Добавить свою статью
7 Декабря 2021
Тил саясатын өзүбүздөн баштоо керек

Жер астынан чыккан суу ден-соолукка пайдалуу дегенинен Венгриядагы бир чакан айылга келдим. Мыйзам боюнча жергиликтүү мамлекеттик органда катталуу керек болгондуктан барсам эч кимиси англисче билбейт экен. Эптеп бир англисче бир аз билген куурчактай болгон сары келинди таап ага эмнеге келгенимди түшүндүрдүм. Келин мага катаалдык менен зекий сүйлөдү: "Биздин расмий тилди билишиңиз керек. Мыйзам ушундай!" Унчукпай макул болуп, аны англисче жакшы билгенин мактап атып, араң катталдым. Бул эл өзүнө тың, тилин бекем кармаган, башкалардын тил саясатына кийлигишүүгө жол бербеген эл экенин аңдадым.

Муну менен эмнени айткым келет? Бизде кыргыз тилинин расмий түрдө баркын көтөрүү аракети дароо орус бийлиги тарабынан чабуулга кабылат. Эгемендиктен кийин кош тилдүүлүктү киргизген саткын президенттин айынан (атын айтпай эле коеюн) кыргыз тили (эли деп окуса да болот) экинчи сорт болуп калды. Ошондуктан тил маселесин талкуулоодо орусча жазбай эле турсак кандай болот? Биринчиден "агабызды" жөнү жок эле кийлигиштирип атабыз, экинчиден тилдин маселеси биздин өзүбүздүн маселе болуп жатат. Бул көйгөйдү акырын мамтилде сүйлөбөгөн квргыздар менен чечип алсак, калганы өзү эле калыбына келет. Мисалы, башка министирликтерди билбейм, бирок мындан он жылдай мурда Билим министирлигинде престиждүү контораларда кыргыз улутундагы жетекчилер кыргызча сүйлөгөндөн жийиркенишчү. Эгер бирөө кыргызча сүйлөсө, аны билимсиз жана маданиятсыз катары кабыл алышчу. Галстук тагынган сүрдүү чоңдорубуз кыргызча башка улуттардын арасында кыргызча сүйлөгөнгө "духу" жетчү эмес.

Экинчиден, тилди сактоо бул кыргыз идентттүүлүгүн, башкача айтканда улутту сактоо экенин азыркы жаштар да түшүнбөй калды. Сурамжылоо жүргүзсөм көптөгөн кыргызча сүйлөбөгөн кыргыздар: "Аллах улутчулдукту зынаа дейт, мусулман болсок болду" деп калышыптыр.

Ошондуктан, тил маселеси биздин өзүбүздүн аң-сезимибизге, психологиябызга байланыштуу маселе. Биринчи бул маселени кыргыздардын арасында чечип алып, анан орус тилинде талкууласак болот. Ашыкча Орусияга ички иштерибизге кийлигишүүгө жол берүүнүн кереги жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-12-2021
Эркин парламентсиз Кыргызстан эки өлкө болуп кетиши мүмкүн
2971

13-12-2021
Кыргызстан продолжает дрейфовать в океане идеологий
2643

30-11-2021
Хватить играть в выборы и демократию, давайте вернемся в ханство, при котором кыргызы процветали
2958

24-11-2021
Об интер- и интранациональной политике для Кыргызстана
2592

23-11-2021
Тең салмактуулук мыйзамы
2711

25-12-2019
A comparative study of the gap between de-jure and de-facto language policies: the case of Kyrgyzstan and Hungary
7042

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×