Добавить свою статью
30 Ноября 2021
Боршайкомдун системасы тууралуу

Карбаластап, жүрөктөрү оозуна тыгылып, муун-жүнү бошоп калган Боршайкомдун Ай-ти адистеринин абалдарын жакшы эле түшүнүп турам... Бечараларга оор эле...

Ал жерде өпкөгө койгулап подполковник-майорлор дагы жүрүшсө керек, азыр алып барып камайбыз деп опузалап. Мындай кырдаалда толук кандуу иштелген программаны калыбына келтирүү негизи мүмкүн эмес, бир жерин оңдойм деп чукуласа экинчи жери кете берет...

Мен муну учурунда электрондук эсептөөчү машинеге программа жазып калган киши катары айтып жатам... Бир программа жазып, анын толук отладка кылып, машинеге салып иштеткенге чейин чыкпаган жериңден тер чыгат...

Азыр алар алдастап-калдастап, колдору калтырап жатышып дагы бир топ жерин тескери кылып, улам бир жагын чоюп тургузса экинчи жагы жыгылып кала бериши толук ыктымал.

Үстүлөрүнө минип алып теминип, аларды ого бетер жиниктирбей жакшы жай, иштөөгө ылайык шарт түзүү керек го азыр.

Боршайкомдун дагы бир катасы, шайлоо күнүнө чейин генералдык прогон кылып, бир сыйра көнүгүү өткөрүп көрүшсө болмок, бардыгы болбосо дагы 200-300 учаток менен байланышып, ушунчалык жоопту, мамлекеттик маанидеги тагдыр чечүүчү иш болгондон кийин өтө жоопкерчиликтүү мамиле зарыл эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×