Добавить свою статью
23 Ноября 2021
Тең салмактуулук мыйзамы

Орто кылымдарда Европадагы бир диндин тоталитардык бийлигине Лютер деген киши протест кылган. Лютерди колдогондор протестант аталып, алардын жеңиши Германия, Франция, Англия, ж.б. улуттардын жана алардын тилдеринин кайра жанданышына алып келди. Тоталитардык диндин тили болгон латын тили өлдү. Европадагы улуттук мамлекеттердин пайда болушу ушундан башталып, бул идея дүйнө жүзүнө тарады. Бул тажырыйба дин саясатында тең салмактуулуктун зарыл экенин далилдеди. Өлкөдө бир гана дин болсо, анда ал өлкө урай турганын көргөздү. Бир диндүү өлкөнү башкаруу светтик мамлекет системасына коркунуч жаратып, тоталитардык режим орноп, өлкө моралдык жана экономикалык жактан деградацияланып, эмиграция күчөп, жарандык согушка кабылаары бышык болду. Ошондуктан Кыргызстанда диндердин балансын түзүү зарыл. Атеизмден динге хамелеондой болуп, тез өтүп алган мурунку муундун тоталитардык идеясынан жана баш оту менен башкесерлерден акчасына жашаган динбашчылардын таалимдерине манкурт болуп калган жаштардын менталдык ооруусунан айыгышыбыз керек. Көп улуттуу, көп диндүү, көп векторлуу саясат туткан өлкөдө өнүгүү болорунунун далили - АКШ, Англия, Германия, Франция, Австралия, Швеция, Финляндия, Израиль, Россия, Япония, Корея, Сингапур жана башка өлкөлөр.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-12-2021
Эркин парламентсиз Кыргызстан эки өлкө болуп кетиши мүмкүн
2953

13-12-2021
Кыргызстан продолжает дрейфовать в океане идеологий
2594

07-12-2021
Тил саясатын өзүбүздөн баштоо керек
2627

30-11-2021
Хватить играть в выборы и демократию, давайте вернемся в ханство, при котором кыргызы процветали
2908

24-11-2021
Об интер- и интранациональной политике для Кыргызстана
2572

25-12-2019
A comparative study of the gap between de-jure and de-facto language policies: the case of Kyrgyzstan and Hungary
7014

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×