Добавить свою статью
13 Декабря 2021
Жаңы сыноолор

Азыр Германияда пандемиянын төртүнчү толкүну башталганы кабарланды. Адамдар вакцинага ишенбей дарыланышпай коюшкан. Жыйынтыгы оору күч алууда. Бирок бүгүн вакцинадан башка өлүмдөн куткарүучу каражат жок. Вакцинага да, шайлоонун жыйынтыктарына да ишеним көрсөтүү зарыл. Бул тозоктун айлампасынан чыгуунун бирден бир гана жолу, Алла Таала өзү эле жардам берип кетпесе.

Отуз жылдан берки нааразылык оорусу дагы эле күчүндө. Бүл дагы Пандемиядан кем эмес оору. Ак үйгө кирген Эго (өздүк) дароо айыга баштайт. Ак үйгө илинбей калса Эгонун өздүк оорусу кайра күч алат. Жок, биз адамдагы эгону күнөөлөбөйбүз, кеп максаттардын арүулугу анын тазалыгында болуп жатат. Эго айрым бир ишканаларды менчиктеп, коммерциялык иш аракеттерди көрө баштаганда, өзүнө өзү маашырланып бардаштуу болуп жашай баштайт. Ал эмне үчүн шайланып келгенин берген антын унутуп калган. Акыл эс көрөнгөсү үшул жерден дароо токтойт. Коллапстан чыгуунун бирден бир жолу кызмат адамдарын коммерциялык иш аракеттерден ажыратуу зарылдыгы...

Пролетариаттын башчысы Ленин динди мамлекеттен ажыраткан, анткени поптор элди алдап, чиркөөгө түшкөн акчалрды өздөрүңө ыйгарып байый беришкен. Ал мезгилде Россияда катардагы адамдар жакырчылыкта жашашкан. Бул мисалды келтирүүбүздүн себеби соода сатык менен алаксыбаган чыныгы мамлекеттик кызматкерлердин жаңы жүзүн ачуу болуп саналат.

Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамда кызматтагы адамдарга соода жүргүзүүгө уруксат жок. Кызмат адамдарынын декларацияларында бир нече гектар жер, мал жандыктар, машиналар, эки үч үй, аялынын соодадан тапкан пайдасы бир нече миллион сомду чапчыйт. Революциянын астындагы орус помещигинин чарбачылыгы элестейт. Медиа чиновниктин иштеп тапкандары деп баяндама берди. Ал каякта иштеген мамлекттик кызматтабы же өзүнүн жеке чарбачылыгын жүргүзгөнбү.

Германиянын канцлери жетекчи кызматта он алты жыл иштеген, менчиктештирген бир да объектиси, жок гектарлаган жерге ээлик кылбайт. Бир да тууганын кызматка койбоптур Чакан үйү бар Барга топук кылган адам десек болот. Европалык маданияттын үлгусу.

Пандемия учурунда, паникага түшүп, базардагы ундардын баарын машинага жүктөп, башкаң эмне болсоң ошо бол дегендей түр көрсөткөн адамдарды да көрдүк. Ундун баасы да дароо көтөрүлдү. Кандай коомду курууга далалат кылып жатабыз. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам эмне үчүн иштебейт. Келечекте мыйзамдардын иштешине Конституциялык палата көзөмөл кылат деп ишенели. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн аталышына жараша функционалдык милдеттёрин аткарууга тийиш.

Нааразычылыктар өз убагында иш чаралар жүргүзүлүп, туура мыйзамдар кабыл алынбагандыгына да байланыштуу. Шайлоодо өтпөй калган партиялар нааразы болушту. Алардын өкүлдөрү кечөө эле Жогорку Кеңеште жүрүшкөн. Алар өз кезегинде керектүү мыйзамдарды кабыл алышса, бүгүнкүдөй сыртта калбайт эле.

Шайлоо комиссиясына күнөө коюу болбогон пиар. Бир адам эки жолкудан ашык шайланбашына, бир партиядан экинчи партияга өтүүсүнө тыйуу салынган мыйзамдар кабыл алынса азыр башкача көрүнүш орун алмак.

АКШда депутаттар ар бир эки жылда 85 пайызы алмашып кайра шайланып келет. Демократиялык көрүнүш деп айтсак болот. Шайлоо коомдун өсүп өнүгүшүнөн, андагы адамдардын аң сезимине байланыштуу. Жер жерлерде айрым таасирдүү адамдар кайра шайланып келишти, карапайым адамдар ат үстүндө турганды гана көрүшөт. Саясат талаасындагы магниттик сызыктарга жайгашкан партиялар өтүп келди.

Италиялык экөномист Фердинандо Галлиони индустрия (өнөр жай) тууралуу бир чечкиндүү пикирин билдирген: Өндүрүш адамзатты эки чоң оорудан - текебердик жана кулчулуктан - айыктырат деген.

Биз кемчиликтерди заманбап өнүгүү жолуна түшүү менен гана оңдой алабыз. Эл аралык мыйзамдардын негизинде өкмөт Кум Төрдү өзүнө алды, 300 миллион долларлык Мегаком компаниясы мамлекетке кайтарылды. Мегаком бир кезде саясаттын ызы чуусуна айланып кеткен. Коомубуз бүлүнүп баратып оңолду. Мамлекет башчысы өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтө алды.

Мурда Канадалык бир компанияга кулдук уруп келишкен. Азыр алар бизге баш ийе баштайт. Чынгыз хан жүрүштөрүнүн биринде бир элге туш болот. Башчыңарды чакыргыла сүйлөшөлү десе, тигилер башчыбыз жок дешкен. Чынгызхан аларды бала бакырасына, кийинки муундарына чейин кул кылып салган. Баш мыйзамга карама каршы келген мыйзамдар кабыл алынбашы керек. 

Өткөндө андай шалаакылыктар болуп келген. Мамлекет башчыга акаарат келтирүүгө болбойт. Анткени ал баш мыйзамдын негизинде мамлекетти жетектейт. Анын иш аракеттерин жамандап, терс образ жаратууга тыйуу салыныш керек. Терс образды түзүүдөн мурдагы президенттер иштей албай, терс жагына ооп оодарылып кетишти.

Каримов Өзбекстанда катуу тартип орнотуп кетти эле. Бүгүн ал мамлектти Азиянын арстаны деп айта башташты. Мыйзамдуулук жана тартип өнүгүүнүн эң негизги куралы.

Биз демократия эмне экенин түшүнө бербей либерализация жасадык. Иш жүргүзүүдө өзүбүздөгү баалууктарды жоготуп алдык. Бүгүн Афганистан чет элдик каражаттарга муктаж. Банктар иштебей турат. Америка аларды сырттан келчү каражаттарга байлап салган.Чет элдик каражаттарды күтүп жашоо кулчулукка алпарат. Бул өзүнчө тема.

Шайлоонун жеңиштери менен кубанганга али эрте. Алдыда далай сыноолор күтүп турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1052

11-12-2023
Соодадагы туннель
688

03-10-2023
Завод курулабы?
927

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1151

25-06-2023
Гравитация
1177

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1509

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
931

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1590

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2014

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2307

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×