Биринчиден, парламент борборго бардык региондордун өкүлдөрүн чогултуп, өлкөнү бириктирип турчу. Булуң-бурчтагы калк өз өкүлүн Бишкектен көрүп, өзү да бир борборго таандык экенин түшүнүп келаткан. Ошентип, Кыргыз Республикасы деген эл жаралып келе жаткан. Эгер элдин башын бириктире турган ушундай орган болбосо, анда бара-бара региондор өз борборлоруна карай баштайт да негизги иденттүүлүгүн жоготот.
Эки дос эл түштүк-түндүк касташуусун бир топ токтотту. Муну ачык таанышыбыз керек. А бирок өлкөнүн келечегин кайсы бир инсанга байлай албайбыз. Эки дос эртең урушуп кетсе эмне болот? Эки дос кеткенде регионалист бийликке келсе кантебиз? Ошондуктан өлкөнү бириктире турган жана президент жана жогорку сот менен тең бийлиги бар орган керек. Бул ролду парламент гана аркалай алат.
Парламент өнүгүүсү керек. Мурдагы парламенттин эң чоң кемчилдиги - бир гана саясий идеялогияны тутунгандыгы болду. Эл идеялогияны эмес, фракция лидерлерин жана жердештерин гана карап добуш берип калды. Анткени "партиялар" элге саясий идеялогияларды тааныта алган жок. Элде регионалдык иденттүүлүккө конкуренция боло алгыдай саясий идентүүлүктү жарата алышпады. Бардык партиялар социалисттик көз карашта болуп, жеке адамдын кызыкчылыгын жактаган партия туулбады. Ошондуктан азыр өлкө саясий идеялогиялык жактан "инсульт" болуп, туңгуюктан жол таба албай туру. Мындан чыгуунун эки жолу бар:
1. Диктатура - өткөөл абалда жана саясий иденттүүлүгү алсыз коомдо эффективдүү натыйжа берет. Шарт - хан адилеттүү болушу керек. Диктатордун милдети - калктын аң-сезимин жогорулатуу жана өлкөнүн тонолуусун токтотуп, демократиялуу системага даярдоо. Азыркы маалда мурдагы союздук республикалар демократияга даяр эместигин көрсөтүп коюшту.
2. Конституцияны кайра калыбына келтирип, бирок парламентке келүү жолун өзгөртүү. Партиялардын баары адамзат ойлоп тапкан идеялардын бир гана түрүн кармангандыктан мурунку партияларды киргизбөө керек. Парламентке идеялогиялар үчүн квота берилип, квота толгуча хан же президент бийлик калышы керек. Бир партиялуу парламенттин барынан жогу жакшы. Парламентте социалисттик идеялар менен либералдык идеялар тең тайлашуусу зарыл. Эскерте кетсем, партиялар коом укугунун жана адам укугунун приоритетинин айланасындагы идеялогиялык талаштардын айланасында пайда болот.
Ошондуктан, өлкөнүн бүтүндүгү жана өзгөрүүсү үчүн конституцияны кайра оңдоп, ар түрдүү идеялогиялык иденттүүлүктү жарата алгыдай парламент түзүү керек.