Добавить свою статью
6 Декабря 2021
Психологиялык терминдерди кыргызчалоо боюнча сунуштар (1-бөлүк)

Психология илими Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан илимдерден болуп саналат, бирок, анын маани-маңызы менен кыргыз эли абалтан бери тааныш. Бул илим кыргыз коомчулугунда өз ордун табышы үчүн биринчиден анын терминдери кыргызчага түшүнүктүү которулуусу керек же ошол түшүнүктөрдүн кыргыз эли колдонуп келген окшоштуктары аныкталуусу керек. Бул жагынан биз тарыхый билимдин жардамы аркылуу айрым негизги психологиялык терминдерди туура которууга салым кошо алабыз.

Психология илими («рухтаануу» деп койсок да болот) адамдардын психикасынын мыйзамченемдиктерин изилдеген илим экендиги маалым. Ал эми психика дегенибиз – адамдын жана жаныбардын ички жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгуларынын, сезим-туюмдарынын, эс-тутумунун жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн жыйындысы; ошондой эле, экинчи жагынан караганда, бул сырткы дүйнөдөгү реалдуулукту жандуулардын өз мээсинде чагылдырган касиети. «Психика» (байыркы грекчедеги мааниси – «жандуулук, жашоолуу») деген сөз азыркы учурда көп тилдерде которулбастан, ушул боюнча колдонулат (аңгл. psyche, түркч. psişe). Бул терминди кыргызчада да ушул боюнча колдонууга болор, бирок, мындан башка терминдердин көп тилдерде которулганына күбө болсок болот.

Мисалга, учурда кыргыз психологдорун убарага салып жаткан «бессознательное» (аңглисче – unconscious mind, казакча – бейсаналық, түркчө – bilinçsiz) деген түшүнүктөн баштап көрөлү. Анткени, бул терминдин кыргызча эмгектерден «бейаңдуулук», «көмүскө аң-сезим», «аң-сезимсиз чөйрө» сыяктуу ар түрдүүчө котормолорун кезиктирүүгө болот, бирок, бул аракеттер түшүнүктүн нукура маанисин ачып бер албай жаткандай туюлууда. «Бессознательное» терминин которуудан мурда бул сөздүн жасалышына себеп болгон «сознание» (аңглисче – consciousness, түркчө – bilinç, казакча – сана) деген түшүнүккө жана анын которулушуна көңүл буруу зарыл болот. «Сознание» дегенде, биз субъекттин сырткы дүйнө жөнүндө жана андагы өзүнүн орду жөнүндө элестетүүлөрүн, билген түшүнүктөрүн түшүнөбүз. Бул нерсе ишмердикти акыл-эстүүлүк менен уюштурууда зарыл болот жана муну менен биз өзүбүздүн ички психикалык тажрыйбабызды билдире алабыз. «Ойгоо», «соо» абал деген түшүнүктөр да ушуну менен жакындашат. «Сознание» терминин союз мезгилинде кыргыз философтору «аң-сезим» деп которушкан жана ошол боюнча психологдор тарабынан да колдонулуп келе жатат. Бирок, «аң-сезим» деген котормо канчалык деңгээлде туура болгондугуна кайрадан талдоо жүргүзүүгө аргасыз болуудабыз. Ошондо гана көп терминдердин туура которулушуна шарт түзүлгөнү турат.

Орусча-кыргызча жана кыргызча-орусча сөздүктөрдүн эң алгачкыларынан жана атактууларынан болгон «Юдахиндин сөздүгүндө» биз издеген түшүнүктөр кандай которулганына назар салып көрсөк. Анда «аң» сөзүнүн үчүнчү мааниси «мысль», «сознание», ал эми «аңдоо» этиши «понимать», «вникать» деп которулган. Кыргыздардын бул сөзү «сознание» түшүнүгүнө караганда «познание» түшүнүгүнө көбүрөөк жакындагансыйт. Анткени «аңдап билүү», «аңдап түшүнүү» деген сөздөрдү колдонууда адамдын акылы ички дүйнөгө эмес, сырткы дүйнөгө багытталат эмеспи. Демек, философияда деле «познание» (аңгл. – cogntion, түркчө – bilişsellik, өзб. – idrok) сөзү жана этиши кыргызчага «тааным», «таануу» деп эмес, «аң», «аңдоо» деп которулса жарашмак экен. Объективдүү дүйнөнүн мыйзамченемдиктери жөнүндөгү билимдерди үйрөнүү жолдорунун жыйындысы «познание» («аңдоо») деп аталарын эстейли.

Познание – аң, аң-туюм

Познать – аңдоо, аңдап түшүнүү

Албетте, «сознание» сөзүн башкырт, татарлар «аң» деп которушса, казактар «санаа» деп которушкан экен. Бирок, сөздөрүбүз бир болгону менен сөздүн мааниси ар кимде ар башкача болуп калышы мүмкүн жана кыргыз тилинде анын ордун басар башка сөздөр да кезигиши мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы. Орусчадагы «сознание» сөзү кыргызчага «аң», «сезим», «эс», «ой» болуп которулса, «осознать» этиши «баамдоо», «түшүнүү» деп которулат. Биз бул жерден «эс» жана «баам» деген сөздөргө токтолушубуз керек. «Эс» деген сөз орусчага «память», «ум», «сознание» деп которулат. Мисалдар менен айтсак, адам жөнүндө «эстүү, эси бар» («рассудительный») же «эси жок» («глупый») деп айтылат. Акыл-эске тиешелүү кылып, «эс-учун жоготту, эсинен айныды» («потерял сознание»); «эсине келди, эсин жыйды» («пришел в сознание»); «бала эс тартты, эс токтотту» («мальчик стал сознательным») деп коюшат. Демек, илгери кыргыздарда «эс» деген сөз менен «сознание» деген түшүнүктү билишкен. Бирок, азыркы интеллигенция «эс» сөзү менен «память» түшүнүгүн байланыштырып колдонушат (мисалы, эстөө – помнить; эстен чыгаруу - забыть). Чынында «память» (аңгл. – memory, казакча – ес, азер. – yaddaş, түркчө – hafıza, bellek, өзб. - xotira) деген түшүнүктү кыргызча «жады» сөзү менен берүүгө да мүмкүн эле. Ошентип, «эс» деген сөзүбүздү «сознание» термининин котормосу кылууга негиз бар, бирок, буга тоскоолдуктар да бар экенин билдик. Анын үстүнө, этиш менен берүүдө «осознать» сөзүн «эстөө» деп которо албайбыз, ошондуктан, анын ордуна «баамдоо» деген этиш жардамга келип жатат. Сөздүктө «баам» деген сөз орусча «понимание», «разумение» деп которулуп жатат жана бул сөз «сознание» түшүнүгүнө кыйла жакындашып кетет. Ушундан улам «сознание» деген түшүнүктү билдирген илимий термин кыргызчага «аң-сезим» деп которулганын туура эмес деп эсептеп, анын ордуна «баам» деген которулушту сунуштамакчымын.

Сознание – баам, баам-парасат

Осознать – баамдоо, баамдап билүү

Баам жөнүндө билип алган соң, эми биз башында сөз кылган «бессознательное» термининин которулушуна кайрылып баралы. Бул түшүнүк субъекттин баамынан тышкары болгон көзөмөлсүз психикалык процесстер менен кубулуштардын жыйындысын билгизет. Андай болсо, бул теминди (аңглисче – unconscious mind, казакча – бейсаналық, түркчө – bilinçsiz) кыргызчага «баамсыздык», «баамдан тышкары», «баамдалбас» деп которуу ылайыктуудай. Ушуга удаа эле «подсознание» (subconscious), «подсознательное» терминин «баам аркасы» же «көмүскө баам» деп, «неосозноваемое» (nonconscious) терминин «баамдалбас» деп, «предсознание» терминин «жакынкы баам» же «эстеги баам» деп которууну сунуштай кетмекчимин.

Бессознательное – баамсыздык, баамдан тышкары, баамдалбас сезим

Подсознание, подсознательное – баам аркасы, көмүскө баам

Неосозноваемое – баамдалбас

Предсознание – жакынкы баам, тил учундагы баам

Ушул жерден психоанализге да кайрылып, З.Фрейд сунуштаган 3 психологиялык негизди да кыргызчалоого көңүл бура кетсек, ашыкча болбостур. Биринчиси «Мен» деп баамдалган «Эго» деген түшүнүк. Бул пландоо (айла табуу), баалоо, жаттоо сыяктуу жана башка ушундай милдеттерди аткарган «акылды» түшүндүрөт. Экинчисин «супер-эго» же «сверх-Я» («Менден үстүңкү») деп коюшат. Мунусу тарбия учурунда калыптанып, адамдын моралдык жана диний ынанымдары (установка), жүрүм-турум ченемдери жана моралдык тыюулар үчүн жооп берет. Демек, экинчисиндеги «супер-эго» мусулман элдериндеги «ыйман» деген түшүнүктү билдирет окшойт. Ал эми Фрейд баяндаган түзүмдүн үчүнчүсү болсо, орусча «ид» (it) же «оно» (ал), немисче – es (бул) деп аталат. Бул жогоруда сөз болгон «баамсыздык» (бессознательное) деген эле бөлүктү түшүндүрөт. «Ал» («ид») деген касиет ырахаттануу принцибине гана баш иет деп аныкталганына караганда, бул термин биздин менталитеттеги «напси» («нафс») деген түшүнүктү эле билдирип жаткандыгында шек жок.

Сунуштартар мындан ары да улананышы керек, анткени туура кыргызчаланууга муктаж болгон илимий терминдер толуп турат жана бул көйгөй кыргыз элинен чыгаан илимпоздордун чыгышына тоскоол болуп жатат десек болот. Ал эми азыр жогоруда сөз болгон биринчи сунуштун жыйынтыгын тизмектеп кетели жана талкууга алалы:

Бессознательное – баамсыздык, баамдан тышкары, баамдалбас касиет

Неосозноваемое – баамдалбас

Осознать – баамдоо, баамдап билүү

Память – жады, эс-тутум

Подсознание, подсознательное – баам аркасы, көмүскө баам

Познание – аң, аң-туюм

Познать – аңдоо, аңдап түшүнүү

Предсознание – жакынкы баам, тил учундагы баам

Сознание – баам, баам-парасат

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-06-2022
Мектепте илим/билим таңууланбай, тааныштырылуусу гана керек
1801

23-05-2022
Тарыхый баяндар так Баткенден башталат (230 млн жыл илгерки эстелик жөнүндө)
1152

20-11-2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү
5389

23-08-2021
"Манасты" "мусулман кылуу" аракетинин актуалдуулугу
1837

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×