхый прототиби жөнүндө божомол айткан тарыхчылар да жок эмес.

Мындан бир жарым кылым мурда атактуу түрколог В.В.Радлов «Манастын» алгачкы үзүндүлөрүн жазып кеткенинде, эпостун жаралышын Енисей Кыргыз кагандыгы менен байланыштыруучу пикирин айтып кеткен экен. Андан кийин советтик окумуштуу П.Фалев, фольклорчу Ы.Абдрахманов, атактуу илимпоз А.Н.Бернштам да ушундай пикирде болушуп, андан ары А.Н.Бернштам IX кылымдагы Уйгур кагандыгын кулаткан жана Улуу Кыргыз дөөлөтүн калыптандырган кыргыз ажосун Манастын прототиби деп болжолдогон. Енисей дооруна ыктаган илимий гипотезаны ошол кезде колдоп, бирок Манас баатырдын прототиби жөнүндө кеп кылбаган илимпоздорго казак жазуучусу М.Ауэзов, советтик окумуштуу С.В.Киселев, манас таануучу К. Рахматуллин, орус окумуштуусу С.Г.Кляшторный, С.Малов, фольклорчу Р.Сарыпбеков ж.б. кирген. Советтик кыргыз тарыхчысы Ө.Караев да Манастын тарыхый инсан экендигине ишенген жана енисейлик кыргыздардын Беш-Балыкка болгон жортуулун «Манастагы» Бээжинге болгон жортуулга окшоштурган. Тарыхчы Т.Кененсариев да «биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунан биздин замандын XVII кылымдарына чейинки» тарыхый окуялар «Манас» эпосунда камтылгангандыгына токтолуп, Манас баатырдын прототибин енисейлик кыргыздардын IX кылымдагы тарыхынан издеген туура деп божомолдогон. Тарыхчы Т.Акеров болсо, «Манас» эпосу Барсбек кагандын доорун чагылдырарын, алтургай Чыңгыз хандын түпкү теги да Манаска барып такала тургандыгын айтат.

Бул жерден «Енисей» темасынын өзү да «Манас» сыяктуу жагымдуу, бирок талдоону талап кылган талаштардан экендигин эскертебиз. Енисей дарыясы тарыхый булактарда «Кэм», «Хэм» деп эскерилет жана «кемдик кыргыздар» ошол эзелки ата-мекенин кылымдар бою унутпай келип, Орто Азияга жеткенде биринчи ээлеген жерин «Кемин» деп аташкан чыгар (Чүй облусундагы өрөөн, дарыя аталышы). Бирок, кыргыздардын эсинде Кемге байланыштуу тарыхый окуялардын сакталып калышы күмөн жаратат, анткени, эпосто Кемден кийинки мекен болгон Алтай аймагы эң көп эскерилет эмеспи. Миң жылдан кийин гана орус окумуштуулары келип, Кемди «Енисей» деп тааныштырып, байыркы тарыхты үйрөткөндө гана «Энесай» жомогу жаралып калбадыбы. Биз жогоруда енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү Алтайды ээлегенде, ал жердеги «Алп Манаш» деген жомокко өздөрүнүн толуктоолорун киргизип, анын негизинде жаңы бир дастан жаратышкан болушу мүмкүн экендигин болжолдодук. Эгер туура болсо, анда кыргыздар Кем дарыясынын аймагында болуп өткөн окуяларды, көрүнүштөрдү жана айрым тарыхый инсандардын эрдиктерин Алп Манашка ыйгарышы мүмкүн эле. Бирок, кайсы окуялар, кайсы инсандар экендигин изилдөө үчүн ишеничтүү булактар өтө аз болгондуктан, бул боюнча пикир айтууга азырынча шашылбай турганыбыз оң.

6-аракет («МАНАСТЫ» АЛТАЙДАН ИЗДӨӨ). Советтик кыргыз илимпоздорунан Б.Юнусалиев «Манас» эпосун кыргыз тарыхынын Алтай доорунда (IX-XI кк.), кара-кытайлардын жапырыганан кийин пайда болгондугун болжолдогон. Аны улай, И.Молдобаев кара-кытайларды жетектеген Елүй Даши деген тарыхый инсандын «Манас» эпосундагы душмандардын жетекчислеринен болгон Жолойдун прототиби болушу мүмкүн экендигин айткан. «Манас» эпосунун жаралышын Алтай дооруна же X-XII кылымдарга туура келтирген авторлорго С. Мусаев, Р.Кыдырбаева, Э. Абдылдаев сыяктуу ж.б. окумуштуулар да киргендигин Т.Кененсариев белгилеген. Бирок, ошентсе да, бул гипотезанын жактоочулары Манаска прототип боло алуучу тарыхый инсанды көрсөтө алышкан эмес.

Эгерде, Жолойдун прототиби Елүй Даши болушу мүмкүн экендигине көңүл бурсак, анда аны менен чындыгында согушкан кыргыз баатырынын эрдиги Манаска ыйгарылып калышы да толук мүмкүн. Тарыхчы А.Мокеевдин изилдөөсүнө караганда, 1121-24-жылдары Елүй Даши баштаган кидандар батышка көчүп бара жатып, Түштүк Алтайдан кыргыздар менен беттешишкен жана кыргыздардан жеңилип калышкандыктан, андан ары Чыгыш Түркстанга кетип, караханийлердин мамлекетин багындырышкан. Кийинчерээк 1134-жылы кидандардын 70 миңдик армиясы кайра чыгышка карай жортуулга чыкканда, кыргыздарга да кол салууну көздөшкөн, бирок кыргыздар тоолорго чегинип кетишкен [Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010]. Демек, ушул жылдардагы окуялар кыргыздардын эсинде калып, кийин «Манас менен Жолойдун согушун» баяндаган эпизод катары «Манас» дастанына кирип кеткен десек болот. Бирок, кидандарды жеңген кыргыздардын башкаруучусу же баатыры чындыгында ким болгондугун, аты-жөнүн, уруусун билбесек да, аны Манаска эрдиги ыйгарылган саналуу кыргыз баатырларынын бири деп билишибиз керек.

7-аракет («МАНАСТЫ» 15-КЫЛЫМГА ТАКОО). Т.Кененсариевдин ою боюнча, Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө айтышпаса да, «Манас» эпосунун кийин эле, XVI-XVIII кылымдардагы жуңгарлар менен болгон согуштардын жүрүшүндө, Ала-Тоодо эле пайда болгондугун айтышкандарга А.К.Боровков, Л.И.Климович, А.Мокеев сыяктуу окумуштуулар, ал эми манасчылардан С.Каралаев, Ж.Кожековдор кирет. Ал эми эпостун ушул доордо пайда болушуна себепкер болушу, Манаска прототип болушу мүмкүн болгон тарыхый инсандар жөнүндө айткан авторлор негизинен 3-4 түрдүү булактарга таянышат. Алардын биринчилери – казак дастандарында айтылган «алтын-ордолук Манас» жөнүндө, экинчилери – «Мажму ат-таварихтеги» «кыпчак уруусунан чыккан Манас» жөнүндө, үчүнчүлөрү болсо – калмак-моңгол тарыхындагы «кыргыз-ойрот союзун башкарган Манас» жөнүндө кеп кылышат жана кызыгы, үч тараптын тең «Манастары» 15-кылымга туура келет. Бул катарда Э.Кырбашев, Ж.Дүйшеев ж.б сыяктуу Манас батырдын 14-15-кылымдарда жашагандыгын жазган авторлор да бар, бирок, алар азырынча негиздүү далил келтирише элек [Кырбашев Э. Манас атабыз кайсы кылымда жашаган? – Бишкек, 2019].

«Манасты» эң алгачкы болуп изилдегендердин арасынан Ш.Уалиханов «Манас» эпосундагы айрым каармандардын казак дастандарында да бар экендигин, бул каармандар 13-15-кылымдарда Алтын-Ордо мамлекетинде жашаган тарыхый инсан болушкандыгын байкаган. Чындап эле, казактарда «Ер Көкше» жана анын уулу «Ер Косай» жөнүндө дастан бар жана Көкшени (Көкчөнү) 15-кылымда өлгөн тарыхый инсан деп билишет. Ал эми ошол эле кылымдарда жашаган Эдиге деген тарыхый инсан жөнүндөгү дастандарда тарыхый инсан болгон Токтомуш хандын Ханекей, Танекей деген кыздары жана Акбалтыр, Чувак деген чоролору бар болгондугу айтылат [Сочинения Чокана Чингисовича Валиханова / ред. Н.И.Веселовского // Записки Императорского Русского Географического Общества по Отделению Этнографии. Т. XXIX. – Санкт-Петербург, 1904]. Акыркы изилдөөлөргө караганда, казак тарыхчысы Ж.Сабитов ырастагандай, «Кырымдын кырк баатыры» деген дастанда Манашы уулу Туякбай деген бир баатыр эскерилет, демек, илгери ал жөнүндө өзүнчө дастан болгон, бирок унутулган [Сабитов Ж.М. «Сорок батыров Крыма» в казахском народном фольклоре / Global Turk 3/4, 2015. С. 46-57.]. Бул маалыматтар бизди акырындык менен Алтын-Ордонун 13-15-кылымындагы тарыхынан Манас баатырды издөөгө түрткүлөп баратат. Анын үстүнө, И.Молдобаев көңүл бургандай, «Мажму ат-таварихтеги» Манас баатыр да алтын-ордолук тарыхый инсандар менен катар эле тарыхый инсан сыяктуу баяндалган. Бул эмгекте Аксыкенттик Сайпидин өзүнөн бир-эки кылым мурда жашаган Эмир Тимурду, Токтомуш ханды, Инга-төрө, Камариддин, Пулад хан сыяктуу жана башка тарыхый инсандарды каркаралык кыпчактардан чыккан Манас баатыр менен замандаш кылып сүрөттөйт [Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас, анын уулу Нурмухаммед. Тарыхтардын жыйнагы («Мажму атут-таворих») / Котор. М.Досболов, О.Сооронов. – Бишкек: Акыл, 1996.].

«Алтын-ордолук Манас» жөнүндө ой жүгүртүүдө аны эпоско эрдиктери ыйгарылган бир баатыр катары карай албачудайбыз, анткени, мындай кеңири булактар чыныгы ысмы «Манас» болгон кайсы бир баатыр жөнүндө сөз козгоп жаткансыйт. 13-кылымда Моңгол империясы алтайлык кыргыздарды ар тарапка чачыраткандыгын эске алсак, демек, андан кийин алтайлык кыргыздардын бир бөлүгү Алтын-Ордодо, экинчи бөлүгү ойроттордун арасында, үчүнчү бөлүгү Чагатай улусунда жашоосун улантышкан десек болот. Балким, ушул чачыранды кыргыздар кийин Ала-Тоодо бириккенде, ар бири ар кандай мааниде өнүктүрүп жана сактап келген «Манас» жөнүндөгү дастанын да бириктиришкендир. Тагдыры кыпчак талааларына байланган алтын-ордолук кыргыздар болсо, балдарына «Манас» деген ат коюшкан жана чындап эле алардын бир баатырынын ысмы «Манас» болгон окшойт. 13-кылымда Берке хандан кийин ислам динин кабыл алган моңголдордон Ногой деген эң күчтүү бектин тушунда алтын-ордолуктар диний көз карашта эки тарапка бөлүнүшкөн. Ошондо Крымга чейин кызмат кылууга барып, Ногойду колдоп келген мусулман уруу башчыларынын урпактарына да кийин «ногойлор» деген аталыш тагылган. Эпосто Манас баатырдын уруусунун «ногой» болуп калышы да ушуга байланыштуу болушу мүмкүн. Балким, 14-кылымда Токтомуш хандын вассалы катары саясий окуяларга катышкандыгы сүрөттөлгөн алтын-ордолук Манас баатырдын тарыхый чындыгы бардыр. Бирок, бул божомолдорду далилдегенге керектүү булактар өтө аздык кылууда. Эмнеси болсо да, 15-кылымдын башында Пулад хан кыргыздарга каршы жортуул уюштурганда, алтын-ордолук кыргыздар түштүккө сүрүлүп, Чыгыш Теңир-Тоодо булгачылар менен биригишкен жана көбөйүшкөн окшобойбу.

Дагы бир кызык маселеге кайрылсак, кыргыз тарыхчысы Т.Бейшеналиев ошол эле 14-15-кылымдардагы Угечи-кашка же Мөңкө-темир аттуу кыргыз баатырынын «Манас баатыр» болушу мүмкүн экендигин болжолдогон [Бейшеналиев Т. Кыргыз ханы Мөңкө-Темирдин өмүрү / которгон: А.Кылычев // Кыргыздар: Он төрт томдук. II том. – Бишкек, 2011.]. 1399-жылы Монголияны караткан бул тарыхый инсанды Манаска окшоштурууга бул макаланын автору да 2015-жылы аракет жасаган [Молдожунусов К. Тарых жана «Манас» (XIV-XV кк.). – Бишкек, 2015]. Бул жерде кыргыз башкаруучусу тууралуу анчейин көп маалымат болбосо да, анын шериги болгон ойрот башкаруучусунун эпостогу Алмамбетке окшошкондугу кызыгуу туудурат. Калмак тарыхчысы Кукеев ырастагандай, ойрот башкаруучусу Батула-чинсанг кытай жазма булактарында Махаму деп эскерилген жана бул анын мусулманча ысымы болгон [Кукеев Д.Г. К вопросу отождествления исторических личностей у ойратов в китайских и монгольских источниках (на примере Угечи, Гуйличи, Менкэ-Тимура) // Вестник южного научного центра. Том 9, № 1, 2013, стр. 95–99.]. Биздин оюбузча, дал ушул ойрот башкаруучусу эпостогу Алмамбеттин тарыхый прототиби болушу мүмкүн. Ал эми Угечи кашка менен Махамунун биргеликте 1399-жылы Каракорумду каратып, Монголиянын чыңгызий хандарынан бийликти кыска мөөнөткө тартып алышкандыгы эпостогу Чет-Бээжинге болгон «Чоң казатты» элестеттирет. Тарыхта маалым болгондой, ойроттор менен алардын арасындагы кыргыздардын өз ара достугу да көпкө узаган эмес. 14-кылымдын ортолорунда ойроттор өздөрүнүн жанындагы кыргыздарды батышка сүргөндө, ал кыргыздар да Чыгыш Теңир-Тоого сүрүлүп келип, бул жердеги алтын-ордолук кыргыздарга жана булгачыларга кошулушкан жана биригүү идеясы боло турган «Манас» дастанына өз тарабынан «Чоң казат», «Алмамбеттин баяны» сыяктуу эпизоддорду кошушкан деп ойлойбуз. Чыгыш Теңир-Тоодо «Манас» аталышындагы шаар, дарыя сакталып калуусу да ушул себептерге байланышкандай. Биздин пикирибизде, 15-кылымдын 1-жарымында азыркы кыргыздардын ата-бабалары ошол жерден бир этнос болуп биригишкен, бирок, кийин күчтөнгөн ойрот-жуңгарлар аларды кысымга алганда, кыргыздар Батыш-Теңир-Тоого, Ферганага, Памир-Алайга чейин сүрүлүп келишкен.

Жогоруда алтайлык кыргыздардын ар тарапка чачырап, кийин алардын Чыгыш Теңир-Тоо аймагында (азыркы Кытайдагы Иле-Казак автоном округунда) биригүүсү жана аларга булгачылар деген этникалык топтун кошулушу жөнүндө айта кеттик. Азыркы кыргыз элинин ичкилик уруулар тобу мурда «булгачылар» деп эскерилгендиги маалым. Алардын түпкү теги моңголдорго чейинки доордогу караханийлерге караштуу көчмөн урууларга, андан ары сактардын заманынан бери жергиликтүү болуп келген көчмөндөргө такалышы мүмкүн. Кыргыздын «кырк уруусунун» ар биринин билген дастандары «Манас» эпосуна бирден эпизод болуп кире берген деп эсептесек, анда ичкилик урууларынан да кандай салым болгондугун изилдөөгө туура келет. Айталы дегенибиз, буга чейин Манас баатыр менен кимдер гана окшоштурулбады, бирок, 10-кылымдагы Абдыкерим Сатук буура хан менен эч ким окшоштура элек. Мисалы, эпосто Айкожонун жаш Манаска жолугуп, аны мусулман кылганы тарыхтагы Абунаср Самани менен Сатук тегиндин жолугушуна окшошот. Манас баатырдын жети атасынан бири Каракан болгон деп айтылат. Эпосто Манас баатырдын өз ата-бабаларынын доорундагыдай мамлекетти калыптандырганына ой жүгүртсөк, бул демек, кыргыздар Кыргызстандын аймагында Караханийлердин доорундагыдай күчтүү мамлекетти калыптандырууну кыялданып келишкен дегенди түшүндүрбөйбү...

Эми, жыйынтыктап айта турган болсок, Манас баатырдын тарыхый прототибин издөөнүн көп жолдору бар. Бирок, биздин оюбузча, бул башында алтайлыктардын «Алп Манас» деген жомогу болгон жана кыргыздар аны өркүндөтүп, дастанга айландырышкан. Дастанды көркөмдөө максатында манасчылар реалдуу бир тарыхый инсандардын эрдиктерин «Манас» деген башкы каарманга ыйгарып келишкен. Бул жараян залкар жазуучу Ч.Айтматовдун образ жаратуу ыкмасына окшош десек болот. Ч.Айтматов кайсы бир образды сүрөттөөдө ийгиликке жетүү үчүн жеке өзүнүн реалдуу тааныштарынын кылган иштерин чыгармадагы каармандарга чаптаган эмеспи. Ошол сыякту эле, 10-кылымда Кыргызстанда күчтүү мамлекет түптөгөн Сатук бугра-хандын, 12-кылымда Елүй Даши (Жолой) баштаган кидандарды жеңген белгисиз кыргыз баатырынын, 14-кылымда Алтын-Ордодо жашаган кыргыздардын Манас деген башчысынын жана башка тарыхый инсандардын эрдиктери эпостогу «Манас баатырга» ыйгарыла берген окшобойбу. Алтургай, кыргыз элинин кырк уруусунун гана эле эмес, Моңголиядан Кырымга чейинки коңшу элдердин да баатырларынын баяндары эпоско эпизод болуп кошулуп, Манас баатырдын тегерегинде кырк чоро болуп бириктирилип келген десек жаңылышпайбыз. Албетте, болгону биз тарыхтан Манастын прототибин издөөнүн дагы бир жолун сунуштадык. Ошентсе да, «Манас» эпосу бир гана кыргыз эли үчүн эле эмес, Борбордук Азиянын бардык элдери үчүн маанилүү экендигине; бул улуу мурас бир элди эле эмес, бир континентти бириктире тургандыгына ишенебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×