Добавить свою статью
24 Января 2022
Уроки из событий, произошедших в Казахстане в январе 2022 года

Уже можно сделать предварительные выводы из тех событий, которые произошли в Казахстане. Не буду касаться сущности и методов управления буржуазно-олигархической власти. Про это уже итак многое сказано.

Я хочу вам сказать о двух уроках, которые мы должны для себя вынести.

Первый урок. Это то, что олигархическая власть не в состоянии обеспечить общественное благополучие. Такая власть сформирована крупным капиталом и будет защищать в первую очередь её интересы, если надо, то даже за счет присвоения, тем или иным способом, прибавочной стоимости, которую производят трудящиеся. Это противоречие в буржуазном обществе неразрешимо. Олигархия даже в такой богатой ресурсами стране, как Казахстан, не в состоянии обеспечить общественное благополучие.

Плюс к этому, накладывается то, что экономика Казахстана является периферийной в глобальной рыночной системе. Признаком этого является сырьевой характер экономики Казахстана.

Урок второй. Мы, то есть Кыргызская Республика, тоже являемся страной экономической периферии. То есть, мы находимся с глобальным экономическим центром в отношениях неэквивалентного обмена. Нам давно определили место как поставщика сырья и дешевой рабочей силы. А наш местный крупный капитал, это просто мелочь по сравнению даже с соседями. А это в свою очередь говорит в целом о его неконкурентоспособности. Наш бизнес элементарно не может обеспечить страну даже продовольствием. Соответственно, в чисто рыночной парадигме развития изменить ситуацию в нашу пользу не получится. Глобальный экономический центр не желает делать прямых инвестиций в нашу экономику. При этом, мы импорто-ориентированная страна и серьезно зависим от транспортных путей, что в свою очередь дает нашим партнерам давить на нас.

Отсюда вывод. Мы должны начать развиваться с опорой на собственные силы нашего народа. Мы должны максимально сократить зависимость от импорта и создавать массово рабочие места у нас. А это означает, что мы должны начинать внедрять, если уж не полностью, то хотя бы элементы плановой экономики. Как внедрять и какие элементы, это уже отдельная тема.

Кыргызча

Ошол Казакстанда болуп өткөн окуялардан эми алдын-ала жыйынтыктарды жасай берсек болот. Мен буржуазиялык-олигархиялык бийликтин башкаруунун маңызына жана ыкмаларына токтолуп отурбайм. Бул туурасында ансыз деле көп нерселер айтылды.

Мен силерге биз өзүбүз үчүн көнүлгө алууга тийиш болгон эки сабак жөнүндө сөз кылгым бар.

Биринчи сабак. Бул олигархиялык бийлик коомдук жыргылчылыкты камсыз кыла албай турган абалдын өзү. Мындай бийлик ири капитал тарабынан калыптанган жана биринчи кезекте анын кызыкчылыктарын коргой турган болот, эгерде керек болсо, анда а түгүл жөнөкөй элдин экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен коргой турган болот. Олигархия эмгекчилер өндүрүп жаткан кошумча наркты тигил же бул ыкма менен ээлеп алуунун эсебинен жашайт. Буржуазиялык коомдо бул карама-каршылык чечилбей турган нерсе. Олигархия а түгүл мына ушундай, ресурстарга бай Казакстан сыяктуу өлкөдө да коомдук жыргалчылыкты камсыз кылуу абалында эмес.

Буга ошол Казакстандын экономикасынын ааламдык рыноктук системада перифериялык болуп саналгандыгы да кошумчаланып отурат. Мунун белгиси Казакстандын экономикасынын сырьелук мүнөзү болуп саналат.

Экинчи сабак. Биз, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасы да экономикалык перифериянын өлкөсү болуп саналабыз. Башкача айтканда, биз эквиваленттүү эмес алмашуунун мамилелеринде ааламдык экономикалык борбор менен жайгашабыз. Бизге эчак эле сырьену жана арзан жумушчу күчүн жабдып туруучу катарындагы орунду аныктап коюшкан. Ал эми биздин жергиликтүү ири капитал бул а түгүл кошуналар менен салыштыра келгенде да жөн эле майда-барат болуп калат. Ал эми бул болсо өз кезегинде, бүтүндөй алганда, анын атаандаштыкка жөндөмдүү эмес экендигин айтат. Биздин бизнес өлкөнү элементардуу түрдө а түгүл азык-түлүк менен камсыздай албайт. Мындай болгон соң, өнүгүүнүн таза рыноктук парадигмасында кырдаалды биздин пайдабызга өзгортүүгө болбойт. Ааламдык экономикалык борбор биздин экономикабызга түз инвестицияларды жасоону каалабайт. Анын үстүнө, биз импорттук-багытталган өлкөбүз жана транспорттук жолдордон олуттуу түрдө көз карандыбыз, бул өз кезегинде, биздин өнөктөштөрүбүзгө бизге кысым жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан келип чыгуучу жыйынтык. Биз өзүбүздүн элибиздин күчүнө таянуу менен өсүп-өнүгүүнү баштоого тийишпиз. Биз импорттон болгон көз карандылыкты максималдуу түрдө кыскартууга жана өзүбүздө жумушчу орундарын массалуу түрдө түзүүгө тийишпиз. Ал эми бул болсо, биз, эгерде толук болбосо да, анда жок дегенде пландуу экономиканын элементтерин жүзөгө ашырууну баштоого тийишпиз. Кандай элементтер жана кандайча жүзөгө ашырабыз, бул эми өзунчө тема.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

25-05-2021
Заявление по ситуации с Кумтором
3943

09-05-2021
9 мая и уроки Сталина как побеждать в войне
4051

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×